, 26.05.09 - 14-бет:
  Ат жалында маек

Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"
Кыргыз Республикасындагы бардык ЖОЖдордун ичинен жалгыз Бишкек гуманитардык университети гана китепканачыларды даярдап келет. Буга чейин жөн гана адистерди даярдап келген болсо, эми мындан ары өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылышат. Тактап айтканда, мына ушул университеттин "Журналистика жана маалыматтык системалар" факультетинде атайын "Китептик жана архивдик иштер" деген бөлүм ачылып, кечээ жакында эле республикабыздагы китепканалар менен келишим түзүштү. Жаңы багытта иш баштаган окуу жайдын иши менен таанышуу үчүн "Журналистика жана маалыматтык системалар" факультетинин
деканы АСАНОВА Алтын эжеге бир-эки суроо
менен кайрылган элек.

- Китепканаларыбыздын бүгүнкү күндөгү абалы боюнча эмне айта аласыз?
- Китепканаларды макамы боюнча ар түрдүү категорияларга бөлсөк болот. Мисалы, бизде илимий, көркөм ж.б. китепканалар бар. Андан сырткары бүгүнкү күндө ар бир окуу жайдын китепканалары бар. Бирок, шаардык мектептердин жана жогорку окуу жайлардын китепканаларына караганда, облустук, райондук, айылдык китепканалардын ал-абалы абдан төмөн. Анткени, китеп фонддору жаңыланбайт жана толукталбайт. Мен бул маселени маданий чоң проблемалардын бири деп эсептейм. Себеп дегенде китепкана бул маданияттын очогу. А бизде китептердин фонду эскирип бүттү. Кээ бир адабияттар өзүнүн моралдык күчүн, баркын жоготту. Ал эми айылга салыштырмалуу шаардагы жогорку окуу жайлардын жана мектептердин китепканаларынын абалын билим берүү системасында иштегеним үчүн жакшы экенин билем жана жакшы деп айта алам.
- Ошол айылдык китепканалардын сапатын жакшыртуу үчүн эмне кылыш керек?
- Албетте, биринчи кезекте бардык китепканалар жаңы чыгып жаткан кызыктуу китептер менен жыл сайын, ал тургай ай сайын толукталып, жабдылып турушу керек. Тилекке каршы, мындай иштердин начар жүргүзүлгөндүгүнөн улам учурда
айылдык китепканалардын абалы абдан ылдый түшүп отурат. Ошону менен катар эле китепканачылардын айлык акысын да көбөйтүп берүү керек.
- Китепканачылардын эмгек акысын көтөрүп берсе эле, иш жакшырып кетеби?
- Чындыгында айлык акыларын көтөрүп берүү керек. Бирок, китептердин фонддорун толуктап, айлыкты алып коюп эле отура бербестен, алар түрдүү тегерек үстөлдөрдү уюштуруп, дебаттарды өткөрүп, өздөрү жөнүндө маалымат берип окурмандарды тартып, алар менен өздөрү байланышка чыгышы керек. Мындайча айтканда, өздөрүн өздөрү жарнамалашы керек. Бүгүнкү күндө биздин китепканаларыбызга жарнама жетишпейт. Кантип десеңиз, алар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу радиодон, теледен сүйлөп, ошону менен бирге китепкананын өзүндө илимий конференцияларды уюштуруулары керек. А бизде мындай жыйындарды китеп күнүндө же китепканалардын күнүнө жакын калганда гана уюштурушат. Ошондуктан, бир жерде отура бербестен өздөрүнүн окурмандарын жоготуп, тарттырып жибербөөгө талыкпай аракет кылышса, ошондо жылыш болот.
- Китепканаларды компьютерлештирүү боюнча кандай көз караштасыз?
- Сөзсүз компьютерлештирилиши зарыл. Бул студенттер үчүн дагы, жалпы окурмандар үчүн дагы абдан ыңгайлуу. Аны менен катар китепканалар өздөрүнүн сайттарын ачышса жакшы болмок. Себеби, азыр бардыгы интернет менен иштешет. Биздин окуу жайдын алдында ачылган "Китептик жана архивдик иштер" деген бөлүмдүн ачылыш аземинде академик Ү.Асанов агай да: "Демилгени көтөргөн боюнча эле ага жакшы киришпей жатабыз",-деп белгиледи. Чындыгында эле буга жакшы киришпей жатабыз. Эгер компьютерлештирилсе жаңы басылган китептерди да алыскы аймактагы китепканаларга жеткирүү, жайылтуу бир топ жеңил болмок.
