![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
ШКУнун кезектеги самм итин утурлап ШКУ интеграцияны арттырып, коопсуздукту чыңдайт Ушул жылдын 15-июнунда Россиянын Екатеринбург шаарында Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити өткөрүлөт. Ага карата Россияда чоң даярдыктар көрүлүүдө. Екатеринбургда саммит өткөрүлө турган беш жылдыздуу "Хаят" отели жакында курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү министрликтеринин, ведомстволорунун жетекчилери жолугушуп, саммиттин күн тартибине киргизилчү маселелерди, кабыл алынчу чечимдердин долбоорлорун даярдашууда. Ушул айдын башталышында Екатеринбургда уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана максаттары, гуманитардык өңүттөгү маселелер боюнча эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Мүчө мамлекеттердин улуттук изилдөө жана аналитикалык борборлорунун окумуштууларынын жана эксперттеринин, аналитиктеринин, байкоочу өлкөлөр Индиянын, Пакистандын, Ирандын, КМШнын аткаруу комитетинин, ЕврАзЭШтин өкүлдөрүнүн катышуусунда жакында 18-19-майда "Шанхай кызматташтык уюмунун жаңы экономикалык кырдаалдын шарттарындагы орду жана ролу" деген темада Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаториясында өткөрүлгөн уюмдун IV форумун да ушул өңүттөн карообуз керек. ШКУ дүйнөлүк экономикалык кризистин шарттарында Форумдун отурумунун күн тартибине "Дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризис: ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн жаңы эрегишүүлөр жана коркунучтар. Уюмдун жаңы экономикалык кырдаалдын шарттарындагы ролу" деген маселенин артыкчылыктуу тартипте киргизилип, кеңири талкууланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Азыр дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризис жер шарын кара тумандай каптоодо. Бирок, уюмга мүчө өлкөлөргө тийгизген таасири ар кандай деңгээлдерде болууда. Алсак, дүйнөлүк кризис Россиянын ички дүң продуктусунун көлөмүн кескин азайтып, рублди 40 пайыздык девальвацияга учуратса, уюмга мүчө калган өлкөлөрдүн экономикаларына сезилерлик деле терс таасирин тийгизе алган жок. Маселен, быйыл Кытайдын ички дүң продуктусу 8,2 пайызга көбөйгөнү турат. Казакстанда ал 3-4 пайыздын тегерегинде, ал эми калган уюмга мүчө өлкөлөрдө 5-6 пайыздан кем болбоосу күтүлүүдө. Мындай контрасттык көрүнүштөр уюмдун өнүгүп, өсүүсүнө, интеграциялык процесстерге терс таасирин тийгизе албайт. Отурумда айрым республикалардын аналитиктери жана эксперттери ЕврАзЭШтин алкагында дүйнөлүк экономикалык жана финансылык кризистерден чыгуу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлүп, анда Россия менен Казакстандын чоң жоопкерчиликтерди өздөрүнө алып, антикризистик чараларды каржылоо боюнча капиталы 10 миллиард долларлык банкты түзүшкөндүктөрү айтылып, ШКУнун алкагында ири экономикалык держава Кытай да мына ушул жагынан үлгү көрсөтсө жакшы болот эле дегендей каалоолорун билдиришти. Андай каалоолорду Кытайдан келишкен аналитиктер, эксперттер комментариялашкан жок. Уюм элдештирүүчүнүн милдетин аткара алабы? "Шанхай кызматташтык уюму - мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салууда кандай роль аткара алат?" - деген маселе да отурумда кеңири талкууланып, бул маселе боюнча Кытайдын, Өзбекстандын, Россиянын жана Кыргызстандын өкүлдөрү өздөрүнүн байкоолорун жана сунуштарын айтышты. Бир уюмга мүчө болгон менен мүчө өлкөлөрдүн арасында саясый, экономикалык жана чегаралык маселелер боюнча кайчы, пикирлердин, өз ара түшүнүшпөстүктөрдүн пайда болушу да мүмкүн, ал болуп келген нерсе. Маселен, Борбордук Азиядагы