Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_13.htm on line 2


п»ї
  Көз караш

Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
Түйшүктүн түйүнү кантип чечилет?
Азыр дүйнөлүк коомчулук, биринчи кезекте анын жакын кошуналары болгон Борбордук жана Түштүк Азиядагылар Пакистандагы аскердик-саясый кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып турушкан мезгил. 1947-жылы Индиядан бөлүнүп, көз карандысыздыкка жетишкенден кийин саясый туруктуулук болбой, бирде жарандык бийлик орносо, бирде аны аскердик көңтөрүштүн негизинде бийликке келген диктатура алмаштырып, дайыма олку-солкулук өкүм сүрүп келген өлкөдө, генерал Первез Мушарафтын тушунда гана салыштырмалуу туруктуулук орносо, ички жана тышкы күчтөрдүн кысымдарынан улам ал бийликтен кеткенден кийин Пакистан кайрадан башаламандыктын тилкесине кирди. Мурдагы мезгилдерде Пакистандагы ички абал дүйнөлүк коомчулукту анча деле тынчсыздандырчу эмес.
Мындай ядролук ири өлкөдө аскердик-саясый кырдаалдын начарлоосу жакынкы коңшулаш мамлекеттерде гана эмес, дүйнөнүн бардык жерлеринде кооптонууларды жаратуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аскердик дагы бир төңкөрүштөр же башка жолдор аркылуу өлкөнүн ядролук потенциалы өздөрүнүн башкы милдеттери "жихад" аркылуу перманенттүү согуш жүргүзүү деп эсептеген фундаменталисттердин колдоруна тийип калса эмне болот? - деген кооптонуу кошуна өлкөлөрдөгүлөрдү, алардын ичиндеги Индиядай атаандаштарын гана эмес, европалыктарды, америкалыктарды да бушайманга салууда. Андай кооптонууларга омоктуу негиздер бар. Пакистандын регулярдуу армиясы акыркы эки жылдан бери талибандарга каршы кеңири масштабда аскердик операцияларды жүргүзүп келаткан менен аларды биротоло жеңе албай жатат, жеңүү да
кыйын, анткени талибандардын негизги аскердик базалары Сват өрөөнүндөгү, Ооганстан менен чектешкен тоолордо болгон менен өздөрү көпчүлүк учурда Пакистандын, Ооганстандын айыл, кыштактарындагы, шаарларындагы жарандарга аралашып жүрө беришкендиктен, анын үстүнө Пакистанда, Ооганстанда жөнөкөй адамдардын арасында гана эмес, расмий бийликтегилердин ичинде да тымызындан аларга жан тарткандар көп болгондуктан талибандарды аскердик операциялар аркылуу жеңүү абдан оор болууда. Пакистандын аскердик бөлүктөрү талибдердин ири отряддарын, базаларын жок кылган сайын алар өлкөнү солкулдатышкан террактылар менен жооп беришүүдө. Алсак, акыркы жумада регулярдуу аскерлер 200 талибди жок кылышса, алардын тилектештери Жандола шаарындагы 4 адамдын өмүрүн алып, 60тай адамды жарадар кылган, Кохат шаарында 25 аскерди, 2 жолоочунун өмүрүн
кыйып, 70тей адамды жаракатка учураткан террористтик актылар менен жооп беришти. Чаквал шаарындагы шейиттердин мечитин жардырууда 20дан ашык адам өлүп, жүзгө жакыны жарадар болду. Мында эң чоң кооптонуу туудурган жагдай, регулярдуу аскерлер менен талибдердин ортосундагы кармаш жарандык согушка айланып кетүү коркунучунда болууда. Мындай учурда ички согушту тышкы согушка же Индия менен кагылышууга айландырып жиберүүгө аракеттенгендер да чыкпай койбойт. Анда аймактагылар үчүн гана эмес, континенттегилер үчүн да чоң кыйынчылыктардын пайда болушу ыктымал...
Бумеранг кайрылып, ээлерине тийүүдө
Бул парадокс, бирок ошондой
болсо да факт, Пакистанда гана эмес, Ооганстанда да азыркы түзүлгөн аскердик саясый жагдай Америка Кошмо Штаттары менен Пакистандын мурдагы жетекчилигинин бир катар араб өлкөлөрүнүн каржылоосунда жүргүзгөн саясаттарынын жыйынтыктары болуп саналат. Анткени "Техрик-и-Талибан" кыймылынын, "Аль-Каиданын" идеологдору гана эмес, аларды уюштуруп, түздөн-түз каржылап куралдандырып, машыктыргандар да АКШнын, Пакистандын атайын кызматтары болуп саналат. Талибандарды өткөн кылымдын 80-жылдарынын ортосунда Ооганстандан качкандардан, негизинен алардын балдарынан советтик аскерлерге, андан кийин Г.Хекметьярдын, А.Ш.Масуддун, А.Р.Дустумдун этникалык отряддарына каршы согушуу, кандай жол менен болбосун Наджибулланын бийлигин кулатуу үчүн Пакистандын атайын кызматтары уюштурушкан. АКШнын, Ирандын, бир катар араб өлкөлөрүнүн атайын кызматтары каржылашып, куралдантышкан. "Аль-Каида" да Сауд Аравиясынын каржылоосунда мына ошондой максатта түзүлгөн. Негизинен пуштундардан турган талибдердин Ооганстандын расмий бийлигине каршы согушуна Пакистандын регулярдуу армиясы кээде ачык, көбүнчө тымызындан жардам көрсөтүп турушкан.
