, 26.05.09 - 5-бет:
  Ала-Тоо аймагында

Жоопкер мекемелер аныкталды
"Вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаеванын төрайымдыгында Өкмөткө караштуу социалдык жактан маанилүү жана өзгөчө жугуштуу оорулар боюнча көп чөйрөлүү Координациялык комитеттин отуруму өткөрүлүп, анда быйыл аткарылчу иштердин планы, аймактык комитеттер жөнүндө жобо, "Туберкулез" компонентин каржылоого сырттан каражаттарды таратуу жөнүндө маселелер каралып, 2009-жылдын иш пландары, Координациялык комитеттин аймактык комитеттери тууралуу жобо, СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүүгө Глобалдык фондудан каражаттарды суроо жөнүндөгү арыздар бекитилди.
Андай иштерди аткаруудагы негизги реципиенттер катарында мамлекеттик чөйрөдөн: Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси, өкмөттүк эмес чөйрөдөн: Кыргызстандын аялдарынын конгресси, "Чыгыш-Батыш" СПИД фонду, "Туберкулез" компоненти боюнча саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борбору табылды.

Жапон маданиятынын фестивалы өтөт
Фестиваль "Балдар үчүн бакубат асман" деген темада Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 30-майда болот. Иш чараны Кыргыз-жапон өнүгүү борбору уюштуруп жатат.


Нарында катуу шамалдан бир топ турак-жай жапа чекти
Нарын облусунда катуу шамалдан улам 36 турак-жай жапа чекти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Нарын районунун Кара-Кужур айыл округундагы Лахол, Жер-Көчкү, Туура-Суу айылдарындагы бейшемби күнкү болгон катуу шамалдын ылдамдыгы секундуна 25-29-метрди түзгөн. Анын кесепетинен турак-жайлардын 150 даанага жакын шифери жараксыз болуп, үйлөрдүн айнектери талкаланган. Ошондой эле сарайлардын жана кампалардын 200 даанага жакын шифери иштен чыккан.

Кымыздыктын тамырын жыйнаган жаран кармалды
Жалал-Абад аймак аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын инспекторлору тарабынан Жалал-Абад шаарындагы ГП "Темир-Жолдун" товардык станциясында МАЗ маркасындагы №Д 30-42 W машинасынан болжол менен 30 тонна (910 кап) кымыздыктын тамырын темир жол вагонуна жүктөп жаткан жеринен Ж.Абышева кармалды.
Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамынын 11 статьясы бузулгандыгы боюнча Багыш айыл округунун тургуну Жазгүл Абышева айыпталып, иши шаардык сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз катчысы Айнура Тогузакова маалымдады. Анын пикирине караганда кымыздыктын тамырын казып алуу жер кыртышынын бузулушуна алып келет.

К.Бобуловдун ысымы көчөгө коюлат
Депутаттар "Көрүнүктүү кыргыз адабиятчысы, акын, жазуучу жана
коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алышты. Депутат Иса Өмүркулов токтомдун демилгечиси болуп чыкты. Кабыл алынган токтомдо Өкмөткө К.Бобуловдун 75 жылдыгына туш келтирилген чараларды уюштуруу, анын ысымын Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине берүү, чыгармаларынын жыйнактарын басып чыгаруу жөнүндөгү маселелерди кароо тапшырылды.
К.Бобулов кыргыз тилинин жана улуттук адабияттын өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон. Ал 2010-жылы 75 жашка чыкмак.

АКШ кинолорунун фестивалы
Кыргызстанда АКШ документалдык кинофестивалы өтүүдө. Анын расмий ачылышы 24-майда Бишкектеги Кино үйүндө өттү. 28-майга чейин созула турган фестивалды АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Кыргызстан кинематографисттер союзу уюштурган.
Маалыматка ылайык, фестивалда АКШда 2006-2008-жылдар аралыгында тартылган мыкты документалдык фильмдер көрсөтүлөт. Алсак, белгилүү америкалык документалисттер Маргарет Браун менен Харрисон Инглдын эмгектери бар.




  Аалам алкагында

Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөрдү
Түндүк Кореянын расмий билдирүүсүнө караганда, кечээ ал жер алдындагы өзөктүк сыноону ийгиликтүү өткөрдү. Коңшу Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак бул окуядан соң кырдаалды талкуулоо үчүн өлкөнүн улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын чакырды.
Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, сыноо өлкөнүн өзөктүк коргонуу кубатын чыңдоо үчүн өткөрүлдү жана жарылуунун күчү 2006-жылдын октябрында болгон сыноодон чоң болду.
АКШнын Геологиялык кызматы Түндүк Кореянын аймагында кубаты 4,7 баллды түзгөн жер титирөөнүн катталганын билдирди. Бул сыноонун белгиси болушу мүмкүн.
Улуттар уюму санкцияларын күчөткөнүнө жооп иретинде өзөктүк сыноо өткөрөрүн Түндүк Корея бир нече аптадан бери эскертип келген. Санкциялар Пхеньян апрелде баллистикалык ракетасын учургандан кийин киргизилген эле.

