, 12.06.09 - 20-бет:
  Тагдыр

(Атайын бет, №4)
(Мына ушундай аталыштагы тагдырын көтөрүп алып, редакцияга Оңолкан аттуу айым (аты өзгөртүлдү) келиптир. Төмөндө биз сиздерге ошол тагдырды сунуш кылуудабыз. Албетте, белгилүү себептер менен аты-жөнүн, макаладагы каармандардын ысымдары, окуя өткөн жерлер да өзгөртүлдү).

Тирүүмүн, бирок "Өлгөндүгүм жөнүндө күбөлүгүм" бар
Күйгөн аял кошокчу" дегендей, башымдан өткөргөн окуяны айтсам, балким ишенбейсиздер. Бирок бул - тилекке каршы, чындык!
Мен алыскы дубандардын биринде, мамлекеттик мекемеде башкы адистердин бири болчумун. Күйөөм болсо борбордо иштейт эле. Менин кызматым ал жакта, анын кызматы бул жакта жакшы болуп, экөөбүз кээде Оштон, кээде Бишкектен жолугушуп, жашообузду өткөрүп жаттык. Ошончо жыл аралыгында мен беш жолу, он бала төрөдүм. Балканактай болгон эгиз уулдарды, кыздарды таптым. Бирок ошол жаш кезимден тартып эле мени белгисиз мээнет чырмады.
Бир күнү эч капарсыз иште отурсам, бала бакчадан чалып: "Балаңыз жоголду!" - деп кабарлашты. Бул менин турмушумдагы биринчи сокку, биринчи айрылуу болду. Эмне кыларымды, эмне дээримди, эмне ойлоорумду билбей, карбаластай түштүм! (Ошондон он беш жылдай убакыт өткөндөн кийин, уулумду таап атпаймынбы! Аты өзгөртүлүп, апасы да башка болуп алыптыр. Бирок фамилиясы өзүндө экен! Кантип тапканым тууралуу ананыраак сөз кылайын).
Ошол биринчи жоготуумдан
кийин кырсык чалып, биздин көчө, анын ичинде, мен бала-бакырам менен жашаган үй өрттөнүп кетти да, ордуна жабыркагандар квартира алдык. Бирок, бир күнү иштен келсем эле апам бала-бакырам, жууркан-төшөгүм менен эшикте отурат! Кайсы бир топтошкон топ - аялдар чаламандын чак түшүндө үйгө киришиптир дагы, апамды кууп чыгарышып, жакшынакай "жайгашып" алышыптыр. Мен ызылдап, соттошуп чуркап жүрүп, баягы үйүмдү кайра алдым.
ЁЁЁ
Бешинчи эгиздерим ичимде эле. Ай-күнүмө жетип, бирок текшерүү келет, отчет бериш керек деп, отпуска албай иштеп жүргөм. Бир күнү иштен келип, үйгө кирип келсем эле, көзүң жамандыкты көрбөсүн - баягы аялдар!
- Ушу сенден кутулбай койдум! - деп эле бирөөсү билегин түрүнүп келатат. Кыйкырып эле качып чыктым. Ошондо да артымдан жетип башы-көзгө тээп, колумду бурап, бутумду сындырып таштады. Анан да курсакка сайыптыр, кызыл-жаян кан болуп эле жатып калдым. Кошуна-колоңдор, ары-бери өткөндөр кокуйлап "тез жардам" чакырышты. Андан аркысын билбейм. Бир убакта эсиме келсем эле, кулагыма аялдардын үндөрү угулуп жатат:
- Ушубу? - дейт бири. - Жаңылган жоксуңбу?
- Ушул! Так өзү! - дейт беркиси. Эмнегедир үнү тааныш. Көрсө, баягы мени урган хулиган аял экен.
- Ичиндегилер эгиз экен, - деди врач. - Экөө тең тирүү. Бирөөсүн "Баланчаева" көптөн бери кезекте турат, ошого берели. Экинчисин "Түкүнчөевдерге" берели.
- Деги эле мунун эгизчилин кантейин! Баласын алып туруп, жатынын бууп салгыла! - буйрук берди мени урган аял. Ошол убакта:
- Жок, жатынымды буубагыла! Балдарга тийбегиле! - деп кыйкырып ийдим.
- Апе-ей, кашак! Мунуңар угуп жаткан турбайбы! - деди урган аял. Ары-бери чуркап, дүрбөп калышты да, укол сайышты. Андан аркысын билбейм. Ойгонсом керебетте, ооруканада жатам. Канча күндөн кийин ойгонгонумду ким билет.
