Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/0526_10.htm on line 2


п»ї
  адабият

Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят
(Башталышы гезиттин №37 санында)
Кыргыз адабияты - анын прозасы, поэзиясы да, драматургиясы да мага чейин эле түзүлүп, калыптанып калгандыгын, айрыкча элдик оозеки чыгармачылык - легендалар, мифтер мага бөтөнчө таасир эткендигин белгилегим келет.
ЁЁЁ
Эки тилдүүлүк улуттук маданияттардын өнүгүшүнө кызмат кылышы керек. Бирок, аны эч качан кысымга алууга тийиш эмес. Анткени, ар бир элдин тили - ошол элдин миңдеген кылымдык акылынан, генийинен жаралган кымбат жана табылбас байлык. Тилдер жоголуп кетиши мүмкүн, жоголуп да жатат. Бирок, алардын жаралышы кыйын нерсе. Тилдер пайда болгон мезгил кайткыс болуп алыста калды. Азыр ар бир нерсени сактап, кармап калуу зарыл. Ар бир элдин тили - бүткүл адамзаттын мүлкү.
ЁЁЁ
Жазуучуда баамчылдык, сезгичтик күчтүү өнүгүшү зарыл. Бирок, ал башкача жаралган улукман, же периште эмес, анын кылык-жоругунда, мүнөзүндө турмуштун ар кыл жактары сиңирилген болушу мүмкүн. Канткен менен ал өз искусствосунун жеткилең болушу үчүн умтулат. Бул башкы нерсе. Эгер художниктин реалдуу турмушу менен идеалдуу турмуш дал келип турса - эң жакшы. Бирок, бул закон эмес. Бул эң татаал маселе, мында жогорку математиканын эрежелери боюнча жүргүзүүчү эсеп бар.
ЁЁЁ
Мен музыканы абдан урматтайм жана сүйөм. Ал адамга ушунчалык назик, кармалгыс, сөз менен айтып берүүгө түк мүмкүн болбогон сезимди пайда кылат. Ушул үчүн аны талдоо, сындоо да кыйын сыяктуу. Ким гана болбосун анын музыка жөнүндөгү ою сезимге, интуицияга негизделет, ал жагат же жакпайт деп гана айта алат. Адабиятты болсо сөздөр, илимий терминдер, аныктамалар менен жеңил эле чечмелөөгө болот. Ар бир адам өзүнчө адабиятты билем жана баалайм деп эсептейт. Ал эми музыкага мындай жеңил мамиле жасоо кыйын.
Бирок, канткен менен адабияттын да өз артыкчылыгы бар. Мында адам бардык жагынан толук жана полифониялуу көрүнө алат. Баарыдан да прозада турмушту, тарыхты кенен, таасирдүү чагылтуу мүмкүнчүлүгү бар. Айрыкча реализм - бул чоң, ар кандай искусствонун өзөгү. Анын артыкчылыгы да чоң. Анткени, искусстводогу башка методдордо шарттуулуктар көбүрөөк үстөмдүк кылат. Реалисттик прозада өзүң жөнүндө гана айтып тура албайсың, ошону менен бирге жалпы дүйнө, турмуш жөнүндө айтууга мажбур болосуң. Ошондой болсо да, мен жазып жатканымда турмуш жөнүндөгү өзүмдүн ойлорумду, сезимдеримди адамдарга жугузгум келет. Алар менин китебимди окуп, өздөрүн билишин, түшүнүшүн каалайм.
ЁЁЁ
Мен өзүмдүн каарманыма өз ойлорумду сиңирем, анын мага жагып турганы менен эле иш бүтпөйт, мен ал үчүн күрөшүүм керек. Бирок, анын турпатында ар түрдүү башталыштар бар, ошон үчүн анда татаал күрөш жүрөт. Мыкты агрономду же алдыңкы жумушчуну жакшы деп мактоо, ал эми колхоздун начар башкармасын же жек көрүндү ичкичти жаман деп көрсөтүү менен чектелүү - бул, менимче, адабияттын иши эмес.
Сынчылар менен талашкым келбейт, бирок эң кымбат, асылзаада, жүрөккө ушунчалык жакын нерсе жөнөкөй эле бир көнүмүш сөздөр менен атоо ылайыксыз. Асылзаадалык ар бир учурда ар башка вариантта көрүнүшү мүмкүн. Биз ошонун баарын бир гана "оң каарман" деген сөз менен атай беребиз, ушул жакшыбы? Асылзаадалык - мүмкүн эрдик, адилеттик, сүйүү, аял түрүндө көрүнөр.
ЁЁЁ
Эгер каарман личность болбосо, ага канчалык мыкты сапаттарды таңуулабайлы - ал адамдарда симпатия пайда кылбайт, кооз сөлөкөт деңгээлинен ашпайт. Личность - өзүнүн ички дүйнөсүнүн көп кырдуулугу, байлыгы, татаал жана карама-каршылыктуулугу менен күчтүү. Адабият личносту коомдук турмуш менен айкалышта, бардык социалдык жана экономикалык шарттардын комплексинде издөөгө тийиш.
ЁЁЁ
Искусствонун милдети, вазифасы - адамга терең назар салууну, кызыгууну туудуруу, аны урматтоо сезимин пайда кылуу. Мына ушуга байланыштуу мен каармандын өсүү эволюциясы туурасында айткым келет.
Революциянын алгачкы жылдарына мүнөздүү болгон ошол мезгилдин романтикалык жогорулашын чагылдырган, сезим-туюмду таң калтырган нерселер биздин коомдун алга жылышы, анын социалдык жана тарыхый татаалдануулары менен биротоло изи сууп калбаса да, экинчи планга өттү го деп ойлоймун.
Күчтүү, албуут, идеалдуу каармандарды даңазалаган романтизмден биз накта турмуштук терең реализмге өттүк. Бизди артка, келген жолубузга кайра кайрууга аракеттенген сынчылар, менимче, жаңылышып жатышат. Ошондой эле мурдагы түшүнүктөрдү бекем карманган окурмандардыкы да туура эмес. Жазуучу өз бийиктигинен алардын деңгээлине түшүп келүүгө акысы жок.
ЁЁЁ
Адам өзүндөгү, коомдогу бардык кымбат, мыкты нерселерди сүйүшү, билиши, урматташы, ошону менен тим болбой, ал үчүн күйүшү, күрөшүшү үчүн адабият ар дайым өз желегин бийик көтөрүп, турмуштун татаалдыктарына тайманбай кириши керек. Албетте, окурмандарды күнөөлөө кыйын, алардын табити ар түркүн шарттардын, кырдаалдардын таасири астында калыптанды. Ошондой болсо да, биздин адабияттын мындан аркы өнүгүшү алардан да белгилүү аракеттенүүлөрдү талап кылат.
Үгүт, акыл-насаат айтуунун дидактикалык формасынан биз аналитикалык мүнөздөгү баяндоого, татаалдыкка өтүп жатабыз. Адамдын бардык алсыздыктарын, табиятындагы бардык карама-каршы башталыштарды жашырбай, жеткилең, кенен, ачык көрсөтүү үчүн анын натурасына дагы тереңирээк сүңгүп кирүү зарыл. Бизге кимдир бирөөлөр
каармандын эволюциясына туура эмес түшүнөт экенсиң деп доо коюшу да ыктымал. Бирок, бардык доолорго жооп берип отуруу кыйын, бардык адамдарга бирдей жага албайсың. Ошондуктан калем сапты колго алып, өз ишиңди иштегенден жакшысы жок.




Жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат АКМАТОВ:
"Окурмандан алдыда жүрбөй, анын артында калган жазуучунун эч кимге кереги жок"
(Башталышы гезиттин
№37 санында)
Ошол бетте Лобсанг Рампанын "Үчүнчү көз" аттуу китебине бадырайган шилтеме турат. 700 беттен ашык романдын (үч китеп) жалпысынан алганда он чакты бетинде тибеттик монастырдагы окууга өтүү жана сабак эрежелери, экзамен берүү усулу, программасы, а эң негизгиси - үчүнчү көздү ачуу технологиясы айтылат. Бул бардык окуучуларга бирдей жазууга тийиш белем? Же болбосо Адилеттин (Маниясо) образы аны менен чогуу окуган Лобсанг Рампанын (романды караңыз) образына окшошуп турабы? Эгерде чыгармадагы берилген идея жана түзүлгөн образ жалпы мазмуну окшош болсо, анда доомат койсо болот. Окшоштук деп ошону айтат. Мен муну көркөм адабияттан алыс жердешим Д.Дөкөнбаевге айтып жаткан жерим жок - ал киши айткан менен деле түшүнө койбостур. Мен муну роман жанрынан кабары бар жалпы окурмандарга айткым келет.
- Дегеле көркөм адабияттын азыркы, жарандык эркин коомдогу ролун кандай деп ойлойсуз?
- У.Кетфорддун минтип айтканы бар: "Адамзат нравалык жактан бузулуп отуруп кулак-мурдуна дейре балчыкка баткан кезде идеялык көркөм адабият аны ал жактан сууруп чыгат. Бир гана өкүнүч - ушул көрүнүш кайрадан кайталана бергендигинде". Менимче, бул калетсиз айтылган ой. Мындан таамай айтыш мүмкүн эместей. Тилекке каршы, азыр бүткүл ааламда "балчыкка батуу" процесси жүрүп жаткан кез... Кыргызстан андан четте калбай калсын.
- Мына ушул терс көрүнүшкө такаат бере турган балким диндир?
- Албетте, дин. Биздин эрага чейин эле чыгыш элдери: кытай, индус, египеттиктер адамдардын ыйманын таза кармоо аракетин жасашып, алгачкы диндик көз караштарды, ырым-жырымдарды ойлоп таба башташкан. Бирок, миллиондогон адамдарды динге кантип байлайсың? Анүчүн акылман пайгамбарлар кудайды ойлоп таап "жаратып", адамдарга өлбөстүктүн амалын сунуш кылышкан. Азыркы дүйнөлүк үч дин үчөө тең адамга өлбөстүктүн жолун чаап берет, бирок үчөө үч башка жагдай менен. Бирөө - реинкарнация, экинчиси - "воскресение", үчүнчүсү - жаны жаннатка барып "арбак" түрүндө түбөлүк жашайт. Ошол түбөлүк жашоонун амалын бергендиги үчүн диндер миллиарддаган адамдардын жүрөгүнөн орун алган. Ошол эле учурда диндер адамдарды терс жолдон буруп, оң жолго салуунун тынымсыз аракетинде. Бул маселеге келгенде дин менен көркөм адабият экөө шериктеш жана бирин-бири толуктап келет.
Бир гана өкүнүчтүү жагы, адамдар динди дагы саясатташтырып, бийлик, байлык өч алуу (террор), жер, суу талашуу сыяктуу маселелерге бура коюп жаткандыгында. Мына ушундайлардан Кудай сактасын.
Идеология
тууралуу учкай ой
- Казат Акматович, биздин өлкөдө идеология али калыптана элек деп айтып кеттиңиз. Сиздин көз карашыңызда бизге деги кандай идеология керек?
- Мен укпай калган экем, бирок гезиттер жазганын окудум: Президент К.С.Бакиев айткан экен - биз коомдук жана мамлекеттик идеологиябызга кыргыз элинин акылман, нускалуу макал-лакаптарын негиз кылып алсак болот экен деген ойду. Ошондон көп өтпөй эле Президенттин бул оюна каршы макалалар (Ж.Сатыбалдиев ж.б.) чыга баштады. Аларды окусам, авторлору көбүнчө кыргыз тилин, тарыхын, рух дүйнөсүн биле албай, орусча окуп тарбияланган инсандар сыяктанды. Албетте, окубаган, билбеген нерсе ар дайым сага чоочун чөйрө. Чоочундун иши чоочун. Ал эч убакта сенин жүрөгүңөн, жан-дүйнөңөн орун таппайт. Аны сен боюңа жуутпай "үркүп" турасың. Дал ошондой көрүнүш болуп жатат.
