, 12.06.09 - 3-бет: Курманбек Бакиевге "Шериктештик" ордени тапшырылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек
Бакиев Россия Федерациясынын Федерация Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Александр Торшинди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө А.Торшин мамлекет башчысына "Шериктештик" орденин тапшырды. "Бул жогорку сыйлык КМШ алкагында достукту, өз ара ыңгайлуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымыңыз үчүн ыйгарылды", - деди А.Торшин.
Президент Курманбек Бакиев мындай ардактуу сыйлык менен сыйлоону чечкендиги үчүн КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан Россиянын ишенимдүү союздашы жана өнөктөшү катары калып, көп тармактуу кызматташтыкты андан ары кеңейте бере тургандыгын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышуу болду.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ,
(Фото С.Досалиев)




  Куттук

Жеңил өнөр жайынын жүгү жеңил эмес
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда мындай деп айтылат:
Бүгүнкү күндө республиканын жеңил өнөр жайы - экономиканын тез ыргакта өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Татаал кезеңге карабастан, республикабыздын көптөгөн ишканалары ийгиликтүү иштеп жатышкандыктан, продукциянын атаандаштыкка чыдамдуулугу жогорулоодо, каржылоо ишмерчилигинин көрсөткүчтөрү жакшырууда, өндүрүштү башкаруунун ыкмалары өркүндөөдө.
Базар мамилелеринин өнүгүшүнүн заманбап деңгээли жеңил өнөр жай ишканаларынын алдына инвестициялык тартымдуулукту жогорулатуу, сатып-өткөрүүнүн жаңы рыногун өздөштүрүү боюнча жаңы милдеттерди коюуда.
Бүгүнкү күндө республиканын жеңил өнөр жай ишканалары тарабынан чыгарылган продукциянын үлүшү өлкөбүздө өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн 7%га жакынын түзөт жана бул көрсөткүчтүн өсөөрүнө мен ишенем".
Өкмөт башчысы куттуктоосунун акырында жеңил өнөр жай кызматкерлерине бекем ден соолук, жемиштүү иш жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаганын билдирген.
Өз маалыматыбыз




Көңүл борборунда -
темир жолдун курулушу
Кытай Эл Республикасынын борбору Бээжин шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов катышты.
Ал өз сөзүндө КРнын Президенти Курманбек Ба-киев КЭР - Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун Кыргызстан үчүн бир кыйла приоритеттүү жана зор мааниге ээ тармак катары белгилегендигине токтолду. "Темир жолунун курулушунун жолунда түстүү металл кен байлыктары арбын. Темир жолдун курулушу бир жагынан жол боюндагы инфратүзүмдөрдү өнүктүрсө, экинчи жагынан кошумча жумуш орундарын түзөт. Бизде бул долбоорду каржылоонун бир нече варианттары бар. Биринчиси - инвестицияны алмаштыруучу ресурстар, экинчиси - кыргыз-кытай биргелешкен компаниясын түзүү жана үчүнчүсү - узак мөөнөттүү насыя алуу", - деди Ө.Бабанов.
Комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, жетишилген келишимдердин негизги багыттары жана аларды жүзөгө ашыруунун жолдору белгиленди.
Андан кийин Өмүрбек Бабанов КЭРдин мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Цишань менен жолугушуп, темир жол курулушунун долбоорун жүзөгө ашыруу маселеси боюнча жетишилген келишимдер тууралуу маалымдады. Ван Цишань мырза кытай тарабы темир жолдун курулушуна өзгөчө көңүл бура тургандыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө кыска мөөнөттө техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобун түзүүнүн зарылдыгына макул болушту.
Иш сапардын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр
Ө.Бабанов КЭРдин темир жол министри жана "China road" "Эксимбанк" компанияларынын жетекчилиги менен жолугушту.
Д.ӨМҮРЖАНОВ