Талибдер 1996-жылы сентябрда Кабулду ээлеп, Наджибулланы асып өлтүрүштү. Мурдагы Бабрак Кармалга, Наджибуллага кызмат кылгандардын бирин да аяшкан жок. Адегенде эле шариятка негизделген фундаменталисттик катуу тартипти орнотууга киришишти. Бул жагынан алар "Аль-Каиданын" Бен Ладен баштаган жетекчилери менен тез эле тил табышып алышты. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашырынып жүргөн Бен Ладен Ооганстанга биротоло орноктошуп, тоолордун арасындагы моджахеддерди даярдоочу лагерлерин кеңейте баштады. АКШнын, Пакистандын талибдердин мындай аракеттеринен чочулаган жетекчилери алар менен сүйлөшүүлөр, финансылык убадалар аркылуу маселени тынч жолдор аркылуу чечип, фундаменталисттик позицияларынан кайтарууга аракет кылып көрүштү. Бирок, алардын андай аракеттеринен эч нерсе чыккан жок. Талибдер бардык жолдор менен Ооганстандын бардык жерлеринде өз тартиптерин орнотуп, бийликтерин бекемдөөгө киришти.
2001-жылдын сентябрына карата талибдер Ооганстандын аймагынын 90 пайызына өз режимин орнотуп, этникалык өзбектерден турган А.Р.Дустумдун отрядын талкалап, өзүн Ташкенге кууп, пуштуларды жетектеген Г.Хекметьярды олку-солку өнөктөшкө айландырып, тажиктерди жетектеген Ахмад Шах Масуддун отрядын Өзбекстан менен Тажикстандын чегараларына такап, аны биротоло талкалоого жакын калышкан. Бирок, 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу терракттан кийин абал кескин өзгөрдү. Мурда андан бир нече күн илгери Бен-Ладендин жалданмалары тарабынан өлтүрүлгөн А.Ш.Масуддун армиясы талибдер менен жалгыз согушуп жатса, аны кайдыгер байкап турган АКШ дароо анын жакын шериктешине айланып, талибдер Бен Ладенди берүүдөн баш тарткандан кийин аларды аёосуз бомбалап, ракеталык соккуларды уруп, коалициялык күчтөрдү киргизип, бир бөлүгүн талкалап, көпчүлүгүн кайра Пакистанды көздөй сүрүштү. Жергиликтүү калк менен тез эле тил табышып, аларды өз катарларына тартып, Малаканд аймагын ээлеп алган талибандар ал жерде жөн жүрбөй, шарияттык соттук системаны киргизип, мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып, Пакистандын расмий бийлигине ультиматумдук талаптарды койгонго, аскердик жактан кыр көрсөткөнгө өтүштү. Пакистандын расмий бийлиги маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракеттенип, алардын бир катар талаптарын аткарды. Же Пакистандын бийлиги 2009-жылы февралда талибандардын бир бөлүгү кирген Техрик-и-Нифаз-и-Шариат-и-Мухаммеди тобунун жетекчиси Мухаммед Сопу менен Малаканд аймагына шариаттык соттук системаны киргизүү жөнүндө макулдашууга кол койду, түрмөдөгү бир катар экстремисттерди бошотту. 2009-жылдын 13-апрелинде Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари ал макулдашууну бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
А.А.Зардаринин андай кадамга баруусу АКШда, Батыш өлкөлөрүндө гана эмес, Пакистандын өзүндө да катуу сындарды жаратты. Өлкөнүн прогрессивдүү, батышчыл позициясындагылар Президенттин ал жарлыгын расмий бийликтин талибдердин алдындагы капитуляция катарында баалашты. Талибдер ага да ыраазы болушпастан өлкөнүн Бунер, Дир, Шангла деген аймактарына киришип, ал жерлерге да өз тартиптерин орното башташты. Алардын лидери Мухаммед Сопу "демократия жана Конституция, Жогорку Сот дегендер шариатка каршы көрүнүштөр" деп жарыялады. Сырттагыларды жана өлкөнүн ичиндегилерди өзгөчө тынчсыздандырган нерсе - талибдердин отряддарынын Исламабадга жакындап кирип баргандыгы болду. Ансыз деле Ооганстандагы жагдай айлаларын кетирип жатканда Пакистандын да талибдешип кетүүсүнөн катуу чоочулаган АКШнын, Батыш өлкөлөрүнүн жетекчилери А.А.Зардаринин алдына ультиматумдук талаптарды коюшуп, талибдерди талкалоого бардык жардамдарды көрсөтүшөрүн айтышып, беш миллиард долларды да убада кылышты. Мына ошондой кысымдардан аргалары кетип, экинчи жагынан жашыл акчалардын жамгырына шыктанышкан Пакистандын жетекчилери бир кезде өздөрү тарбиялап, куралдандырышкан талибдер менен согушууда. Ал согушту жакынкы жумалардын ичинде аягына чыгарууга да убада кылышууда. Бирок, андай убадалардын аткарылышына ишенүү кыйын. Эмне үчүн?

Кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн?
Америкалык спутниктик чалгындоолордун маалыматтары, ракеталык жана авиациялык жардамдары аркылуу талибдердин лагерлерин жана базаларын жок кылуу анчалык кыйын деле эмес. Бирок, акыркы отуз жылдан бери согушуп жүрүп, айрымдары окоптордо туулуп, окоптордо өсүп, колдоруна курал кармаганды үйрөнгөн талибдердин да өздөрүнүн талылуу жерлери эмнелерде экендиктерин, алардан кантип сактануу керектигин да Пентагондо, Исламабадда отурушкан генералдардан кем билишпей турушкандыктарынан шек санабасак да болот. Демек, алар базаларына, лагерлерине чогулушпайт, регулярдуу аскерлер менен бетме-бет салгылашууга да умтулушпайт. Алар майда отряддарга бөлүнүп алып, күндүзү качкын, дыйкан же соодагер болуп көрүнүшсө, түндө диверсанттарга айланышып, партизандык ыкма менен согушушат, жергиликтүүлөрдүн, а түгүл аскерлердин арасында өздөрүнүн максатташтарын көбөйтүп, айылдарда, шаарларда жашыруун уюмдарын кеңейтүүгө, террористтик атакалар аркылуу расмий бийликтегилердин бедел, абройлорун кетирип, эл арасында нааразылыкты күчөтүп, аны бийликти кулатууга пайдаланууга умтулушат. Бул багытта алардын потен-
циалдуу мүмкүнчүлүктөрү жетишерлик. Эгерде алардын андай максаттары ишке аша турган болсо, акырындап Пакистан экинчи Ооганстанга айланып кетиши мүмкүн. Маселенин эң оор жагы мына ушунда болууда.
Бирок, "сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, Ооганстандын, Ирактын сабактарынан өткөндөр Пакистандагы жагдайдын андай нукта өнүгүп кетүүсүнө жол беришпейт го деп үмүттөнөбүз. Биз, Пакистанга кошуна өлкөлөр, андай үмүтүбүздүн реалдуу фактыга айлануусуна кан-жаныбыз менен кызыкдарбыз.
Папан ДҮЙШӨНБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




