, 05.06.09 - 11-бет:
  Казак окумуштуусу кыргыз тарыхы жөнүндө

Чыныгы тарых улутту чыйралтат
Койгелдиев Мамбет Кулжыбаевич 1946-жылы Жамбыл облусунун Чүй районунун Мазаак айылында туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетине келип тапшырып, аны аяктаган соң өзүнүн айылында мугалим, Казак мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент, профессору, анан Казакстандын илимдер академиясынын тарых институтунун директору болуп иштеген.
Мамбет Кулжыбаевич Казакстандын, Борбордук Азия элдеринин тарыхы боюнча аймактагы ири адистерден. Бул темаларда ал онго жакын ири эмгектерди, жүзгө жакын илимий макалаларды жарыялаган. Акыркы бир жарым жылдын ичинде эле анын "Движение Алаш" (2008), "Жетысу-Иссыккульская трагедия" (2008), "Байзак Мамбетулы и его современники" (2009), "Сталинизм и репрессии в Казахстане. 1920-1940-е гг." (2009) деген көлөмдүү эмгектери жарык көрдү.
Мамбет Койгелдиев тарых илимдеринин доктору, Эл аралык Сократ сыйлыгынын ээси, Венадагы эл аралык университеттин ардактуу профессору. Ал жакында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Жетысу-Иссыккульская трагедия", "Байзак Мамбет улы и его современники" деген китептеринин бетачарын өткөрдү. Биз ага бетачардан кийин жолугуп, анын илимий ишмердүүлүгү, боордош эки элдин тарыхтарынын изилденүүсүндөгү түйүндүү маселелер, актай барактар жөнүндө ой бөлүшүүсүн өтүндүк.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
- Мамбет Кулжыбаевич, сиз Кыргызстанга келип билим алып калууңузга эмне түрткү болгон?
- Мага ошол кездеги Фрунзе мурдатан эле жакчу. Ал убакта Фрунзе мурдагы союздагы эң кооз, эң таза, жашыл шаар деп аталчу эмес беле. Ошондуктан орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзедеги университеттин тарых факультетине тапшырууну чечтим. Ал факультеттин сынагынан өтүү үчүн кыргыз тили жана адабиятынан жазуу түрүндө экзамен тапшыруу керек экен. Мен кыргызчаны түшүнгөн менен адабий тилин кайдан билем. Казакча мектепти бүтсөм. Деканга келип абалымды түшүндүрсөм, ал кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына ээрчитип барды эле, ал "мейли, орус тили жана адабияты боюнча экзамен тапшырса деле боло берет" деген жоопту айтты. Анан орус тили жана адабиятынан жазуу экзаменин тапшырып, университетке өттүм.
О, анда университеттеги моралдык, психологиялык климат, студенттердин адабиятка, музыкага, илим-билимге умтулуулары өзгөчө эле. Бардыгыбыз Рыспай Абдыкадыровдун ырларын ырдачубуз. "Он сегиз жаш" деген ыр жатаканаларда жаңырып турчу. Катышуу менен жетишүү аябай катуу көзөмөлдөнчү, азыр да ошондой болсо кана. Сапаттуу билим берүүнүн негизги шарттарынын бири ушуларда экен. Бизге ошол убактагы Жамгырчинов, Аттокуров, Мусин сыяктуу атактуу тарыхчы илимпоздор лекция окушчу. Алардын талаптары да абдан катуу эле.
Университеттин адабий ийрими аябагандай популярдуу, күчтүү да болчу. Студенттердин адабиятка кызыгуулары чоң эле. Өзүмдүн да анча-мынча чымыным бардыгынанбы, мен да ийримге катышып жүрдүм. Аман Токтогулов, Тургунбай Эргешов, Беганас Сартов жана башкалар менин жакын досторум эле.
- Мына азыр эле университеттин чоң залында сиздин Кыргызстандын тарыхына арналган эки китебиңиздин бетачары болду. Бул китептердин мазмундары жөнүндө кыскача маалымат берип кетсеңиз.
- "Жети-Суу - Ысык-Көл трагедиясы" деген биринчи китебимде Көлдөгү 1916-1920-жылдардагы каргашалуу окуялар иликтенген. Китепте мурдатан илимий чөйрөдөгүлөргө, окурмандарга белгилүү болгон фактылар менен кошо таптакыр жарыяланбаган, белгисиз көптөгөн архивдик материалдар, документтер да келтирилген. Ысык-Көлдүк боордошторубуз "Үркүн" деп аталган козголоңдон улам оор сыноолорго тушугуп, трагедияга учурап жатканда казактын ошол мезгилдеги чыгаандары, чыгармачыл инсандары атайын фондуларды түзүшүп, каражат чогултушуп, көлдүктөргө колдорунан келген моралдык, материалдык жардамдарды көрсөтүшкөн. Китепте мына ошондой боордоштук жардамдарды ырастаган документалдуу материалдар да келтирилген.
