, 05.06.09 - 16-бет: Күлкүкана
Айтылуу таланттардын көбү Жумгалдан чыккан эмеспи. Эл арасында андан бешбетер аңыз сөзү менен айтылып калгандары канча. Ошонун бири илгери Союз учурунда Кампа деген болгон экен. Кесиби веттехник болгон дешет. Аския-шакабасы көп бул адамды эмгиче айылдагылар айтып күлүп калышат. Анын айрымдарын окурмандарга сунуш кылуу удулу келип турат.

Лениндин эжеси...
оюз мезгилинде "саясый окуу" деген бар эмес беле. Колхоз, совхоздордо саясый окуулар өтүлчү. Бир жолу саясый окууга обкомдун өкүлү келип катышат. Кезеги келгенде Кампага кошумча суроо берип калат:
- Айтыңызчы, Крупская ким болгон?
- Лениндин эжеси...
Залда олтургандар дуу күлүп ийишет. Обкомдун өкүлүнөн оңтойсузданган парторг:
- Кудай урган Кампа, Лениндин өмүрлүк жары, саясый досу дебейсиңби,-деп күйпөлөктөп калат. Анда Кампа камырабай:
- Аялы болсо төрөп, баласы болбойт беле,-дептир куру дымак өкүлгө жини келип. Кийин "бул бизди уят кылып, бир балээге калтырат" деп башкарма менен парторг алыскы тоо арасындагы чарбага которуп жиберген экен.
Өңүн бузуп киргилденбесе,
чайдай болобу?!
ашкарма бир күнү Кампаны үйүнө ээрчитип барат. Дасторкондо башкарманын аялы байкабай ириген сүт кошуп чай сунат. Анда башкарма:
- Чай тамак деле эмес, бозодон эле алып келчи, -деп кейийт.
- Аксакал, өңүн бузуп киргилденбесе, чайдай тамак болобу, денеңди балкытып, тер чыгарып,-деп Кампа жооткотот дейт.
Аны молдодон сурап ал
ампага дайыма арак ташытып ичкен башкарма:
- Эй, баатыр, бу арак кесепетиңдин аркы дүйнөдө сурагы катуу болот дейт го, кантип кутулабыз,-десе, Кампа кампыйып:
- Мен болсо, "мени арак ташытып, аракка үйрөткөн ушул" деп сизди көрсөтүп кутулам. А сиз, тигил кыяматтын кыл көпүрөсүнөн жол тапкан Смайыл молдодон "эптеп мени куткарып кой" деп сурансаңыз куткарар деп кеңеш бериптир.
Алсаң менчиктеп
аял ал
ашкарманын аял алам деп турган баласына Кампа кеңеш берет:
- Ой бала, алсаң менчиктеп аял ал.
- Аялдын да менчиги, бөлөгү болобу байке?
- Ой, атакөрү, мына апаң атаңдын менчик аялы. Ал эми, тиги чарбаны шылтоолоп келип атаңды шылып, кетеринде кой, козуну, кымыз менен ун, талканды бөктөрүнүп кетип жаткан
райкомдун инструктору болуп иштеген сары аял, атаңдын насыя аялы,- дегенде башкарма эшикке чыга качыптыр.
Сабырбек Акматов,
Жумгал району.




  Пародия

Курсак да кууратат
А менин иттер үрөт күндө ичимде,
Жанымды жазылган сап кетет
тоноп...
Эгемдерби Эрматов
Уктуңбу сен ажылдаган кандектин,
Ичиркенткен, кыжырданткан дабышын.
Кандек эмес-үрүп жаткан курсагым,
Жашырбайын, зарыл билип алышың.

Жалаң эле кандек эмес ичимден,
дөбөт үрөт... ар күн сайын арсылдап.
Бөрү улуйт, бука мөөрөйт, кой маарайт,
Дабыш чыгат коркунучтуу тарсылдап.

Ак дилимден айтып жатам сырымды,
Жактырбаймын сөздүн көңдөй, төгүнүн:
Курсагымдан чыккан дабыш тажатып,
Жазылган сап кетет тоноп өмүрүм.

Чымчыма суроолор
Зыяны тиеби?
Түлкү мүнөз адамдын,
Зыяны калкка тиеби?
Жылкы мүнөз кишинин,
Муз болобу жүрөгү?
Эрдикпи?
Акылынан адашып,
Аял, эркек талашып,
Арак ичүү теңдикпи?
Ынак болуп итчиликке,
Бир стакан ичкиликке,
Чөгүп өлүш эрдикпи?
Чөгөлөп жашап...
Кошоматка кой союп,
Чөгөлөп жашап көнүпсүң.
Намысы жок, ары жок,
(бетинде кызыл каны жок),
Эмне үчүн тирүү өлүксүң?
Ой тобо-о!
Пайдасы жок иш үчүн,
Жарым кадам баспайсың.
Өзүмдүкү дегенде,
Өлүп кете жаздайсың.
Өлө берип күн сайын,
Жаныңды кантип сактайсың?
Эсенгул ЧОПИЕВ

Күйдүргүлөр
ир күнү СССРдин генералдык секретары Л.И. Брежнев Өзбекстандын партия жетекчиси Рашидовдон сурап калат:
- Силер, өзбектер, качан космоско учасыңар?
- Базар ачылса эле, эртеси учабыз, - деп жооп берген экен.

