Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_7.htm on line 2


п»ї
  РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР

Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
Кыргыз Республикасынын Президенти
Курманбек Бакиев экономикалык
секторду өнүктүрүү боюнча "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун өкүлдөрүн кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысы менен аталган коомдун өкүлдөрү учурдагы коомдук-саясый кырдаал тууралуу, экономикалык реформалар боюнча жана кадр ресурстарын кантип пайдалануу керектиги жөнүндө пикир алышышты. Бул баарлашуу учурунда айтылган сунуштар конструктивдүү кызматташтык жолундагы биринчи кадам болуп калды.
А.Акимбаева

Эки өлкөнүн банктык саясаты окшош
Кечээ Өкмөт үйүндө Премьер-министр Игорь Чудинов Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Жан-Пьер Ротту кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн банктарынын кызматташуусу, дүйнөлүк кризистин эки өлкөнүн банктык чөйрөсүнө тийгизген терс таасирлерин минималдаштыруу маселелери талкууланды. Жан-Пьер Рот: "Мени дүйнөлүк кризистин Кыргызстандын банктык чөйрөсүнө өтө сезилерлик зыян келтирбегендиги кубандырат. Бул акчалай саясаттын жакшы жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы",- деп белгиледи.
Игорь Чудинов Жан-Пьер Ротко эл аралык валюталык фондунун Бишкекте аймактык окуу борборун ачкандыгы, биздин Улуттук банкыбызга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн банк чөйрөсүндө көрүп жаткан кризиске каршы чараларынын окшоштугу да айтылды.
Б.ЧИЛТЕГИН


Эмираттар Кыргызстанды инвестициялоого даяр
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов Өкмөт үйүндө Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри Мохамед Даен аль Хамили менен жолугушту.
Игорь Чудинов кыргызстандыктардын ардактуу коноктун бул иш сапарына кубанычта экендиктерин жана көптү күтүп жатышкандыктарын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн анын укуктук-нормативдик базасын түзүү керектигине токтолду. Өз ара инвестицияларды коргоо, эки ирет салык салуудан качуу ж.б. маселелер боюнча эки тараптуу макулдашууларга кол коюлуусу зарыл.
Премьер-министр республикабызда инвестицияларга жана бизнеске ыңгайлуулугун арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып, быйыл деле инвестициянын начар эместигине коноктун көңүлүн бурду. Ошондой эле кыргыз тарап БАЭнин инвесторлоруна чакан ГЭСтерди, Кара-Кечедеги ТЭЦти биргелешип куруу, Оштогу, Тамчыдагы аэропортторду реконструкциялоо, нефти кендерин өздөштүрүү жөнүндө долбоорлорду сунуш кыла тургандыгын билдирди.
БАЭнин энергетика министри өз кезегинде эмираттардын жекече чөйрөсүндөгүлөр да, өкмөтү да Кыргызстандын экономикалык долбоорлорун каржылоого, Абу-Даби фондусу энергетика жана инфратүзүмдөр боюнча чөйрөлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүүгө даяр экендиктерин айтты.
Бакай ЧИЛТЕГИН


"Родина" мамлекет башчысын колдойт
"Родина" саясый партиясы алдыда болуучу президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди колдойт. Мына ушундай чечим 16-майда Жалал-Абад шаарында болуп өткөн партиянын кезектеги VII съездинде кабыл алынды.
"Родина" партиясынын жетекчилери Бакиевди колдоо чечимин бүгүнкү күндө өлкөдө түзүлгөн оор социалдык-экономикалык кырдаал, ал эми бийликтин алмашуусу анын оордошуна алып келери менен түшүндүрүштү.
Партиянын лидери А.Акбаров Россия Федерациясынын колдоосу менен ири ишканалардын, мунун ичинде жаңы ГЭСтердин курулушу, ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө багытталган мамлекет башчысынын жаңы жарлыктары жана башка жагымдуу иш аракеттер жөнүндө эске салды.
Алдыдагы шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо сунушуна делегаттар бир добуштан макул болушту. Эми съезддин чечимине ылайык, делегаттар партиянын позициясын уюмдун ар бир мүчөсүнө жана тарапташына жеткирүүгө
тийиш.
Азыркы кезде "Родина" саясый партиясынын катарында 38 миңден ашуун адам турат, алардын 80%дан ашууну - этникалык өзбектер.
М.АЛАГУШЕВ




