, 26.05.09 - 6-бет:
  Астана жыйыны

Жолдор жолго уланат
Премьер-министр Игорь Чудинов узундугу 2,5 чакырым келген Кулунду-Максат автоунаа жолун долбоорлоо жана куруу жөнүндө буйрукка кол койду.
Бул документ Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Маргун, Кулунду айыл аймактарынын ортосунда үзгүлтүксүз автоунаа байланышын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Транспорт жана коммуникация министрлигине 2009-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кулунду-Максат автоунаа жолунун долбоорлоо-сметалык документтерин даярдоого 500 миң сомду пайдалануу, өлкөнүн Жол фондусунун эсебинен 2009-2010-жылдарда жогорудагы жолду куруп бүтүү, ал эми Баткен облусунун мамадминистрациясына жолдун курулушу үчүн белгиленген тартипте жер тилкесин бөлүп берүү тапшырылды.

Биологиялык лаборатория курулат
Өкмөт башчысы үчүнчү класстагы коопсуздук биологиялык лабораториясынын курулушу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомго кол койду.
Мындай лаборатория курал-жарактарды таркатпоо тармагында глобалдык өнөктөштүк программасы аркылуу Канада Өкмөтүнүн каражатына курулмакчы.
Лаборатория жогорку технологиялык диагностикалык жабдууларды пайдалануу менен адам жана мал үчүн жалпы бардык өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ал эми эл аралык стандарттын талаптары боюнча өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча диагностикалык изилдөөлөр үчүнчү класстагы жабык типтеги лабораторияларда жүргүзүлүүгө тийиш.
Чечимге ылайык, биологиялык лабораториянын курулушу үчүн 4 га жер аянты Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык бактан бөлүнүп берилет.
Р.ЖЕТИГЕНОВ



Шериктештик ачык-айкын мазмун менен толукталууда
Айрым эл аралык мамилелер маселелери боюнча эксперттердин пессимисттик божомолдоруна карабастан акыркы мезгилде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өзүнүн аморфтуу эмес, учур чакырыктарына биргелешип жооп кайтарууга жөндөмдүү уюм экендигин далилдей алды. Мына ошондуктан КМШнын өткөн жума күнү Казакстандын борбору Астана шаарында болуп өткөн Өкмөт башчыларынын жыйынынын күн тартибинде конкреттүү маселелер турду. Алардын арасында катышуучу мамлекеттердин учурдагы чакырыктарга каршы туруу боюнча аракеттерин бириктирүү жана Шериктештиктин өзүнүн ишин жандандыруу жана өнүктүрүү боюнча маселелер да бар.
Биргелешкен иш чаралар иштелип чыкты
Жыйынга келишкен
өкмөт башчылары менен ал өтүп жаткан мамлекеттин башчысы - Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда алдыда талкуула-нуучу маселелер боюнча өкмөт башчылары менен пикир алышкан Н. Назарбаев КМШнын келечеги жоктугу жөнүндө пикирлер орунсуз экендигин баса көрсөтүп, жыйындын ишинин жемиштүү өтүүсүн каалады. Ал учурдагы финансы-экономикалык кризис болуп жатканда Шериктештиктин жыйынында каралчу маселелер өзгөчө актуалдуу мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Н. Назарбаев ошондой эле чочко тумоосунун таралышын алдын алуу боюнча КМШ мамлекеттеринин биргелешкен иш чараларын иштеп чыгуу сунушун киргизди. Бул демилге жыйындын күн тартибине Казакстандын премьери К. Масимов тарабынан киргизилип, жыйындын катышуучулары тарабынан колдоо тапты.
Алгач КМШнын өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушуп, күн тартибинде турган маселелер боюнча пикир алышышты. Андан кийин жыйын делегациялардын кеңири курамынын катышуусунда улантылып, күн тартибине алдын ала коюлган 18 маселенин он жетиси боюнча тиешелүү чечимдерге келишти. Күн тартибинде он экинчи болуп турган Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин мамлекеттик аба кемелери катышкан авиациялик кырсыктарды иликтөө тармагында кызматташуу боюнча макулдашуу жөнүндө маселе Россия Федерациясынын Өкмөт башчысы Владимир Путиндин өтүнүчү боюнча Шериктештиктин күзүндө боло турган кезектеги жыйынына калтырылды.
