, 26.05.09 - 8-бет:
  Ооруба жүрөк, ооруба!

Үстүбүздөгү жылдын 6-майынан 9-майына чейин Лас-Вегас шаарында (АКШ) инвазивдик кардиологдордун бүткүл дүйнөлүк коомунун 32-илимий сессиясы болуп өттү. Жыл сайын өткөрүлүп турчу сессияга дүйнөнүн ар кыл континенттеринен 5 миңден ашык окумуштуулар катышты. Бул жолу КМШ, өзгөчө Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн эң эле олуттуу болуп саналган балдар кардиологиясы жана комплекстүү коронардык кошумча оорулар проблемасы негизги талкууга алынды. Аталган маселеге байланыштуу суроолор менен профессор, кардиолог, эл аралык сыйлыктын лауреаты, дүйнөлүк интервенциондук кардиология жаатында эксперт, Түркиянын Газиантеп шаарындагы "Sando" клиникасынын жетекчиси Талантбек Батыралиевге кайрылган элек.

Жүрөк оорулуу наристелер көбөйүүдө
- Талантбек Абдуллаевич, акыркы жылдарда со-циалдык мааниге ээ оору-ларга кирген жүрөк-кан тамыр оорусуна айрыкча көңүл бурула баштады. Дүйнөдө, анын ичинде Бор-бордук Азиядагы өлкөлөрдө балдар оорусунун деңгээли жана балдар кардиологиялык кызматынын өнүгүш жаг-дайы кандай?
- Жүрөк-кан тамыр системасы оорулары дүйнөдө мындан жабыр тарткандардын жана алардан пайда болгон кошумча оорулардын саны боюнча биринчи орунда тургандыктан, медицинада бул кеселге каршы күрөшүүгө чоң көңүл бурулат. Тубаса кемтик маселеси абдан актуалдуу. Ага биринчи жолу кең-кесири статистика жүргүзүлө баштаган 1960-жылы кандай курч турса, 1980-жылы аларды изилдөөгө киришкен убакта да маанилүүлүгү төмөндөгөн жок.
Бүгүнкү күнү жарык дүйнөгө келишкен жүз ымыркайдын ичинен үчөө ар кыл органдардын жана системанын тубаса кемчилиги менен төрөлүшөт. Тубаса кемтиктердин ичинен жүрөктүн кемтигинин өнүгүшү таяныч-кыймылдаткыч аппараттардын жана борбордук нерв системасынын аномалиясынан кийинки үчүнчү орунда, бирок андан мерт болуп калуу жагынан биринчи орунда турат. Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлардын 35-40 пайызы 1 айга да жетпей чарчап калышат.
Германияда жыл сайын жүрөктүн ар кыл кемтигинен жабыр тарткан 6,5 миң бала төрөлүшөт. Россияда жыл сайын жүрөктүн тубаса кемтиги менен 20-22 миң бала катталышат, алардын көбү кардиологиялык жардамга муктаж. Ошол эле кезде операциялардын саны жылына 4,5-5 миңден ашпайт, көрүнүп тургандай бул аябай аз. Ал эми Украинада жыл
сайын 5 миң бала ушундай кеселдүү төрөлүшөт, алардын 30-40 пайызы өмүрүнүн биринчи күнүндө оор абалга туш болушат. Жыл сайын Казакстанда 3000ге жакын бала жүрөктүн тубаса кемтиги менен жарык дүйнөгө келишет. Азыркы учурда 5000ден ашык бала операцияга муктаж. Мындай учурда баланын өмүрүнүн биринчи жылдарында операция жасалышы керек. Эгерде чоң кишилер операцияны күтө алышса, балдар күтө алышпайт, жүрөк-кан тамыр системасынын кемтиги менен төрөлгөн ымыркайлардын 90 пайызы 1 жашка жетпей чарчап калышат.
- Мындай кеселдүү оорулар менен төрөлүп жаткан балдардын саны өсүп баратканынын себеби эмнеде?
- Жүрөктүн тубаса кемтиги менен ооруган балдардын санынын өсүп баратканы талашсыз нерсе, ал мындан ары да өсө бермекчи, анткени бул ооруларга өз убагында диагноз коюуга мүмкүнчүлүк пайда болду. Балдарда жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынын бийик деңгээли катталган региондордо эреже боюнча бул оорудан өлгөндөр төмөн.
Түйүлдүктүн жүрөк-кан тамыр системасы кош бойлуулуктун биринчи айында түптөлөт, муну эне болууга даярданып жаткан ар бир аял жакшы билиши керек. Бүгүнкү күнү дүйнөдө кичинекей жүрөкчөнүн эне-табият ойлогондой болбой четтеп өнүгүшүнө таасир тийгизген 300гө жакын себептер бар. Алардын арасында: кош бойлуу учурунда аялдын талаптагыдай тамактанбаганы, азыркы экологиянын абалы, зыяндуу өндүрүштө иштөө, нур алуу, суук тийүү жана инфекциялык оорулар, түйүлдүктөгү кызыл жүгүрүк, хромосомдук бузулуу, тукум куучулук факторлор, стресске чалдыгуу, ичимдиктерди көп ичүү, эненин жаш курагы, эндокриндик бузулуу ж.б. Мына ушундай бир канча себептер айкалышып келип, балада жүрөктүн кемтик оорусунун пайда болушуна алып келет.
