Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_4.htm on line 2


п»ї
  кыргыз Өкмөтүнүн Түркия Республикасына болгон
карызынын мөөнөтү 33 жылга узартылган

Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"
(Башталышы 3-бетте)
Анын үстүнө глобалдык кризиске байланыштуу дүйнөлүк соода конъюнктурасындагы өзгөрүүлөрдөн уламбы, бир катар позициялар боюнча товар жүгүртүү көлөмү азайып да кеткен. Түркия биз үчүн КМШ чегинен сырткары өлкөлөр ичинде ири инвестор катары саналат. Ошентсе да, кийинки жылдары инвестиция көлөмү көз көрүнөө
азайып баратканы байкалат. Бул бир чети дүйнөлүк кризистин таасиринен болсо, экинчиден, Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаалдын бир кылка болбой жатканынан деп айтсак болчудан. Үч жыл бою аягы басылбаган митингдер, жөө жүрүштөр, ич ара араздашуулар, кыязы, инвестиция салгысы келген өлкөлөрдү да, ири ишкерлерди да чочутуп койду көрүнөт. Мына ушундайда ички ынтымактын, бейпилдиктин куну таасын билинет тура.
Кандай болгон күндө да, биз - кыргызстандыктар түркиялык боордошторго ыраазы экенибизди айта кетүү керек. Айталык, аскерий жаатта бизге Түркия жыл сайын миллион долларлык гранттарды берип келатат. Биз бул сумманы Куралдуу күчтөрүбүздү кайра түзүүгө жумшап жатабыз. Мындан тышкары экологиялык долбоорлорду айтсак болот. Акыркы кездеги жер силкинүүлөрдөн жапа чеккен жерлерге түркиялык достор биринчилерден гуманитардык жардамдарын жөнөтүүдө.
Арийне, эки мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуунун деңгээлине мен канааттанарымды айтууга тийишмин. Буга ТҮРКСОЙдун алкагындагы ишчаралар күбө боло алат. Түркия башкалаасы Анкарада атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атындагы парктын ачылышын биз Кыргызстанга жасалган өзгөчө ишаарат катары кабыл алдык. Алдыда Кыргызстандын Түркиядагы, андан кийин Түркиянын Кыргызстандагы маданий күндөрү өткөрүлмөкчү.
Мындан тышкары биздин жүздөгөн жаштарыбыз Түркиянын өзүндө билим алып жатышат. Алардын көбү эки тараптуу келишимдердин негизинде мамлекеттик стипендианттар болуп саналышат. Түрк өкмөтү дагы кошумча окуу орундарын бөлүп берип жатканы да мага белгилүү.
Биз билгенден Түркия Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң маанилүү өнөктөшү катары эсептейт. Өз кезегинде Түркия менен алака-катышты жана стратегиялык шериктештикти жогорку деңгээлге жеткирүү биздин улуттук мүдөөлөргө туура келерин белгилегим келет. Улуттук мүдөөлөр деп мен өлкөбүздүн мамлекеттик эгемендигин чыңдоо, коопсуздугун камсыз кылуу, улуттар аралык ички ыркты жана тынчтыкты сактоо, дүйнөлүк кризистен аз жоготуулар менен чыгуу өңдүү орчун маселелерди айтып жатам.
Абдуллах Гүлдүн жергебизге келиши эки элдин кылымдык тарыхый жана маданий тамырыбызды дагы бекемдейт деп ишенем. Бул, мындайча айтканда, бир боор туугандардын кезектеги көрүшүүсүн элестетет.
- "Жакшы көргөн үч нерсени айтыңыз?" деп Абдуллах Гүлдөн сураганда, ал "Саясат, Айтматов жана футбол" деп жооп берди. А Сиз кайсы үч нерсени атаар элеңиз?
- Мен саясатты өтө жакшы көрөм деп айта албас элем. Өзүм жашыман өндүрүш менен алектенип, көбүнесе жумушчулар менен эриш-аркак иштегендиктен, менин жандүйнөм, кулк-мүнөзүм экономикага байланып калган десем болот. Мага биринчи кезекте калкыбыздын токчулугу, чөнтөгүндө окуганга, эс алганга, кенен жашаганга каражаты жетиштүү болгону артык.
Албетте, мамлекет башчысы болгон соң саясат менен күн сайын алектенүүгө туура келет. Анын үстүнө мамлекетибиз али түптөлүү жолунда турганда, анын институттары күчтөнө электе абдан тыкандык менен саясат жүргүзүү зарылдыгы туулат экен. Саясат дегенди мен өлкөбүздүн чыңдалышы, экономикабыздын байманасынын артышы деп түшүнөм. Башка кызыкчылыктар бул чоң максаттарга эч качан тоскоол болбоого тийиш.
Ал эми жайчылыкта мен аңчылыкты, атка минип ары-бери бастырганды, кээде бильярд ойногонду жакшы көрөм. Тилекке каршы, азыркы та-таал шартта мындай көңүл ачууларга убакыт дээрлик жетпей калды. Эмне кылабыз - президенттик тагдыр ушул экен. Мамлекеттик иштер үчүн жеке өмүрдүн бир топ кызыкчылыктарынан кечүүгө туура келүүдө.
Соңунда айтарым: Түркия бардык жагынан төп өнүгүп жаткан,
башында айтканымдай, дүйнөлүк саясатта олуттуу орду бар өлкө. "Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети" деп кыргыз калкым айткан
сыңары, биз түбү тектеш калктын мыкты касиеттерин үйрөнүп алсак, азыркы глобалдык атаандаштык күчөгөн заманда керекке жарайт эле. Мисалга алсак, Түркиянын өз мамлекетин, анын символдорун барктоо, сыйлоо салты мамлекеттүүлүктүн институттары калыптанып келаткан биз сыяктуу жаш мамлекеттерге өрнөк боло алат эле.
Түркиянын рынок менен адамдык алака-катыштар, бийлик менен демократтык институттардын тең салмак алака-катыш системасы, мамлекет менен диндин ич ара ыркка келүүсү бизге сабак боло алмак.
Ал эми Түркияга, түрк элине кааларым: бөөдө кырсыктардан алыс болсун, бейпилдик, токчулук жана адамдык кадыресе бакыт тилеймин. Тарыхтын жазмышы менен далай азап-тозоктуу жолдорду кезип келип, татыктуу орунга жеткен түрк эли жакшылыктарга акылуу.




  Достукта биздин күчүбүз

Түрктөр менен түркүгүбүз түптүү
Байланыштын башталышы
Кыргызстан менен Түркиянын ортосун-
да дипломатиялык мамиле 1991-жылдын 24-декабрында түзүлгөн. Түркиянын
элчилиги Кыргызстандагы өзүнүн ишмерчилигин 1992-жылы апрелде баштады. 1992-жылдын октябрында болсо Анкарада Кыргызстандын элчилиги ачылып, өлкөбүздүн чет
өлкөлөрдөгү алгачкы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн болуп калды. 1994-жылдын апрелинде Стамбулда Кыргыз Республикасынын Генералдык консулдугу ачылды.
Саясатта ой-санаабыз бирдей
Түркия менен Кыргызстандын саясый
чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелери интенсивдүү мүнөзгө ээ. Кыргызстан Түркияны Борбордук Азиядагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири катары карап келүүдө.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөн мезгилинен бери саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү маселелерди жөнгө салуучу 118 келишимге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коюлган.
2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциядан кийин Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кызматташуунун жаңы барагы ачылды. Түркиянын Премьер-министри Р.Эрдоган башында турган өлкөнүн өкмөтү демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган кыргыз элинин аракеттерин колдоду. 2005-жылдын майында Түркиянын тышкы иштер министри А.Гюль Кыргызстанга иш сапары менен келди. Иш сапардын учурунда бир катар маанилүү саясый жана экономикалык проблемаларды биргелешип чечүү боюнча маанилүү сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
2006-жылдын 12-февралынан 16-февралына чейин Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Түркияга расмий иш сапар менен барды. Иш сапардын учурунда Түркиянын саясый жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелери жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Кыргыз Республикасынын Париж клубунун алкагында Түркэксимбанктын алдындагы карызынын төлөө мөөнөтүн узартуу маселесин талкуулоо сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринен болуп калды. Тышкы карызыбызды төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө келишимге 2006-жылдын мартында кол коюлду.
2006-жылдын 5-6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин Түркияга жасаган расмий иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктагы маанилүү окуялардан болуп калды. Иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун ортосундагы бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.
Маданият музейинен орун берилет
Маданий-гуманитардык кызматташуу
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун биринен болуп калды.
2005-жылдын июнунда Түркиядагы Ван облусунун Улуу Памир айылында Түркияда жашашкан этникалык кыргыздардын 4-искусство жана маданият фестивалы болуп өттү. Аны этникалык кыргыздардын "Улуу Памир" коому менен Түркиядагы биздин өлкөбүздүн элчилиги биргелешип уюштурушту. Жергиликтүү китепканага түрк жана англис тилдеринде жарык көргөн Кыргызстан жөнүндөгү бир катар китептер, ошондой эле кыргыздын улуттук кийимдери белекке берилди.
2006-жылдын июнунда балдардын "Байчечекей" бий тобу Түркиянын шаарларынын биринде өткөрүлгөн балдар музыкасынын фестивалына катышты.
Кыргыз элчилигинин Караман облусу менен болгон активдүү кызматташтыгы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Мында жыл сайын түрк тилинин майрамы жана Юнус Эмренин элесин эскерүү аземи өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын делегациясы катышууда.
Кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана каада-салты менен кеңири тааныштыруу максатында Анкара шаарынын Кечиорен райондук администрациясынын жетекчилиги кыргыз тарабына 120 чарчы метр аянтты ээлеген түрк дүйнөсүнүн маданиятынын музейинен орун бөлүп берүүнү сунуштады.

Түркияда билим алуу абройлуу
Кыргызстан үчүн Түркиянын жогорку окуу жайларында жаш адистерди даярдоо зор мааниге ээ. Азыркы мезгилде Түркияда Кыргыз Республикасынын 1700дөй жараны окуп жатат. Алардын 759у эки тараптуу долбоордун чегинде мамлекеттик стипендия алып турушат. Өкмөттөр аралык келишимдин чегинде 2005-2006-окуу жылына Түрк өкмөтү тарабынан кыргызстандыктарды Түркияда окутуу үчүн 176 орун бөлүнүп берилген. Ошондой эле Түркиянын жогорку окуу жайларындагы декоративдик-дизайн жана көркөм моделдештирүү факультеттеринде окуу үчүн Бишкектеги кыз-келиндердин кесипчилик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө кошумча 26 орун бөлүнгөн.
1999-жылдан баштап 2006-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндөгү келишимге ылайык 2 миң 250 кыргызстандык бюджеттик негизде Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Байланыштардын башаты - экономика
Соода-сатыктын жана түрк инвестициясынын көлөмүн көбөйтүүгө көмөк көрсөтүү максатында Түркиянын соода-өнөр жай палаталары менен биржаларынын ассоциациясы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңеши, Түркиянын өнөр жайчылар жана бизнесмендер ассоциациясы, чакан жана орто ишканалардын иштери боюнча башкармасы жана башка түзүмдөр менен максаттуу иш алып барылууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Түркия Республикасына болгон АКШнын 49,7 млн. доллар өлчөмүндөгү карызын төлөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча иш жүргүзүлүп, 33 жылдын ичинде төлөп берүү, анын ичинде үч жылын жеңилдетилген түрдө төлөө маселеси оң чечилди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов менен Түркия Республикасынын Премьер-министри Р.Эрдогандын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча 2009-2011-жылдарга эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын узак мөөнөттүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттин планына кол коюлду. Эки өлкөнүн финансы министрлери тарабынан финансы министрликтеринин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өз ара кызматташуусу да өркүндөөнүн үстүндө. Буга 2008-жылдын 31-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин расмий иш сапарынын алкагында "Кыргызстан-Түркия" бизнес-форумунун өткөрүлүшү күбө. Бул бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын соода-өнөр жай палатасы менен Түркия Республикасынын соода, өнөр жай палаталары менен биржаларынын ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бизнесмендердин кыргыз-түрк ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Гранттык жана техникалык жардам алууга көмөк көрсөткөн негизги ведомстволордун биринен болуп саналган эл аралык кызматташуу боюнча түрк агенттиги менен кызматташуу улантылууда. Бул агенттик экономика, медицина, айыл чарбасы, бизнес, соода, билим берүү, маданият жана социалдык колдоо көрсөтүү чөйрөлөрүндө кызматташуу долбоорлорун жана программаларын жүзөгө ашырат. 1992-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилде Түрк агенттиги тарабынан бөлүнүп берилген акча-каражаттарынын жалпы суммасы АКШнын 18 миллион долларынан ашкан.
Эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода жүгүртүүсү 2008-жылда АКШнын 135,9 млн. долларын түзүп, 2007-жылга салыштырганда 45%га арбын болгон. Түркияга болгон экспорттук товар коюулар АКШнын 44,8 миллион долларын түзгөн. Бул 2007-жылга салыштырганда 4,4 пайызга көптүк кылат. Ал эми импорттоо АКШнын 91,1 миллион долларын түзүп, 79%га көбөйгөн.
Д.ӨМҮРЖАНОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??