Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_9.htm on line 2


п»ї

 "Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна

Аманбаев айыл аймагы Кара-Буура районундагы 10 айыл аймагынан өзүнүн бөтөнчө өзгөчөлүктөрү менен бир кыйла айырмаланат. Айыл тургундары жаратылыш газын пайдалануу артыкчылыктарына ээ. Мында мал чарбачылыгын, дыйканчылыкты өнүктүрүүгө жер шарты абдан ыңгайлуу. Ал эми жол жүрүүчүлөр алыс жактарга каттоодо убарагерчиликтерди тартпай, каалаган убакта көздөгөн жерлерине жетүү мүмкүнчүлүктөрү кенен экенин кантип айтпай коё алабыз.
Төмөндө жогоруда аталган Аманбаев айыл аймагынын мурда буга чейин жүргүзгөн, эми алдыда аткара турган иш-аракеттери тууралуу кененирээк сөз кылмакчыбыз.


Кара-Буура району,
Аманбаев айыл аймагы
Өсүүдөн тайбаган аймакаймакайм

Илгертен ата-бабаларыбыз негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишип, күнүмдүк оокат-тиричиликтерин өткөрүшкөнү көпчүлүгүбүзгө маалым. Табигаттын катаал шарттарына туруштук берип тоо арасында жашашкан, дыйканчылыкка көп көңүл бурушкан эмес. Анча-мынча, өзүлөрүнө гана жетерлик аштык айдашып, мал үчүн жайыт менен суунун жетиштүү экенине ыраазы болушуп, күнүмдүк оокаты өтүп жатканына тобо кылышкан.
Падышалык Россиянын борбордук бөлүгүнөн орустарды, украиндерди биздин жерлерибизге көчүрүү процесстери ХIX кылымдын ортосунда ырааттуу жүзөгө ашырыла баштаган. 1870-1890-жылдары келгиндер тарабынан Дмитриевка (азыркы Талас шаары), Грозное (биз сөз кыла турган Аман-баев айылы), Ключевка (Боо-Терек), Александровка (Кызыл-Адыр) негизделгенин тарых барактары тастыктайт.


Айыл маалыматтары
Аманбаев айыл аймагына Күркүрөө суусунун жээгинде жайгашкан Аманбаев айылы, андан 8 километр алыстыкта жайланышкан Ак-Жар айылы, бир аз ыраак жайгашкан Суулуу-Маймак, Сатыкей (Куру-Маймак) айылдары кирет.
Калкынын жалпы саны 6272 адам, 1226 түтүн бар. Жалпы ээлеген аянты 88,3 кв. км., анын ичинен: 3988 га сугат, 1858 кайракы, 23353 га жайыттар бар. Буларга кошумча маалыматтарды атай кетсек айыл аймагы боюнча атайын каттоодон өтүп, үлүш, пайы чектелген 1 үрөнчүлүк, 5 асыл тукум, 1680 майда дыйкан чарба бар. Айыл тургундары жалпы пайдаланган 5 тегирмен, 2 устакана, 5 механизациялашкан чеберкана, 1 ветаптека, 3 ветеринардык сервис, 3 кырман бар.
2008-жылдын
жыйынтыктарынан
Дыйканчылык
1990-жылдардагы базар экономикасынын катаал шарттары колхоз-совхоздук коллективдүү түзүлүштү быт-чытын чыгарып, майда чарба жүргүзүүгө ыңгайсыз, көзөмөл жокко эсе дыйкан-фермердик чарбаларга тароого мажбур кылды. Өз күчүнө гана ишенген дыйкандар мүлктүк, жер үлүштөрүнө ээ болушуп, экономикалык тартыштык жагдайларын баштан өткөрүшүп, эми гана жер иштетүүнүн, чарба жүргүзүүнүн жолун табышкан. Айыл аймагы боюнча кийинки үч жылдагы статистикалык маалыматтарды талдасак, дыйканчылыктын бардык тармактарында өсүш даана байкалат. Өткөн жылдагы аба-ырайынын катаал шарттарына карабастан кылкандуу дан эгиндеринен (дүң жыйым 2300 тонна), картошкадан (5567 тонна), төө буурчактан (6057 тонна) жашылчадан (1349 тонна) мол түшүм алынган.