- Балдарым кана?! - дедим эсиме келип эле.
- Балдарыңыз ичиңизден өлүп калыптыр, - дешти.
- Ишенбейм! Өлүгүн көрсөткүлө! - дедим.
- Мына, балдарың! - бири-бирине такыр окшобогон, бөлөк эле эки баланы көрсөтүштү.
- Меники эмес! - дедим.
- Сеники!
Мен операция алдында уккандарымды айтып ызылдадым.
"Историяма" аны: "Жөөлүп жатат, нервинен жабыркаган", - деп жазышты. Ошентип, төрөт үйүнөн эгиз балдарымдын ордуна такыр эле эки бөлөк баланы алып чыгып, жайына койдум. Бирок, дагы ушунусуна шүгүр, Кудай мага эске сактоо мүмкүнчүлүгүн дурус берген, баягы операция алдында уккан фамилиялар эсимде калыптыр. Ошол боюнча өзүбүздүн райондогу укук коргоо бөлүмүнө кайрылып, участкалык милиционер экөөбүз иликтеп жүрүп, баягы аялдын бирин таптык! Айткандай эле кызым ошонун колунда экен. Анализин алдырып, текшерттик. Кыздагы кан - менин каным болуп чыкты. Кыз да мени карап туруп:
- Мен сизди тааныйм, - деп жатпайбы.
- Кантип? - дедим.
- Түшүмдө көргөм. Сиз түшүмө кирип, мени чакырып ыйлай берчүсүз. Апама айтып, сизге алып бар десем болбой койгон… - ушинтти, кагылайыным. Мойнумдан бекем кучактап, бетимден "чоп" эттире өөп алып, бойтоңдоп кетти анан. Бирок ал убакта мен "өлдү" деген күбөлүктүү болуп калгам да, үй-жайымдын бардыгын энчилеп алышкан. Орой айтканда көчөдө калгам. Ошондуктан:
- Эже, бул кыз эми жакшы үй-бүлөдө жашап жатыптыр. Алганда каякка жашатып, кантип багасыз? Адегенде башка иштериңизди бүтүрүп албайсызбы, анан көрөбүз, - деди милиционер. Макул болдум. Бирок кийинчерээк ошол участкалык милиционердин каза болуп калганын угуп, жаным кейиди. Эгизимдин бир түгөйүн деле ким алганын уккам, бирок чолоом тийип издей элекмин.
ЁЁЁ
2003-жылы 13 жашар уулум ооруп калып, шаарга алып келдим. Түнкү 10-11ге чейин жанында отурдум.
- Апа, манты жегим келип жатат, - деди балам.
- Анда сен коркпой жатып тур. Манты бышырып, таң атпай келип калам, - дедим. Айткандай эле түнү менен уктаган жокмун. Кайдагы уйку, балам ооруп жатса. Эртең менен 7лерде мантымды көтөрүп алып келсем, врач чыгып:
- Балаңыз өлүп калды! - дейт?
- Ишенбейм! Калп! - дедим. Жүрөгүм сезип турду, калп экенин.
- Коё бергиле! - деп жулунуп палатасына кирип барсам, жанындагылар да жок! Керебеттер жылаңачтанып калыптыр.
- Бул палата ремонтко жабылган! - дешти. Кечээ коридордон жолуккан бир келинден сурадым.
- Балаңыз эртең менен эле, сиздин алдыңызда жүргөн! - дебеспи ал! Жедеп жоготуудан көңүлүм калган жаным:
- Баламды кайда жоготтуңар?! Тапкыла!!! - деп ызы-чуу салдым.
Бир медсестра сороктотуп ийнесин көтөрүп келип:
- Эже, сизге укол сайып коёюнчу, нервиңизди "успакаивать" этет! - дейт. Колунан ала коюп, өзүнө тап бердим эле, чачы-башын саксактатып качып берди.
- Баламдын өлүгүн көрсөткүлө! - дедим.
- Моргдо, - дешти алар. Кан сийип ийдим. Моргуна учкан боюнча жеттим. "Андай жок, кириш үчүн ошол ооруканадан справка алып келиңиз!" - деп киргизбей, оорукана болсо үч күндөн кийин справка берди.
- Мына, балаң! - деп таптакыр эле башка, чоң кишинин солкуйган денесин көрсөтүштү.
