Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_16.htm on line 2


п»ї

  Тереңдик уюгандай каракөгүш,
Назымдын көзү болбо, Кара деңиз?!

Май айынын башында Түркиянын Эскишехир шаарында бир апта ыр майрамы болуп өттү. Бул майрам он үчүнчү кылымдын аягы менен он төртүнчү кылымдын башында түрк маданиятына чоң салым кошкон таланттуу акын Юнус Эмренин туулган күнүнө арналды. Чынында бул ыр майрамы жыл сайын өткөрүлүшү салтка айланып, ага түрк тилдүү элдердин өнөр ээлери чакырылып турат экен.

Түркия кайрыктары
Ыр майрамына бул жолу Кыргызстандан төкмө акын Рахматулла Козукеев менен бирге сапарлаш болуп барып келдик. Түрк элинин көркөм өнөрдү чоң урмат менен карагандыгы бизди ыраазы кылды. Акындар менен ырчылар өтө сыйлуу кабыл алынарын билдик. Майрамдын алгачкы күнү Юнус Эмренин туулган жери Сарыкейде бизче айтканда дубан менен шаардык жетекчилердин бардыгы эл менен түрүлө келип улуу акындын түбөлүк жаткан жайына таазим кылуу менен салтанаттуу ачылышы башталды. Акын тууралуу не бир эскерүүлөр, пикирлер айтылды, ырлары ободо жаңырды. Ошонун баарын угуп олтургандардын бири дагы туруп кетпестен, кол чаап турушту. Сырттан баргандардан кыргыз төкмөсү Рахматулла Козукеевдин Юнус Эмренин ыр майрамын коштогон саламдашуусу, Азербайжандык таланттуу жигиттер Илхам Гулиев Аскер оглы, Фазайыл Оруджов Жафар оглынын жогорку чеберчиликте аткарган ырлары, күүлөрү узакка алакан чаптырды. Ошол эле жерде акындын музейинде, сыйынуучу жайында эл аягы түгөнбөй таазим кылынып турду. Акындын түстүү кагазга чыгарылган бир нече варианттагы китептери таркатылды.
Кийинки күндөрү чоң программадагы концерттер, поэзия кечеси, жолугушуулар өттү. Кыргызстандык төкмөнүн улуттук кийими башкалардан айырмаланып, чет элдиктердин кызыгуусун жаратып, сахнага чыкканда кыргыздын улуттук бейнеси өзгөчө көрүнүп, узакка кол чабышып, сыртта жолукканда кармалап көргөндөрдөн тооп кылгандар болду. "Манас" эпосу, Чыңгыз Айтматов тууралуу сурап жатышты. Кыргыздын байыркы улуу эл экендигин жүрөк менен тааныша тургандыгын билдирип, өзгөчө Крымдык татарлар тууганбыз деп кыйбас сезимдерде жүрүштү.
Канткен менен чыгармачылык сапардын кызыгы элди, жерди көрүү менен коштолуп, көптөгөн таасир алып кайттык. Калган сөздү айтуу үчүн окурман журтчулукка Түркия күндөрү жараткан ырлардын айрымдарын тартуулайм.

Эскишехир
Эскишехир... эски үйлөр, эски тарых...
Көчөсүнөн көчөгө өтүп барып,
Көрүнсө ким көзүбүз чагылышып,
Көңүлүмдө жылт этет учкун жанып.

Түрк атанын урпагы-руху жакын,
Түбү бирге бабалар- ыр устатым.
Токтогулдай топ жарган Юнус Емре.
Эскишехир жараткан улуу акын.

Эли түгөл эскерип, ырдап ырын,
Жети кылым мурдагы акынынын.
Эскишехир майрамдап апта бою,
Обон созуп алтындап көңүл нурун.

Эскишехир сырыңды билген билет,
Өскөн элиң абалтан өнөр сүрөп.
Таланттарга жол түшүп келген мында,
Таңшы комуз, таңшы саз, ырда жүрөк!

Сарыкейде
Акындар чакырылып капкайдагы,
Атайын Сарыкейде ыр майрамы.
Эл келип таазим кылып, гүлгө оронду,
Эмре-улуу акын жаткан жайы.

Арманга сагынычты сүртүп аарчып,
Адамдын жүрөгүнөн жоктур артык.
Крымдык татарлардын урпактары,
"Кыргызым-тууганым" деп боор тартып.

Алыстан көрүп кыргыз ак калпагын,
Унутуп башкаларды турган баарын...
Өпкүлөп колдоруңдан чуркап келип,
Күйүгүп жаш чайыган көзү жалын!

Чындыкта тарых деген тарых тура,
Качанкы баба жолун жарык кыла...
Турса да кылымдардын изи узактан,
Тоскоолдук болалбаган алыс буга.

Адамдан бир өчпөсө сезим өчпөйт,
Тереңде тамырынан көңүл көктөйт.
Алтынды чаң басса да, дат баспастай,
Акыйкат- бир өчпөсө-тарых өчпөйт.

Турмушта болот дешет ылдый, өйдө,
Кусалуу жүрөгүңөр не көйгөйдө?!
Түрк элдер өссүн дейли, бар болгула,
Туугандар сагынычтуу Сарыкейде.

Мейманканада
Мейманкана Юнус Емре атында,
Урмат менен коюлуптур акынга.
Биздикилер кабатында жетинчи,
Бир туугандай тааныш болгон жакында.

Өзүнчө өлкө сымал өнөр ээлери,
Айтса бүтпөй алыс калган эл-жери.
Ырга... сырга толуп, анан бөлмөлөр,
Түндө жымжырт... таңда ойлор эрмеги.