"Тамил жолборстору" жолбашчысы өлгөнүн моюнга алышты
Шри Ланканын өкмөтү чейрек кылымга созулган согуштан соң "Тамил жолборстору" тобунун согушкерлери толук талкаланганын өткөн аптада жарыялаган эле. Ошондой эле "Тамил жолборсторунун" жолбашчысы өлтүрүлгөнү кабарланып, теледен анын сөөгү көргөзүлгөн. Аталган топ ишемби күнү "алмашкыс" лидери Веллипуллай Прабхакаран каза тапканын моюнга алуу менен ал шейит кеткенин белгиледи. Тамилдер ага катар жолбашчысынын урматына бир апта аза күтүү жарыялашты. Маалыматтарга караганда, Прабхакаран 17-майдагы уруш учурунда мерт болгон.

Талибан согушкерлеринин мизи кайтууда
Пакистан армиясы Сват өрөөнүндөгү башкы шаардын "маанилүү аймактарын" ээледи. Армия командачылыгынын айтымында, аскерлер Талибан согушкерлеринен Мингора шаарынын "маанилү аймактарын" тартып алды. Мингора өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүнүн башкы шаары. Армиянын билдиргенине караганда, кеминде беш согушкер жок кылынып, он төртү туткундалган.
Талибан согушкерлери быйыл февралдагы тынчтык келишиминен соң өрөөндүн айланасындагы райондордо өз көзөмөлүн орнотууга аракеттенип, а түгүл башкалаа Исламабаддан жүз чакырым аралыкта жайгашкан аймакка чейин кирип келген эле.
Улуттар уюмунун эсебинде уруштардан улам Сват өрөөнүнөн 1 миллион 700 миңдей адам качууга аргасыз болду.

Израиль эмнеге "иренжиди?"
Израиль орус тышкы иштер министри ХАМАСтын лидери менен жолукканына "абдан иренжиди". Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун атынан жасалган билдирүүдө айтылат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ХАМАСтын сүргүндөгү жолбашчысы Халед Мешаал менен ишемби күнү Сирия борбору Дамаскиде жолуккан эле. Жолугушуудан соң орус телесине берген интервьюсунда Лавров ХАМАС быйыл январда Газа секторуна жасалган чабуулдан кийин көбүрөөк реалдуулукка ыктай баштаганын белгиледи. Орусия - Жакынкы Чыгыш боюнча ортомчулардын төртилик тобунун Хамас менен мамиле кылган жалгыз мүчөсү жана быйыл жөөт -палестин чатагын жөнгө салуу боюнча Москвада конференция өткөрүүнү көздөөдө.

Глобалдык жылуулукка
каршы күрөш
Даниянын баш калаасы Копенгагенде, ишкерлердин конференциясында сүйлөгөн сөзүндө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн баарын абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууга ынандыруу зарылдыгын белгилөө менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн бул ишке өз салымын кошууга чакырды. Учурда Копенгагенде климаттын өзгөрүүсү боюнча бизнес саммит өтүүдө.

Тегерандагы саммит
Жекшембиде Тегеранда Ооганстандын, Пакистандын жана Ирандын президенттеринин саммити өттү. Ирандын лидери Махмуд Ахмадинежад, Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана Пакистандын лидери Асиф Али Зардари үч өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык жана талибдерге каршы биргелешип күрөшүү өңдүү маселелерди талкуулашты. Мындан сырткары Ахмадинежад менен Зардари Ирандан Пакистан жана Индияга жетчү газ куурунун курулушу тууралуу сүйлөшүштү.

Мароккодо 41 киши тебелендиде калды
Марокконун ордо калаасы Рабатта концерт маалында тыгылыштан 11 адам каза таап, дагы 30га жакыны жарат алды. Маалыматтар боюнча ишемби күнү белгилүү ырчынын концертин көрүү үчүн жергиликтүү стадионго 70 миңге жакын киши чогулган. Элдин көптүгүнөн тосмо кулап, 5 аял, төрт эркек жана эки бала кишилердин тебелендисинде калып көз жумушту.