- Жогорку Кеңештин "Китепканалардын иши жөнүндө" деген отурумунда ЖОЖдордун жана жалпы билим берүүчү окуу жайлардын китепканаларынын сапатын жакшыртуу үчүн дайындуу чаралар көрүлсүн деген сунуштама киргизилген эле. Сиздер кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Бишкек гуманитардык университетинде абдан жакшы окуу залдары бар. Ошондой эле китепканаларыбызда өтүлүп жаткан сабактар боюнча жана башка көркөм адабияттарды, брошюраларды, гезит-журналдарды алып ай сайын толуктайбыз. Буга атайын бизде каражат каралат. Андан сырткары кыргыз элинин чыгаан белгилүү акын- жазуучу, публицисттердин китептеринен башка СНГ өлкөлөрүнөн келип түшкөн адабияттар бар. Жыл сайын ар бир кафедрада ар бир мугалим өздөрүнүн сабактары боюнча кандай жаңы окуу куралдар, китептер, усулдук көрсөтмөлөр керектиги тууралуу өтүнмө беришет. Университет аларды сатып берет. Ошондой эле жогорудагы сунуштаманын негизинде атайын иш-чара өткөрүп, бизде окуган студенттерди жумушка орноштуруу жана практикага жөнөтүү максатында китепканалар жана басмаканалар менен келишим түздүк. Алар биздин студенттерибиз үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт. Жумуш орундарын таап беришет.
- А сиздердин факультетте канча студент даярдалып жатат?
- Бизде 75тен ашык бала китепканалардын иши боюнча билим алып, тарбияланып жатышат. Буюрса, алар окууну аяктагандан кийин иш таба албай кыйналышпайт. Анткени, түзүлгөн келишим боюнча практикадан өтүшөт, үйрөнүшөт. Окууну аяктаган соң бүтүрүүчүлөрүбүз КРнын Улуттук китеп палатасында, Улуттук китепканада, ошондой эле "Кыргызпатентте" ж.б. жайларда иштей алышат.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"




Ээн калган китепканаларга эл келе баштады
Кийинки 3-4 жылдан бери республикабыздын китепкана ишине мамлекет жана Өкмөт тарабынан олуттуу камкордуктар көрүлө баштады. Атап айтсам, 2007-жылы 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Салиевич Бакиев "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн Улуттук Программасы" деген Буйругуна кол койгон.

Бул Программада маданияттын башка тармактары менен катар эле китепканаларды сактоо жана өнүктүрүү ишине орчундуу маани берилген. Программаны ресурстук камсыздоого ошол 2007-жылы 360 млн. сом каралган. Албетте, республикабыздын китепканаларына да тиешелүү сумма каралып, китепканалардын дээрлик бир канчасы оңңдолуп, акталып, сырдалып, өзүлөрүнүн шарт-жагдайларын жакшыртышкан.
Ал эми 2008-жылы жалпы маданиятка каралган 485, 9 млн. сомдон китепканаларга 5 млн.сомго китеп сатып алынып, ар бир райондук борбордук китепканалар тармагына жеткирилип берилген.
Кыргыз китепканалары өзүнүн тарыхында биринчи жолу мурда эч качан болуп көрбөгөн, азыркы учурда жүрөк толкуткан, китепканачылардын эркин бийлеп алган, тарыхый жаңңы окуяга туш болду. Ал, быйылкы жылды маданият жана маалымат министри Султан Раевдин "Китепкана жылы" деп аташы. Жана 27-майдын "Китепкана күнү" деп Өкмөт тарабынан белгилениши. Албетте, бул тарыхый эңң жакшы окуя. Булар боюнча министрликте бир топ иш-чараларды өткөрүү белгиленген. Мисалы, жалпы республикалык кайрымдуулук китеп марафонун өткөрүү ж. б. бар. Алар бүгүнкү күндө аткарылып жатат.
Учурдан пайдаланып, кыргыз китепканачыларынын көп жыл-дардан бери сурап келе жаткан мүдөөсүн аткарып "Китепкана күнүн" атайын токтом менен белгилеп берген Премьер-министр Игорь Чудиновго жана "Китепкана жылын" белгилеген маданият жана маалымат министри Султан Раевге карыя китепканачы катары чын жүрөктөн чоңң ыраазычылык билдиремин жана өтө жооптуу ишиңңиздерге ийгилик каалаймын. Быйылкыдай темп менен барсак жакынкы жылдары эле китепканалык иштин деңңгээлин өнүккөн өлкөлөрдүн китепканаларына тете көтөрүп алууга болот деген ойдомун.
2009-жылы китепканалардын китеп фондуларын өстүрүүгө каралган 5 млн. сомуна кыргыз акын-жазуучуларынын балдар жана өспүрүмдөр үчүн жазылган чыгармаларын топтоп, республикабыздын маданият жана маалымат министрлигине тиешелүү китепканаларга таркатылып берилмекчи.
