, 12.06.09 - 12-бет:
  Рас Аль Хайма сапары

Эмират Кыргызстанга ишеним артат
Мамиленин жанданышы жакшылыктын жышаанасы
Ишкерликти колдоо боюнча Кыргызстандагы соңку кездеги иштиктүү аракеттер, инвестицияга жагымдуу жагдай түзүү үчүн кадамдар дүйнөлүк ири инвесторлордун көңүлүн бурдурта баштады. Бул чөйрөдөгү тоскоолдуктарды четтетүү боюнча мамлекет башчысынын чечкиндүү кадамдары коомчулуктун колдоосуна ээ болууда. Инвестиция тартуу боюнча өлкө башчысынын кыргыз чиновниктери менен элчилерине койгон талаптары, ишкерлерди колдоого чакырган аракеттери акырындап өз жемишин бере баштады. А түгүл акыркы жылдарда саясат менен гана шугулданып калышкан айрым ишкерлер эми өндүрүш менен алектене баштаганы байкалууда. Алардын катары күн санап көбөйгөнү өзгөчө кубандырат. Мына ушундай ишкерлердин бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, КРнын толук ыйгарымдуу элчиси Карганбек Самаков. Анын: "Мамлекет башчысы ишкерлер үчүн, инвестициянын келиши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатса, биз байкоочу болуп четте туруп албай, жакындан жардам берели, колдойлу. Ар бирибиз мүмкүнчүлүгүбүздү пайдаланып өлкө келечегине өз салымыбызды кошолу" - деген сөздөрүн угуп, аракетин көрүп ичибиз жылыды. Анын Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы, Япон өлкөсүндөгү белгилүү компания жетекчилери, миллиардерлер менен жеке байланышы, мамилеси жакшы экенине күбө болдук. Мамлекет башчысынын "өлкөгө инвестиция тартууда мына ошондой жеке байланыштарды да пайдалангыла" деген чакырыгын колдоого алып, Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) Кыргызстанга ири суммадагы инвестиция тартып жатканын бир катар журналисттерге маалымдап, ал түгүл алардын ишмердиги менен жакындан таанышып келүүбүздү уюштуруп берди. "Миң уккандан бир көргөн артык" деген элибиздин накыл сөзүн туу тутуп, БАЭнин эң мыкты эмиратынын бири Рас Аль-Хайманы көздөй сапар тарттык. Анын үстүнө мурдагы жетекчиликтин учурунда дипломатиялык калпыстыктан улам бүткүл араб дүйнөсү менен мамилебизди жоготуп алганбыз. Эми минтип алар Кыргызстан менен алакасын жанданта баштаганы жакшылыктын жышааны эмеспи.

Эң мыкты эмираттан инвестициякелатат
Биз барган Рас Аль-Хайма - БАЭнин курамына кирген 7 эмираттын бири. Перси булуңунда жайгашып, ээлеген аянты 2900 чарчы метр, калкынын саны 250000. Рас Аль-Хайма Жакынкы Чыгыштагы өтө тез өнүгүп жаткан, эң мыкты эмират болуп чыкты. Алар өзүнүн эң мыкты эмират экенин бардык жерлерде тартынбай эле жазып мактанышаарын көрдүк. Балким бизчилеп начарбыз, алсызбыз деп наалыбай, өздөрүн мыкты аташып жүрүп, чын эле мыкты болуп кеткендир. Эң башкысы БАЭнин курамындагы 7 эмират бири-бири менен сырттан инвестиция тартуу, экономикалык өнүгүү боюнча атаандашып, жомоктогу шумдуктарды реалдуу турмушта ишке ашырып жатканын көрүп ынандык. Эрме чөлдү шаарга айландырып, деңиз үстүнө жасалма аралчаларды жаратып, ал жерге көз тайгылткан кооз имараттарды куруу жагынан биринен-бири озчудай абалда экен. Бизди чакырган "Ракин Девелопмент" компаниясы ушул эмираттагы негизги өндүрүштү кыймылдатып, жасалма аралдарды жаратып, кооз курулуштарды куруп жаткан эң ири компаниянын бири экен. Жалпысынан RAKIA аталыштагы ири компаниянын курамына 1690дой өз алдынча жана биргелешкен ишканалар кирип, анын кожоюндарынын бири Рас Аль-Хайманын мураскор ханзаадасы, Жогорку даражалуу шейх Сауд Бин Сакра Аль Кассими өзү экен. Ал эми ишкананы иштеткен ханзааданын кеңешчиси, компаниянын директорлор Кеңешинин төрагасы Хатер Масаад өзүнүн орун басарлары менен бизди жылуу кабыл алып, "Кыргызстанга келүүчү компания менен жеринде таанышканы келгениңер жакшы болду. Биз эмне менен алектенип жатканыбызды өзүңөр көрүп, биз тууралуу элиңерге калыс маалымат жеткиресиңер деген тилектебиз. Биз барганда бизди туура түшүнүп кабыл алышса дейбиз. Ал эми Кыргызстанда баштай турган ишибиз тууралуу Бишкекке барып атайын бетачаарын өткөргөн учурда айталы. Азыр силерге алдын-ала айтып койсок, кийин бетачаар салтанатын өткөрүүнүн кажети жок болуп калат",- деп Кыргызстанда башталуучу иштерди сыр катары сактап туралы дешти. Бирок алар ар бир жерде сөз боло калганда "Биздин биринчи кезекте ишке ашыруучу долбоорубуз эми Кыргызстан" деп улам-улам бышыктап жатышты. Аны ишке ашыруу үчүн RAKIAнын алдында "Кыргызстан инвестмент" деген атайын биргелешкен компания түзүшүп, Кыргызстан тараптан өкүлү К. Самаков экенин билдик. Карганбек мырзаны өзгөчө урматташаарын көрдүк.
Бизге эгемендүүлүк жылдардан бери инвестиция алып келебиз деп шумдук убадаларды берген, же иштеп жаткан мыкты ишканаларыбызды менчиктештирсеңер эле кыйратабыз деген компаниялардын бири дагы RAKIA сыяктуу өздөрүн ачык тааныштырган эмес. Ал гана эмес Кум-Төрдүн алтынын иштеткен ишкананын азабын элибиз эчен жыл тартып, эми гана өлкө кызыкчылыгына ылайык келишимге жетишпедикпи. Ал эми Канттагы цемент заводу куру убада менен белгисиз ишканага туура эмес сатылып кеткенинин азабын азыр көрүп жатпайбызбы. Мындай мисалдарды санай берсек өтө эле көп. Ал эми Кыргызстанга жакында келчү RAKIA компаниясы таптакыр андай эместигин, аларды Кыргызстанга келтирүү үчүн Карганбек мырзанын өтө зор аракетин иш сапарыбыздын учурунда аңдап-сезип жаттык.
(Уландысы кийинки санда)
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ,
Бишкек - Рас Аль Хайма - Бишкек