, 05.06.09 - 6-бет: Олуттуу темадагы олуттуу эмес амакала
(фельетон ордуна)
Мен алгач "Орозалиевдин жоруктары" деген темада олуттуу макала жазууну ойлодум эле. Аны биздин билим берүү, жергиликтүү масштабдагы аткаруу жана укук коргоо органдарында иштеген чоң-кичине чиновниктерибиздин жергиликтүү масштабдарда болсо да коррупция менен күрөшүүнүн ордуна мурдагы Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн, азыркы ошол эле региондогу Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы, жогоруда аталгандардын "чөктүрүүгө", "күйгүзүүгө" кылган бардык аракеттерине карабастан "отко салса - күйбөгөн, сууга салса - чөкпөгөн" Кенжалы Орозалиевдин ал аракеттерге каршы туруп, өз укугу үчүн күрөшүүсүнүн мисалында жазмакмын. Бирок, канчалык аракет кылсам да бул окуялар, алардын каармандарынын аракеттери аларга олуттуу баа берүүнүн ордуна, ирония менен жазылуучу фельетон үчүн гана фабула болуп туруп алды. Мүмкүн, бул фельетонго каарман болушкан Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү чиновниктер менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин начарлыгы, а мүмкүн менин начар журналистигим себеп болуп жатабы?.. Ошентсе да бул окуяга окурмандар өздөрү баа берип алышканы туура көрүп калемимди колго кармадым (бул эскиче стиль менен айтканда, а жаңыча алганда компьютерге отурдум).

Кудум эле
Агата Кристинин чыгармаларында-гыдай сюжет
2008-жылдын 6-марты Бакай-Ата районунда детектив жазуу үчүн жем таштоочу окуя болуп өттү. Ушул күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы Ж.Тойчубеков атындагы орто мектептин директору К.Осмонбеков эртең мененки саат 8:00дө облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери Э.Нуралиевдин кабинетине баш бакты. Мындай таң атпай келүүсүнүн себеби да өтө олуттуу эле. Анткени райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы андан азыркы учурдагы эң актуалдуу проблема - коррупциянын бир көрүнүшү болгон пара талап кылып жаткан экен. Опер оперлигин көрсөтүп, дароо арыз жаздыра, аны нөөмөт бөлүмүнө тапшыра коюп, калыстарды (понятые) таап, 5000 сом акчаны атайын боёк менен боётуп, диктофон, кассета жана видеокамераны камдап, башкача айтканда коррупционерди кармоого толук "куралданып", К.Орозалиевди кынтыксыз кармоо боюнча "Барбарос" планын оперативдүү иштеп чыга коёт (мунун баары кийинки соттук териштирүүлөрдө анын каты-шуучулары тарабынан айтылып, протоколдо жазылгандыгынан, күбөлөр сотто жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчиликке тартылыша тургандыгы боюнча эскертилгендигинен улам чындык экенинен мен шектенбейм, окурмандарды да ошого чакырам).
Албетте, мындай "ашынган коррупционерге" жалгыздап барууга, жалгыздап кармоого болбойт эмеспи. 2 автомашинага 6 оперкызматкер, 2 калыс адам салынып алынат. Анткени, Бакай-Атадан калыс адам издеп убара болушмак беле? Орто жолдон Кызыл-Сай айылынан токтошуп, кудум эле шпиондор жөнүндөгү советтик фильмдердегидей кылышып К.Осмонбековго ал "аткаруучу ролду" - параны кандайча туура берүүнү, пара бергенден кийин оперлерге көрсөтүүчү шарттуу белгини (баш кийимин алышы керек) дагы бир жолу үйрөтүшүп, анан аны өзүнчө автомашинага отургузушат.