Үстүбүздөгү жылдын 15-майына карата айыл аймагынын тургундары 750 гектар кылкандуу дан эгиндерин, 240 га жүгөрү, 3318 га төө буурчак, 550 гектар картошка, 160 гектар кант кызылчасын айдап, сээп коюшту.
Айыл аймагы боюнча катталган дыйканчылыкка керектүү, муктаж 105 ар түрдүү үлгүдөгү трактор, 12 дан жыйноочу комбайн, 31 жүк ташуучу автомашина, 22 төө буурчак жыйноочу комбайн дыйкандардын суроо-талаптарын натыйжалуу канааттандырбай келет. Кантсе да мындай көйгөй республиканын кайсы гана чөлкөмүн албагын-номур биринчи деп аталаары жашыруун эмес.
Аманбаев айыл аймагына караган айылдарда өз алдынча чарба жүргүзүүнү, жер иштетүүнү тез өздөштүрүп, бутуна турган дыйкан-фермердик чарбалардын катарлары жылдан жылга өсүп баратканы кубантат. Ала турган кирешесин, жоготоор чыгашасын алдын-ала эсептеп, кайсы айыл чарба продукциясы кайтарымын берерин туура божомолдогон дыйкан эч качан уттурбасы белгилүү эмеспи. Мына ошондой иштерман дыйкандарга Көчкөнбек Керимкулов жетектеген "Ак Тилек", Бакыт Нуралиев жетектеген "Абдалы" дыйкан чарбалары, Жаныбек Дүйшөнбаев жетектеген "Шейшеналы" асыл-тукум жылкы заводун атоого болот. Биз жогоруда атаган дыйкандарда жетиштүү айыл чарба техникалары толук шаймандары менен бар. Шартка жараша акысы келишсе айылдаштарына да техникалык жактан жардамдашат.
Мал чарбасы
Кайрадан эле статистикалык
маалыматтарга таянсак. Жогоруда кеп кылгандай айыл тургундарынын мал өстүрүүгө карата мамилелери да кескин өзгөргөнү жалпы малдын санынын өсүшүнөн даана байкалууда. 2009-жылдын 1-январына айыл аймагы боюнча айыл тургундары тарабынан 1010 тонна эт, 3120 тонна сүт, 62 тонна жүн, 1460 миң. жумуртка өндүрүлүп, 2007-жылга карата өсүш кыйла жогору болгон.
Социалдык коргоо
Айыл аймагы боюнча 799 үй-
бүлө жакырчылыктын чегинде жашап жаткандары аныкталып, аларга атайын паспорттор толтурулган. Мамлекет тарабынан атайын чектелген жөлөк пулдарды, гуманитардык жардамдарды даректүү таратууну айыл аймагынын аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары дайыма көзөмөлдөп турушат. Аманбаев айыл аймагынын башчысы Кенжебек Бокоевдин айтымында айыл өкмөтү 2008-жылы эле социалдык жардамдарга муктаж адамдарды колдоого өз чөнтөгүнөн 142600 сом чыгымдап, демөөрчүлөрдүн 351 миң сом каражатын тарткан. Ал эми социалдык жактан колдоого байланышкан айыл аймагы боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп турат.