республикаларда суу-энергетикалык ресурстарын биргеликте пайдалануу, чегараларды демилитациялап, демаркациялоо боюнча сезилерлик пикир келишпестиктер, карама-каршы көз караштар бар. Бирок, андай ички маселелер уюмдун эл аралык терроризмге жана экстремизмге, наркотрафикке каршы биргелешип күрөшүү сыяктуу артыкчылыктуу милдеттерин чечүүгө жолтоо болбошу, андай маселелер сүйлөшүүлөр, компромисттер аркылуу гана цивилдүү жолдор менен чечилүүсү зарыл. Эгерде пикир келишпестиктер тереңдеп баратса, уюмдун калган мүчөлөрү ортомчунун милдеттерин аткарышып, маселелерди конструктивдүү негизде чечүүгө көмөктөшүүлөрү зарыл. Көпчүлүк аналитиктердин, эксперттердин пикирлерине ылайык, ШКУнун бул багыттагы ролу жылдан жылга жогорулай берет. Суу, энергетикалык ресурстары натыйжалуу пайдалануу жаатында Суу, энергетикалык респустарын биргеликте пайдалануу боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда алгылыктуу жакшы көрүнүштөр, көп жылдардан бери жыйналган тажрыйбалар менен бирге принципиалдуу пикир келишпестиктердин бар экендиги да эч кимге жашыруун эмес. Аны бир катар өңүттөрдөн караса болот. Биринчиден, аймакта суу ресурстарынын корлору кескин азайгандыктан Аму, Сыр дарыялардын жогорку бөлүктөрүндө жаңы ГЭСтердин курулуусу аймактын төмөнкү бөлүктөрүндөгү республикаларда тынчсызданууларды жана каршылыктарды пайда кылууда. Экинчиден, аймакта газдын, көмүрдүн, нефтипродуктуларынын баалары дүйнөлүк деңгээлде өскөн менен электр энергиясынын экспорттук баалары негизинен мурдагыдай бойдон калууда. Бул да өз ара түшүнбөстүктөрдү жана нааразылыктарды жаратууда. Ошондуктан форумдун катышуучулары отурумдун күн тартибине "ШКУнун суу энергетикалык ресурстарын рационалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чечимдерди издөөдөгү ролу" деген теманы тандап алышып, бул маселе боюнча Казакстандан келген эксперт Э.Байназарова, Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен Э.Жусуматов кыскача баяндамаларды жасашып, бир катар өлкөлөрдүн аналитиктери, эксперттери өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын айтышты. Алардын негизин суу энергетикалык маселелерин бирин экинчисинен бөлүп карабастан комплекстүү алып карап, ошол өңүттө чечүү зарыл деген позиция үстөмдүк кылды. Уюмдун университети түзүлгөнү жатат Эгерде алгач Шанхай кызматташтык уюму эл аралык терроризмге жана экстремизмге, мыйзамсыз наркозаттар менен соода кылууга каршы биргелешип күрөшүү максатында түзүлсө, азыр анын алкагы кеңейип, экономикалык жана маданий, гуманитардык кызматташтыктарды өнүктүрүүгө да чоң көңүл бөлүнүүдө. Алсак, Кытай уюмдун алкагында товардык кредиттерди берүүгө макулдугун билдирүүдө. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн саммити болгон сайын ал жерде маданий программаны жүзөгө ашыруу да салт болуп калган. Ошондуктан форумдун отурумунда төртүнчү маселе катарында "ШКУда маданият жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташуунун келечектери жана ШКУнун университетин түзүүнүн долбоорунун" талкуулануусу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул боюнча ШКУнун Кытайдагы улуттук изилдөө борборунун директору Чэнь Юйжундун, россиялык эксперт С.Тихомировдун, Кыргызстандын эксперти Н.