, 05.06.09 - 14-бет:
  Жарнама бөлүмүнүн телефону 62-20-29

Апакем,
Элүүнүн кырын ашпадың,
ээрчишип бирге баспадың!..
1978-жыл биздин үй-бүлөгө күтүлбөгөн кайгы алып келген. Анткени менин алтын апам Дарханбүбү ошол жылы, 47 жашында узакка созулган оорудан кийин келбес сапарына аттанган болчу!
Ападан кийинки күн курусун. Анда мен мектептин 7-классында окучумун. Апамсыз ар бир жарык күн мага караңгы түндөй сезилип жүрдү.
Албетте, эне аттуунун баарында мээримдүүлүк бар. Бирок, мен үчүн апамдын мээрими эч кимден, эч кайдан табылгыс эле. Анын үстүнө ал өзү да өзгөчө боорукер жан эмес беле.
Эсимде, ар күн сайын мен окуудан келгенимде, ыраматылык апам мени үйдөгү Күнүм болуп тосуп алып: "Чаалыгып, чарчадың бекен, балам?" - деп үстүмө үйрүлүп түшөр эле. Майрамдарда, өзгөчө айттарда апам кыздарына жаңы көйнөктөрдү тигип кийгизчү. Эми да, өзүм эне болгон кезде апамдын ошол сүйүүсүн сагынам. Мен да апамдай болуп, кыздарымды кубанткым келет. Өзүм өксүп калган мээримди аларга бергим келет. "Таянеңер ушундай адам эле, ал мага мына бул көйнөктү тигип берди эле", - дейм.
Күйүнүч, сүйүнүчүмдө: "Аттиң, ай! Апам азыр жанымда болгондо не?!" - деп өксүйм.
Бала кезде бир катуу ыйлаганым эсимде. Анда биз мектептин 10-классында окуп жатып, Лейлекке пахта тергени кеткенбиз. Үч ай иштеп кайра келатканда кыздардын кубанычы тоодой десеңиз. Алардын ар бирин апалары тосуп алып, ушундай бир бактылуу болушкан. А мен... мен апамды ошондо бир сагынып, ошондо бир өксүп ыйлагам.
Өкүнүчтүүсү, ошол 30 жыл мурдагы жүрөгүмө түшкөн жара алигиче айыкпай келет. Алты баланын ичинен бир кызды турмушка берип, бир уулду үйлөнтүп, калганыбыздын жакшылыгыбызды көрбөй кетти.
Убакыттын учкулдугуна таң калам. Апамдан төрт жашында калган иним азыр төрт баланын атасы. Дагы бир арманым, 85 жашка келип, былтыр атабыз Сатыбалды да арабыздан кете берди.
Жүзгө чыкса да, ата-эне деген табылгыс экен...
Менин алтын апам, асыл атам, жаткан жериңиздер жайлуу болуп, жаныңыздар жаннатта болсун!
Рахат АБДРАХМАНОВА





КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК - ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
2009- 2010 - окуу жылына
9 - 11 - класстардын базасында кабыл алууну жарыялайт
9-класстардын базасында 3 жыл 10 ай.
11-класстардын базасында 2 жыл 10 ай.