Маданият
жана спорт
Айыл аймагынын тургундары
күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, жер тытып, мал артынан эле жүрө беришпей, маданият жана спорт тармактарына да кайдыгер эмес экендиктерин далилдешти окшойт. Өткөн жылы айыл аймактарынын арасында өткөрүлгөн райондук "Ыр кесе" конкурсунда байгелүү биринчи орунду ээлешти. Ал эми жогоруда аталгандарды дагы жогорку тепкичке көтөрүү максатын көздөшүп, Аманбаев айылындагы клубду, Ак-Жар, Куру-Маймак айылдарындагы спорт аянтчаларын АРИС программасынын долбоорлорунун, элдин жеке салымдарынын күчтөрү менен майлап-сүттөп алышты. Жалпы элдин кызыкчылыгын көздөп жасалган бул аракет эми жемишин берип, келечекте өсүп жаткан муундарга далайга кызмат кылат-дешет айыл тургундары.
Жалпыга билим берүү
Айылдарда жайгашкан 3 орто
(2120 окуучу бар), 1 толук эмес орто мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуу процессин жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1,2 млн. сом бөлүнүп, натыйжалуу пайдаланылды. Бул бөлүнгөн каражат 2007-жылга караганда үч эсеге көптүк кылат.
Ушул мектептердин 13 окуучусу облустук, райондук олимпиадаларга бир нече багыт, сабактар боюнча катышышып, 6 окуучусу биринчи орунду камсыз кылышкан.
Ч.Айтматов атындагы орто мектептин жылуулук тармагы түрткү берүүчү грант менен 1,288 млн. сомго каржыланып, толугу менен алмаштырылды. Суулуу-Маймак айылындагы орто мектептин курулушу Талас облустук курулуш башкармалыгы аркылуу башталып, пайдубалы куюлуп бүттү.
Инвесторлорду тартуу
Үстүбүздөгү жылдын январь
айына чейин Аманбаев айылдык аймагынын айылдарында өтө зарыл, муктаж делген долбоорлорго инвесторлор каражатты мурдагы жылдарга салыштырмалуу арбыныраак бөлүштү. Калк арасында мындай каражаттар асмандан жаап түшкөндөй кабылданганы өкүндүрөт. Бир сом үчүн да керектүү кагаз документтерди топтоп алып далай инстанцияларга жүгүрөсүң, убарагерчилиги жетиштүү эле. Ушул долбоорлор менен иш алып барган ак жүрөк инсандарга берген элдин алкышы аздык кылат менин баамымда. Эл аралык Кызыл жарым ай коому тарабынан Аманбаев айыл аймагынын Ак-Жар, Суулуу-Маймак айылдарында мончолор салынды, Сатыкей айылында фельдшердик-акушердик пункт ишке киргизилди. Кийинки эки жылда үзүрлүү иш алып бараткан бул коом жер үстүндөгү, астындагы топтолгон табигый сууларды четтетүү боюнча Аманбаев айылындагы айрым Ермеков, Толстунов көчөлөрүнө дренаждарды салып бүттү. Ушундай эле долбоор Ч.Айтматов атындагы мектепте ишке ашты.
Аманбаев айылынын чыгыш жана батыш бөлүгүндө дренаждарды орнотуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын каражаты менен жүргүзүлүп аягына чыкты.
Айылдарды көрктөндүрүү
Кыргызда айтылгандай "Эши
гин көрүп төрүнө өт" демекчи айрымдар куру убарагерчилик, элди бөөдө кыйноо деп натуура эсептегендей айылдарда көрктөндүрүү, жашылдандыруу айлыктары оң натыйжа берери иш жүзүндө далилденди. Ар бир адам өзүнө бейтааныш, чоочун айылга барганда көчөлөрдүн, үйлөрдүн абалына көз салат, тартип-тазалыгына карата ошол жашоочулар тууралуу баа берет. Мен байкагандай Аманбаев айылынын иреттүүлүгү, тазалыгы, долбоордук жайгашышы адамга жакшы таасир калтырат.
Кийин ушул айылдын Толстунов атындагы көчөгө түнкү жарыктар орнотулганы автожүргүнчүлөр үчүн абдан ыңгайлуу болду.