Жыйынды Шериктештикте төрагалык кылган Молдова Республикасынын Премьер-министри Зинаида Гречаная алып барды. Анын пикири боюнча, жолугушууда талкууланган маселелердин дээрлик баардыгы боюнча жалпы түшүнүшүүгө жетишилген.
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов жыйындын жүрүшүндө белгилегендей, тар чөйрөдөгү жолугушууда дүйнөлүк финансы-экономикалык кризис жана анын кесепеттеринин Шериктештикке катышкан өлкөлөрдүн улуттук экономикаларына тийгизген терс таасирлери жана ага каршы улуттук өкмөттөрдүн аракеттери кеңири талкууланган. Ар бир өкмөт башчысы жыйындын жүрүшүндө өздөрүнүн антикризистик программалары боюнча кеңири маалыматтарды беришкен. Кубандырганы - өкмөттөрдүн программаларынын көптөгөн позициялар боюнча окшош болгону. А бул жана Шериктештиктин алкактарындагы өз ара биргелешип аракеттенүү боюнча иш чаралар, абалдан чыгуу жолдорун издөөдө натыйжага жетишүүгө өбөлгө түзмөкчү.
Маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү
Жыйын аяктагандан кийин ан-
дагы каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер боюнча Шериктештикте төрагалык кылган Молдова Республикасынын Премьер-министри Зинаида Гречаная, Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов жана КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев журналисттерге маалымат беришти.
З. Гречаная баса белгилегендей, жыйын анын бардык катышуучуларынын пикирлерин угууга, аларды кеңири талкуулоого эң сонун мүмкүнчүлүк түзгөн. Диалог эки тараптуу да, көп тараптуу да өз ара түшүнүшүү, өнөктөштөрдүн пикирлерин эске алуу маанайында болуп өткөн. Бул диалог учурда Шериктештиктин алдында топтолгон бардык проблемаларды өз ара биргелешип чечүүгө өбөлгө түзмөкчү. Мында экономикалык маселелер алдыга чыкса да, башка тармактардагы, мисалы, маданий-гуманитардык маселелер да күн тартибине коюлуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Алардын катарында жогоруда аталган эки маселеден тышкары КМШ мамлекеттеринин кызматташуу стратегиясына жана КМШ мамлекеттеринин 2010-жылга чейинки мезгилге маалыматташтыруу чөйрөсүндө кызматташуу стратегиясы
боюнча аракеттер планына толуктоолорду киргизүү, 2009 - 2010-жылдарга гуманитардык кызматташуу чөйрөсүндөгү приоритеттүү иш чаралар планы, Жалпы билим берүү мейкиндигин андан ары өнүктүрүү жана 2010-жылга чейинки мезгилде кызматташуу, Россиянын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясына КМШга катышкан мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларынын кесиптик компетенттүүлүккө окутууга кошумча окутууну методикалык камсыздоо тармагында КМШга катышкан мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү, Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу, Ооганстандагы согуш мезгилинде дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин, алар көмүлгөн жайларды издөөнү, аларды эксгумациялоону, калдыктарын идентификациялоону жана Мекенинде кайра коюуну улантуу, Чегара аскерлеринин командачылар кеңешинин алкактарында өткөрүлүп жаткан маданий жана спорттук иш чаралар жөнүндө жобо жөнүндө маселелер болду.
Жыйындын жогорку деңгээлде болуп өткөндүгүн КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев да белгилеп өттү. Ал эми К. Масимов Молдова Республикасы КМШнын төрагалыгын алып жаткан учурда - өткөн жылдын ноябрында дүйнөлүк финансылык кризис жаңы гана күчөп келе жаткан убак болгондугун, ошондуктан көп иш чараларды улуттук өкмөттөр өз алдынча чечүүгө туура келгендигин баса көрсөттү. А бул жолку жыйында ал программалардын жакшы жактары алынып, жалпы стратегияга камтылган.
