Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_3.htm on line 2


п»ї

  РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР

Түркия Президенти Абдуллах Гүлдүн Бишкекке расмий иш сапары алдында Бишкекте чыгуучу "Zaman Кыргызстан" гезити Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиев менен кеңири маек уюштурду. Бул маекте эки өлкө ортосунда алака-катыштардын мааниси камтылган. Интервьюну айрым кыскартуулар менен жарыялайбыз.

Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"
- Түркия Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден таанып, боордоштук колун сунгандардан. Эки өлкөнүн тез тил табышып кетишинин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Чынында эле советтик курамдан түрк тектүү мамлекеттер өз бетинче бөлүнүп чыгары менен Түркия боордош өлкөлөрдү биринчилерден таанып жана алгачкы насыя каражаттары менен каралашкан. Ал кезде дөө-шаа советтик державанын ыдырашына байланыштуу экономикасы бүлүнүүгө туш болуп, катуу каржалып турган биз сыяктуу жаш мамлекеттерге мындай колдоо абдан зарыл болгон эле.
Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башындагы Кыргызстандын абалын мен кең дүйнөгө жаңыдан кадам шилтей баштаган кыялкеч улан сыяктуу элестетем. Анткени, тыш дүйнө менен өз бетинче дипломатиялык алака-катышы болбогон биз үчүн баары эле жомоктогудай көрүнсө керек. Ошентип, сырт дүйнөгө, биринчи кезекте Батышка биздин жаш мамлекет дал Түркия аркылуу өз чыйырын салып баштаган. Дипломатиялык тажрыйбасы дээрлик жокко эсе биз сыңары өлкөлөрдүн сырт дүйнө менен дипломатиялык, соода-экономикалык жана саясый байланыш түзүүсүндө Түркиянын опол тоодой ролун биз унутууга тийиш эмеспиз.
Кыргызстан менен Түркиянын бат ымала күтүшкөнүнүн сыры - түпкү тарыхый жана маданий тамырыбыздын бир экендигинде. Карт тарых ар кайсы улутту, элди ар жакка чайпаса да, тилдеги, маданияттагы жана кулк-мүнөздөгү окшоштуктар, жалпылыктар баары бир билинбей койбойт.
Түркия менен Кыргызстандын алака-катыштары тең укуктуу негизде жүрүп жатканын белгилегим келер эле. "Акыл айтуу", "жол көрсөтүү" өңдүү "улуу агалык" мамиле кылуу мандеми бул тектеш мамлекеттин саясатында жок десек да болот. Буга байланыштуу Түркиянын мурдагы Президенти Сулейман Демирелдин бир сөзү эске түшө калат. "Жаңы көзкарандысыздыкка жеткен түрк өлкөлөрүнүн мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына, экономикалык кыйынчылыктарды жеңип, рынокко биротоло киришине кол кабыш кылууну Түркия өзүнүн саясый жана ыймандык парзы деп эсептейт" деген эле Демирель. Бул оюн андан ары улантып Демирель ага "бул алакалар тең укуктукка негизделерин, ошондуктан "улуу" деген да, "кичүү" деген да болбосун" баса белгилеген. Дал ушул жобо Түркиянын Кыргызстанга карата тең укуктуу жана сырдана, ошол эле кезде боордоштук сезим менен мамиле кылууга негиз берсе керек.
- Азыркы учурда Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча алака-катыштарын кандай баалайсыз? Эки өлкө ортосунда байланыштын үзүрүн арттырыштын кайсы багыттарын атайт элеңиз?
- Мен өзү апыртып же сыйдалап сүйлөгөндү анча жактырбайм. Маданий-гуманитардык жагын айтпаганда, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдө эки өлкө ортосунда мамилелер деңгээли мени анча алымсындырбас эле. Мисалы, товар жүгүртүү көлөмү 2008-жылы 136 миллион доллар чегинде болуп, мурдагы жылдарга салыштырганда 40-45 пайыз өсүштү берген. Бирок бул көзгө бараандуу көрүнгөнү менен Кыргызстандын тышкы соодасында салмактуу орунду ээлей албай жатпайбы. Ток этер жерин айтканда, соода жаатындагы азыркы абал эки жактын кудуретинен кыйла ылдый болуп жатканы өкүндүрөт.
(Уландысы 4-бетте)




Бардык сүйлөшүүлөр мамлекеттик тилде өтөт
26-28-майда Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүл Кыргыз Республикасында расмий иш сапары менен болот.
Иш сапардын жүрүшүндө Президент Абдуллах Гүл Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин Төрагасы Айтибай Тагаев, Премьер-министр Игорь Чудинов менен жолугушуп, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышып, Бишкек шаарынын бир катар жогорку окуу жайларында жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болмокчу.
Президенттин катчылыгынын сунушу боюнча бардык иш чаралар мамлекеттик - кыргыз тилинде өткөрүлмөкчү.
Өз маалыматыбыз
Колдоого
татыктуу демилге
Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү ар бир атуулдун көкүрөгүндөгү көйгөй болуп келе жатканы баарыбызга белгилүү.
Жакында жакшы кабар уктум. Президенттин катчылыгы расмий жолугушууларды, жыйындарды мамлекеттик тилде өткөрүүнү демилге кылып чыгышыптыр.
Түркиянын мамлекет башчысы Кыргызстанга келгендеги жолугушууну жалаң кыргыз тилинде өткөрүү даярдалып жатканын буга мисал кылсак болот. Бул эң жакшы көрүнүш. Муну колдоо керек. Эгерде бул иш-чара жалпы колдоого алынып, иш кагаздарынан бери мамлекеттик тилде жүргүзүлсө мамлекеттик тилибиздин чыныгы жүзү таанылып, атуулдук ар-намысыбыз бийиктейт деген ойду айткым келет.
Тургунбай САДЫКОВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры





Ийгилик дайыма аракетчилдерди коштоп жүрөт
Кечээ Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти Курманбек
Бакиев Чүй облусунун Чыгыш бөлүгүндө иш сапары менен болуп, Токмок шаарындагы орто мектептердин мыкты бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту.
Өздөрүнүн акыркы
коңгуроо расмисин өткөрүп жаткан бүтүрүүчүлөр менен жолугушуудан мурда мамлекет башчысы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл округунда болуп, андагы жаштардын маданий борборун ачуу аземине катышты. Айылдык округдун башчысы Нурмухамед Баяхуновдун айтымында, айылда 15 миңге жакын адам жашаган менен жаштар бош убакыттарын көңүлдүү, пайдалуу өткөрүүгө эч кандай жай болбогондуктан, алар бардык мүмкүнчүлүктөрүн ушул жайды жаратууга жумшашыптыр. "Биз бул борборду жок жерден жараттык, пайдубалынан куруп чыктык, - дейт ал. Бизге айылдык округдагы жаштар аябагандай чоң жардамдарын көрсөтүштү. Айрымдары куруучуларга кошулушуп иштешти. Жалпы пайдалуу аянты 640 чарчы метрлик баасы 9579 миң сомдук борборду бир жылдын ичинде куруп бүтүрдүк. Азыр эки кабаттуу борбордун биринчи кабатында чакан айкидолук спорт зал, англис тилин үйрөнүү боюнча тийиштүү жабдуулар менен жабдылган кабинет, он адамдык компьютердик зал жайгашса, экинчи кабатында фондусу 24 миң томдук китепкана, тренаждык зал бар. Мында бир эле убакта 50-60тан кем эмес адам өз убактыларын максаттуу өткөрүшсө болот".
Мамлекет башчысы борбор менен таанышып чыккандан кийин жергиликтүү бийликтердин жетекчилерине борбордогу иштерди жакшылап уюштуруп, жаштарды көбүрөөк тартууну тапшырды.
Курманбек Бакиев "Токмокавто" акционердик коомунун үстү жабылган сууда сүзүүчү бассейнинде болгондо да ага жогору баа берип, жакшынакай объектини натыйжалуу пайдаланууну суранды.
Бассейн суткасына 100дөн кем эмес адамды тейлөөгө ылайыкталган.
Андан кийин мамлекет башчысы Токмок шаарындагы №12 мектепке барып, андагы акыркы коңгуроо аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү өз алдынча чоң турмушка жолдомо берген өмүрлөрүндөгү өзгөчө эсте каларлык окуя менен куттуктады. Бул мектеп шаардагы гана эмес, республикадагы эң алдыңкы мектептердин биринен болуп саналат. Акыркы жылдарда эле мектептин 40ка жакын бүтүрүүчүсү медалдарга ээ болушса, азыр алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө билимдерин уланты-шууда.
- Мен бүтүрүүчүлөрдүн азыр эки түрдүү сезимди баштарынан кечирип жатышкандыктарын түшүнөмүн, - деди Президент. - Бир жагынан чоң турмуш жолуна чыкканыңыздарга кубануудасыздар, экинчи жагынан көнгөн мектеп, агайларыңар жана эжелериңер, классташтарыңар менен да коштошуу кыйын. Мен да андай сезимди башымдан өткөргөнмүн. Куйбышевде окуп жүрүп, айылга келгенимде дайыма өзүм окуган мектепке барчумун. Мугалимдерге, классташтарыма жолукчумун.
Президент жаш муундарга талыкпай таалим тарбия беришкен мугалимдерге чоң ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, №12 мектепке 10 компьютер, жалпы суммасы 140 миң сомго жакын формалуу кийимдерди, окуу китептерин тапшырды. "Жайкы мезгилди кимиңер каерде өткөрөсүңөр, мейли жайлоодобу, же көлдөбү же үйүңөрдөбү, айтор натыйжалуу өткөрүүгө аракет кылгыла. Кара жумуштан коркпогула, ата-энеңерге жардам бергиле, - деди Курманбек Бакиев. -Аракетчил, тырышчаак болгула. Ийгилик дайыма аракетчилдерди гана коштоп жүрөт".
Мамлекет башчысынын андан кийинки Токмок шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуусу айтылган мектептин жыйындар залында улантылды. №12 мектеп башкаларга чыныгы натыйжалуу эмгектин үлгүсүн көрсөтүүчү мектеп десек болот. Мамлекет башчысы өлкөнүн жетекчилиги билим берүү системасын мезгилге ылайык реформалаганы жаткандыгына токтолуп, турмуштан өз ордун табуу үчүн жаш адамга билим, диплом аздык кыла тургандыгын, ал үчүн дайыма изденип, ар кандай терс сапаттардан алыс болуу керектигине өзгөчө басым жасады. Шаардын эң мыкты бүтүрүүчүлөрү менен Президенттин жолугушуусундагы Курманбек Бакиевдин сөзүнүн негизги өзөгүн: адис болордон мурда адам болууга аракеттенгиле, эч кандай кыйынчылыктардан, сыноолордон коркпогула. Күнүгө өзүндөгү начар сапаттарды жеңип, күнүгө күрөш ачкан адам гана алгылыктуу ийгиликтерге жетише алат деген чакырык болду. Мамлекет башчысынын бирде жогорудагыдай чакырыктарды таштаса, бирде өзүнүн өмүр жолундагы конкреттүү фактыларга токтолуп, протоколдук расмиликтен алыстап, балдары менен пикир алмашып жаткан атадай сүйлөгөнү бүтүрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды десек болот. "Ар бир мектеп окуучусу баа үчүн эмес, терең ишенимдүү билим алуу үчүн окуй тургандыгын түшүнүүсү керек, - деди Курманбек Бакиев,- кесип тандаганга өзгөчө жоопкерчиликте мамиле жасоо зарыл. Тандаган кесибиң өзүңө жаккандай, канааттануу сезимине ээ кылгыдай болушу керек".
Президент бүтүрүүчүлөрдү башка тилдер менен кошо эне тилди да терең үйрөнүүгө чакырды. Жолугушуунун аягында ага катышкандар Президент Курманбек Бакиев менен бирге сүрөткө түшүштү.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Өз ара кызматташуу өркүндөөдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Малайзия парламентинин депутаттарын жетектеп келген Өкүлдөр Палатасынын Спикери Тан Сри Пандикар Амин Хажи Мулианы кабыл алды.
Жолугушууда Курманбек Бакиев Малайзия өлкөсүнүн Эл өкүлдөрүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоо комитетинин мүчөлүгүнө тандоо мезгилинде Кыргызстанга добуш бергендигине ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар мамлекет башчысы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда кызматташтык тыгыз жүрүп жаткандыгын айтып, өлкөдө насыя берүүдө ислам принциптери киргизилип жаткандыгын айтты.
Эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдоо максатында иштеп жаткан эки тараптуу экономикалык комиссиянын жемиштүү иштөөлөрүнө ишенгенин билдирди.
Тан Сри Пандикар Амин Хажи Мулиа кыргызстандыктардын жылуу кабыл алгандыктарына ыраазы болуу менен эки өлкөнүн ортосундагы алакалар мындан ары жанданаарын, айрыкча, соода, экономикалык, кайра иштетүү, билим берүү, туризм, банк системасында иштеше тургандыктарын баса белгиледи.
Эки өлкөнүн ортосундагы байланыш 1992-жылы башталган. Өлкө башчылары, Өкмөт жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер расмий сапарлар менен бир нече жолу бири-биринде болушкан. Элчиликтер ачылган. 1997-жылдан биргелешкен атайын экономикалык комиссия түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 6 кеңешме өткөргөн. Өткөн жылы Малайзиядан Кыргызстанга 4 млн. АКШ доллары көлөмүндө продукция импорттолгон.
Эл аралык Ислам университетине окуу үчүн жылына кыргызстандык үч студентке квота бөлүнгөн.
Малайзия сырткы соода жүгүртүүсү боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарындагы мамлекет. Ички дүң продуктунун 50%ын тейлөө тармагы берет. Андан башка электрондук жана электротехникалык товарларды экспортко чыгаргандыгы менен белгилүү.
Марип Тайчабаров,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??