Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_12.htm on line 2


п»ї

  ИИМди сындаган "Кылым жолу" бирикмесинин атынан
кол койгон ардагерлер "кол койгон эмеспиз" деп жатышат

Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелейт
Мамлекеттик тилдин күйөрманы Галина айымдай болсо
КРнын маданият жана маалымат министрлиги 2009 жылды китепкана жылы деп жарыялаганы белгилүү. Жер жерлердеги китепканалардын фонду өтө начар абалда экени небак эле белгилүү болгон. КРнын финансы министрлиги китеп жаатындагы иштерди колдоо үчүн 5 млн. сом бөлүүсү бюджетте каралган. Мына ошол убада кылынган каражат тезинен которулушу керек. Г.Куликова министр Марат Султановдун кичи мекени болгон Алай районунда бул жаатындагы акыбал оор экенин айтып, андагы жердештеринин сураган жардамын аманат катары кабарлап өттү. "Бүгүнкү күндө китепканалар болгондо да кыргыз тилиндеги адабияттарга муктаж. Мындай абалда мамлекеттик тилди жандандыруу кыйла кыйын", - деп Галина Александровна патриоттуулукка чакырды.

Сел алган мектеп, адистердин тартыштыгы
Жалпы Баткен облусунун аймагында жакында катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, андан Лейлек районунун айылдары өзгөчө жапа чеккен. Сүлүктү шаарында болсо беш мектептин имаратынын алдына суу толгон. Айылдыктардын 120 майда, 15 бодо малдарын, 2 машинени агызып, төрт көпүрөнү сел алып кеткен. КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү учурунда барып, жардам беришкен. Тилекке жараша адам өмүрүнө коркунуч туулган эмес. Депутат Аскарбек Шадиев аталган министрликтин кызматкерлеринин ыкчам аракеттерин кабарлап, аларга ыраазычылыгын билдирди.
Баткен аймагында болгон сел кырсыгынын кесепеттери толук четтетиле элек. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Лейлектеги келтирилген чыгымдын өлчөмү 6 млн. сомго, Сүлүктү шаарында 9 млн. сомго жеткен. Бул тууралуу Гүлнара Дербишева кабарлады.
Баткен районунун Ак Сай айыл өкмөтүнө караган Таш Тумшук айылында тажиктер менен кыргыздар шахмат түрүндө жайгашып отурукташкандыктан, чегаранын чеги билинбей калган. Аймакта бир да мектеп жок экен. Жергиликтүү эл демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2 млн. 100 миң сом чогултуп, мектептин пайдубалын түптөп жатышыптыр. Ошол жердеги чегара аймактарында көйгөйгө айланган миграцияны токтотуп, элди кармап калуу үчүн орто мектепке муктаж. Элдин өз каражатына кошумча акчаны быйылкы жылдын бюджетинен бөлдүрүп берип, чакан мектепти бүтүрүүнү баткендиктердин өтүнүчү боюнча депутат Роза Абдыраимова сунуштап, парламенттеги Өкмөттүн өкүлү М.Капаровго кайрылды. Депутат айым алыскы элет жергеси керектүү кадрларга таңсык экенин белгилеп өттү.
Жумгалды көмүрдүн ышы каптоодо
Кара Кечеден үстү ачык машинелер менен ташылган көмүрдөн учкан зыяндуу заттар Жумгал элинин ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатат. Жолдун бою капкара ышталып, абаны тумандай капкара учкан заттар каптоодо. Көмүр ташыган шопурларга автоунаанын үстүн жаап алып өтүү талабын коюуну Жумгал эли суранышууда. Муну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен мамлекеттик тиешелүү түзүмдөр жөнгө салуусу кыйынга турчу иш эмес.
"Жол эрежелери боюнча кабыл алынган мыйзамдар МАИ кызматкерлеринин киреше булагына айланып бара жатат. Жол белгилеринин аралыгы кырк километрден чектелгенден бери акча чогултууга ыңгайлуу шарт түзүлүптүр", - деди Анаш Сейтказиев. Депутат Бишкектин Жаш Гвардия бульварында эртең мененки саат 6 7 чамасында көчөлөрдөгү автоунаа тыгындарын акмалап жүрүп, акча алып жаткан МАИ кызматкерлерин чөнтөк телефонуна сүрөткө жашы-руун тартып алыптыр. Кечээ ал тиешелүү органдарга ошол "сюжеттерди" тапшырып берди. Ошондой эле көрүнүштүн күчөгөн түрү Кантка жете бербеген постто орун алган. Ал жерден күнүгө миңдеген автомобилдер өтөт. Инспекторго акча сунуп көндүрүп алган шопурлар, өздөрү токтоп, дароо эле берчү акчасын ала чыгып жөнөшөт.
Депутаттар парламенттин кечээги сессиясында май айынын календардык планын бекитишип, күн тартибиндеги бир нече маселелерди карашты.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  Жаңылануу багытына ойлор, пикирлер, сунуштар