Өкүнүчтүүсү окуянын андан аркы жүрүшү, алардын айтуусу боюнча, "Жаздын он жети көз ирмеми" фильминдегидей болбой иш теңирден тескери чыгат. Саат 9:30да К.Осмонбеков К.Орозалиевдин кабинетине кирип, жакшы эле пара берүүгө аракеттенет, атүгүл чөнтөгүнөн парасын алып чыгып, Орозалиевдин колуна кармата койгонго да аракеттенет. К.Орозалиев кашайып албай койгондон кийин да чыгып кетпестен, ал чогулушка барганы жатканын айтканда гана колун бекем кысып коштошот. Ошентип пара бермек түгүл, аны берүү боюнча "спектаклди" да дурустап коё алышпайт.
К.Орозалиев кабылдамадагы катчысы Роза Беренбековага жумушка кайра түштөн кийин саат 15терде келерин айтып коюп, Калинин айылындагы чогулушка катышып, андан чыгып үйүнөн тамактанып келгенден кийин гана "кызыктар" башталат. Баса эшиктин алдынан ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Ислам Кошокбаевге (аны кармоочулардын ана башчысына) жолугуп, учурашышкан. Биздин каарман оперлер К.Орозалиевдин изине сая түшүшүп, чогулушта да, үйүнө тамактанганы барганда да аны кармоого аракеттенишип, бирок элден айбыгып батына алышпай коюшат. Бул, албетте, окуя жөнүндө алардын версиясы боюнча.
К.Орозалиев саат 16 чамасында кайра иш кабинетине келип, кабылдаманын эшигине кулпу илинсе да ачык бойдон калганын көрөт да, кызматкерлери 8-март майрамына карата кафеде отурушуп, аны да уюлдук телефондон чакырышканынан улам кабинетине кирбестен, кайра сыртка чыгып жөнөйт. Ошол жерден аны милиция кызматкерлери кармап алышып, калыстардын катышуусу менен кайра кабинетине алып келишип, издөө жүргүзүшүп, кабинеттен, автомашинадан эч нерсе табышпай, кабылдамадагы столдун үстүндө жаткан, катчыга жана башка кызматкерлерге тапшырмаларды жазып калтырып кетип жүргөн жазуу китепчесин (ежедневник) оперлердин бири алып, анын ичинен атайын порошок менен белгиленген 5 миң сомду алып чыгышат.
Милиция кызматкерлеринин пикири боюнча бул К.Орозалиевди кызматтан алуу үчүн гана эмес, ага каршы кылмыш ишин козгоо үчүн да жетиштүү экен. А бирок...
Соттор эмне үчүн ишенишпеди?
А бирок, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө "кызык фактылар" "сызып" чыкты. Биринчиден, акчалар иштетилген атайын порошоктун изи К.Орозалиевдин колунан чыкканы далилденген жок. Ал эми кийимдеринен дегеле табылбаган. Экинчиден, ал параны алса, аны эмне үчүн катчысынын столундагы китепчеге салып коймок эле? Ашыкча күбө болушу үчүнбү?
Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси А.Тыныбеков да ошол күнү К.Осмонбеков К.Орозалиевдин кабинетинин ачкычын сураганын айткан. Ал эми кадрлар бөлүмүнүн кызматкери К.Сүйүналиева ошол күнү ага К.Осмонбеков келип
К.Орозалиевдин кабинетинин ачкычын сураганын, ал жерде бир буюмун унутуп калганын айтканын билдирген.
Мына ушундан кийин кайсы сот мындай айыптоого ишенип айыптоо өкүмүн чыгармак эле? Бакай-Ата райондук сотунун 2008-жылдын сентябрындагы өкүмү, Талас облустук сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын ушул жылдын 6-ноябрындагы аныктамасы жана КРнын Жогорку сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 4-мартындагы токтому менен К.Орозалиев анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу акталды. Негизи жогорудагы окуялардан улам адилет соттордон мындан башка чечимди күтүүгө болбойт эле.