Ойгонгомун, жаагымда алакан,
Асман бүркөө терезени карасам.
Тургандан соң түшүп келсем төмөнгө,
Бүркөө баары, билбептирмин жанатан...

Жерде жатат бирөө түптүз... сүрү өлүк...
Жүрөгүнөн кетти дешти... түбөлүк...
Кайран адам капысынан жыгылып,
Бүткөн окшойт ичер суусу түгөнүп.

Жакындарга жетсе жаман кат, кабар,
Кантээр экен... көздөн ачуу жаш тамаар...
Өзү менен кетсин эми өлчөөсү,
Сапарынан аман кайтсын башкалар.

Жашоо улана берет деген бар нуска,
Ким бар дейсиң өлбөс болгон турмушта.
Жаңы бөбөк төрөлүшүн тиледим,
Орду толуп тирүүлүктүн шул тушта.

Кара деңиз
Кара деңиз кандай алыс туюлган,
Картасынан көрүп жердин, сыйынгам.
Кыйындарды кызыктырып тарыхы,
Кылымдардын чөйчөгүнө куюлган.

Түштө көрүп күндөрүмдүн көбүндө,
Тагдыр экен, келдим сага өңүмдө.
Көпүрөңдөн сүрөт тартып көзүмө,
Конок болдум толкунуңдун төрүндө.
Кемебиздин капталынан чапкылап,
Көбүк чачкан ак жал толкун азгырат.
Стамбулга эркелеген перидей,
Сулуулугуң көңүлчөөктү мас кылат.

Кара деңиз кеттим эми кеч дедим,
Карегимден калбай өтүп эч жериң.
Сезимдердин сыйкырына түшсөм да,
Сенде туруп Ысык-Көлдү эстедим.

Аз өмүрдө муңдашы да, сырдашы...
Артык окшойт тууган жердин кымбаты.
Жүрөк деген бөтөн жерди сагынбас,
Бир сагынса Мекен болор ырдашы.

Жакшы эле мен сенде бул күн токтопмун,
Кайра кайтып көргөнчө деп коштоштум.
Дайым кайдан, буйруган күн көрүшмөк,
Жанымдагы жакшы адамга окшоштуң.
Мышык
көтөргөн аял
Аэропортто агып суудай эл деген,
Ар, ар жактан не тагдырлар келбеген...
Бир көз ирмем кызыктырды ой козгоп,
Билбейм неге карап калдым эмне мен?

Аял турду кооз куту көтөргөн,
Сулуусунуп үнүн жасап жөтөлгөн.
Кутусунда куш барбы деп ойлосом,
Таргыл түстүү мышык эле экен жөн.

Эс алдырып алып чыгып бөпөлөп,
Эркелетип боорго кысып көтөрөт.
Эл көзүнө өөн учурап кылыгы,
Эмне зарыл, чунак аял десең э-эх!

Самолетко түшкөндө да кучактап,
Мышык корксо үч үйрүлүп...бышактап...
Стамбулда калды ага алаксып,
Жагымсыздай, кеттим андан узап бат.

Кыргыз качан жолго мышык алчу эле?
Же бул башка элден келген салт беле?
Бала ээрчиткен аял сулуу баарынан,
Аялзаттын айтаарга аты, баркы-эне!

Обу жоктук кайдан келип жаралдың?
Окшошконсуп оорусуна замандын.
Эртеңи бар элге үмүттүү туулган,
Бала гана көркүн ачат аялдын.
Назым
Хикметке
"Үстүндө жатып алып толкундардын...
Деңизде биротоло келет калгым"-
дегенин эңсөө менен Назым Хикмет,
Жээгиңде турганымда эске салдым.

Тереңдик уюгандай каракөгүш,
Назымдын көзү болбо, Кара деңиз?!
Түрмөнүн торунан да учуп өткөн
Ырлардай ак чардактар учат эгиз.

Багынбас Күндөн түшкөн нурлар конгон,
Жүрөгү акындын ыр, ырга толгон.
Эч бир күч камай албайт ал ырларды,
Ал нурлар тешип өтүп темир тордон.

Мезгилге тең жарышып таскактаган,
Акындын ыры кылым баштап жалаң.
Акынды камайт деген жалган чыгып,
Сүйүктүү атын калды жаттап заман.

Ошондой кымбат акын Назым Хикмет,
Кайышпай качырата намыс тиштеп.
Аттанып кеткен жолу кылымдарга,
Шулбу деп деңиз жээгин турам тиктеп.
Чалыкушу
(Боз торгой)
Түрк жазуучусу Гюнтекинге
Колумда "Боз торгою" Гюнтекиндин,
Чыккандай кусалыктын дарысы ушу.
Алтынга чайынгандай көкүрөгүм,
Канбаймын сени окуудан "Чалыкушу".

Шамалын Түркиянын кууп жетип,
Кыргыздын тоолорунан куштай учсам...
Измирде жүрөмбү дейм, жүрөктү эзип,
Көчөлөр сагынычка толуп чыккан.

Жүрөгүм тынч болалбайт деги менин,
Жетелеп Кямранга барчу жакка.
Жолугуп колун кармайм Фериденин,
Пальмалуу аллеяңда Карши-Якка.

Фериде укчу, турмуш көп сырга бай,
Болду эми, таарынычтан арылгының.
Кямран сенсиз жашай албагандай,
Кабыл ал махабаттын асылдыгын.

Кымбатын көрчү, сүйүү көз жаш сыгып,
Кыяндай жарып өтүп тоскоолдорду.
Ырдагым келет менин чуркап чыгып,
өпкүлөп экөөңөрдү кошкон жолду!
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу",
Бишкек-Стамбул-Эскишехир-Бишкек,
6-11-май, 2009-жыл





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??