- Учурда балдар кардио-логиясынын диагноз коюуда жана кичинекей балдарды дарылоодо мүмкүнчүлүгү жетишерликпи? Балдар кардиологиялык кызма-тынын өнүгүшүнүн бүгүнкү күндөгү деңгээли канча-лык?
- Азыркы күндө жүрөктүн кемтиги менен төрөлгөн балдарда кемтикти жоюп, кийин алар кадыресе соо адамдай өмүр сүрүүгө жол ачканга мүмкүнчүлүк жогору деп айтар элем. Диагноз коюудагы жана хирургиядагы жетишкендик көп кемтиктерди, ал турсун мурда четтетүүгө болбой турган кемтиктерди четтетүүгө жол ачты, а жүрөк хирургиясынын өсүшүнө жараша окумуштуулар башка кемтиктер үчүн операцияны иштеп чыгышууда.
Жүрөктүн оор тубаса кемтигине адатта бала эмчекте кезинде эле диагноз коюлат, айрымдары бир аз кийин, чанда учурда кемтик жашында же чоңойгондо байкалат. Жаш баланы ийгиликтүү дарылоо үчүн хирургия интеллектуалдуу, так, ювелирдик болушу керек жана өз убагында болгону өтө маанилүү.
- Жүрөктүн кемтик оору-суна чалдыккан балдарды оперативдүү дарылоонун мааниси эмнеде?
- Жүрөктүн тубаса кемтиги бала кезде көп кезиккен патология болуу менен балдар кардиологиясынын негизги проблемаларынын бири болуп саналат. Жүрөк кош бойлуулуктун 19 күнүнөн 72 күнүнө чейин калыптанат. 19-суткада түйүлдүктүн жүрөгү кыскара баштайт, а 72синде чоң органдын кичинекей көчүрмөсү болуп калат. Дал мына ушул мезгилде кичинекей жүрөкчөлөрдүн бири кыскарбай, чоң бойдон калышы мүмкүн. Жыл сайын орточо алганда ар бир миң ымыркайга 10-12 мындай учур эсептелет. Тубаса кемтиктин өнүгүшүнүн бардыгынын ичинен жүрөктүн тубаса кемтиги 40 пайызды түзөт. Расмий маалыматтар боюнча акыркы беш жылда балдардын эрте жашында бул патология дээрлик 1,6 эсеге өскөнү катталган.
Жүрөктүн тубаса кемтигин түздөөнүн жалгыз жолу хирургдук дарылоо болуп саналат. 80 пайыздан ашык балдар операциядан кийин дары менен дарылоо терапиясына муктаж болушпайт. Балдардын мектеп курагында жүрөгүнүн тубаса кемтигин хирургиялык жол менен түздөө керек. Анткени, эрте жашында операция болгон балдарда экинчи татаалдашуу болбойт. Ошондой эле операциядан кийинки мезгилде реабилитацияны бир кыйла жеңилдеткен жүрөк-кан тамыр системасынын чоң компенсатордук мүмкүнчүлүгү сакталып калат. Баланын операция менен байланышкан психологиялык жабыркоосу да аз болот. Балдар мектепке ден соолугу алда канча чың бара алышат жана келечегине ишенимдүү карай алышат. Ата-энелер да оорулуу балдарын багып-кароодон колдору бошоп, үй-бүлөнүн экономикасына да пайда.
- КМШ өлкөлөрүнөн бал-дар кардиологиясы боюнча кесиптештериңиздин Рос-сия, Украинанын мисалында жетишкендиктеринен азы-раак айтып бересизби?
- Ымыркайларга жана балдардын бир жашында кечиктирилгис жардам берүү жаатында 20 жылдан бери Россияда тынымсыз иш жүргүзүлүп келатат. 1981-жылы А.Н.Бакулев атындагы РАМНдын жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда шашылыш хирургия жана жүрөктүн тубаса кемтиги бар балдарды бир жашында күчтөндүрүп дарылоо бөлүмү түзүлгөн. Бүгүн бул борбор эң кичинекей балдарда жүрөктүн тубаса кемтигине диагноз коюуда жана дарылоодо эң чоң тажрыйбага ээ. Жыл сайын бөлүмдө 360тан ашык балага хирургиялык дарылоо жүргүзүлөт. Ошого карабастан учурда Россияда бул кеселге чалдыккан балдардын 22 пайызына гана операция жасалып келет.
Украинада балдар кардиологиясы жана кардиохирургиясы илимий-практикалык медициналык борборунда мындай оорулуу балдарга өмүрүнүн биринчи күндөрүндө операция жасашат. Жогорку профессионалдуу, тажрыйбалуу жана өз ишине берилген кызматкерлер жана борбордогу заманбап аппаратуралар так диагноз коюуга жана хирургиялык түздөөгө мүмкүндүк берүүдө. Мамлекеттин колдоосунан улам украиндик балдарга бардык операция акысыз жасалат. Борборду академик
Н.М.Амосовдун окуучусу, кардиохирург, медицина илимдеринин доктору, Украинанын эмгек сиңирген врачы И. Н. Емец жетектейт. Бүгүн бул балдардын хирургиясы борбору Украинада гана эмес, Европада да эң мыктылардын бири болуп саналат. Жыл сайын борбордун медиктери оор абалда турган 1300дөн ашык балага операция жасашат, анткен менен бул операцияга муктаж болгондордун жалпы санынын 25 пайызы гана.