Башка Ак-Жар, Суулуу-Маймак, Сатыкей айылдарында да мындай маанилүү иш-чаралар айыл башчыларынын, депутаттарынын тикелей жардамдары менен унутта калбай жүргүзүлгөнүн кошумчалай кетейин.
Киреше булактары
Бул тармакта да өсүш бар эке-
нин цифралар айгинелеп турат. Сөзүбүз куру болбосун үчүн кийинки эки жылдагы айрым маалыматтарга токтолоюн.
Айылдык кеңеш боюнча өзүлөрү чогулткан кирешенин көлөмү 2006-жылы 1,1 млн. сом 2007-жылы 1,5 млн. сом болсо, 2008-жылы бул көрсөткүч 2,9 млн. сомго жеткен. Категориялык гранттар да жылдан жылга өсүп, 2008-жылга 5,7 млн. сомго жеткен. Бардык каражаттарды кошкондо айыл аймагынын капчыгы 2006-жылдагы топтолгон 6,3 млн. сомдон 2008-жылы чогултулган 12,6 млн. сомго чейин жетип, өсүш эки эседен ашканы Аманбаев айыл аймагынын адистеринин, жетекчилигинин максаттуу уюштурулган иш-аракети мактоого татырлык деп жыйынтык чыгарууга болот.
Ойлогон
ой орундалса...
Айыл аймагынын 2009-жылга
социалдык-экономикалык өнүгүү программасында бардык
айылдарда орчундуу, милдеттүү деп гана аталган иш-чараларынын саны эле отузга жетет. Демек, бул көйгөйлөр да жылдан жылга каражат жетишсиздигинен улам жылдырылып топтолгон.
Бул иш программасы апрель айында өткөн жашоочулардын жалпы курултайында да жактырылып, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон.
Элет жеринде кичи жана чакан ишкерликти өнүктүрүү максаты менен Аманбаев айылында тегирмен, макорон, акиташ цехтери ачылса жумуш орду менен камсыз кылуу да, арзан продукция өндүрүү да жолго коюлмак. Айылдар ортосундагы катнашты жакшырталы деп Аманбаев, Сатыкей айылдарына көпүрө салалы деген ойлору бар. Таза суу программасы менен суу түтүктөрүн алмаштыруу эле 20 млн. сомдун тегерегинде акча сурап турат. Мурда пайдаланылып келген коомдук имараттарды жасап-түзөп турбаса алар да керектен чыкчудай.
Айтор быйыл эле ушундай иш-чаралар үчүн 98,130 млн. сом жумшалат экен деп айыл аймагынын башчысы Бокоев Кенжебек тиешелүү кагаздарын алып бир буту Аманбаевде, бир буту Талас, Бишкекте дол-боорлорун жактап чуркап жүрөт.
Негизги көйгөйү эмнеде?
Биз жогоруда атаган айрым ат
карылуучу иш-аракеттердин өзү эле көйгөй эмей эмне? Бирок, Кенжебек Бокоев - ушул жылы колдон келсе чечсем - деп өзгөчө белгилегендери төмөндөгүлөр:
- Аманбаев айылындагы ичүүчү суу түтүктөрүн оңдоо, Таза суу долбооруна кирүү үчүн тургундардан 5
пайыздык үлүштөрүн чогултуу;
- Аманбаев айылындагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүн четтетүү үчүн донорлорду тартуу, дренаждарды тазалоо, орнотуу;
- Суулуу-Маймак айылындагы Э.Эсенаманов атындагы орто мектептин курулушун ыкчамдатуу;
- Ак-Жар айылына келүүчү Ак-Жар каналын калыбына келтирүү.
Бардыгына эле талпына бербей артыкчылыктуу деп эсептелген көйгөйлөргө көңүл бурганы ушул иш-чараларды жүзөгө ашыруучу тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери моюн толгобосо аткарылып каларына ишеним чоң.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??