Баса, оперлер К.Орозалиевдин сары изине сая түшүп, артынан аңдып жүрүшкөндө К.Осмонбеков анын кабинетине неге кире албай жатты экен?. А балким параны анын столуна салып коюш үчүнбү?
Орозалиевдин оппоненттеринин "мандемдери"...
Мен бул макалада К.Орозалиевди сүттөн аппак кылып актоодон алысмын. Буга чейин ал жөнүндө эки жолу макала жазганда ("Кыргыз Туусу" гезитинин 2007-жылдын 9-январындагы санында "Орозалиев эмне үчүн ордуна коюлбайт?" жана ошол эле теманы улантып Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын жообу боюнча 16-январдагы санында "Бээ десе, төө дейт да" аттуу макалалар) аны кызматтан алууда мыйзамдын бузулуп жатканын жана соттун аны кызмат ордуна кайра коюу боюнча чечимдери министрлик тарабынан аткарылбай жатканын гана көрсөткөм. Анда К.Орозалиев Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болчу.
Эми К.Орозалиевди жок жерден пара берүү аркылуу карматууга аракет кылган директор К.Осмонбековдун өзүн алалы. Райондук билим берүү бөлүмүнө анын үстүнөн ошол өзү жетектеген мектептин айрым мугалимдери, техникалык кызматкерлери жана айыл өкмөт башчысы тарабынан финансылык-чарбалык иштердеги жана кадрлар менен иш алып баруудагы айрым кемчиликтери жөнүндө арыздар келип түшкөн. Анын үстүнө пландуу фронталдык текшерүү мөөнөтү келип калгандыктан 2008-жылдын 1-февралында райондук билим берүү бөлүмүнүн ар тармак боюнча 10 адисинен турган комиссия түзүлгөн. Комиссия 2-февралда текшерүү жүргүзүп, анын натыйжасында директорго, орун басарларына сөгүш жарыяланган. Албетте, алар макул болушпаса, сот аркылуу жокко чыгарып алыша тургандыгы да буйрукта көрсөтүлүп, буйрук менен тааныштырылышкан. Кемчиликтерди жоюу боюнча бир айлык мөөнөт да берилген. К.Осмонбеков кемчиликтерди жоюунун ордуна... ал жөнүндө жогоруда айтылды.
К.Осмонбеков өзү болсо Бакай-Ата райондук сотунун 2008-жылдын 23-декабрындагы өкүмү менен КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-статьясынын 2-бөлүгү, 315-статьясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3 жылга эркинен ажыратылууга соттолду. Анткени, Автандил Тойчубековго окубаса да окуду кылып жасалма аттестатты өз колу менен толтуруп, окуу бөлүмүнүн башчысынын, мугалимдердин колун өзү жасалмалап коюу менен берген.
Баса, К.Орозалиевди жаманатты кылуу үчүн макаланы дал ушул К.Стамова ("Орозалиевдин террорунан качан кутулабыз?", "КТ" 29. 07. 2008-ж.) жазып жатпайбы. Анан да ал макала боюнча теңирден тескери жоопту облустун прокурору Т.Акышев жогоруда аталган тергөөчү М.Аманбековдун тергөөсүнө таянып берип жатпайбы ("Орозалиевдин террору" чынбы же калппы, тергөө көрсөтөт", "КТ", 30. 09. 2008-ж.). А мыйзамдын бузулганы же бузулбаганы боюнча акыркы чекитти коё турган соттун чечимдери жөнүндө жогоруда айтылды...