  Сессия күндөлүгү

Айтылган сындан
жыйынтык чыгаар бекен?
Чектен чыккан чегара
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын чегара аймактарында расмий түрдө делимитация, демаркация иштери аяктала электе Өзбекстан тарап 2-3 метрлик траншеяларды казып, суу толтуруп салышты. Ага кошумча Ош облусу менен болгон чегара аймактарында 6-7 метрге жеткен бетон дубалдарды орнотууга өтүштү. Өзбекстандын бийликтеринин мындай өзүм билемдик жоруктары эл аралык келишимдерди эске албагандык. Чегара чектери толук чечилип, тактала электе эч бир курулуштарды курууга болбостугун алар жакшы билишет. Эми Кыргызстан дипломатиялык каналдар аркылуу кайрадан нота жиберүүгө аргасыз болот.
"Манас" аэропортунда жайгашкан АКШнын Ганси авиабазасын чыгаруу боюнча Кыргызстан өз мыйзамын жарыялаганына карабай, андагы аскер күчтөрүнүн кетээр түрү жок. Атүгүл андагы аскерлердин жаңы жетекчилиги алмашып отурганы боюнча депутат Исхак Масалиев тынчсыздангандыгын билдирди.
Кандай гана шайлоо болбосун мыйзамдын чегинде аракет кылууга, жалпы Кыргызстан калкы кабыл алган Конституцияны сыйлоого ар бир жаран милдеттүү экени анык. Аны бийлик органдары же оппозиция өкүлдөрү экендигине карабай өз бет алдынча буза берүүгө жол берилбестиги белгилүү. Алдыдагы Президенттик шайлоо күчүнө кире электе адаттан тыш аракеттерди жасап жиберишкен кесиптештерине депутаттар Т.Орозалиев, К.Исабеков эскертүү берип өтүштү. Парламент төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков алдыдагы Президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин курамы бизди уят кылып жатканына токтолду.
Дарылоо
мекемелеринин таңсыгы
Республиканын алыскы аймактарында медициналык кызматкерлердин тартыштыгы сезилүүдө. Бир адисти окутуп даярдоо медициналык окуу жайында кыйла бюджеттик чыгымды талап кылууда. Университетти аяктагандан кийин адис өзү бөлүнгөн аймакка барып иштебесе, мамлекеттик бюджеттин каражатын коротуунун кажети жок. Окуу жайын бүтүп алып, алар шаарларда иштеп калууга аракет кылышат же болбосо даярдалган адистиги боюнча иштебей кетип жаткандары аз эмес. Мына ушуга байланыштуу өлкөнүн алыскы аймактарына дарыгерлерди тартуунун жаңыча механизмдерин иштөө зарылдыгы келип чыгууда. Мамлекеттин бюджетинин эсебинен окуп алып, келишим боюнча бөлүнгөн аймакка иштөөгө милдеттүү болгон дарыгердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.
Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканасына Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас ж.б. облустарынан келип, гепатит С дартына каршы алты айга чейин дарыланууга тийиш болгон жарандар абдан кыйналышууда. Алар Бишкектеги тууган-тааныштарыныкына баш калкалап жашап турууга муктаж. Ушуга байланыштуу алыскы аймактардан келгендер бир айлык дарыларды колубузга беришсе, өз-өз үйүбүзгө барып дарыланат элек деген өтүнүч менен парламент депутаттары аркылуу Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылышканын Арапбай Төлөнов маалымдады.
Окуу акысы дагы жогорулайбы?
Жаңы окуу жылына карата жогорку окуу жайларында студенттердин контракт менен окуу акысы 15-20 пайызга көтөрүлүп жатканы боюнча сөздөр жүрүүдө. Бүгүнкү күндө студенттерге жеңилдик беришибиз керек. Азыркы учурда республиканын ар кайсы жогорку окуу жайларында жылына 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин контракт акы төлөнүп келсе, эми аны дагы жогорулатуу жарандардын тынчсыздануусун жаратаары шексиз. Бул боюнча депутат Алтынбек Сулайманов маселе койду. Андан тышкары КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттиги университеттердин бааны эркин коё берүү ээнбаштыгына жол бербеши керек. Депутат ушул ишти көзөмөлдөө өтүнүчүн КРнын Өкмөтүнүн парламенттеги өкүлү Мырза Капаровго билдирди.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




"Кыргыздардын мурасы жана келечеги"
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин катышуусунда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргыздардын мурасы жана келечеги" аттуу улуттук долбоордун бетачары болду. Ага кыргыз элинин жана республикабыздын тарыхын изилдеген окумуштуулар, өнөр адамдары айрым министрликтердин жана ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Улуттук долбоор, анын милдеттери жана максаттары тууралуу Президент Курманбек Бакиев өз концепциясын ортого салды. Анын кыскача сөзүнүн өзөгүн ааламдаштыруу мезгилинде этностук иденттүүлүктү сактап, өнүктүрүүгө, руханий, маданий чөйрөлөрдөгү унутулгандарды, жоготулгандарды ордуларына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурулуусу керек деген идея түздү. Президент өз сөзүндө кыргыз этносунун тарыхы боюнча киноэпопея тартылганы жаткандыгы жөнүндө да айтты. Бетачардын отурумун жыйынтыктап жатып, мамлекет башчысы мындай чөйрөдө пикир алмашуу ага көптү бергендигин, мындан ары да азыркыдай жолугушууларды өткөрүп турганга кызыкдар экендигин белгилеп, өлкөнүн маданий саясатынын концепциясын иштеп чыгып, көчмөндөр цивилизациясы боюнча борборду түзүү жөнүндөгү сунуштарды колдой тургандыгын билдирди. Бетачар жөнүндөгү материалдар менен гезитибиздин келерки санында кеңири тааныша аласыздар.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"





Өрт өчүрүү кызматына - 83 жыл
Кырсык каш-кабактын ортосунда
Өрт кырсыгынын кесепетинен мамлекет канча чыгаша тартууда. Адам өмүрүнө зыян алып келген учурлар канча. Өрттү алдын-ала болтурбай коюуга болобу? Бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө татаал суроо. Мамлекеттик кызматтын түзүлгөнүнө ушул жылдын 15-июнунда 83 жыл толот.
Алгачкы өрттөн сактоо бөлүмдөрү 1910-жылы ошол мезгилдин чоң-чоң шаарлары болуп эсептелген Токмокто, Ошто, Таласта, Караколдо, Пишпекте, кийинчерээк Жалал-Абадда уюштурулуп, суу куюлган челек, "Челенж" деп аталган кол менен иштете турган суу насосу алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары менен жабдылган беш-алты арабадан турган.
2009-жылдын беш айында республикабыз боюнча 714 өрт кырсыгы катталып, 22760745 сомго чыгым келтирилген. Анын кесепетинен 32 адам каза болсо, анын ичинен 4 жаш бала, ал эми 2008-жылдын беш айына салыштырсак 1259 жолу өрт кырсыгы болуп, мамлекет 57855162 сомго материалдык чыгым тарткан. Өрттүн кесепетинен 64 адам каза болсо, анын ичинен 13ү жаш балдар болгон. Негизгисин айтканда, жылдан жылга өрт кырсыгынын сандык көрсөткүчү жогорулап бараткансыйт. Көрсөткүчтүн өсүп баратышы кимди болбосун өкүндүрбөй койбойт.
Ж.ИМАНОВ,
Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы