, 29.05.09 - 3-бет:
  расмий маалыматтар

Кыргызстан - Түркия:
Эстен чыккыс эки күн
(Башталышы 1-бетте)
Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын Ардак кароолунун рота командиринин рапортун кабыл алган соң Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев менен Туркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл Ардак кароолдун ротасын кыдыра басып өтүштү.
Андан кийин Президент Курманбек Бакиев менен Президент Абдуллах Гүл тар чөйрөдөгү жолугушуу өткөрүү үчүн Өкмөт үйүнө бет алышты.
Тар чөйрөдөгү пикир алмашуу
Өкмөт үйүндөгү Курманбек Бакиев кыргыз-түрк мамилелери, өзгөчө соода-экономика, билим берүү, маданият жаатында туруктуу мүнөздө өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул иш сапар өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары да арттырууга жаңы дем болуп берээрине ишеним артаарын билдирди.
Өз кезегинде Президент Абдуллах Гүл кыргыз меймандостугуна ыраазычылык билдирди. "Бул - Кыргызстанга мамлекет башчысы катары алгачкы иш сапарым болуп калды. Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри болуп турган мезгилимде келип кеттим эле. Андан тышкары, эл аралык деңгээлдеги айрым иш-чаралар учурунда да Сиз менен жолугушкан элем. Бул иш сапарым өлкөлөр ортосундагы боордоштук мамилелердин деңгээлин азыркыдан да жогорулатууга багытталган", - деди А.Гүл.
Жолугушуу учурунда өлкө башчылары кыргыз-түрк мамилелеринин келечеги туурасында сөз кылып, ошондой эле эл аралык саясаттын айрым маселелери боюнча пикир алмашышты.
Ортодогу соода жүгүртүү үч эсе көбөйтүлөт
Тар чөйрөдө жолугушуудан кийин Президент Курманбек Бакиевдин Түркия Президенти Абдуллах Гүл менен кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү болду.
Курманбек Бакиев тар чөйрөдөгу жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкуулангандыгын айтты. "Кыргызстан ар дайым Түркиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген. Биз мындан ары да ар тараптуу кызматташтыгыбызды тереңдете бермекчибиз. Биз бүгүнкү жолугушуу буга чейинки мезгилдеги чогуу аткарган иштерибиздин белгилүү бир жыйынтыгын чыгарып, келечекке карай кадамдарыбызды такташып алганга мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз", - деди К.Бакиев.
Президент өлкөлөрдүн ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2008-жылы дээрлик 136 миллион АКШ долларын түзгөндүгүн жана бул 2007-жылга салыштырганда 45 пайызга көп экендигин айтты. Түркия менен соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калмакчы. Республиканын экономикалык өнөктөштөрүнүн арасында түз инвестицияларды тартуу жаатында Түркия экинчи орунду ээлейт.
Мамлекет башчысы Кыргызстан түркиялык инвесторлор энергетика чөйрөсүндөгү, атап айтканда, өзгөчө мааниге ээ ири, орто жана чакан ГЭСтерди куруудагы, транспорттук, коммуникациялар чөйрөлөрүндөгү, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, энергетикадагы жана туризм жаатындагы экономикалык долбоорлорго жигердүү катышат деген үмүттө экендигин билдирди.
Президент республика Афганистандагы кырдаалды турукташтырууга өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгилеп, Кыргызстандын Борбордук Азия регионундагы коопсуздук жана стабилдүүлүк маселелери боюнча Бишкекте туруктуу иштеген эл аралык конференцияны уюштуруу жөнүндө демилгесине түрк тараптын көңүлүн бурду.
Түркия Президенти Абдуллах Гүл өз сөзүндө кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. "Түрк-кыргыз мамилелери динамикалуу өнүгүүдө. Мен бул иш сапар соода-экономикалык байланышыбыздын мындан ары да чыңдала беришине жакшы дем болуп берет деп үмүттөнөм", - деди А.Гүл.
А.Гүл Кыргызстанга Түркияны ар дайым эл аралык уюмдардын алкагында колдоп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын уюмунун алкагында жигердүү аракеттенишүүгө чакырды.
Соода-экономикалык жааттагы өз ара мамилелерге кайрылып, А.Гүл Кыргызстандын товарларын Түркия аркылуу Европага чыгарууга мүмкүнчүлүк бар экендигин белгилеп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле гидроэнергетика, транспорт коммуникациясы, өнөр жай, билим берүү жана маданият жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Эки өлкөдө маданият күндөрү өткөрүлөт
Кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Декларацияга, ошондой эле КР Өкмөтү менен ТР Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу туурасындагы макулдашууга кол коюлду.
Биргелешкен документтерге кол коюу аземинен кийин мамлекет башчылары жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашты.