P.S. Дагы бир фактыны унутуп кала жаздаган окшойбуз. Райондун акими Көчөркул Сатымкулов К.Орозалиевдин ордуна райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Анарбек Сапаралиевди дайындай салып, райондун мектептеринин директорлоруна аны колдоо жана К.Орозалиевге каршы "күрөшүү" боюнча "тиешелүү көрсөтмөлөрдү" берет. Билим берүү жана илим министри И. Болжуровага К.Орозалиевди жаманатты кылуу менен убактылуу кызматтан четтетип туруу боюнча кат жиберет. Ошол эле учурда А.Сапаралиевдин райондук билим берүү бөлүмүн жетектөө түгүл, билим берүү системасында иштешине каршы чыгуу менен билим берүү бөлүмүнүн аппаратынын кызматкерлери, бир катар мектеп директорлору жана мугалимдери облустун губернаторуна, райондун акимине, бир катар гезиттердин редакцияларына кайрылуу жөнөтүшкөн. Бул жоругун эми аким К.Сатымкуловдун өз абийирине коёлу...

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




  көйгөй...

ВИЧ-СПИД жана баңгилик…
Сотмедэкспертизанын республикалык бюросунун маалыматы боюнча, 2005-жылы ВИЧ-СПИДден каза болгон адамдардын саны 39 болгон. Ал эми бул көрсөткүч 2006-жылы 110го жеткен…
БУУнун Бишкектеги үйүндө өткөн тегерек үстөлдө: "Кыргызстанда ВИЧ-СПИДдин кесепетин ооздуктоо тууралуу программа кандай иштеп жатат жана алдыда дагы кандай чараларды көрүү керек?", "Өлкөдөгү баңги заттардын жолун бөгөө зарылдыгы" деген темада кызуу талкуу, пикир-сунуштар болду.
Тегерек үстөлдө жана КРнын баңгизат саясаты жөнүндөгү улуттук докладында айтылгандай, баңгизаттарды мыйзамсыз таркатуунун үч белгиси бар: биринчиси, өстүрүү жана өндүрүп чыгаруу, экинчиси, ташып жеткирүү жана чекене соода жүргүзүү, үчүнчүсү, керектөө жана баңгизатка көз карандылык. Ал эми булардын бардыгы ВИЧ-СПИДдин таралышынын, адамдарды бейажал өлүмгө дуушар кылуунун бирден-бир булагы болуп эсептелет.
Өлкөдө баңгизаттардын өсүп кетүүсүнүн тарыхы
Докладда айтылгандай, Кыргыз Республикасында баңгизаттар көйгөйүнүн өсүп кетүүсүнүн төмөнкүдөй тарыхы бар.
Өлкөнүн аймагында баңги-заттарга карата кырдаал үч жолу татаалданууга туш болгон: 19-кылымдын акыркы чейрегинде , 1916-жылдан 1974-жылдардын аралыгында жана 1993-жылдан азыркы кезге чейин. Бул үч учур өлкөнүн тарыхынын ар кайсы баскычтарына - Орусия империясынын, андан кийин Кыргызстан СССРдин бир бөлүгү болуп турган мезгилге жана эгемендиктин учуруна туура келет.
Айткандай эле, Борбордук Азияда баңгизаттар илгертен бери эле өстүрүлүп, пайдаланып келген. СССР убагында апийимди өнөр жайлык максаттарда өндүрүп чыгарган Борбордук Азия сапаттын бийик үлгүсү катары эсептелинип турган. Дагы бир айта кетчү нерсе, ошол убакта эле өндүрүлгөн апийимдердин кыйла бөлүгү уурдалып, жок болуп, мыйзамсыз жүгүртүүгө кетип турган.
Ал эми бүгүнкү күндө бизде мыйзамсыз баңгизаттардын рыногунун кеңейтилиши ачуу чындык. Мамлекет тарабынан өлкөгө баңгизаттарды алып кирүүнү кыскартуу, алардын таратылышына күрөштү жандандыруу, баңгизатты керектөөнү алдын алуу жана аларга болгон сурамды төмөндөтүү менен, баңгиликке каршы аракеттерди уюштуруу колго алынган.
Ал эми баңгизаттарды колдонуунун зыянын төмөндөтүүгө 90-жылдардан тарта эле чаралар көрүлүп келет.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Жазгүл САРЫГУЛОВА,
практикант