, 12.06.09 - 24-бет: 3000 сом
(Мыскылдуу интермедия)
Куйкум
Эртең менен
Башталат саат тогузда,
биздин жумуш.
Болбойт да бекерге
карап туруш.
Терезени кичине ачып коюп,
алдыбызга кагаздарды чачып коюп,
радионун үнүн болсо
бир азыраак басып коюп,
баштайбыз ишти дайым.
Баяндайын шашпастан,
биздин таңкы иштин жайын.
Төрдө отурган башчыбыз,
эжигейдей кашка баш,
марка чогултууга маш.
Альбомду коюп алдына,
марканы желимдей баштайт,
паровозчо бышылдап коюп,
такыр эле шашпайт.
Айгүл болсо упа-эндикте,
өчү бардай,
колуна күзгүнү бекем кармай,
шыбакчыларча шыбанат,
буга абдан кубанат.
Ошентип, иши уланат.
Берки жактагы Ашым,
телефонго өтө жакын.
Номурду терип бачым-бачым,
өзгөртүп улам өңү-башын.
Кээде ышкырып коюп,
кээде бышкырып коюп,
жадап койбостон сүйлөй берет,
тынбастан телефонду үйлөй берет.
Кассир Майрашка да жыргал.
Жип-шуусун алдына жаят,
тынбастан сайма саят.
Кыскасы бардыгы таңынан,
өз иштери менен алек.
Мага азап баарынан,
кур калыпмын,
таптакыр ишкердик жагынан.
Дубалга башты уруп,
Ойлонсом да жедеп,
жасоого эч нерсе табылбайт.
Демек,
жалгыз гана мага,
билекти түрүнүп,
иштөөгө туура келет.
"Жентек"
Балпык аялына,
опурулуп күпүлдөйт,
салчудай аны келтектеп.
- Бол, даярдана сал,
начальниктикине барабыз
жентектеп.
- Бороон-чапкын болгондой,
шаштырасың дайым,
айтчы деги...
- Э-эй, ушу сени,
билесиң барганда
иштин жөн-жайын.
Ошентип,
жөнөп калышты
даярдап кийим-кечек,
жана да кант-чайын.
Барганда билинип иштин аныгы,
Балпыкемден таптакыр,
аялынын көңүлү сууптур.
Көрсө,
жентектейбиз дегени
начальнигинин ую тууптур...





АЙТБҮ: - Ай, Кантбү, кандай?
КАНТБҮ: - Апей, сен белең, Айтбү? Жакшы. Ай, бирок Кантбү дегениң жаман угулат экен, азыр менин атым Кантбү эмес, Катя болгон.
АЙТБҮ : - Ий, мендей болгон турбайсыңбы. Менин атым азыр Аня.
КАНТБҮ: - Уккам, Анечка, уккам. Өзүңдүн иштериң кандай?
АЙТБҮ: - Биздики качан жаман болчу эле. Во да!.. (бармагын көрсөтөт).
КАНТБҮ: - Ай-ий, көрүшпөгөнүбүзгө көп жыл болгон экен. Сен аябай өзгөрүптүрсүң.
АЙТБҮ: - Сен дагы бир топ өзгөрүптүрсүң.
КАНТБҮ: - Жаңылыктардан сүйлө. Кайда иштеп жатасың?
АЙТБҮ: - Убактынча эч жерде иштебейм. А өзүңчү?
КАНТБҮ: - Иштегенде эмне, айлык өзүнөн өзү жүрүп жатса.
АЙТБҮ: - Ал кандай айлык? Канча айлык аласың?
КАНТБҮ: - Үч миңге чамалап барат.
АЙТБҮ: - Ой-боо-ой. Эмне, министр болуп кеткенсиңби?
КАНТБҮ: - Министриң эле жыргап кетиппи? Алты жерден алимент алам.
АЙТБҮ: - Ай-ий, деги сен, Катя, башынан эле бактылуусуң. Мен куурадым. Алиментим аз. Бар болгону эки эле жерден алам. Сеники тим эле жыргал тура, үч миң сом не деген акча!..
КАНТБҮ: - Деги ушу алиментти ким чыгарса да, жакшы чыгарган!..
АЙТБҮ: - Эх, сонун да, сонун!.. Бактылуусуң, Катюша, бактылуусуң. Мен дагы алиментимди сеникине жеткирсем...
КАНТБҮ: - Аракет кылсаң - берекет. Жакшылап аракет кыл да...
АЙТБҮ: - Аракет кылып эле жаткансыйм. Бирок, жарыбай койдум. Мен да сенчилеп үч миң сомго көтөрүп алсам, ханга салам бербейт элем.
КАНТБҮ: - Меники да анча-мынча өп-чап болуп турат. Береги коңшу айылдагы Жакып аялын кетириптир. Ошого тийип алсамбы деп баратам, айлыгы дурус дешет. Анан андан да алимент алсам...
АЙТБҮ: - Катюша, а балдарың кантет? Аларга каралашаар кишиң барбы?
КАНТБҮ: - Ошол да кеппи? Балдарды энем багат. Эне байкуш кыйын тура, баарына түтөт, тууп берип турганыма эле ыраазы.
АЙТБҮ: - Меники деле ошо. Энелерибиз бар, багыбыз бар.
КАНТБҮ: - Кой, мен кеттим, Жакып дагы бирөөнө үйлөнө салса, кур калбайын.
АЙТБҮ: - Мени ээрчите барчы.
КАНТБҮ: - Эмнеге?
АЙТБҮ: - Кокус, сени албайм десе, мени алып калгысы бардыр?..
КАНТБҮ: - Анда мейлиң, жүр. (Кетишет).