Кыргыз Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын китепкана ишинин 2010-жылга чейинки өнүгүү концепциясы" деген токтомун кабыл алган. Мында негизинен китепканачылардын эмгек акыларынын көбөйүшүнө, китепканалык иштин маанисин көтөрүүгө басым кылынган. Мына ушул токтомдун негизинде китепканачылардын эмгек акылары эки эсеге көбөйгөн.
Улуттук китепкананын кызматкерлерине "улуттук" деген статустун негизинде кабыл алынган токтом менен анын китепканачыларынын айлык эмгек акысы 100 пайызга жогорулаган. К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын кызматкерлеринин эмгек акылары өткөн жылы 25 пайызга көтөрүлгөн.
Китепканалардын Кыргызстандын билимине, илимине, маданиятына, маалыматына кошкон салымдарын эске алуу менен жана алардын коомдук турмуштагы мындан аркы маанисин жогорулатуу максатында Кыргыз Өкмөтү 2009-жылдын 27-майын "КРнын китепкана күнү" болсун деп 2008-жылдын 17-июнунда токтом кабыл алган. Бул дата китепканачылардын эстеринен эч качан чыкпайт.
Китепкана иштеринин проблемалары бир нече жылдардан бери өлкөбүздүн ар кайсы бийликтери тарабынан талкууланып келет.Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын деңңгээлинде "Китепкана жана бийлик: өз ара аракеттердин жолдору" деген тегерек үстөлдүн отурумунда талкууланып, ага мамлекеттик жана коомдук уюмдар, басмалар, китеп сатуучу фирмалар, китепканалар катышышкан; маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясында жана Жогорку Кеңңештин парламенттик угууларында талкууланып келген.
Маданият жана маалымат министрлиги китепканалык ишмердикти активдештирүү максатында китепканалардын нормативдик документтерин, китепканалык тейлөөнүн шарттарын, бирдиктүү тарифтик айлык акылардын минималдык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгышкан жана бул документтер социалдык өнүгүү жана эмгек министрлигине карап чыгууга берилип, алардын колдоп берилиши күтүлүп жатат.
Кыргыз акын-жазуучуларынын бөбөктөр, мектеп жашындагы балдар үчүн жазылган чыгармалары мада-ният жана маалымат министрлигинин астында жакында ачылган "Маданият" басма үйүндө минималдык каражат менен китепканаларга жетиштүү нускада басылып, республикабыздын китепканаларына таркатылып берилмекчи.
Балдар үчүн жазылган чыгармалардын көркөмдүк сапатын көтөрүү максатында Кыргыз өкмөтү мыкты чыгармалар үчүн, атап айтканда: проза, поэзия жанрлары жана котормо үчүн ар бирине 50 миңң сомдон байге-сыйлык уюштуруп, анын жыйынтыгы 1-июнда акырына чыкмакчы.
Жыл сайын адабиятты жана искусствону колдоо максатында жалпы суммасы 5 млн. сомго барабар болгон 25 грант уюштурула тургандыгын министр Султан Раев билдирди. Жакында, бир топтон бери чыкпай калган "Жаңы Ала-Тоо" журналынын 1-саны жарык көрдү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын китепканачылары сыяктуу эле К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жалпы жамааты балдарды жана жаштарды китепканалык жактан тейлөөдө өзүлөрүнүн эмгектеги күжүрмөндүүлүгүн көрсөтүшүп, окурмандар арасында өткөрүлүүчү иш-чараларын чыгармачылык менен жүргүзүп жатышкан кези. Негизгиси окурмандарды китепканага тартуу иштерине өзгөчө көңңүл бөлүнүүдө.
Бүгүнкү "Китепкана күнүн" эмгектеги жетишкендиктер менен тосуп алдык жана жылдын аягына чейин китепканалык иштердин артта калган багыттарына көңңүл бөлүп, балдарды китеп окууга кеңңири тартуу иштерин жүргүзө бермекпиз. "Китепкана күнү" жана "Китепкана жылы" белгиленип жатса эмгекте өзүн көрсөткөн мыкты китепканачыларга Өкмөт тарабынан моралдык жана материалдык жактан сый-урмат көрсөтүлөөр деген ой ар бир китепканачынын көңңүлүндө уялап келет.
Урматтуу китепканачылар!
Быйыл китепканалар үчүн бурулуш жыл болду. Бул жылда китепканалык иштин түрлүү усулдарын колдонуп, окурмандарга китепти жайылтуу менен аларды китепканага көп тартууга, китеп жөнүндө маалыматтарды берип, билим алууларына дайыма жардамдарды көп берүүгө аракеттенели!
"Китепкана жылыбыз" жана "Китепкана күнүбүз" кут болсун!
Сайнидин ИШЕНОВ ,
К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын башкы китепканачысы,
КРнын Улуттук жазуучулар жана журналисттер
союздарынын мүчөсү