Дагы бир талапкер баш тартты
Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында президенттик кызматка талапкерлер К. Эшенбаевдин жана А. Абышевдин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө маселе каралды.
Каралган маселени талкуулап, БШКнын мүчөлөрү аталган талапкелердин өкүлдөрүн каттоо жөнүндө чечим кабыл алышты.
Ал эми, талапкер Т. Үмөталиеванын өкүлдөрүн каттоо тууралуу маселени караган учурда, анын бир өкүлү каттоодон өткөн жок. Анткени, анын паспортунун аракеттенүү мөөнөтү өтүп кетиптир.
БШКнын жыйынында ошондой эле, президенттикке талапкер Ю.Истановдун шайлоо жарышынан талапкерлигин алып салуу тууралуу арызы каралды. БШКнын мүчөсү, документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Т. Султакеевдин бул тууралуу маалыматын угуп, БШК мүчөлөрү аталган талапкердин арызын канааттандырышты. Ошентип, президенттик жарыштан дагы бир талапкер баш тартты. Мындан мурда И.Исаков президенттик шайлоо жарышынан баш тартканын эске сала кетели.
Жыйындын аягында БШКнын төрагасы Дамир Лисовский президенттикке талапкелердин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тийиштүү адабияттар, китепчелер, түшүндүрмөлөр жана башка керектүү нерселер менен камсыз болгон же болбогонуна кызыкты. Талапкерлердин жыйынга катышышкан өкүлдөрү бардык керектүү нерселер менен камсыз болушканын ырасташты.
КР БШКнын
басма сөз кызматы




Президенттикке талапкерлер экзамен тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Мурат Боронбаев, Нурлан Мотуев, Акбаралы Айтикеев Мамлекеттик тилден экзамен тапшырды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов баштаган 9 адамдан турган экзамендик комиссия түзүлгөн.
Комиссия мамлекеттик тилдеги жазган кол жазмасынын сабаттуулугуна, көркөм окуусуна жана өз программасын мамлекеттик тилде эркин айтып берүүдөгү оозеки сөз байлыгына койгон баасынын жалпы жыйынтыгында аталган талапкерлер экзаменден өттү деген чечим чыгарды.
Б.ЧОТУРОВА




Ой бөлүшүңүз
Бүгүн, Кыргыз-Россия Славян университетинде, Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлиги "Само" адамдын акыл оюн өнүктүрүү борбору менен биргеликте "Жаңы кылым - окутуунун жана тарбиялоонун жаңы парадигмасы" деген темада талкуу өткөрөт.
Негизги максат- өлкөнү
өнүктүрүү, жаштардын ой-жүгүртүүсүн жакшыртуу. Дискуссия саат 15:00дө башталат.
А.Акимбаева







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??