Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_11.htm on line 2


п»ї
  А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата

Аксакал атка татыктуу инсан
(Башталышы гезиттин
№37 санында)
Бирок бул шаарда орус наабайканаларынан айырмаланып, улуттук наабайканаларда дем алыш жана майрам күндөрү белгиленчү эмес. Бул болсо саясый жактан бир топ телчигип калган Абдыкадырдын түздөн-түз жетекчилигинин үстүндө уюштурулган. 1917-жылдын январь айында падышалык өкмөткө эмгек акыны көбөйтүү, эс алуу жана майрам күндөрүн белгилөө талабы коюлган 4 күндүк иш таштоону уюштурууга шылтоо болуп калган. Эми Абдыкадырдын бул жоругу наабайкананын кожоюну тарабынан губернатор Ивановго жеткирилип, анын жекече көрсөтмөсү менен ал камакка алынат. Бул жумушчу наабайчылардын жалпы нааразылыгын күчөтүп, алар өздөрүнүн жолдошу Абдыкадырды түрмөдөн бошотмоюнча иш таштоо улантыла бере тургандыгын билдиришет. Бул саясый акциянын шаардык, уезддик аймакка тарап кетишинен чочулаган кожоюндар наабайчылардын айлык акысын жогорулатып, дем алыш күндү белгилөөгө мажбур болушат. Ал эми Абдыкадыр эки күндөн кийин түрмөдөн бошотулат. Бул А.Орозбековдун саясый ишмердүүлүгүнүн башталышындагы эң алгачкы жеңиши эле. Дал ушул убакта Фергана уездиндеги өнөр жай ишканаларындагы жумушчулардын большевиктик уюму Абдыкадырдын саясый зиректигин, туруктуулугун уюштуруучулугун эске алып, алгачкы революциялык иштерге тарта башташат.
Саясый телчигүү
Буржуазиялык демократиялык февраль революциясынын мезгилинде Орозбеков, Шакиров, Шебланов дегендер менен бирге наабайчылардын, кол өнөрчүлөрдүн, шахтерлордун большевиктик секцияларын түзүүгө активдүү катышат. Бул майда кесиптик секциялар кол өнөрчүлөрдүн жана жумушчулардын Ферганалык союзуна биригип, анын башкармасынын мүчөлөрүнүн бири Абдыкадыр болуп калган. Ушул эле жылы ал аталган уюмдан жумушчу солдат депутаттарынын Фергана облустук Советине мүчөлүккө шайланган.
Тагылган саясый милдеттерди да абийирдүүлүк менен аткарып, Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын жеңишинен кийин жер-жерлерде кеңеш бийлигин орнотууга активдүү катышкан.
1918-жылы 6-августта Абдыкадыр Орозбеков большевиктик партиянын катарына мүчө болуп кабыл алынган. Анын жетекчилигинин астында Фергананын аймагындагы Актам кыштагында молдо Мадынын бандасы жок кылынып, колго түшкөн курал-жарактар уезддин өзгөчө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Ушул эле учурда Фергананын Биринчи Шоро, Ак-Арык деген кыштактарында өрөөндө биринчи-лерден болуп, коммуналарды - коммунисттердин биринчи ячейкаларын түзгөн. Анын бул аймактагы сиңирген эмгектерин эске алып, 1919-1920-жылдары Маргалан уезддик жана шаардык аткаруу комитеттеринин президиумунун мүчөлүгүнө шайланган.
1919-1922-жылдары "басмачылык" кыймылына каршы күрөштө жетекчи катары жетилип, 1923-жылы Мархамат райревкомунун төрагалыгына, кийинчерээк райондук аткаруу комитетинин башчылыгына бекитилет.
Ошол жылдары Орозбеков Советтердин Фергана облустук съездине Мархамат районунун аткаруу комитетинин төрагасы катары катышып, Советтердин бүтүн өзбекстандык курултайына делегат болуп шайланган. А.Орозбековду уезддик большевиктик уюм дайыма эң оор аймактарга чарбалык, саясый, аскердик иштерди чечүүгө жиберип, анын ысымы эл арасында чоң сыймык менен атала баштаган.
Эл үчүн кызмат
1924-жылдын аягында Орто Азиянын элдери улуттук өз алдынчалуулукка ээ болуп, өздөрүнүн мамлекетин түзө баштаганда А.Орозбеков Бүткүл союздук Коммунистик пар-тиянын Кыргыз облустук комитети тарабынан кыргыз улутундагы кадр катарында Кыргызстанга чакырылып, Ош округдук революциялык комитетинин жер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. Көп убакыт өтпөй эле 1925-жылы март айында ВКП (б)нын Ош округдук партиялык конференциясы аны округдук комитетинин жооптуу катчысы кылып дайындайт. Ошол эле жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун биринчи партиялык конференциясына делегат катары катышып, ушул эле конференцияда ВКП (б)нын Кыргыз Автономиялуу облустук комитетинин аткаруу бюросунун мүчөсү болуп шайланган. Буга удаалаш Кыргыз Автономиялуу облусу-нун Советтеринин биринчи съездинде эле совет бийлигин орнотуудагы күжүрмөн эмгеги, басып өткөн жолу, саясый кыраакылыгы эске алынып, Кыргыз Автономиялуу облусунун Борбордук Аткаруу комитетинин төрагалыгына бир добуштан бекитилет.