Бир катар мамлекеттер биздикиндей кадамга барышууда
КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынынын жыйынтыктары боюнча журналисттердин суроосуна жооп берүү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Игорь Чудинов жыйын боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди:
- Бүгүнкү жыйындагы талкуунун маанайын премьер-министрлер менен жыйындын алдындагы жолугушуусунда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев жаратып берди, - деди И. Чудинов. - Ал КМШнын алкактарында диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Негизинен бардык маселелер боюнча талаш-тартыштар болгон жок, жандуу талкуу, пикир алмашуу гана жүрдү. Мында ар бир өлкө өзү баштан кечирген ачуу тажырыйбасына таянды. Катышуучулардын бардыгы тигил же бул өлкө экономикасын сактап калуу үчүн өзүнүн банк системасында, макроэкономикалык чөйрөдө кабыл алган чечимдерге, ошондой эле мамлекеттер биргелешип бардык өлкөлөрдүн экономикаларын өнүктүрүү үчүн кабыл алууга мүмкүн болгон чараларга кызыгышты.
Кыргызстан мында алдыда экендигин белгилеп койгум келет. Биз өткөн жылы ишкерлерди текшерүүдөн баш тартсак, быйыл Россия, Украина, Армения дал мына ушундай кадамга барышууда. Кыргызстан биринчилерден болуп калктын аманаттарын камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алды, аны менен көптөгөн банктардагы депозиттик базаны сактап калды. Биздин банктар үчүн рефинансылоо фондун түзгөндүгүбүз да аларга кошумча капитал алуусуна өбөлгө түздү. Муну менен катар эле банктардын ишмердүүлүгүнө Улуттук банк тарабынан контролдун күчөтүлүшү жакшы натыйжаларды берди. Алар туура кадамдар болгону эми түшүнүктүү болуп отурат. Бизде мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Эми Россиядан алынган 300 миллион доллар каражатты реалдуу секторго жумшамакчыбыз. Ал бизнеске жардам бермекчи.
Негизи КМШ мамлекеттериндеги бардык антикризистик программалар жалпысынан структуралык жактан бири-бирине дал келишет. Мисалы, банк системасын колдоо, бизнес үчүн фискалдык системаны жакшыртуу, мыйзамдарды либералдаштыруу, ресурстарды экономиканы колдоого багыттоо. Албетте, ар бир өлкөнүн ресурстар боюнча мүмкүнчүлүктөрү ар башка. Биздеги кошумча наркка салыкты 20
пайыздан 12 пайызга төмөндөтүү - бул экономикага 8 миллиард сомго жакын жумшоо дегендик. Себеби, КНСтин ар бир пайызы болжол менен 1 миллиард сом. Биз, бюджеттен бизнеске мынча каражат бере алмак эмеспиз, бирок бул ошончо суммада финансылык колдоо болуп калды.
Мага Армениянын кредиттик ставкаларды субсидиялоо боюнча тажрыйбасы жакты. Жакынкы мезгилде бизде бул маселе каралмакчы, бул өзгөчө айыл чарбасына керек.
Негизинен суу-энергетикалык маселелер
козголду
Өкмөт башчыларынын жыйы-
нынан кийин КРнын Премьер-министри И. Чудинов Тажикстандын Премьер-министри Акил Акилов жана Казакстандын Биринчи-вице-премьер-министри Умирзак Шу-кеев менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алар боюнча
И. Чудиновдун пикири төмөндөгүдөй болду:
- Тажикстандык премьер менен жолдорду куруу, транзиттик коридорлор боюнча пикир алышып жана Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон Айгүл-Таш - Самат электр берүү линиясы маселесин талкууладык, - деди И. Чудинов. - Тажикстандык тарап линия үчүн жер берүү маселесин чечип койгону мени кубандырды. Эгерде башталып калса, курулуш бир жыл ичинде бүтүрүлмөкчү.
Ал эми Казакстандын биринчи-вице-премьер-министри менен газ, суу-энергетикалык маселелер, маданият чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча пикир алыштык. Албетте, негизинен суу-энергетикалык маселелер козголду. Бул Кыргызстандын Премьер-министринин алдыда болчу Казакстанга иш сапарынын алдында өзгөчө мааниге ээ. Биз бүгүн маселелерди аныктап, жумушчу топторун дайындап, эгерде кандайдыр-бир чечимдер анык болбосо, аларды аныктап алуубуз керек болчу.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу",
Бишкек - Астана - Бишкек