"Музыкалык билим берүү"
бөлүмү
Атайы музыкалык билим талап кылынбайт
Окутуу формасы күндүзгү, бюджеттик (акысыз) негизинде.
Адистиги: Жалпы билим берүүчү мектептеги музыка мугалими,балдар бакчадагы музыка жетекчиси(окутуу кыргыз жана орус тилдеринде)
Кирүү сыноолору: музыкалык жөндөмдү текшерүү (угуусу,ритми,эске тутуусу),кыргыз (орус) тили жана адабияты боюнча тестирлөө.
Кошумча адистик : Сабактан сырткары тарбиялык иштердин уюштуруучусу.
"Хор дирижёрлук" бөлүмү
Адистиги: Хордун дирижёру.
Кирүү сыноолору: музыкалык жөндөмдү текшерүү (угуусу,ритми,эске тутуусу),кыргыз (орус) тили жана адабияты боюнча тестирлөө.
"Башталгыч класстарда окутуу" бөлүмү
Адистиги: "Мектептеги башталгыч класстардын мугалими" (окутуу кыргыз жана орус тилдеринде).
Күндүзгү окутуу формасы бюджеттик (акысыз) жана контракттын негизинде
Сырттан окутуу формасы контракттын негизинде- окуу мөөнөтү 3 жыл 6 ай.
Кирүү сыноолору: математика, кыргыз (орус) тили жана адабияты боюнча тестирлөө.
Кошумча адистик:
1) Кыргыз мектептерде орус тилин окутуу.
2) Башталгыч класстарда чет тилин окутуу.
3) Педагог - психолог.
"Дене-тарбия" бөлүмү
Адистиги: Дене-тарбия мугалими
Кирүү сыноолору: күндүзгү окутуу формасы кыргыз (орус) тили жана адабияты боюнча, математика тест формасында жүргүзүлөт, дене тарбия жана дене кыймыл аракети боюнча сынак
"Социалдык педагогика" бөлүмү
Адистиги: "Социалдык педагогика" (окутуу кыргыз жана орус тилинде)
Кирүү сыноолору: күндүзгү окутуу формасы, математика, кыргыз (орус) тили жана адабияты боюнча, тест формасында жүргүзүлөт.
"Мектепке чейинки тарбия" бөлүмү
Адистиги: "Мектепке чейинки тарбия" - мектепке чейинки балдардын тарбиячысы (окутуу кыргыз, орус тилдеринде).
Кирүү сыноолору: күндүзгү окутуу формасы, математика кыргыз (орус) тили жана адабияты боюнча, тест формасында жүргүзүлөт.
Жатаканага муктаж болгондор
камсыздандырылат
Окутуу процессинде стипендия берилет
Кабыл алуу комиссиясы 2009- ж .20 - июнунан баштап, саат 9дан 17ге чейин иштейт (жекшембиден башка күндөрү).
Кирүү сыноолору 2009- ж.
6- августта башталат.
Контракттын негизинде окууга кирүү сыноолору тест түрүндө өткөрүлөт.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү орто билимге ээ болуп, II курска кирүү сынаксыз кабыл алынат
Кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтер тапшырылат:
1. Билим жөнүндө күбөлүк же аттестат (нускасы);
2. №086-У формасындагы медициналык справка;
3. 8 сүрөт (3х4);
4. Аскер белети же күбөлүгү;
5. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн ксерокөчүрмөсү (нускалары көрсөтүлөт);
6. Документтерди кабыл алууга төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
Адрес: Бишкек ш., Ахунбаева к.,121, тел: 56-36-11, 56-52-15, 56-52-06.





Подразделение службы судебных исполнителей по экономическим и административным делам Ысык-Кульской области
объявляет торги на заложенное имущество Сагынова К.С.
Кошара с чабанским домом расположенный на земельном участке мерою - 1000.0 кв.м., находяшийся в с.Боконбаево уч.Таш-Добо Тонского района стартовой стоимостью в сумме 90 000 сомов.
Торги состоятся 03.07. 2009 года в 14.00 часов по адресу: с.Боконбаево, уч.Таш-Добо Тонского района.
Желающим принять участие в торгах необходимо внести сумму в размере
10% от стартовой стоимости заложенного имущества в депозитный счёт ПССИ Тонского района.
Организатор торгов судебный исполнитель Илипаев Р.Д., за справками обращаться по адресу: г.Каракол, ул.Жамансариева №136 ПССИ по экономическим и административным делам Ысык-Кульской области. Т. - (0777) 61-31-61.

Биринчи Май районунун Ак-Босого айылынан Койчуманов Бегалы Акатовичке берилген Чүй 16/4 үйүнүн 059415 номурундагы мамакты жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Ысык-Ата районунун Красная речка айылынан Дусмахматов Шерали Махаматовичке берилген ЧН 705 номурундагы жер үлүшүнө тиешелүү күбөлүктүн жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.