1925-жылы А.Орозбеков Орто Азия Экономикалык Советинин Президиумунун, Пишпек шаардык Советинин мүчөлүк кызматтарын коомдук башталышта аткарган.
(Уландысы бар)




Тарыхтын парасында парчаланган өмүр
Сүргүн жылдары
Ошентип, Каракол кантону, Барскоон волосту, Чычкан айлынан айдалган Байгазы Исабеков үй-бүлөсү менен Оренбург шаарында адегенде КИМ жана Каширин көчөлөрүнүн кесилишиндеги №15/53 үйдө жашап турган [КР БМА, ф. 21, оп. 4, д. 16, л.55.]. Ал жердеги Байгазынын аянычтуу абалы ошол жакка Ат-Башыдан айдалган кадимки чоң акын Казыбек Мамбетеминовдун "Айдалган манаптар" аттуу казалында да төмөнкүчө сүрөттөлөт:
...Бала болуш Байгазы
Баарына тийген пайдасы
Башына кыйын иш түшүп,
Кетип турат айласы...
Байгазы, Бакир Ажыны
Балдары менен айдаган
Бардыгы менен ушулар
Баркынан мурда тайбаган...
Байгазынын кызы Ашия эженин жана кичүү уулу Канат абанын берген кабарларына караганда Байгазы жана башка кулакка айдалган кыргыздар Оренбургдун тегерегиндеги казактар менен аралашып, алардан боз үй, мал сатып алып, кошо жайлоого чыгып жан багууга аракет кылгандыгы маалым болду. Бирок казактардын туугандык мамилелерине карабастан алар өздөрүнүн сүргүндөгү жашоосуна нааразы болушуп, кулакка туура эмес тартылгандыгын далилдеп, кайрадан Кыргызстанга кайтууга аракет кылышкан.
Мына ушул максат менен 1929-жылы 12-июнда Байгазы Исабеков ВЦИКтин төрагасы Калининге арыз менен кайрылган. Өз арызында Байгазы Исабеков үйү, жылкы койлору жана башка малдары болгондугун, бирок анын баары конфискациялангандыгын белгилейт. Ошондой эле өзүнүн мал чарбасынын саны туура эмес аныкталгандыгын, башкача айтканда аты аталган токтомдун 1-пунктунун талаптарына жооп бербегендигин, (малынын саны көрсөтүлгөн талаптан аз болгон) жалданма күчтөн пайдаланбагандыгын белгилейт. Ошондой эле: "Менин жашоомдун шарттарында эч кандай патриархалдык жана уруулук белгилер сакталган эмес. Уулдарым Черик Байгазиев 1917-жылдан өз алдынча чарба күтүп жашайт, өз алдынча салык төлөйт, Сөлпү Байгазиев да өз алдынча жашайт. Жалаң өзүмдүн каражатыма таянып, мал асыроонун бардык жакшыртылган методдорун колдонуп чарба жүргүзүп келгем, ошондуктан менин патриархалдык абалым тууралуу ырастоо туура эмес." [КР БМА, ф. 21, оп. 4, д. 16, л.55-56.]
Мындан тышкары Байгазы Исабеков арызында ал болуш болуп турган кезде падышачылык өкмөттөн эч кандай сыйлык албагандыгын, Совет бийлигине каршы кандайдыр бир кыймыл-аракеттерге катышпагандыгын көрсөткөн[КР БМА, ф. 21, оп. 4, д.16,л.57].
Азаптуу жылдар ажалын тездетти
Бул арыз кат ВЦИКтин секре-
тариатына 1929-жылы 22-июнда келип түшкөн. 1929-жылы 25-июнда Калининдин жеке колу коюлуп, Байгазы Исабековдун арызы Фрунзеге Кыргыз АССР БАКка териштирүүгө жиберилген. Тилекке каршы, арыздын биринчи бетинин үстүңкү жагына колдон жазылган орусча отклонить- четке кагуу жазуусу түшүрүлгөндүктөн арыз ээсинин өз максатына жетпей калгандыгын баамдоого болот. Ошол эле мезгилде Чычкан айлынын тургундарынын атынан жазылган Байгазы Исабековдун туура эмес кулакка тартылгандыгы тууралуу кайрылууда анын 1918-жылы Барскоон волостундагы кедей- батрактарга 316 койду кайрымдуулук иретинде бекер тараткандыгы, 1920-жылы июнь айында Чычкандагы кедей-кембагалдарга өзүнүн жана Чериктин койлорунан 211 кой тараткандыгы, өзү болсо 1918-жылдан 1920-жылдын октябрына чейин волосттук башкаруу кызматында иштеп, дайыма жарды-жалчыларга жардам бергендиги, күнөөсүз экендиги айтылып, ошондуктан аны бошотууну суранышкан. Бирок бул кайрылуу да эч кандай натыйжа берген эмес [КР БМА, ф. 21, оп. 4, д.16, л.60-60об.]. Ошентип, сүргүндүн кордугуна чыдабаган Байгазы Оренбургга баргандан бир жылдан кийин эле каза болуп калган. Анын кара ашын бергенде бир топ милдетин казак туугандар көтөрүп алышкан экен. Ал жакка барып келген кишилердин айтымында, Байгазынын сөөгүн койгон жерге Оренбургдагы казактар ушул убакытка чейин мазар катары сыйынат экен.