Багдасарованын баяндамалары, алар боюнча чыгып сүйлөгөндөрдүн комментариялары өзгөчө кызыктуулуктары менен айырмаланды. Бул идеяны жүзөгө ашырууга, деги эле ШКУну бекемдеп, өнүктүрүүгө кытай тараптын өзгөчө чоң маани берип жаткандыгы байкалат. Алсак, акыркы эки үч жылдын ичинде Кытай Эл Республикасы уюмга мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө кытай тилин жана маданиятын үйрөнүү боюнча борборлорду ачты. Эгерде уюмдун алкагында университет ачылса ал эл аралык мамилелерди изилдеп, үйрөтүүчү гана эмес, мүчө өлкөлөрдүн маданияттарын таркатуучу да борбор болорунан шек санабасак болот. Уюм аймактагы коопсуздукту чыңдоодо чечүүчү мааниге ээ Ооганстандагы абал турукташпай, Пакистанда талибдерге каршы аскердик операциялар улантылып, Ооганстанда наркозаттарды өндүрүп, таркатуунун көлөмүнүн жылдан жылга көбөйүп баратуусу аймактын гана эмес, бүткүл дүйнөнүн калкына чоң коркунучтарды пайда кылууда. Алсак, жөнөкөй калктын ичинде талибдер менен коалициялык күчтөрдүн кагылышууларынан, жөн эле аскердик жаңылыштыктардан улам курман болгондордун сандары көбөйүүдө. Эгерде 2001-жылы Ооганстанда 180 тонна наркозат өндүрүлсө, ал өткөн жылы 8200 тоннага жетти. Өндүрүлгөн наркозаттардын көпчүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрү аркылуу Россияга, андан ары Европага таркатылууда. Уюмга мүчө өлкөлөр каалашабы, каалашпайбы, жагабы, жакпайбы Ооганстандагы, Пакистандагы маселелерди жөнгө салууга катышпай коё алышпайт. Анын үстүнө Пакистан, Индия жана Ооганстан ШКУда байкоочу да болуп саналышат. Отурумда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн катарын кеңейтүү зарылбы же зарыл эмеспи деген да маселе көтөрүлүп, эксперт, аналитиктердин көпчүлүгү эл аралык абройлуу уюмдар тараптан санкцияга тушуккан жана ички саясый, социалдык абалдары турукташпаган өлкөлөрдү мүчө кылып алуу уюмду ичтен ыдыратып, кадырын кетиргенден башка пайда бербейт деген жыйынтыкка келишти. Пакистан менен Иран уюмга мүчөлүккө ынтызар. Бирок, эртең Пакистан эски атаандашы Индия менен кагылышып кетсе эмне болот? БУУ Иранга карата киргизген санкциясын жокко чыгара элек. Екатеринбургдагы саммитке Белоруссиянын, Шри-Ланканын өкүлдөрү байкоочу катарында катышканы жатышат. Бул ШКУнун эл аралык аброю артып, ага мүчө болууну каалоочулардын сандарынын көбөйүп бараткандыгын айгинелейт. П.ДҮЙШӨНБАЕВ, "Кыргыз Туусу" Тил жоголсо улут кошо жоголот амтил мыйзамын аткарбагандар аныкталды, эскертүү алды "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы боюнча прокуратура органдары тарабынан 2008-жылы жана 2009-жылдын 4 айында жүргүзүлгөн иш чаралары тууралуу М А А Л Ы М А Т "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашырып, мамлекеттик тилди колдонуу, бирдей чечмелөө, түшүндүрүү максатында республикабыздын прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо багытында, ага байланышкан ченемдик-укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына дайыма көзөмөлдүк жүргүзүлүп келүүдө. Атап айтканда, 2008-жылдын ичинде прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 39 сунуш жана 115 талап киргизилип, укук бузуунун алдын алуу максатында 49 адамга мыйзамдын бузулушуна жол берилбеши тууралуу эскертме жарыяланып, укук бузулган учурдагы жоопкерчиликтери түшүндүрүлдү. Ал эми, үстүбүздөгү жылдын 4 айында прокуратура органдары тарабынан 79 текшерүү жүргүзүлүп, алардын натыйжасында мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 28 сунуш жана 74 талап киргизилип, 75 адамга мыйзамдын бузулушуна жол бербөө жөнүндө эскертме жарыяланды. Бул багытта жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын талдоодо кээ бир мамлекеттик мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жеке-менчик ишканалар тарабынан жогоруда аталган Мыйзамдын талаптары толук аткарылбай жаткандыгы аныкталды. Мисалы, Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө райондук электр тармактар ишканасында, электр жарыгын сатуу мекемесинде, Крупская атындагы