Экинчи китеп, азыркы Түп районуна караштуу аймактан чыккан, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Байзак Мамбет уулуна арналган. Ал өз убагында Көл кылаасында аябагандай кадыр-барктуу, таасирдүү, он эки жыл бий, алты жыл болуш болуп иштеген, кудай жолуна түшүп, 1911-жылы Мекеге ажылыкка барып келген адам болгон. Ал жөнүндө архивдик материалдар көп. Ал 1916-жылы айылдаштарын баштап, аларды коогалаңдан сактоо үчүн Кытайга качат, бирок совет бийлиги орногондон кийин 1921-жылы аларды баштап кайра Ысык-Көлгө алып келет. Болжол менен Байзак Мамбет уулуна кошулуп кайра келгендер 1 миңден ашык адам болгон. Кийинчерээк совет бийлигинин жергиликтүү өкүлдөрү Байзак Мамбет уулун "калган кыргыздарды чогултуп кел" деп Кытайга кайра жөнөтүшкөн. Байзак бабабыз ал тапшырманы да ийгиликтүү аткарган.
- 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жөнүндө көптөгөн илимий эмгектер бар. Сиздин эмгегиңиз буга чейин биз билгендерден эмнелери менен айырмаланат?
- Менин эмгегим Москванын, Алматынын, Коженттин, Бишкектин архивдеринен алынган мате-риалдарга негизделген. Алардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү мурда эч жерде жарыяланган эмес. Ошол жылдары Орунбургда казак тилинде "Казак" деген аталыштагы гезит чыгып турган. Ошол гезитке 1916-жылдагы Казак-Кыргыз улуттук боштондук көтөрүлүшү, Ысык-Көлдөгү окуялар жөнүндө мате-
риалдар жарыяланган экен. Мен архивдик булактардан сырткары мына ошол материалдарды да пайдаландым.
(Уландысы бар)





Сталин жана Хрущев
Ошентип отуруп Хрущев жалпы элдин каргышына, Теңирдин каарына калып, Сталиндин арбагы уруп кызматынан кулап түшүп, акыры кайгыдан кайтыш болуп, сыйсыз көмүлгөн...
Сталин согуштун узакка созулгандыгына карабастан, мүмкүнчүлүк таап, согуш бүтөрү менен үч жылдын ичинде талкаланган шаарларды калыбына келтирип, жыл
сайын товарлардын бааларын төмөндөтүп, тез арада азык-түлүк товарларын мол кылып койгон. Ошентип, элибизде келечекке чоң үмүт пайда болгон. Мен өзүм ошол кездерде Кара-Кол шаарындагы гастроном дүкөнүндө иштечүмүн: эттин үч сортун - 70 тыйындан, колбасанын 4 сортун - 90 тыйындан жайнатып коюп сатчумун. Хрущев келгенден кийин эттин баасы - 1,40 тыйынга барып калган, элдин турмушу начарлап, келечекке ишеничтери үзүлө баштап, аргасы кеткенде анекдоттор аркылуу "ойлорун" билгизчү. Мисалы, " Хрущев не сеет, не пашет, только шляпами машет " ж.б.
Хрущев алгачкы бир жылдарда Дың жерден бир жылы түшүм боло калса дүйнөгө мактанып "СССРде нан маселеси түбөлүккө чечилди" деп даңазалангандан бир жыл өткөндөн кийин Дың жерден кургакчылык болуп, эгинсиз калып айласы кетип, Канададан эки эсе кымбат баага сатып алып, ал да жетпей унга таарынды кошуп нан жасап, "забайкальский" деген нанды сатып калган элек. Ошентип Дың жер
кийинки жылдарда да түшүм бербей калып, жеке эле нан эмес, эт маселеси да артка чегинген. Анткени, Целина айдалып, бузулуп, чөп чыкпай калып малдар ачкадан кырыла баштаган. Хрущев ошентип "Целина" деп кыйкырып жатып, пайдасынан зыяны көп болгон...
