, 02.06.09 - 16-бет:
  Чыгармачылыкка чын пикир

Кылымдарды кучагына батырган кыл калем ээси
"Кирпигимден кисти жасап берейин" деп кыргыздын бир акыны жазып өткөн. Биз жашап жаткан доордун чебер сүрөтчүсү Асан Турсункулов да кирпиги эмес, жанын кошо сүрөткө арнап койгон. Асандын сүрөт ааламына саякаттап, окурмандар менен тааныштырууну туура көрдүк.
Сүрөтчү-портретчи Асан Турсункулов Аксынын кулуну, жалпы элдин сыймыктуу, чыгармачыл уулдарынын бири. Сүрөтчүнүн көптөгөн эмгектери аалам кезип, бүгүнкү күндө Кытай, Германия, Япония, Польша, АКШ, Канада ж. б. өлкөлөрдөгү сүрөт музейлеринде сакталууда.

Асандын асыл эмгектери
Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лау-реаты, Алтын дипломдун ээси, Эл агартуунун отличниги, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Ардак жана көптөгөн мактоо грамоталардын, баалуу сыйлыктардын ээси Асан Турсункуловдун колунан көп эмгектер жаралган. 1880-1980-жылдары жашап өткөн кыргыз элинин 100 залкарынын портретин тартып "Алтын кылымдын асыл адамдары" деген аталышта жарыкка чыгарган. Андан сырткары "Буюккан кайран жылдыздарым" аттуу 49 портреттүү көргөзмөсүн, "Курманбек - 500" мааракесине карата, ошондой эле бул дүйнөдөн эрте кош айтышкан кыргыздын улуу инсандарынын бейнелерин чагылдырган көргөзмөлөрүн ачкан.
Чебер калем ээсинин эмгегин ЖКнын депутаты Аскар Салымбеков колдоп, Нарын галереясында "Улуулукка таазим" аттуу көргөзмөсү ачылып, бүгүнкү күндө Нарын шаарында Асан Турсункуловдун атайын сүрөт залы бар. "Ат-Башы районунун ардактуу атуулу" Асан мырзанын эмгектеринин аркасында мектеп окуучулары арасында таланттуу балдарга атайын кароо-сынактар уюштурулуп келет.

"Буюккан кайран жылдыздар"
Аталган эмгекте канын-жанын кыргыз элине арнап, учурунда сыйга, кадыр-баркка бөлөнө албай жашап өткөн чыгаан адамдардын элестери образдуу берилген. Чынында тарыхын сыйлабаган эл болбойт. Тарыхтагы татыктууларды сүрөткер жандуу түрдө кагазга түшүрүп, тарых сандыгына өз салымын кошту десек ашыкча болбос.

"XX кылымдын алптары"
Өткөн кылымда жашап өткөн нарктуу-барктуу кыргыз уулдарынын бейнелерин карап олтурган киши чынында тарыхка бир ирет кайрылууга аргасыз болот. Коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун портретинде ажайып боорукер, акылман, терең сабаттуу адамдын образы көрүнөт. Ал эми алп акын Алыкул жан дүйнөсү жазылып бүтпөгөн поэзия, ичи толо ыр саптары, эл-жерге болгон ысык сүйүүсү менен чебер тартылган.
Сүйүүсүн көп сулууга арнаган, нукура талант, комузчу, обончу Атай Огонбаев шыр эле комузун колго алып ырдап жиберчүдөй элесте турса, Рыспайдын "Алмашым" деп боздогону угулгансыйт. Албетте, бул картинанын арасында "Кайдасың Мунар?" деген Асанкалый да бар.
Мунун баарын көрүп турган кишинин жан дүйнөсү козголуп, кыргыздан ушундай инсандар чыкканына бир чети сыймыктанып да, мактана да алат.
Сүрөткердин сүрөт барагынан кыргыздын улуу, сулуу айымдары Бүбүсара Бейшеналиева, Соң-Көлдүн Акмөөрүндөй болгон Таттыбүбү Турсунбаева, кыргыз киносунун жүзү Динара Асанова эжекелердин жаркын элестери орун алган.
Асан бул сүрөттөрдү жөн гана тарткан эмес, ал ошол адамдын жан дүйнөсүндө жашай алган. Алптардын артында калтырган эмгектерин өзүнө терең сиңире алганы сезилип турат. Бүгүн бул инсандарды автордун көзүндө "буюккан жылдыздар" деп көрө алабыз.
Колдо бар алтын бааланса...
Чыгармачылыкка шарт, анан шык керек дегендей, Асан Турсункуловго туулган жери Аксыдан азы-раак колдоо болуп жатканы өкүндүрөт. "Колдо бар алтындын баркы жок" болуп сүрөткердин эмгектери жердештери тарабынан көз жаздымда калууда. Мүмкүнчүлүк болуп, Асанга бардык шарттар түзүлүп берилсе, мындан да кооз, кереметтүү картиналар жаралмак. Анткени, көөдөндөгү талант багууга, аздектөөгө муктаж эмеспи.

"...Ырыма бир мертебе калп айта албайм"
- деп Алыкул акын айткандай, Асан Турсункулов чыгармаларына калп айта албаган, байлыкты эңсеп артынан сая түшпөгөн, ар дайым улуу ойлордун кучагында жүргөн, боорукер, ачык сүйлөгөн сапаттары тарткан сүрөттөрүнөн даана көрүнүп турат.
Тарыхты таасын чагылдырган талант
Асан Турсункулов соңку жылдарда кыргыз элинин тарыхына кайрылып, байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки басып өткөн жолун бир композицияга батырып, адамды ары суктандырган, ары сезимине бүлүк салган көлөмдүү эмгектерди жаратып келет. Коргоо министрлигинин залын кооздоп турган зор эмгек, Адилет министрлигинде жаңыдан эле аяктаган "Улуу эл" аттуу эмгеги дал ошондой чыгармалардан. Аны жакындан көрүп, таанышкан соң Асандын талантына тамшанбай коё албайсың.

Маанилүү сунуш
Алгач көргөн кишиге анча маани бурдура бербеген сүрөткердин чебер калеминен жаралган картиналар адамды акырындык менен өзүнө тартат. "Буюккан кайран жылдыздарым" - шедевр чыгармалардын бири. Аны көрүп түшүнүү үчүн сабаттуулук, билим жетиштүү болушу керек. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги сүрөтчүлөрдүн эмгектерин басып чыгарып, ЖОЖдорго, мектептерге таратышы зарыл. Ошондо гана кыл калемден жаралган картиналар ар бир адамдын жүрөгүндө жашап кете алат. Өкүнүчтүүсү - мектеп окуучулары бул улуу инсандарыбызды тааныбайт, ким экендигин да билишпейт.
Ар бир кыргыздын үйүндө Асандай сүрөтчүлөрдүн эмгектери илинип турса.

Абдымомун КАЛБАЕВ,
Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү