Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_2.htm on line 2


п»ї

  Элдин үнү

"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиевге кайрылуу
Урматтуу
Курманбек Салиевич!
Биздин Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө:
Азыркы шартка байланыштуу Россия Федерациясынын аймагында 1.000000го чейин мекендештерибиз убактылуу жашап жана иштеп келишүүдө. Россиянын Азия аймагында (Урал тоолорунан баштап Тынч Океандын жээктерине чейин) орун алган Урал, Сибирь, Ыраакы Чыгыш Федералдык округдарынын аймагында 600.000ден ашуун мекендештерибиз күн кечиришип келүүдө. Бул аймак Россиянын 70 пайызын камтыйт. Азыркы кезде бул жакта Кыргызстан менен болгон эч кандай маалыматтык байланыш жок. Мекендештерибиздин бир аз бөлүгү шартка байланыштуу интернет аркылуу гана байланышып турат, ал эми негизги катмары Кыргызстан боюнча эч кандай маалымат ала алышпайт. Алышса да, базарларда, курулуштарда оозеки түрүндө же адамдан адамга өтүп, жалган кошулган сөздөрдү гана алууга болот.
Жакында, Кыргызстанда боло турган шайлоо боюнча да, мекендештерибиз эч кандай маалымат ала албай жатышат.
Азыркы Кыргыз жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясат да, түз маалымат жоктугуна байланыштуу, бул жакка бурмаланып жетүүдө.
Ошол себептен биздин сунушубуз - Россиянын Азия бөлүгүнүн үстүндө учуп жүргөн "ЯМАЛ 102 С" спутнигине Кыргызстандын "КТР", "ЭлТР" телерадиокомпанияларын чыгарып, чет жерде жашап жүргөн кыргыз мекендештерибизге көрсөтүп, күндөлүк болуп жаткан жаңылыктар менен камсыз кылууну чечип берсеңиз? Ошондо гана мекендештерибизге Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар эч кандай бурмаланбастан туура жетет эле.
Россия Федерациясынын Красноярск шаарындагы кыргыз мекендештерибиздин атынан:
Амирбек Муратов







Насаатчы да, тарбиячы да
Мен билгенден "Эркин Тоо", "Кызыл Кыргызстан", "Советтик
Кыргызстан" акырында "Кыргыз Туусу" деген аттар менен чыгып келе жатат. Согуштун алдыңкы жылдарында улуу агам колхоз ишине аралашып, комсомол ячейкасынын катчысы болуп иштеп жүргөн. Үйгө алып келген "Кызыл Кыргызстан" гезитин түшүнбөсөм да (башталгыч класста окучумун) чоң-чоң темаларын эжелеп окуп калар элем. Кийин мектептин жогорку класстарында окуган жылдарымда, студенттик кезимде да анча-мынча окуп калчумун. Жогорку окуу жайын бүткөн 1954-жылдан тартып "Советтик Кыргызстан" гезитине үзгүлтүксүз жазылып, такай окуп келгем. Андан байланышымды үзбөгөм. Анын үстүнө өзүм гезиттин (1957-жыл октябрынан) кабарчысы болгонума байланыштуу дайыма болбосо да мезгил-мезгили менен макалаларым басылып чыгып турган. Ырас, 1981-2007-жылдардын аралыгында белгилүү себептер менен макалаларым жазылбай, байланышым болбой калган. Бирок гезитти окуум токтогон эмес. Гезит окубай калсам эле, билбейм, негедир өзүмчө бир жерим бөксөрүп толбой жаткандай сезилчү. Анан качан аны таап окуур замат баягы бөксөм толуп кеткендей туюлар эле. Бул гезиттин терең мазмундуулугу менен жугумдуулугунун таасирдүү күчүнүн касиети болсо керек. Ушу азыр да атайын барып,
киоскалардан гезит сатып алам. Качан барсам да улгайгандарды жолуктурам. Дале окурмандар улгайгандар окуйт деп калам өзүмчө. Кээси гезитке жетпей өксүп кайтышат. Эртерээк барып албасаңыз калбай калат.
Гезит өз беттеринде ар дайым ар кандай жанрлардагы, кара сөз түрүндөгү аңгеме, публицистика, повесть, романдардан үзүндү, ыр, поэмалар, элдик оозеки чыгармалардын бай казыналарынан, көөнө тарыхтан, элдик каада-салт, үрп-адаттардан бери тынымсыз жарыялап, окурман журтуна кеңири тааныштырууга чоң эмгек өтөп жаткандыгы мактоого гана татыйт. Кыскасы, көп тармактуу маалыматтар менен кабардар кылууда өтөгөн эмгеги эбегейсиз зор. "Ушул калыбыңдан жазбай да, талбай кызмат кыла бер!" гана дейбиз. Коомдук турмушта жүз берген окуяларды бурмалабай, кадимки чындыгы менен түз чагылдырып, элге өз маалында жеткирүүдөгү эмгеги ушунчалык бараандуу да баалуу! Анык эл купулуна толгон гезит!
Калыстык үчүн мына муну өзгөчө белгилеп кеткенибиз маанилүү. Бул гезит тээ башынан бүгүнкү күнгө чейин өз алтын уясынан канчалаган таланттарды таптап, тарбиялап, өстүрүп чыгарбады. Коомдук, мамлекеттик ишмерлер, адабият менен искусствонун чеберлери, чыгармачыл инсандар акын, жазуучулар, артисттер ж.б. ушул гезит аркылуу канат күүлөп, туш-туш тарапка учуп кетишкенин айтпасак да жакшы таанып билесиздер. Бул жакшы салт бүгүнкү күндө да байсалдуу улантып келе жатат десек жаңылышпайбыз.
Эмесе, гезитке мындан ары да өзүнө жүктөлгөн, артылган асыл, ыйык да ардактуу милдетин баралына келтире, баралына жеткире аткара берерине ишене берели. Бул гезиттин өзүнүн 85 жылдык мааракесин ушундай ийгиликтер менен белгилерине ишеним артканыбыз болсун!
Аббаз КӨКӨЕВ, ардагер,
Ноокат району, Кеңеш айыл өкмөтү, Куу-Майдан айылы.




Курулуш материалдары арзандайбы, же?..
Бул жарык дүйнөдө жашаган ар бир өзүн адам санаган кишинин ой-максаттары болот
турбайбы. Борборубуз Бишкек шаарында, күн өткөн сайын курулуш материалдарынын баалары кымбаттагандан кымбаттап, элдердин үрөйүн учурууда. Же бул кымбаттоо өз таасирин колунда жок кедей байкуштарга гана тийгизүүдөбү? Ар бир инсан үй-бүлө жакшы бир ой-максат менен жашап, ошол ойлогон нерселерди ишке ашыруу үчүн аракет кылат турбайбы? Буюрса, кыштан чыксак, жаз келсе эле үй-бүлөлүк иш пландарын күзгө чейин бүтүрүүгө тырышып аракет кылат. Бирөө үйүн оңдосо, экинчиси мончо, үй куруп, дубал уруп дегендей ойлору болот. Бирок, тилекке каршы, ойлогон ой-максаттары, курулуш материалдары кымбат болуп ишке ашпай кыйынчылыктар болуп, үй эмес тооккана да кура албай калып, жумушсуздук, кризистин учурунда элдердин каржылык мүмкүнчүлүгү жетпей айлалары кетүүдө.
Себеби, бир кап цемент (50 кг.) 290-300 с., 1 даана шифер 320-340 сом, бир машине шагыл 2,3-2,5 миң сомдон болуп, баалары асмандын башы. Ал эми бир тактай болсо, узуну 3,5-4 метр 300-320 сом, бышык кыштын 1 даанасы 4,5-5 сомдон, шлакоблок 23-25 сомдон болуп мындай баалар анча-мынча колунда жок, карапайым кишилердин эсин оодарып койчудай сезилет. Же бул курулуш материалдарын сатып жаткандарга эч кандай чек жокпу? Же болбосо, буларды чектей турган көзөмөл жокпу? Базар экономикасы ушундай бардак болуп, ар ким өз каалаганын жасап, билген намазын окуй турган заманбы? Президентибиз Курманбек Салиевич жаңы эле шайлангандан кийин бир ай өтүп-өтпөй эле бир топ куруучу материалдардын баалары түшүп, кескин арзандап, бир кап цемент 80-90 с., 1 шифер 100-110 сом, тактайлар 180-190 сом болуп, баалар ылайыкташып, элдер Президентке ыраазычылыктарын билдиришкенин көчөлөрдөн эле угуп жүрчүбүз. Бирок, бул ыраазычылыктар көпкө созулбай, арадан 5-6 ай өтүп-өтпөй, кайра эле мурдагы кымбат бааларга жетип токтоду.
Булардын себеби эмнеде? Карапайым калкка кантип түшүндүрүүгө болот? Бишкек шаарынын көп эле жерлеринде шифер-цементтер сатылат. Бирок, ар жеринде ар кандай баалар, бир жерине барсаң бир кап цемент 290 с. болсо, экинчи жеринде 300-320 деп бирдей эле товарды ашыкча сатканына түшүнбөйсүң. Же ашык баа менен саткандардын товарлары алтын же күмүштүн топурагынын аралашмасы мененби? Көп эле жерде байкадым цемент сатып таразада тартып жаткан жерлерде тим эле карап туруп, күлкүң да, жиниң да келип кетет. Тим эле колдору калчылдап ашык салып жибербейин дегенсип аптекадай кылып так тартат, ошого жараша тарткан таразалары да так, туура болсо. Эми элдердин бир гана үмүтү Өкмөттөн гана калды.
Абдылда УМАРОВ





Мындан эки жыл мурда Президенттин "Ардагер" деп аталган медалы уюштурулган эле. Анын жобосуна ылайык, аталган медаль менен өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген ардагер аксакалдардын мыктыларынын мыктылары сыйланууга тийиш. Албетте, андай ардактуу сыйлыкты көкүрөккө тагып жүрүш сыймыктуу экени талашсыз.
"Ардагер" медалы эмне болду?
Бирок, ошондон бери өткөн мезгил аралыгында аталган медаль менен сыйлангандарды уга да, көрө да элекпиз. Андыктан, эмне үчүн ушул кезге чейин ошол медаль менен сыйлангандар жок деген суроо түйшөлдүрүп келет мени. А балким, аны менен сыйлангандар бардыр? Эгер андай сыйлангандар болсо, аны мен билбей калгандыгым үчүн кечирим сураймын.
Ал эми, чын эле сыйлангандар жок болсо, балким, ал медаль кандайдыр бир себептерге байланыштуу жасала элек болушу да мүмкүн. Ошондой болсо да, атайын президенттик "Ардагер" медалы уюштурулгандан кийин, эртедир-кечтир ардактуу аксакалдарга, байбичелерге берилери турган иш дечи.
Ушуга байланыштуу, аталган медалдын жобосуна кошумча киргизилсе дурус болчудай. Айтайын дегеним, ошол сыйлык мамлекет башчысынын атынан берилгендиктен, кандайдыр бир артыкчылык стимул коштолуп берилсе, анын кадыр-баркы кыйла эле жогору болуп, кийинки муундарды ата мекенге ак кызмат өтөп, өзгөчө эмгек сиңирүүгө үндөмөк.
Мисалы, ошол "Ардагер" медалынын ээси президенттик стипендияга талапкердик укугун алса, же шаардын же айылдын "ардактуу жараны" наамы ыйгарылса, ошондой эле, айталы, коммуналдык тейлөө жагынан жеңилдиктер берилсе, кыскасы кандайдыр бир шыктандыруучу стимул коштолсо жакшы болор эле.
Т.САРБАГЫШЕВ,
Бишкек шаарынын тургуну




Бишкекке жаңы ТЭЦ керек
Электр энергиясы колдогу алтын. Колдо бар алтындын баркы жок кылбай, биз аны баркташыбыз керек. Казакстан болсо электр тармактарын Бразилияга сатып, кыйрап бара жатканда кайра сатып алышкан. Бирок, биз андан тыянак чыгарбай, ошол эле жолду баскыбыз келет. Мунун себеби эмнеде? Акчада болсо керек? Акча бат түгөнөрүн да билебиз. А электр энергиясы дайым болуш керек.
Энергия секторунун башына Ильяс Абдулович Давыдов келди. Бул киши иштин көзүн билет. Мурунку Кыргызэнергону кармап жүргөндөрдөн. Муну президентибиз министр кылып туура дайындады. Өзгөчө энергетикада көптөн бери иштеген адамдардын практикасын үйрөнүш, кетирбеш керек.
Эгер Кыргызстанда өндүрүш жанданса, электр энергиясы өтө көп керек болот. Ошондуктан мурунку пландар боюнча курулуп башталгандарын бүтүрүү керек. Мисалы, Бишкектеги, Жалдагы ТЭЦтерди Камбар-Атага окшотуп, өзүбүз курушубуз керек.
Бишкекте кышкысын бир жаңы ТЭЦ, бир эски ТЭЦ иштеши керек. Эски ТЭЦ 1955-жылдан бери иштеп келет. Жаңы үйлөрдү жылытууга кудурети жетпейт. Жаңы курулган үйлөргө кыймылдаткыч же менчик буу казандарын күрүлдөтүп түтөткөнчө, бир жерден түтүн чыксын. ТЭЦте болсо түтүндүн карасын автоматтар менен тазалатып чыгарат, бир жерден ак түтүн чыкканы түзүкпү же миңдеген майда жылыткычтардан түтөгөнү түзүкпү? Ошондуктан Жалдагы ТЭЦтин тургузулушу абадай эле керек. Майда ГЭСтерди да, күндүн жылуулугун пайдаланышты да бир убакта элдерге үйрөтүү зарыл.
Мына И.Давыдов Казакстандын энергетиктеринин биз Орто-Азиялык алкактан чыгабыз дегенинен коркпой эле, биз деле бөлүнүп кетебиз деп, Токтогулдан келген 500 кв. линияны Жамбулдагы 500 кв. подстанцияга киргизбей, түз эле Чалдоварга алып кетти эле, Казакстан кайра кошулууга аргасыз болду. Кыргызстандан эки линия Казакстанга кетет, бири 500 кв. экинчиси 220 кв. линиясы Кеминден Алма-Атага кетет. 35 кв. 10 кв. линияларды эсептебей эле коелу. Бул линиялар боюнча электр энергияны алганы үчүн Казакстан бизге көмүр бериши керек. Өзбекстан менен деле ошондойбуз. Суу жана электр энергия Кыргызстандан. Эми мунун эбин жолдош И.Давыдов табат деп мен толук ишенем. Биз алга жылышыбыздын бирден-бир себеби бул электр энергия жана суу менен толук камсыз болушубуз зарыл. Ал үчүн мурунку башталган иштерди да унутпоо керек. Мисалы, Нарын менен Ысык-Көлдө да электр энергиясы тартыш. Ал жактарда да өнөр жайы токтоп турат.
Сары Жаз деген жерде аллюминий кени бар, анын суусу Кытайды көздөй агат. Эл аралык конвенция боюнча жарымы Кыргызстанга таандык. Аны бери буруп, ага ГЭС салуу, суусу азайып бара жаткан Ысык-Көлгө суусун буруу жолу жана Токтогулдан экинчи 500 кв. электр линиясын алып келүү мурун эле каралып, ага даярдыктар бар эле. Мына ошону жандандыруу дагы зарыл деп эсептейм. Ушундай зарыл болгон иштерге Кыргызстандын энергетиктери менен суучулары жарайт деп ишендире аламын.
Бурулбүбү ЖУМАШЕВА,
инженер-энергетик





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??