иши өтүүчү жайдан зуулдап токтоосуз өтүп жаткан автоунаалар бир заматта эле тартипке кире калышып "өтүңүз, өтүңүз" деп колдору менен булгалап, адамдарды өткөрүп калышат. Аларга таң калган бирөө сурайт:
- Эмне эле мынча маданияттуу болуп кеттиңер?
- Кайдагы маданият, тиги
МАИшник безирейип келип калбаганда силерге маданиятты көрсөтөр элем,- деп ай-доочу күбүрөп ызырыныптыр.

Атасы кичнекей баласын сабап жатканын кошунасы көрүп:
- Эмнеге сабап жатасың?,-деп сурап калбайбы.
- Көрбөйсүңбү бул акмакты, дүкөндөн арак алып кел деп жиберсем, вино алып келиптир да...


А.Умаров,
Бишкек шаары





Залкар
Шекербектен калган шекер кеп
Куйручуктун сынынан
ким кутулган...
1937-жылдын май, июнь айларында Нарын облусуна гастролдоп барып калдык. Кыргыздын кадимки кыраан таланттары катарыбызда. Жер кыдырып, эл көңүлүн көтөрүп дегендей, акыры Жумгалдын "Кызыл-Туу" колхозуна оюн койдук. Салт боюнча кечинде алты канат ак боз үйдө конок болуп, уй мүйүз тарта малдаш урунуп, кымыз ичип олтурдук. Аңгыча бир сакалдуу киши боз үйдүн босогосун аттады. Калык ордунан атып турду, биз да дүрбөп калдык. Көрсө, ал Куйручук экен, көзүнөн оту жанып, карс-карс күлдү: -Ордуңарга олтура бергиле, азаматтар! Бул үй өзүбүздүкү...

Калык ар бирибизди тааныштыра баштады. Кукем ар бирибизди ошол замат таасын баалап таштады:
- Карамолдо Орозов...
- Кош ооз мылтык мурунданып, бул кыл тырмаган жагынан биринчи адам, астына башка комузчу чыгарбайт...
- Чалагыз Иманкулов...
- Муну да билем, Кара Молдо экөө жердеш. Дандырга бышкан шырмак токоч беттенип, комузду жакшы чертет. Экөө тең комузчулар, бири-бирине шакирт кишилер...
- Алымкул Үсөнбаев...
- Бу киши 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында ырчылардын башында болгон. Ошондо "Падышам" деген ырын угуп бөксөсү жок, төкмөсү көп акын болот дегем. Алымкул жерден оюп алгандай, калмактын чөйчөк жылкысы кейиптенип, текирең-таскагын жазбаган акын...
- Шаршен...
- Муну мен күчүк кезинен багып чоңойткомун, кийин дөбөт болгондо мени тааныбай, борсулдап коюп жатпайбы. Баламдай көрүп, ак батамды бергем, топоздун музоосу тумшуктанып, азыр куудулдуктун кыйыны. Шаршенден кийин кыргызда куудул чыкпайт...
- Молдобасан...
- Мунун атасы Мусулманкул Ак-Талаада эң кыйын кишилердин бири эле. Молдобасан "Манас", "Семетейди" айтып, секетбайды ырдаганын угуп жүрөм. Анык Манасчынын обону мына ушул кишиде. Акындыгы да, комузчулугу да, обончулугу да бар. Төрт аягы тең жорго, Кудай даарыган адам...
Анан Кукем Мусаны карап калды:
- Жаңыдан тууп, музоосун жалап турган ак уй көздөнгөн бу иним кайсы?
- Куке, бул Баеттин уулу Муса деген обончу, кыякчыбыз ушу, өзүбүздүн Ак-Талаадан...
- Кана жигит, ырдап көрчү,- деди Кукем анда. Муса "Арпанын Ала-Тоосунанды" созолонтту.
- Айланайын, үнүң тунук турбайбы, сен тоо булбулу экенсиң, -деди Кукем ыраазы болуп, анан Абдылданы көрсөттү:
- Бу тээтиги Аксы, Турпандагы куурулган кытай кейиптенген иним кайсы элден?
- Бул түштүк Кыргызстандан Байышов Абдылда деген кыякчыбыз.
Эмнегедир Кукем эч нерсе айтпады, тек Жумамүдүнгө өтүп кетти:
- Мобуреки эки көзүн жыртып тешкенсиген, сойгон түлкү ооздонгон балам кайсы?
- Жумамүдүн Шералиев, баарыбыздын инибиз, өзү бу Ат-Башыдан...
- О айланайын, сен да кыдыр даарыган жан экенсиң, бирок сенден акын же ырчы чыкпайт, мыкты обончу болосуң. Обонуңду созо бер балам...
Боз үйдө олтурган артисттерге өз баамын айтып кезек мага да жетти:
- Мынабу кырчаңгы чабдар кер бышты сыяктанган ким, кайсы элден?
Бул жолу Алымкул жооп берди:
- Куке, бул жигит Таластан, Саруу деген уруудан, Шекербек Шеркулов деген комузчубуз, ырчыбыз...
Ушундай тамаша сөздөр уланып, касиеттүү Кукем Калыкты да четте калтырган жок:
- Бул арабанын четки атындай жулкунган, кайкы бел карагердей болгон инимди жакшы билем, өзүбүздүн Жумгалдан эмеспи. Силер дагы кийинчерээк баамдарсыңар, акындыгы боюнча күдүк ой калтырбайт, акын аттууга жемин алдырбайт, атактуу акындарга тең болсо тең, асты кем эмес...
Курсак жаш сорполуу эт менен, көңүл жакшы айтылган кеп менен тойду. Акырында Кукем баарыбызга ак батасын берди.
Шекербек Шеркуловдон жазып алган Кубат Осмонбетов