Өз билдирүүсүндө Президент Курманбек Бакиев Түрк Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл мырза менен кыргыз-түрк эки тараптуу жана ар тараптуу кызматташуусунун маанилүү маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өз ара кызыкчылыктарды чагылдырган эл аралык жана региондук маселелер боюнча пикир алышуу болгондугун айтты. "Сүйлөшүүлөр толук түшүнүшүү, ачык-айкын жана ишеним кырдаалында жүргүзүлгөндүгүн баса белгилегим келет. Кыргызстан Түркияны өзүнүн башкы тышкы саясий өнөктөрүнүн бири катары кабыл алат. Буга биздин окшош салттарыбыз, тилибиз жана маданиятыбыз түрткү болууда", - деди К.Бакиев.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына кайрылып, мамлекет башчысы Биргелешкен Декларацияга кол коюлгандыгын, анда бирге аракеттенүү маселелеринин кеңири комплекси чагылдырылгандыгын жана бул өз кезегинде достуктун жана толук ишенимдин негизинде конструктивдүү саясый диалогду улантуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин ырастап тургандыгын белгиледи.
Президент экономикалык кызматташтык менен катар илим, маданият жана билим берүү чөйрөсүндө өз ара алака-катышты андан ары арттыруунун мааниси зор экендигине басым жасады. Бул максатта 2009-жылы Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрүн, ал эми 2010-жылы Кыргызстанда Түркиянын күндөрүн өткөрүү жөнүндө эки өлкөнүн ниети бир экендиги айтылды. "Биз бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн акыбетине жана жетишилген макулдашууларга ыраазы экенибизди баса белгилегим келет. Ал макулдашуулар бардык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки өлкө элдеринин боордоштук мамилелерин ар тараптан чыңдоого карата мамлекеттерибиздин бирдей умтулуусун таасын чагылдырып турат", - деп сөзүн аяктады К.Бакиев.
Өз кезегинде Түркия Президенти Абдуллах Гүл мырза сүйлөшүүлөр учурунда өлкөлөр ортосундагы мамилелерди тереңдетүү үчүн зарыл болгон кадамдар талкууга алынгандыгын айтты.
Жолугушуунун күн тартибин кароо учурунда Кыргызстандын чакан ГЭСтерди куруу жаатында чон мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги белгиленип, түрк ишкерлери бул тармакты инвестициялоого дилгир экендиги айтылды. Андан тышкары, "Манас" кыргыз-түрк университетинин базасында технопарк ачуу маселеси да талкууланды.
А.Гүл бардык түрк тилдүү элдердин сыймыгы болгон улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө барып, куран окутуп, гүл коюуга ниетин билдирди.
Түркиянын Президенти 2009-жылдын 23-июлунда өтө турган президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн жана анын жыйынтыктары Кыргызстандын элинин бакубаттуулугуна арналсын деген тилегин билдирди.
Өз ара экономикалык долбоорлорго - өзгөчө басым
Премьер-министр Игорь Чудинов "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтык боюнча кеңири спектрдеги маселелер талкууланды.
Игорь Чудинов жолугушуунун башталышында Абдуллах Гүлдү анын партиясынын Түркиянын жергиликтүү органдарына шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда Кыргыз өкмөтүнүн ишкердүүлүккө жана инвестицияларды тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аткаргандарын жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Премьер-министр түркиялык ишкерлер жана инвесторлор үчүн энергетика, айыл чарба, тоо кен өнөр жайы, инфратүзүмдөр жана туризм тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи. Кыргызстан тарап чакан ГЭСтерди куруу боюнча 90 долбоорду, бизде өндүрүлгөн электр энергияларын Түштүк Азияга сатуу боюнча CASA-1000 долбоорун сунуш кылууга даяр. Премьер-министр тараптардын бизнестерин коргоо, миграция боюнча макулдашууларга кол коюунун, билим берүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылчылыктарына токтолду.
Абдуллах Гүл өз сөзүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылчылыктарына өзгөчө басым жасап, түркиялык бизнестин Кыргызстандын энергетика, телекоммуникациялар, айыл чарба, финансы тармактарына кызыкчылыктары чоң экендигин белгиледи. Түркия Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европага алып чыгарып сатууга, ГЭСтердин долбоорлорун иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө даяр.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясый мамилелер эң жогорку деңгээлде болгон менен соода-экономикалык мамилелер артта калып жаткандыгы, андыктан бул чөйрөгө өзгөчө көңүл буруунун зарылчылыгы да айтылды. "Биз биргелешкен экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга, өзгөчө басым жасообуз керек, мен ага мүмкүнчүлүктөгү көмөктөрүмдүн бардыгын көрсөтөмүн", - деп сөзүн жыйынтыктады Абдуллах Гүл.
Биргелешкен бизнес форум көңүлдү инвестицияга бурду
"Хаят" мейманканасында Кыргызстандын Премьер-министри Игорь Чудинов, Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл катышкан Кыргыз-Түрк бизнес форуму болуп, эки өлкөнүн экономикалык алакалары талкууланып, келечекте колго алчу иш-чаралар айтылды.