- Борбордук Азияда бал- дарга өз убагында диагноз коюп, дарылай турган бардык зарыл жабдууларга ээ клиника барбы?
- Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндө адистештирилген кардиохирургиялык борборлор жана өзгөчө эрте жашта дарылай турган кардиохирургия жоктугу белгилүү, а алдыңкы чет өлкөлүк клиникаларда операцияларды толук бирдей каржылоо жолго коюлган эмес. Балдардын өмүрүн сактап калуу акчага байланыштуу. Жүрөккө операция жасатууга борбор азиялык үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү келе бербейт. Оперативдүү кийлигишүүнүн орточо наркы операциянын татаалдыгына жараша 5тен 30 миңге
чейинки долларды түзөт.
Айта кетчү нерсе бир эле адистештирилген клиника же бөлүм эмес, Борбордук Азиянын ар кыл регионуна мындай ооруканалардын бүтүндөй комплекси керек, анткени региондо операцияга зарылдык жогору, бир мекеме бардык операцияларды аткара албайт.
Эгерде хирург - учкуч болсо, анда кардиохирург - космонавт, ал өтө көптү билүүсү зарыл. Азыркы кардиохирургия бул барыдан мурда жогорку технология жана татаал, уникалдуу жабдуулар. Бекеринен медицинанын бул тармагы мамлекеттин саламаттык сактоосунун өнүгүшүнүн деңгээлинин көрсөткүчү, өзүнчө эле өлкөнүн "визиттик карточкасы" болуп саналбайт.
- Борбордук Азия ре-гионунда кырдаалды оңдош үчүн эмне кылуу керек?
- Балдар кардиологиясы кечиктирүүнү сүйбөйт. Ар бир жүзүнчү бала жүрөктүн тубаса кемтиги менен дүйнөгө келет. Кээде оорулуу баланы төрөлгөндөн кийинки эле бир сааттын ичинде аман алып калууга мүмкүн. Ал эми дүйнөдө ар бир экинчи өлүм жүрөктүн жана кан айлануу системасынын ооруларынын себебинен болот. Бул абалды жакшыртуу алдын-алууну, так диагноз коюуну, квалификациялуу дарылоону, хирургиялык жардамды жана реабилитацияны айкалыштырганда гана ийгиликтүү болот. Мындай борборлордун жамаатынын чеберчилиги жана ишинин сыдыргыга салгандай болушу балдар кардиологиясынын максатына жетүүгө шарт түзөт. Бул ооруга чалдыккандарга колдоо көрсөтүү жана жардам берүү бул - мамлекеттин гана эмес, бүткүл коомчулуктун милдети!
- Кыргыз-стандын миса-лында Борбор-дук Азияда бал-дар кардиоло-гиясы маселе-лерин чечүүдө кайсы негизги багыттарды бө-лүп көрсөтөр элеңиз?
- Өлкөдөгү саясый туруктуулук, саламаттык сактоо системасын реформалоонун жана жаңы-лоонун зарылдыгын, анын ичинде педиатрияны медициналык илимде жана практикада өз алдынча багыт катары түшүнүү артыкчылыктуу болуп саналат. Өлкөдө кардиокызматты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу, инвестиция, коомдук фонддорду жана кайрым-дуулук уюмдарын тартууну мамлекет колго алуусу керек. Ошондой эле клиникалык базаларды бөлүп берүү, кафедраларды ачуу, заманбап жогорку технологиялык аппаратуралар менен жабдуу, жетиштүү каржылоо, эл аралык кызматташтык жана билим берүү чөйрөсүндө кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жаатында реформа жүргүзүүнү бөлүп көрсөтөр элем. Мына ушулар болгондо гана балдар кардиологиясы жаатындагы маселелерди чечүүгө болот.
- Президент "Жаңылануу багыты" коомдук акыл-ой чабытынын натыйжасы болуп калышы кажеттигин айтты.
- Президент К.Бакиев "Жаңылануу багытында" өлкө алдында турган учурдагы эң орчундуу милдеттерди, анын ичинде ар бир жаран аткарууга тийиш болгон милдеттерди ачык, так белгиледи. Мында "дени сак жана билимдүү улутка" да басым жасалып жатат. Калктын ден соолугу чың жана билимдүү болсо, өсүп-өнүгөбүз жана келечегибиз кенен болот. Менин оюмча "Жаңылануу багытында" айтылгандарды акыл таразадан өткөрүп, кунт коюп окуп чыккан киши жүрөгүндө турган нерселерди табат. Мага бул документ ушунусу менен терең таасир калтырды.
Маектешкен
Айгүл АРЫСТАНОВА