Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_15.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_15.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_15.htm on line 2


п»ї
  Даңазалуу аалым жердешибизге - 100 жыл

"Рахматулиндин толкундары"
Белгилүү окумуштуу-механик, академик Халил Ахмедович Рахматулиндин илимге кошкон эбегейсиз чоң салымы алган наамдарын атаганда эле билинип турат. Совет доорунда анын илимдеги ачылыштары, эмгектери өз баасын алган. Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин орденинин 4 жолку кавалери, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, СССР Министрлер Советинин сыйлыгынын эки жолку ээси, Ломоносов атындагы сыйлыктын лауреаты, Өзбек ССРинин Бируни атындагы сыйлыгынын ээси, РСФСР жана Өзбек ССРинин илим жана техникага эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамдар менен бир нече орден, медалдардын ээси.
Халил Ахмедович биздин даңазалуу жердешибиз. Ал Кыргызстандын Токмок шаарында 1909-жылы жарык дүйнөгө келген. Билимге таштаган алгачкы кадамы Ташкент шаарындагы педагогикалык техникум, САГУнун физика-математика факультетинен окуу менен башталган. 1931-жылы Москвадагы Ломоносов атындагы университетке киргендиги болочок окумуштууга илимге кеткен келечектүү жарык жолду ачкан. Аталган окуу жайдын механика иститутунда аспирантурада калган. Диссертациясын "Жогорку ылдамдыктын аэродинамикасынын айрым талаптары" деген темада коргогон. Ошол эле университетте окумуштуу катары лабораторияны жетектеген. 30 жыл кафедра башчысы болуп эмгектенген. Илимде ал өтө белгилүү даңазага жеткен. Ал толкундардын жайылуу теориясы, аэрогаздинамикасы, көп фаздуу кыймылдын теориясы жана көп компоненттүү аралык, грунттун динамикасы, парашюттун теориясы, аэрохимиялык механика жаатында көптөгөн эмгектерди жараткан. Анын мындай баалуу эмгектери механика илиминин алтын фондусунда өлбөстүккө карай экинчи өмүрү катары таанылып калды. Атактуу академик толкундардын өзгөчө жүгү жаатындагы ачылыштары үчүн илимий адабиятта "Рахматулиндин толкундары" деген белгилүү ат алган.
Улуу устаттын сабагын алган шакирттери - илимдин 30дан ашык доктору, 200дөн ашык кандидаттары учурда КМШ өлкөлөрүндө илим тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен илимдин өсүп-өнүгүшүнө колдон келген салымын кошушууда. Халил Ахмедовичтин устаттыгы менен Москвада гана эмес Алматы менен Бишкекте, Ташкент менен Бакуда, Киев менен Кишиневдо, ж.б. көптөгөн шаарларда илимий мектептер, лабораториялар ачылып, азыркы күнгө чейин иштөөдө.
Сыймыктуу жердешибиз, залкар устатыбыз Халил Ахмедовичтин Кыргызстандагы шакирттеринен илимдин 5 доктору, 15тен ашык кандидаттары кыргыз илимине зор салым кошкон окумуштуулардан деп айтууга арзыйт.
Кыргыз улуттук илимдер академиясы Халил Ахмедович Рахматулиндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына 28-29-май күндөрү Эл аралык конференция өткөргөнү жатат. Анда Халил Ахмедовичтин өрнөк өмүрү, илимдеги калтырып кеткен баалуу эмгектери жана ишмердиги тууралуу баяндамалар, докладдар окулуп, ой-пикирлер айтылмакчы. Ага белгилүү окумуштуулар, илимдин ишмерлери чакырылган. Бул иш-чара улуу окумуштуунун жаркын элесине таазим болмокчу.
Б.БУЗУРМАНКУЛОВА




  Кесип

КЭУ - татыктуу экономисттерди даярдайт
Өткөн жуманын акыркы күндөрүнүн биринде Кыргыз Экономикалык университетинде "Жогорку билимдүү экономикалык кесиптегилерди даярдоонун абалы жана аны иш менен камсыз кылчулардын талабы менен айкалышы" деген аталыштагы республикалык тегерек стол болуп өттү.

Бул аталган иш-чарага министрликтерден өкүлдөр, экономикалык кесипке даярдаган жогорку окуу жайлардын илимпоз окутуучулары, Эл аралык бизнес уюмдарынын жетекчилери жана Кыргыз экономика университетинин бүтүрүүчү студенттери катышты.
Бул тегерек столду өткөрүүнүн негизги максаты иш менен камсыз кылчулардын талабына шайкеш келген жогорку билимдүү экономисттерди даярдоодогу көйгөйлүү маселелердин айланасында талкуу жүргүзүү жана пикир алмашуу эле. Мындан тышкары экономист бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуудагы талаптардын деңгээлин жогорулатууга арналган иш-чаралар белгиленген.
Азыркы учурда КЭУ жамааты бүтүрүүчүлөрүн татыктуу иш орундары менен камсыз кылууну көздөшүүдө. Жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына татыктуу деңгээлде жооп бере турган кадрларды даярдоодо арбын аракеттер бар.
Тегерек столдун катышуучулары экономисттерди талап кылган ишкана жетекчилери менен ЖОЖдордун ортосундагы кызматташтык байланыштардын натыйжалуу боло тургандыгын белгилешти. Бул кызматташуу кадрларды даярдоодо так маалыматтар менен камсыз кылып, сапаттуулуктун саны артып, келечектеги өнүгүү өзөгүн түзмөк.
Р.Султаналиева







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??