Дилден чыккан сөз -дилге жетет
Президентибиздин Жаңылануу багытында алдыдагы айкын милдеттер, жетишилген ийгиликтер менен айрым мүчүлүштүктөрдүн оң жана терс жактары калайык калкыбызга ачык-айкын айтылган эле. Президентибиздин Жаңылануу багытынын тереңдигин чечмелөөгө дараметим, аракетим алсыздык кылды. Ошентсе да, бул Кайрылууну нукура бир бүтүн тармак, тезис катары кабыл алдым. Ошондуктан Президентибиздин оптимизми келечекте ишинин ийгиликтүү болушуна ишенүүсүн далилдеп турат.

Оппозиция өкүлдөрү акыркы мезгилдеги жетишилген ийгиликтерди тааныбай, танып, бийликтеги кадрларды алмаштырууну талап кылып жатышат. Президентибиз айткандай кадрларды алмаштыруудан кырдаал өзгөрбөйт. Коомдук системанын механизмдерин, башкаруунун багыттарын башка нукка буруунун жолдорун илимий-теориялык жактан далилдеген омоктуу ойлорун, дүйнөлүк финансы каатчылыгынын курчуп жаткан учурдагы Президентибиздин Жаңылануу багытындагы сунуштарын колдойм.
Биз бул багытта алгачкы кадамды таштадык. Орусиядан келүүчү акчалардын жумшалышын көзөмөлдөө боюнча Өнүгүү фондунун Байкоочу кеңешин түзүп, ага жарандык коомдун жана оппозиция өкүлдөрүн катыштырууну сунуш кылдык. Ошондой эле аталган фонддогу жетекчи кызматтарды ээлөөгө жаш менеджерлердин ачык конкурсун жарыяладык. Бул акыйкаттуулук, калыстык деп айтууга, колдоого арзыйт. Он беш жыл аралыгында четтен канчалаган гранттар келип, акырында сайда саны, кумда изи калбай, элибиздин мойнуна илинген миллиарддаган доллар карыздар кайталанбастыгын мамлекет башчыбыздын эскертип жатканын түшүнүү керек деп ойлойм.
Президентибиз айткандай бийликтин бир түзүмдө топтолуп, чечимдерди кабыл алууда жана аткарууда бирин-бири кайталоодон баш тартып, башкаруунун административдик, буйрукчул-тескөөчү принциптеринин үстөмдүгүнөн бара-бара коммуникативдик (катнаш, байланыш) басым жасоого белсенип жатабыз. Бул турмуштук тажрыйбадан пайда болгон зарылдык экенин баамдоого болот.
Президенттин моралдык парзы - кийинки Президентке өлкөнү өзү алганга караганда дурус абалда өткөрүп берүү. Кийинки Президент ким болбосун, ал саясый жактан туруктуу оң өзгөрүүлөргө даяр 2001-2005-жылдарга салыштырганда таанылгыс өлкөнү кабыл алат. Бул сөз мага жакты. Атаганат, ошондой болсо Президенттин бактысы болмок.
К.Бакиевдин бийликке келиши ак менен каранын, адилеттик менен карөзгөйлүктүн, акылмандык менен дөдөйлүктүн, байлык менен жакырчылыктын, токчулук менен ачкачылыктын тогошкон мезгилине туш келди. "Жакшылардын жакшылыгы тийди ар жерде, жамандардын жамандыгы тийди тар жерде" дегендей болду. Президент эки жыл интригалардын айгайлаган ызы-чуулары менен алек болду. Эски бийликтин камчысын чапкандар он беш жылдык элдин кайгы-муңун укпай, ата-эне мээримине зар болгон таштанды ымыркайларды, базарлардагы араба сүйрөгөн наристелерди, көчөлөрдөгү кайырчыларды, кул базарды, денесин саткан аргасыз сойкулардын абалын этибарга албады. "Эл башына кун түшсө, эл каалаган эр келер" дегендей, Президентибиз тайгак кечүү, тар жолдо бийликке келди.
Мен оппозициячылардын авторитардык-бийликчилдик деп койгон дооматына кошулбайм. Азыркы бийлик өзүнүн беделин чыңдоого умтулбай, өзүмчүлдүктөн оолак болуп, экономикалык, социалдык маселелерди элдин таразасына коюп, улуттун рухуна, эс тутумуна, акыл-эс туюмуна таянып иш жүргүзүүдө. Кылымдын курулушу Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин курулуштары буга күбө болот.
Ата-бабалардын укуктарын тутуу деген - улуттук эстутумду, салттарды кыйроодон сактоо, бизге өмүр берип, кылымдык акылмандыкты өткөргөндөргө урмат-сый көргөзүү парзы. Бул улгайган ардагерлерге, акылман карыяларга багытталган осуят, мамлекетибиздин камкордугу деп түшүнөм.
Демек, биз, улгайган карыялар, ата-бабалардан калган салт боюнча алардын арбагына сыйынып, артыбызда өсүп келе жаткан уул-кыздарыбызга, небере-чөбөрөлөрүбүзгө батабызды берип, тиги дүйнөгө өтүп кетүүбүз шарт.
Президентибиз К.Бакиевдин Жаңылануу багыты боюнча кайрылуусун мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнүн алыскы келечектеги программасы же алдыдагы президенттик шайлоого карата отчёту катары кабылдаса болот.
Ноябидин САЛИЕВ,
Кара-Кулжа районунун
ардагерлер кеңешинин
төрагасы




Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттикте
Жарым тонна кармалды
КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик тарабынан 2009-жылдын ушул мезгилине чейин 464 килограммдан ашык баңгизат кармалса, алардын 93 килограммы героин, 119 килограммы апийим болуп саналат. Булардын жалпы суммасы 4 миллион доллардан ашыкты түзөт. Баңгизаттарды кармоодо өзгөчөлөнүшкөн оперативдик кызматкерлер "Ийгиликтүү аткарылган атайын кызмат үчүн" медалы менен сыйланышты.
Москвада жолугушту
Жакында Москвада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн баңгизаттардын мыйзамсыз таркатылышына каршы күрөшүү боюнча органдарынын жетекчилери жолугушуп, мамлекет башчыларынын 2004-жылдын 17-июнундагы баңгизаттардын жана психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүүлөрүнө каршы күрөшүү боюнча чечиминин аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле баңги коркунучуна каршы күрөшүүнүн натыйжалуу механизми түзүлдү.
Акыркы 8 жылдын ичинде Афганистанда апийим өндүрүүнүн көлөмү 40 эседен ашык өскөн. Коалициялык күчтөр тарабынан апийим аянттарын жок кылып, баңгизаттардын таркатылуусуна жол бербөө боюнча эч кандай таасирдүү чаралар көрүлбөй жатат. Ал эми Афганистандагы баңгизаттарды сатуудан түшкөн каражаттардын көпчүлүгү эл аралык терро-ристтик уюмдарды каржылоого жумшалууда.
Жолугушуунун катышуучулары Афганистандагы баңгизаттарды өндүрүп, таркатуунун инфратүзүмдөрүн жок кылмайынча аймакта тынчтык болбой тургандыгын белгилешти.
Бакай ЧИЛТЕГИН