Чын-чынына келгенде Президенттин оюна толук кошулуу керек. Анткени - кыргыз эли эки миң жылдап чогулткан акыл кенчи, асыл ойлору, адамга, ааламга, турмушка болгон философиялык, нравалык жана саясый көз караштары бүтүндөй топтолуп келип ошол макал-лакаптардын ичинде катылып жатат. Ошол асылдыктарды тоо деп элестетсек, анда азыркы адамзаттарыбыз (О.Ибраимов) жазган идеологиялык опустар ошол тоонун түбүндө жаткан чүкөдөй таш. Чүкөдөй таш болгон себеби, алар аркасындагы төөнү көрбөй, бери, куру талааны карап отуруп, оюнан чыгарып жазышкандыгында.
Макал-лакаптарыбызда мамлекеттик, коомдук түзүлүштөн баштап, жеке адамдын укугуна, милдетине, үй-бүлөлүк, ата-балалык мамилеге дейре таамай жана терең айтылган көөнөргүс, өлбөс-өчпөс ойлор камтылган. Өзгөчө бийлик башы менен элдин, коомдун, жеке адамдардын өз ара мамилелери кенен бир главаны түзмөкчү. "Увазир жакшы - хан жакшы, аял жакшы - эр жакшы" деп башталат бул бөлүм. Мына ушуларды окубай, билбей, же окуса да түшүнбөй туруп эле "идеологиябыз макалдардан турса, анда жыргаган экенбиз" деген кесир "ойчулдар" жанды кейитет. Ошол элдик акыл казынаны жеригендердин бири дагы өмүрүндө алгылыктуу бир сүйлөм жазганын көрө элекмин. Ошондуктан, илимпоздордон, тилчи, юристтерден топ түзүп, Президенттин ушул сунушун ишке ашыруу аракетин жасоону Мамлекеттик катчыбыз Досбол Нур уулуна сунуш-таар элем.
- Казат Акматович, сиздин саясатка аралашпай, такай чыгармачылык менен отурганыңызга кыйла жыл болуп кетти. Бирок, бир суроонун удулу келип турат. Президенттикке талапкер Ж.Назаралиев өз программасында Ысык-Көлгө апийим айдап, зор киреше алсак болот деген оюн айтат. Ысык-Көлдүн кулуну катарында мындай сунушка кандай карайсыз?
- Бул сунушту 1993-жылы "легендарлуу" парламентте талкуулап да көргөнбүз. Апийим айдабоо боюнча эл аралык келишим бар экен. Кыргызстан да кол коюптур. Анын үстүнө апийим айдайбыз деп силер Сицилия болгуңар барбы? Ал жерде апийим үчүн бандиттер такай кан төгүп, болгон түшүмдү колдон жулуп кетишет. Пайда көрбөйсүңөр, а зыяны зор деп эксперттер коркутуп коюшкан. Муну иликтөө жагы Ф.Куловго тапшырылган болчу. Ал киши тапшырманы аткара алган жок. А чындыгында Ооганстан баш болгон көп эле өлкөлөр апийим айдап жан багат. Эгерде, биз жолун тапсак, экономикабызга, элдин турмушуна аябагандай зор жөлөк болот эле.
- Демек, Ж.Назаралиевди колдойт экенсиз да?
- Анын апийим жөнүндөгү сунушун колдосо болот. А президенттикке талапкер катары колдоого болбойт. Интервьюларындагы сөздөрүнө караганда кыргыздардын баарысынан "невежественный", "отсталый", "примитивный" деп жийиркенип турганы байкалат. "Ушундай элге президент болуунун мага эмне кажети бар" деп ойлонсо болмок өзү.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-май, 2009-ж.:
1-бет
Дөңгөлөк Камбар-Ата-2 ГЭСине жеткирилди
2-бет
"КТРди", "ЭлТРди"көрө алабызбы?
3-бет
РАСМИЙ МААЛЫМАТТАР
4-бет
Курманбек Бакиев:
"Түркиядан ала турган сабак көп"

5-бет
Күндарек
6-бет
Астана жыйыны
7-бет
Айтылган сунуштар кызматташтыкка жол ачат
8-бет
Ооруба жүрөк, ооруба!
9-бет
"Жылдын мыкты айыл аймагы" конкурсуна
10-бет
Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят

11-бет
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата
12-бет
Пара алган МАИчилерди депутат ашкерелей
13-бет
Пакистандагы абал аймакта кооптонууларды жаратууда
14-бет
Филология илимдеринин доктору Алтын АСАНОВА:
"Биздин китепканаларыбызга реклама жетишпейт"

15-бет
"Рахматулиндин толкундары"
16-бет
Түркия кайрыктары










??.??