- Бул менин балам эмес! Менин балам кенедей, 13төгү бала да! Мунуңар тоодой киши турбайбы! - деп чаңырсам туш-туштан кармашып, дагы укол сайышты. Дагы эсимди жоготупмун! Көзүмдү ачсам Бишкектен тапкан, мага эш туткан тааныш-туунуштарым, курбу-курдаштарым:
- Уулуңду жайына коюп келдик, - дешти. Алар каяктан билсин, менин балам эмес экенин! Ошентип, дагы бир жолу кан жуттум! (Бирок, ал баламды да кийин тирүү көрүп, бирок жолуга албай калдым. Аны да ананыраак айтайын).
ЁЁЁ
Ошентип жүрүп, ооруп кал-
дым. Кийин кайрадан облуска келип, капысынан эле почтого акча алайын деп кирип барсам, ал жерде иштеген кыз мени бир, паспортумду бир карап эле эси оойт десең.
- Эже, кечириңиз, сиз тирүүсүзбү? - дейт анан.
- Жок, өлгөм! - деп койдум, оюмда эч нерсе жок. "Ушунча жоготууну, азапты кантип көтөрүп жүрөсүз?" - деп жатат го деп түшүнгөм.
- Жок, эже. Чын эле сизди "өлдү" деп, тизмеге кошконбуз да, - дейт.
- Кандайча? Тирүү экенимди көрүп жатпайсыңбы? - десем:
- Эже, муну карасаңыз, - деп бир кагаз көрсөтөт. Шумдугуң кур, анда чындап эле мындай жазылып турат: "Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк…"
Өлдү: 1998-жылдын 8-февралы…" ж.б. Аягында: "4-март, 1998-жыл" деп кол коюлуптур!
- Балдарыңыздын пособиесин болсо "Баланча" айым кол коюп алып жүрөт, балдарыңызды багып жатам деп, - деди кыз.
Асман-жерим аңтарылып кетти! Тирүү кишини ушинтип эле "өлтүрүп" койсо болот экен да!
Анан баягынын көчүрмөсүн, өзүмдүн документтеримди көтөрүп алып: "Бул эмне деген шумдук?! Мен ден соолугумдун айынан кармалып, борбордо ооруканада жаттым эле! Келсем момундай болуптур!" - деп барбаган жерим калган жок. Бардыгы эле кайдыгер, бардыгы эле кош көңүл. "Ана, мына" деп созуп жүрө беришкени болду. "Ошобу, башкабы?" - деп экспертизага жөнөтүлдүм. Акыры 2008-жылдын 29-сентябрында: "Өлгөндүгү тууралуу документ жалган!" - деген справка беришти. Мени башка эле бир чалдын ордуна "өлдү" деп коюшуптур.
ЁЁЁ
Көрсө, булардын бардыгын
жасаган адамдарга менин үйлөрүм керек болгон экен! Шаарда эки үйүбүз боло турган (бири мага атамдан калган, экөө тең 8-кичи райондо), аларды жана облустагы үйүмдү алыш үчүн акыры ушуну ойлоп табышыптыр. Эми: "Тирүүмүн, ошол үйлөрүмдү кайра кайтарып бергиле!" - деп арызданып жүрүп үч жашында, бакчадан жоголгон уулумду таап алып жатпаймынбы!
- Эже, ал үйдө бир бала бар экен, ата-энеси үйүндө жок экен, - деп келишти опер балдар.
- Ошол баланы көрсөткүлө! Менин балам окшойт! - дедим. Жүрөгүм сезди. Айткандай эле, ал балага мени жолуктурушту. Менин балам!!! Мен аны тааныдым. Документин көрсөм, фамилиясы өзүнүкү, бирок аты, энеси башка!
Ошол эле үй боюнча чуркап жүрүп, бирөөнүн камогунда отурсам, тааныш үн угулат. Сатуучу менен сырттан сүйлөшүп жатат:
- Эже, бөтөлкө алабыз! - деп. "Бул кайсы үн эле? Ким эле?!" - деп атып, бир убакта:
- Балам! - деп артынан атып чыгып, таппай калдым. Дагы келеби деп ошондон кийин ошол тегеректе жүрдүм. Көп күндөрдөн
кийин дагы көрдүм да:
- Балам?! Бул - мен! - деп чуркадым. Машине менен жүрүшүптүр. Жанындагылары баланы машинеге түртүп сала коюп эле жөнөп кетишти. Көзүм ала чакмактап, номерин да көрбөй калыпмын! Балам артына кылчайып:
- Апа, мен тирүүмүн! - дегенге үлгүрдү. Мына!