Байгазы кайтыш болгондон кийин улуу баласы Черик Кыргызстанга үй-бүлөсүн алып, качып келет. Бирок куугунтуктун айынан көпкө тура албай, 1933-жылы өзүнүн үй-бүлөсүн, Сөлпү инисин балдары, аялдары менен ээрчитип, Кытайга кетүүгө аргасыз болгон. Черик Кытайда жүрүп дүйнөдөн кайтат. Анын Кытайга кошо кеткен Каамыт, Садык аттуу уулдарынан биринчиси Кытайда көз жумат, анын бала-чакасы азыр Кытайда жашайт. Кийинки уулу Садык жана иниси Сөлпү 1960-жылдары аман-эсен Кыргызстанга келишет. Садык көзү өткөнгө чейин Чычкан айлында молдо болгон, ал эми Сөлпү Байгазиев "Оргочор" совхозунда эмгектенип жүрүп, ошол жакта каза болгон.
Сурамжылоонун маалыматтары боюнча Байгазынын улуу аялы Такабай Күрөңкөй дегендин кызы болгон, аты Кашымкан, экинчи аялы Солтонкулов Сарыбай деген байдын кызы болгон экен, бирок ал эрте каза болуп калгандыктан аты унутулуп калган. Үчүнчү аялы тоңдук саяк Батыркандын кызы Калыйпа, төртүнчүсү караколдук татарлардан Ракыя деген аялы болгон.
Байгазынын Черик, Сөлпү, Алмакан, Зууракан, Ашия жана Канат аттуу балдары болгондугун тактадык. Азыр Байгазынын урпактары Ысык-Көл облусунда турушат. Уулдарынан азыр тирүү жалгыз 1928-жылы туулган Канат Байгазиев. Аны жана эжеси Ашияны Оренбургга баргандан бир жылдан кийин, догдурлар менен сүйлөшүп, ооруп калышты деген документ таап берип, Черик агасы Кыргызстанга жеткирип кеткен.
Жыйынтык иретинде
Ошентип, бала болуш Байгазы-
нын өмүр жолу жана саясый ишмердиги жеке эле эки кылымдын тогошуна дал келбестен, жалпы кыргыз эли дуушар болгон Россиянын оторчулук саясатынын натыйжасында келип чыккан 1916-жылдагы элдик көтөрүлүштүн капшабына кабылып, акыр-аягында Совет бийлигинин бай-манаптарды кулакка тартуу кампаниясынын курманы болуп, алыстагы Оренбургда аянычтуу шекилде аяктаган.
Албетте, Байгазынын ишмердүүлүгүн азыркы мезгилдин талаптарына ылайык таразага салганыбыз туура болбойт. Ал өз заманынын инсаны жана ишмери болгон, падышалык бийликке кызмат кылганына карабастан ириде өз элинин камын көргөн, жарды-жалчыларга жана кедей-кембагалдарга колунан келген кайрымдуулук жардамын байма-бай берип турган. Орустардын колуна өтүп кеткен сугат жерлерин сатып алуу жолу менен болсо да кайрадан эл-журтуна кайрып алууга далалат кылган. Үркүн мезгилинде бийлигин таштап, эли менен кошо Кытайга качып, ал жакта да азып-тозгон жердештеринин камын көрүп, кийин эл Ата Мекенине кайта баштаганда аларды ысык тамак уюштуруп тосуп алып, союшуна мал таратып, инсандык жана болуштук парзын аткарган.
Ошондуктан кандай гана болбосун бала болуш Байгазынын ысымы тарых барактарынан өзүнө татыктуу ордун табыш керек. Совет мезгилинде дээрлик бир кылым бою аты өчүп калган бул инсандын ысымы эми эгемен Кыргызстандын тарыхында минтип кайрадан жазыла баштады. Мисалы, Байгазынын ишмердүүлүгү, айрыкча Оренбургга айдалган мезгилдеги башынан өткөргөн окуялары биздин Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинде даярдалып жаткан "1920-1930 жж. Кыргызстандагы Совет бийлигинин кулактарды тап катары жоюу саясаты" темасындагы диссертацияда кеңири чагылдырылат.
Быйылкы жылы Байгазы Исабековдун туулгандыгынын 140 жылдыгын белгилөө менен анын ысымын өзү туулуп-өскөн Чычкан-Башында ушул мезгилде жаңы конуш болуп кайра жаралып келе жаткан айылга ыйгарып койсо туура болоор беле деген сунуш менен ушул чакан баяныбызды аяктайбыз.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??