Дегеле Хрущевдун дардакелик кылык-жоругунун кесепетинен совет эли үч жолу согуштук кырдаалда калган эле. Ошол кездеги согуштун болбой калганы чет элдик жетекчилердин акылдуу, токтоолуктарынан гана болгон (Суец, Берлин, Кариб кризистери). Мына ушундай акыбалдарга карабастан Хрущев - "80-жылдын башталышында СССРде коммунизм курула баштайт" деп элди алдап, бүткүл дүйнөгө жарыялап, ал тургай съездде чечим кабыл алдырган. Сталиндей даражага жетемин деп, өзүн-өзү жалган жерден даңазалап, анысы аз болгонсуп согушсуз мезгилдерде баатырлык алтын жылдыздарды каалашынча тагына баштаган. Ага салыштырмалуу Сталинде бир гана баатырлык алтын жылдызы болгон. Кошоматчылар нечен жолу азгырып "дагы алыңыз" дегендерине макул болгон эмес.
Никита Хрущев Америкага барып сүйлөп атып ачуусу менен батинкесин чече коюп трибунаны койгулап, "мен тирүү турсам силерге Кускинанын энесин көрсөтөмүн, анткени Америка менен СССРдин ортосунда бир гана жер маселеси бар, ошол жерге биз силерди көмүшүбүз керек же алыңар келсе, силер бизди көмүшүңөр керек" деп коркута сүйлөймүн деп дүйнө жүзүндөгү элдерге кечиримсиз сөз болуп уятка калып, совет элинин аброюн кескин төмөндөткөн...
Ал эми тескерисинче, Сталинди эч ким көтөрмөлөгөн эмес, ал өзү келечекти жаштайынан көрө билгендиктен дасыккан революционер болуп чыга келген. Падышалык бийликти кулатышка активдүү катышкан. Граждандык согушта жана интервенцияны талкалоодо акылдуу жол башчы, татыктуу кол башчы катарында таанылган. Өтө кыйын кырдаалда ички душмандардын аягына чыгып, андан кийин дүйнө боюнча эбегейсиз күчтүү фашисттик Германияны талкалап, СССРди дүйнө боюнча бирден-бир күчтүү мамлекет кылып койгон. Сталин тирүү кезинде жеңиштер Сталиндин аркасы менен болгон деп келишип, кайтыш болгондон кийин жеңиштерди партияга оодарган, партия жоюлгандан кийин, орус эли болбосо жеңиштер болбойт эле дешип калышкан.
1937-жылы репрессия боюнча Сталинде бир да күнөө болгон эмес, анткени анын "эл душманына аёо жок" деген сөзүнөн чыккынчы Ежов пайдаланып, элге өтө берилген интеллигенттерди камакка алганда ага чыдабай көтөрүлүш чыгып, Сталин кулатылат деп ойлошкон. Бирок, андай болгон жок, анткени эл 1934-35-жылга чейин дүркүрөп жыргап калышкан, аны капиталисттер байкай калып шпиондорду-диверсанттарды шашылыш түрдө жөнөтүшкөн. Ежовдун чыккынчы экенин Сталин жарым жылдан кийин Шолохов аркылуу билип калып, Политбюродо карап Ежовдон баштап, анын союз боюнча койгон "шайкелери" менен жүздөн ашык чыккынчыларды аттырып ийген.
Биздин айылдан эле 23 адамды камашкан, алардын 22си чыгып келишип, бирөө күнөөлүү болгондуктан, атылып кеткен, ошолордун ичинде менин атам да болгон. "Сталин болбогондо мени да аттырып иймек эле" деп айтып калчу. Акылдуулар мына ушундан эле Сталиндин күнөөсү жок экендигин билүүгө тийиш же аттырып ийгенден артык кандай чара болмок эле? Кийин Хрущев келип күнөөлүү камакка алынгандардын баарын ылгабай чыгарып, өлгөндөрүн реабилитациялап, элден жеңил атак алып мактанмак... Мына ушундан пайдаланып кай бир жазуучулар Хрущев бир аз жылуулук алып келди дешип макташкан, ал эмес "Биздин Никита Сергеевич" деген кино да чыгара коюшкан.
Сталин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эч нерсеге кылчайбастан барчу экен. Далилденген фактыларга кайрылайын. Мисалы, мыйзам чегинен чыкса өзүнүн туугандарын да каматып, керек болсо аттырып да ийчү экен. Аскердик тартипти бузгандыгы үчүн баласы Василийди кызматынан алдырып, генералдык чинин өзү жулуп таштаган. Ал эми улуу баласы Яков туткунга түшүп калганда, аны федмаршал Паулюска алмашууга макулдугун берген эмес. Дегеле Сталин үй-бүлөсүнө, балдарына кошоматчылык кылган жетекчилерди катуу жазалоочу экен.
Мухамед БАРЫКТАБАСОВ,
согуштун ардагери,
Бишкек шаары