айылдык аймагында, райондук Социалдык фонддо жана социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрүндө маалыматтар жана кулактандыруулар мамлекеттик тилде түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик тил боюнча түзүлгөн атайын иш пландары аткарылбай, атайын такталарда жасалган күн тартиби, иштөө убактысы жана иш кагаздарынын үлгүлөрү тууралуу маалыматтар расмий тилде гана жол-жоболоштурулгандыгы аныкталып, натыйжада прокуратура тарабынан 2009-жылдын 20-мартында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына мыйзам буузууларды жоюу жөнүндө сунуш келтирилди. Москва райондук прокуратурасы тарабынан бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана башка мекеме-уюмдарында текшерүү жүргүзүлүп, анда жогоруда аталган Мыйзамдын 10, 11, 14, 24-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптар одоно түрдө бузулуп, иш өндүрүштөрү, сессиялар, чогулуштар жана кеңешмелер мамлекеттик тилде өткөрүлбөгөндүгү жана көчөлөрдүн аталыштары мамлекеттик тилде жазылбагандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан 2009-жылдын 24-мартында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына сунуш киргизилип, азыркы мезгилде мыйзам бузууларды жоюу боюнча иш алып барылууда. Түп райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө райондук мамлекеттик салымдар жана жыйымдар боюнча башкармалыгында иш кагаздары көпчүлүк учурларда расмий тилде жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталып, 2009-жылдын 17-апрелинде башкармалыктын башчысына сунуш киргизилип, мыйзам бузууларды жоюу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Х.Турсунов атындагы орто мектептин жана Араван районунун Н.Юсупов айылдык округунун № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кире бериштеринде көрнөктөр өзбек тилинде жазылгандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кара-Суу жана Араван райондук прокуратуралары тарабынан аталган мекемелердин жетекчилерине мыйзам бузуучулуктарды четтетүү боюнча талаптар келтирилди. Ошондой эле, текшерүүлөрдүн жыйынтыгын талдоодо жогоруда аталган Мыйзамдын 27-беренесинин талаптары одоно түрдө бузулуп, жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулбастан, расмий же болбосо өзбек тилдеринде жазылгандыгы аныкталууда. Мисалы, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан 2009-жылдын 26-апрелинде Спорт ордосунда өтө турган шайырлар клубунун финалы жөнүндө кулактандыруулар жогорудагы мыйзамдын талаптарын бузуу менен расмий тилде гана жол-жоболоштурулгандыктан "Кыргызстандын шайырларынын жана тапкычтарынын клубу" коомдук бирикмесинин президенти Е.Акопянга жана "Эскпресс-сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Е.Сабировага мыйзам бузууга жол бербөө тууралуу эскертүү берилген. Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Кадамжай шаарчасынын тургуну жеке ишкер Э.Ибраева өзүнө караштуу дарыканасында жарнактарды расмий тилде жол-жоболоштургандыгына байланыштуу мыйзам бузууларды болтурбоо жүнүндө алдын ала эскертилген. Ушундай эле мыйзам бузуучулуктар республиканын бүтүн аймактарында аныкталууда. Мындан тышкары, прокуратура органдарында мамлекеттик тилди колдонуп, өнүктүрүүгө арналган ар кандай семинарлар өткөрүлүүдө. Мисалы, 2009-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын катышуусунда "Мамлекеттик тил жана мыйзамдуулук" темасындагы семинар-жолугушуу өтүп, катышуучуларга атайын усулдук жардам катарында китептер жана сөздүктөр таркатылып берилди. Башкы прокуратуранын Басма сөзкызматы. 19.05.2009 ж.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||