Аялдар жөнүндө сүйлөшөлүчү
(Жанытма)
Аялдарга абдан кыйын болду деп айтып да, жазып да жүрүшөт. Үй тирлиги да, бала багуу да, сырттагы жумуш да, базарчылык иштери да алардын мойнунда дешет...
Кайсы жерде кандай экендигин адегенде байкаш керек. Мисалга мени алалы. Эртең менен туруп бардыгын өзүм жасайм. Өзүм төшөктү жыйнайм, өзүм тамакты даярдайм, өзүм ичем. Анан жумушка жөнөйм.
Жумуш убагында байпак, мээлей өңдүүлөрдү токуп отурбайм, жөнү жок жерден тигини кылдым, муну кылдым деп мактанбайм, чүпүрөк-сапырактар жөнүндө аялдар менен маектешпейм. Начальниктен дүкөнгө барып келейинчи деп суранбайм. Бала бакчага да бала үчүн барбайм.
Дүкөнгө жумуштан кийин барам. Керектүүнүн бардыгын сатып алууга үлгүрөм да үйгө жөнөйм. Эч жакка эмес, үйгө!
Үйдө полду да өзүм жууйм. Кечки тамакты да өзүм даярдайм. Айлык маянаны бир тыйынына чейин алып келем. Мына, эч кандай проблема жок! Үйдөгүнүн бүт бардыгын өзүм жасайм. Бирок, кээ бир адамдар сыяктуу эч качан арызданбайм.
Үйлөнгөндө, мына ошондо көргүлүктү гана көрсөтпөсөмбү... Карап тур, ал менин алдымда так секирип турат!




Тамаша айтсам күлөсүңбү?..
Адвокат мырза, мен күйөөм менен ажырашкым келет. Төрт жыл бирге жашаптырбыз, ал эми ал болсо бул жылдары мага болгону төрт гана сөз айтыптыр...
- Та-ак, бийкеч, силердин балаңар барбы?
- Ооба, төртөө...

Аялы күйөөсүнө кыйкырат:
- Сени менен бирге жашоого таптакыр болбой калды.
- Анда дароо энеңе жөнөгүн!
- Анын өлгөнүн сен билесиң да.
- Албетте, билем!..

Күмүш тойдо күйөөсү аялына кайрылып, өткөндөгү жаңылыштыгын мойнуна алып жатпайбы:
- А сен билесиңби, кымбаттуум, биздин баш кошконубуз каталыктын кесепетинен болуптур.
- Кантип? - деди аялы таң калып.
- Ооба, ошондой. Мен ошондо таксини токтотуш үчүн ышкырсам, сен келип калбадыңбы...

Ай, даяр болдуңбу? - деп кыйкырды дарбазанын жанында турган күйөөсү. - Болбойсуңбу, кечигип жатабыз.
- Деги кандай аңкоосуң! - деп кыйкырды ичкериден аялы. - Бир
саатча болду го сага айтканыма, эки мүнөттөн кийин эле даяр болом деп. Кандай түшүнбөгөн тажаткыр немесиң!

Эшиктен шашып келген күйөөсү аялына ачууланды:
- Мындай иш сенин гана колуңан келет. Биздин балабыз канчанчы класста окуурун айтпай туруп да ата-энелер чогулушуна жибересиңби!..

Жаш колукту күйөөсүнө:
- Ардактуум, мен курортко барам, деңиздин жээгине отуруп алып, сен жөнүндө гана ойлой берем.
- Сен, берекем, андан көрөкчө үйдө эле отуруп, деңиз жөнүндө ойлой берчи.

Кооз китеп
(Рецензия)
Бийиктик" басмасынан Борбашев Сарыбайдын жаңы китеби жарык көрдү. Китептин сыясы да толук кургай элек. Басмакананын жыты да кете элек, кадимкидей жыттанып турат. Ого бетер жыттап эле тургуң келет.
Китеп 84х108 1/32 форматында чыккан. Туурасы 15, узундугу 45 сантиметр. Тышы кызыл боёк менен боёлгон. Кудум эле түсү мамлекеттик желектикиндей. Эгерде ортосуна агыш күнкараманын сүрөтүн тартып койсо, куду желектин өзүндөй болуп калмак. Буга чейин мындай узун-туурасы келишкен китеп чыга элек болчу.
Китептин салмагы да бир топ. Кадимкидей оор. Болжол менен алганда 3 килограммдай болот окшойт. Кадимки эле бышырган кирпичтен кем калбайт. Керек болсо аны менен бирөөнү жалпайта койсо да болот.
Баарынан да кагазычы?!. Аппак кагаз... Аппак кардай!.. Китепти барактаганда эле "Аппак кар, аппак кар" деген ырды ырдап жибергиң келет. Китептин күчү мына ушунда. Китеп түстүү кооз сүрөттөр менен коштолгон. Эмненин гана сүрөттөрү жок. Бир кемчилигин белгилеп кетейин, автор китепке арстан менен жолборстун сүрөтүн киргизбей эле койсо болмок экен, себеби кичинелер китепти барактаганда коркуп кетиши мүмкүн. Андан көрө момпосуй менен шоколаддын сүрөтүн чоңураак форматта көбүрөөк басышса болмок.
Нускасы боюнча рекордду белгилеп, 2000 тираж менен басылыптыр. Учурда "чоң" жазуучуларың деле ашып кетсе 1000 тираж менен чыгарып жатышпайбы. Бул боюнча Борбашев азаматтык кылган.
Кыскасы, эң кооз китеп жарык көрдү. Сөзсүз ал китеп текчелерин көрккө бөлөйт. Мен буга бөркүмдөй эле ишенем...