ИИМдин басма сөз борбору билдирет
Ардагерлердин атын жамынгандар табылбады
Үстүбүздөгү жылдын апрелинде республикалык айрым эркин гезиттеринде Ички иштер министри М.Конгантиевдин наамына ИИМдин 73 ардагеринин жана "Кылым жолу" коомдук бирикмесинин атынан макала жана ачык кат жарыяланган. Анда негизинен министрлик менен милиция ардагерлеринин ортосунда ажырым пайда болгондугу сыяктуу ойлор, дооматтар айтылган.
"Бирок, бул ачык катка 73 ардагердин кол койгондугу жалган болуп чыкты," - деп билдирди ИИМдин маалымат жыйыны.
20-майда ИИМ басма сөз борборунда өткөн бул жыйынды ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Токтожума Жээналиев жана "Кылым жолу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары, отставкадагы полковник Өмүрбек Жукешов өткөрүп, анда алар бул катка 73 ардагердин кол койгондугу жалган экенин жана "Кылым жолу" аттуу бирикменин жок экендигин ырасташты.
Т.Жээналиевдин маалыматына таянсак, 30-40 жылдык өмүрүн өлкөнүн ички тартибин чыңдоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнап, эми эс алууда жүргөн 6791 ардагер ИИМдин Ардагерлер кеңешинде каттоодо турат. Алар облустук, райондук баштапкы уюмдарга бириктирилип, эс алууда жүрүшсө да милиция менен тыгыз мамиледе болушуп, көпчүлүгү жаш кызматчыларга насаатчылык милдетти аркалашып, айрымдары коомдук уюмдарда укук тартибин сактоо боюнча иш алып барышууда.
Бирок 2007-жылдын апрель айындагы митингде ардагерлер формаларын кийишип, оппозиционерлердин катарында турушканы чындык. Ошондон көп өтпөй эле министрлик ардагерлерге айрыкча көңүл буруп, алардын көйгөй-арыздарын уккан. Көпчүлүк ардагерлер ошондо ИИМге, Ардагерлер кеңешине өздөрүнүн таарынычын айтышып, аларга жеткиликтүү көңүл бурулбай жаткандыгын, эс алууга кеткени унутта калышкандыгын, айрымдары иштен туура эмес четтетилгендигин билдиришкен.
- Иш бар жерде сөзсүз кемчилик болот, - дейт Т.Жээналиев, - ардагерлердин арыз-муңунан кийин ИИМде аларга көңүл буруу, социалдык көйгөйлөрүн чечүү, ж.б. ушул сыяктуу маселелерди жеринде чечүүнү жетекчи өзү катуу көзөмөлгө алган.
Ал эми "Кылым жолу" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Ө.Жукешов бул бирикмени мындан үч жыл мурун өзү негиздеп, атын да өзү коюп, ардагерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн өзү уюштурганын, бирок тилекке каршы, бирикме уюшулгандан кийин эле иштебей калганын, "туулуп эле кайра өлгөнүн" билдирди. "Анткени Т.Мадылбеков төрага болуп шайланганы, эч кандай иш аткарылбай, бир да жолу чогулуш өтпөй калды. Бирок Мадылбековдун бул сапар эмне максат менен мындай иштерди уюштуруп жатканын билбейм," - деди ал. Мындан сырткары Ө.Жукешов бул бирикменин атын өзгөртүп, жаңы уюм түзүүнү пландап жатышканын айтты.
- Сиз орун басар катары бирикменин бардык ишинен кабардар болушуңуз керек эле да? Жок дегенде себебин сураган жоксузбу? - деген суроого ал төрага менен эчактан бери жолугуша электигин, андыктан анын ой-максатын чынында эле түшүнбөй тургандыгын билдирди.
Ал эми ачык катка кол койгондорду териштире келгенде, жыйында ардагерлердин сыртынан тон бычылып жазылганы аныкталганы айтылды. Мисалы, ИИМдин пенсия бөлүмү: "Макалада көрсөтүлгөн Н.Алымкулов менен Н.Абилдаев ИИМге эч кандай тиешеси жок адамдар", - деген маалымат берди.
Ошондой эле жыйында маалым болгондой, М.Мамбетов, Ү.Камчыбеков, Б.Орозалиев, С.Стамбеков жана М.Камчыбеков: "Кылым жолу" деген бирикмени биринчи угушубуз," - деп, эч кандай гезитке макала жазбагандарын жана кол койбогондугун айтышкан.
- Учурда ички иштер органдарынын ардагерлеринин атын жамынып, алардын сыртынан тон бычып, мындай чуулуу макалаларды ким даярдап жаткандыгын аныктоо үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат, - дейт ИИМдин басма сөз кызматы.
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??