Азыр болсо эчтекем жок, көчөдө жүрөм. Үйлөрүмдүн бирин да кайрып ала элекмин. Бирок Кудай, мыйзам бар эмеспи. Аны бурмалай бергенге баарынын эле ыйманы жол бербес…
ЁЁЁ
P.S. Кийин телефон чалганында аял: "Тагдырымды теле-журналисттер иликтеп, тарта башташты, - деп билдирди.- Иштеримди соттор карап жатышат. Бирок, азырынча жыйынтык чыга элек".





Кечиктим,мени кечир?..
Айланамды карасам эч кимим жок, жалгызмын. Кудай менден башка адамдын башына жалгыздыкты салбасын. Аргасыздан өткөн күндөрдү эстейм.
О, бул жалганда менден өткөн бактылуу адам жок эле анда. Болсо да мага жетпейт эле. Сенин кучагыңда, эркелеткен сөздөрүңө мас болуп жүрүпмүн. Ошондогу жыты аңкыган жыпар жыт гүлдөр, белектер, баардыгы сагынычтай саргайышкан. Анысы аз келгенсип, бул жалганда сен да жоксуң!
Сен да жалгыз элең, менден башка эч кимиң жок эле. Мен да бааланып: "Турмушка чыкпайм, окуйм", - деп туруп алдым. "Мейли, окусаң оку, экөөбүз тең билимдүү болсок жаман эмес", - деп оюма макул болгонсуң. Балким ошондо сунушуңду кабыл алганымда, артыңда туягың калат беле!..
Каргашалуу ошол күндү эстесем, азыр да жаным караят. "Болду, ушунча күттүм, алып кетем, барбасаң ала качып кетем", - дедиң акыры. Кичине ичип да алсаң керек. "Макул", - дедим мен да балбылдаган көздөрүңдөн жалтана. Эртеси таң атпай роза гүлүн кучагыңа толтуруп келиптирсиң. Тойго даярдык көрө баштадык. Чакыруу барактарды даярдадык, той өтчү ресторанды дайындадык. Биринчи күнү үйдөн нике тоюбузду өткөрүп, анан заманбап үйлөнүү тоюн бермекпиз. Жаныңдан карыш жылдырбай, мурдагыдан да бөпөлөп калдың. А менин кубанычымда чек жок эле. Анткени өзүм каалагандай адамга турмушка чыгып жаткам. Мына алып кетем деп жатканда "Жалда" жашаган досумдун үйүнө чакыруу жетпей калыптыр. "Сен чачыңды жасата тур, мен барып келе коеюн", - дедиң.
Негедир чыгып бара жатып башкача бир карап алдың да, өөп койдуң. Оюмда эч нерсе жок, кала берипмин. Анан чачымды жасатып, сыртка чыктым, уюлдук телефонуң албайт. Күттүм, жоксуң. Ачуулана баштадым да, бөлмөмө кирип кеттим. Ойгонсом, таң атып калыптыр. Уюлдук телефонум чырылдап жаткан экен. Ала койсом досуң: "Баян, улуттук хирургияга келе калчы!" - деди, учуп жеттим. Улуттук хирургиянын алдында туруптур ал. Жүрөгүм оозума тыгыла түштү. "Тынччылыкпы?!" - дегенге араң жарадым. Ал мага болгон окуяны баяндап берди. Чакыруу барагын жеткирип баратып, машинанын ичинен бөйрөгүңдөн приступ кармап, сени эч ким көрбөй калыптыр. Ошол менен баары бүтүптүр!
Жок дегенде сени жоктоор ата-энең болгондо эмне?! Кичинеңден жетим калып, сен көрбөгөн кордук калган эмес. Жаман иштерге барбай, билимдин артынан түшүп, мыкты юрист болгуң келген. Акыры тилегиңе да жетип, иштеп жаткансың. Аттиң ай, алдыга койгон пландарың көп эле! "Актыкты, тактыкты тактаган адвокат болом", - дечү элең.
Айта берсем, өрттөнүп кетем. Артыңдан боздоп, ыйлап кала бердим. Сен баскан аллеялар, сейил бактар, деги койчу, сен иштеген мекеме да жетимсирейт. Колумдан келсе артыңдан кете бермекмин.
Баарына мен күнөөлүмүн. Анткени убакытты созуп, көзүмдү караган мамилеңден пайдаланып туруп алдым. Кечир мени, кечир. Алакан жая бата кылып, бейитиңдеги сүрөтүңдү тазалагандан, кучагымды гүлгө толтуруп барып, сага эмес бейитиңе гүл койгондон башка аргам жок эми...
Баян КУЛОВА,
КМТУ, 4- курс

Бетти даярдаган Жыпара ИСАБАЕВА