№40, 02.06.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...


email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү

Балдардын күлкүсү - бактылуулуктун үлгүсү
1-июнда баш калаабыздын чок ортосунда жайгашкан Эмен багында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган "Чыгармачыл балдар - Кыргызстандын жаркын келечеги" аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын биринчи ледиси Татьяна Бакиева, Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев, ж.б. катышып, меймандар парктын бир учунан экинчи учуна жеткичекти балдардын жерге тартылган сүрөттөрү жана көргөзмөгө коюлган кол өнөрчүлүгү менен таанышып жүрүп отурушту.
Улам бири көз жоосун алып, жандүйнөгө балдардын так өзүндөй керемет сезим жаратып, сезимдерди секин кытыгылаган ошол "дүйнө" меймандарды "ээрчитип" жүрүп отуруп, аларды дагы бир ажайып "дүйнөгө" - балдар сахнасына алып келди.
Кызыл-тазыл шарлар, гүлдөр менен жасалгаланган сахна КРнын Маданият жана маалымат министрлигинин кире беришинде жайгашканы да символикалуу көрүнүш. Бул иш-чарага, тактап айтканда майрамдык кароо-сынакка борбордон эле эмес, алыскы аймактардан (бардык облус, райондордон) таланттуу балдар чогулушкан.
Келечек ээлеринин майрамдык концертинин алдында Т.Бакиева сахнага чыгып, майрам ээлерине куттуктоо сөзүн айтып, бардыгына балалыктын ачык асманын, окуудагы жетишкендиктерди жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады:
- Мени биздин Кыргызстанда өнөрлүү балдардын арбын экендиги кубантат, - деди биринчи леди. - Мына бүгүн да алардын колунан жаралган узчулук иштерди - улуттук искусствону, сүрөттөрдү көрүп, балдардын аткаруучулук өнөрлөрүнө күбө болуп жатабыз. Чыгармачыл балдар - булар Кыргызстандын эртеңки жаркын келечеги. Ошондуктан биз, улуулар, ата-энелер аларга ар дайым кам көрүшүбүз керек. Айрыкча алыскы аймактарда жашап, окуган чыгармачыл балдар көңүл сыртында калбоого тийиш. Ал эми силер, балдар, өз өлкөңөрдү сүйгөн, өз тарыхыңарды билген азаматтардан болуп өскүлө!
Ошондой эле ал балдар арасында манасчылык өнөрдүн керемети тууралуу да айтып өттү. Биринчи леди өз сөзүндө элдик чыгармачылыкка өзгөчө көңүл бурду.
Мына ушундай маанайдагы куттуктоодон соң Т.Бакиева кичинекей таланттарга өзүнүн атынан, ал эми республикалык, эл аралык сынактарда жеңүүчү болуп келишкен балдарга КРнын Президенти К.Бакиевдин атынан белектерди тапшырды.
(Уландысы 9-бетте)