Миң уккандан, бир көргөн...
Оорулуулар азыраагын гана төлөшөт
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-минис-
три Өктөмкан Абдуллаева Нарын жана Ысык-Көл облустарында болуп, ооруканалардын, ФАПтардын, мектеп мекемелеринин, балдар бакчаларынын, ошондой эле Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк балдар үйүнүн иштери менен таанышты. Ал врачтар менен медициналык мекемелердин проблемалары, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана ФАПтардын ишмерчилиги, алардын медициналык жабдуулар менен жабдылышы тууралуу аңгемелешип, медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча акынын кандайча төлөнүп жаткандыгына кызыкты. Бул багытта вице-премьер-министр тиешелүү мекемелердин жетекчилерине сын-пикир айтты. Анын айтымында, мамлекет ар бир оорулууга эгерде ал камсыздандырылган болсо, кандайдыр бир сумманы төлөп берүүдө. Кандай болсо да жарандардын дарылануу акысынын көпчүлүк бөлүгү мамлекетке таандык экендиги дайын. Болгону оорулуулар аз бөлүгүн гана төлөшүүдө. Ошондуктан ата мекендик саламаттык сактоо системасы учурда кандай принциптерде иштеп жаткандыгын жарандарга түшүндүрүү маанилүү.
Иш сапардын жүрүшүндө Өктөмкан Абдуллаева мед-стаж үчүн төлөөнүн абалына кызыкты. Врачтар 2005-жыл үчүн төлөмдөрдү толугу менен алышкандыгын жана 2009-жылдын январыныкын учурда алып жатышкандыгын айтышты. Жолугушуу учурунда Нарын жана Ысык-Көл облустарын медициналык кадрлар менен камсыздоо маселелерине басым жасалды.
Сааттар кыскарганы менен окуу программасы өзгөргөн эмес
Вице-премьер-министр мектептердин мугалим-
дери менен жолугушуу учурунда мектептердин окуу куралдары жана тиешелүү окуу китептери менен камсыз болушуна кызыгып, окуу класстарын карап чыкты. Мугалимдер жан башына каржылоого өтүүгө байланыштуу сааттардын кыскаргандыгы менен окуу программасы эч кандай өзгөрүүсүз калгандыгын белгилешти. 10-11-класстарда информатика сабагын алып коюшкан, ал эми бүгүнкү күндө компьютердик билимсиз балдардын жогорку окуу жайларына тапшыруусу өтө кыйын.
Учурда Нарын жана Ысык-Көл облустарында жаш кадрлар менен толуктоо маселеси курч болууда. Иштеп жатышкан врачтар менен мугалимдер пенсияга чыгуу курагына келип калышкан. Мына ушуга байланыштуу жаш врачтар менен мугалимдерди турак-жай менен камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү.
Окуу куралдарынын, компьютерлердин, кадрлардын жетишсиздиги жана айлык акынын аздыгы - өлкөнүн педагогдорун тынчсыздандырган учурдун талылуу маселелеринен. Өктөмкан Абдуллаева өз сөзүндө мамлекет педагогдор менен медиктердин эмгегине татыктуу акы төлөп берүүгө зор күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.
Көлдүн тазалыгын
кантип сактайбыз?
Иш сапардын жүрүшүндө Өктөмкан Абдуллаева
Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунда жайгашкан дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекстеринин жетекчилери менен жолугушканда үстүбүздөгү жылдын туристтик сезонуна даярдык көрүү маселеси көтөрүлдү. Анда Ысык-Көлдүн тазалыгын кантип сактоо жана бул үчүн кандай иштерди аткаруу керектиги тууралуу ой-пикирлер ортого салынды.
Р.ЖЕТИГЕНОВ


Дагы бир талапкер баш тартты
Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында президенттик кызматка талапкер Бөлтүрүков Өмүрбек берген арызына ылайык президенттик жарыштан чыгарылды.
БШКнын төрагасы Дамир Лисовский белгилегендей, Бөлтүрүков Өмүрбек талапкерликке 18-майда арыз берген. Мыйзамга ылайык, ал 5 күндүн ичинде шайлоо фондусун түзүүгө тийиш болсо да, аны өз мөөнөтүндө түзө алган эмес. Ошону менен бирге, анын айрым документтери да жайында эмес экен. Ушундай кырдаалга байланыштуу БШКнын талапкерлердин жарышынан чыгарган чечимдин көчүрмөсүн өзүнүн колуна тапшырган.
БШКнын отурумунда президенттикке талапкер Мотуев Нурландын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө маселе каралып, акын эки өкүлү каттоодон өттү. Ошондой эле, каттоодон өткөндөрдүн баарына тийиштүү күбөлүк берилгени жыйында айтылды.
Эске сала кетсек, талапкерлер Сүйүналиев Жаныбек жана Улмаев Азамат өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн аныктай элек экен, шайлоо фондун да түзүшпөптүр. Андыктан, аталган талапкерлер президенттик жарыштан марага жетпей чыгып кала тургандай.
Борбордук комиссиянын жыйынында Ош шаардык шайлоо округунун мүчөсү Жолдошова Мыскалдын арызы каралды.
БШКнын басма сөз кызматы







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??