№44, 16.06.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...


email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Кызгалдактар кызылындай кырмандын…
Кылымдардан тарых көчү өчпөй келген кыргыз элинин касиети кемелинен кемибей, акыл парасаты чөбөгөдөй уюп, акыркы жылдары өлкөдө туруктуулук орноду. Кудай буюрса, "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарчу" салтка ооп, биримдик менен ынтымак тамыр жая баштагандай туюлат. Мындай ырааттуулук өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө да өбөлгө. Кайриет, эртеңки келечекке жаркын үмүттүү караганыбыздын бир мисалы ушул эмеспи. Адамзаттын жашоосун үмүт улап турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Мындай жакшы жөрөлгөнү табият да колдогондой, быйылкы жаздын жамгыры көп, демек жаз жарыштан башталган эмгектин үзүрү күз күрөштөгү кызыл кырмандын мол түшүмү менен элибиздин дасторконун түрлөп, жашоосун байытса деген тилек.
Кызыл кырман демекчи, быйылкы жаздын кызгалдактары да башкача гүлдөдү, кызыл күндүн нурларындай мейкин талаада жайнаган кызгалдактардан көз уялат, жакшылыктын жөрөлгөсү элибизге кут болсун дейли.
Кызгалдактар - кызыл өңү талаанын,
Кызыктырат кыялындай баланын.
Тынчтык күнгө ынтымакты чакырып,
Тыңшагансыйт биримдиктин кадамын.

Кызгалдактар кызылындай кырмандын,
Кылымды ырдап ыргал, ыргал, ыргалгын!
Өткөн күндөн эртеңки күн бай болуп,
Өсө берсин эл-жерибиз жылдан-жыл!

Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"




"60 жылдан бери ардактап окуйм",-
деп редакцияга карыя ата баш бакты. 81 жаштагы Арыков Бексултан ата Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын жашоочусу. Айтымында 1949-жылдан тартып мугалим болуп иштеп, "Кыргыз Туусуна" такай жазылып, ар бир санын колунан түшүрбөй окуп келет. Азыр деле гезиттин чыгышын чыдамсыздык менен күтөт экен.
- Бексултан ата, кандай макалаларды көбүрөөк окуйсуз?
- Азыр "Кыргыз Туусу" гезити бардык жагынан кызыктуу, атайын рубрикалар менен чыгат. Бардык макалаларды зор кызыгуу менен окуйм. Гезиттердин арасынан "Кыргыз Туусу" эң мыкты гезит деп эсептейм. Баа берем.
- Гезитке макала жазчу белеңиз?
- "Куйручук" тууралуу китебим чыккан. Куйручуктун жоруктарынан үзүндүлөр чыгып турган. Мындан ары да бюурса "Кыргыз Туусуна" жиберип турам.
"Кыргыз Туусу" гезитинин редакциясы 60 жыл бою жазылып окуган Бексултан авага жылдын аягына чейин жазылууну өз эсебинен уюштуруп бермей болду.