, 22.05.09 - 8-бет:
  Талас

Айтматовдун айкели алешем болбошу керек
Заманыбыздын залкар ойчулу, улуу сүрөткер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин Талас шаарына орнотуу боюнча шаар мэри Эркин Турсункуловдун чечкиндүү аракетин депутаттардын Талас шаардык Кеңеши колдоп, сессияда долбоорго 300 миң сом каралган.
Бишкектик скульптор Анарбек Мырсараимов менен келишим түзүлүп, ага каражаттын 50 пайызын колуна карматышкан. Бирок жакында шаар мэри Э.Турсункулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Жаналиев, белгилүү архитектор А.Солтобаев, көрүнүктүү сүрөтчү Жаныбек Рай, Талас облустук "Талас турмушу" гезитинин башкы редактору К.Иманкулов, Талас шаардык "Жаңы багыт" гезитинин башкы редактору Т.Ибрагимов тутумуна кирген комиссия мүчөлөрү заказды аткаруучунун Бишкектеги өнөрканасында болушуп, супсундары сууп кайтышты. А.Мырсараимовдун эмгеги дегеле искусствого жакын болмок түгүл, скульптуранын жөнөкөй эреже талаптары аткарылбагандыгы белгилүү болду.
Жакында комиссия экинчи кароону өткөрдү. Кароого белгилүү скульпторлор Базарбек Сыдыков, Тайыр Медеров, ошондой эле Анарбек Мырсараимов айкел эскиздери менен катышышты.
Дагы бир белгилүү сүрөтчү Балтабай Абдылдаев убакыттын чукулуна карабастан, бир жума күн-түн тынымдан кетип, кийинки кароого өз долбоорун сунуштады.
Айтматовдун айкелин орнотуу маселеси бийик деңгээлге көтөрүлүп, комиссияны облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков жетектемекчи.
Комиссия кеменгер жазуучу, орошон ойчул инсандын айкели бийик эстетикалык деңгээлде жасалышына талапты катуу коюуда. Ааламды рух кудурети менен тамшандырган калем императорунун айкели монументалдуу болуп, граниттен жасалышы үчүн облустун коомчулугу, жергиликтүү бийлик жетекчилери катуу аракет кылышууда. Жакында комиссия кезектеги кароону өткөрмөкчү.
Коомчулуктун пикиринде облуста алешем жасалган айкелдер арбын. Андыктан комиссия Чыңгыз Айтматовдун айкели алешем жасалышына жол бербейт.
Козубек ИМАНКУЛОВ




"
  Ысык-Көл

"Эрдик сабактары" эскирбейт
Каракол шаардык ардагерлер кеңешинин өз демилгеси, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы күжүрмөн эмгектин катышуучуларынын көмөгү менен уюшулган мэриянын имаратындагы музей жаш муундарды тарбиялоонун борборуна айланды.
Бул чакан бөлмөдөн өткөн каардуу жылдардын тарыхый элесинин учкундарын көрүүгө болот, - дейт музейдин деректири Акылбек Турдуматов. - Анткени ХХ кылымдагы кыргын согуштун катышуучуларынын буюм-тайымдары коюлду, сүрөттөрү илинди. Көл өрөөнүнөн чыккан 14 согуш Баатырларынын экөө Каракол шаарына тиешелүү. Т.Глухов, Ж.Рахманов, В.Верещагин сыяктуу активдүү ардагерлер облус борборунун 11 мектебинде болушуп, "Эрдик сабактарын" өткөрүштү. Мындай иш-чаралар жаш жеткинчектерди элин, жерин, улутун сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоодо баа жеткис таасирлерин тийгизүүдө деген жакшы үмүттөбүз.

Облус мааракесине - он объект
Быйыл Ысык-Көл облусунун уюшулганына 70 жыл толот. Азыр Көл өрөөнүнүн бардык мекеме, ишкана, аймак-чөлкөмдөрүндө мааракеге күжүрмөн эмгектик белек даярдоо аракети күч.
Облустун, аймак-шаарлардын, жергиликтүү бийликтердин жетекчилери эл менен өткөрүп келаткан үзгүлтүксүз жолугушууларда өзгөчө борборлордон алыс жайгашкан айыл-кыштактарга материалдык да, моралдык да жардам берүүнү акыры салтка айлантып алышты.
Жакында губернатор Кыдыкбек Исаев Түп аймагынын Ак-Булак, Сары-Булак айыл округдарын кыдырып, эл менен жолугушуу учурунда райондун акими Самат Керимкулов облустун 70 жылдыгына карата ондон ашык объекттин курулушу толук бүткөрүлүп, пайдалангууга берилерин жалпыга жарыялады. Азыр жалгыз Күрмөнтү кыштагында эле жалпы суммасы 15,7 млн. сомго айылдык маданият үйүнүн, балдар бакчасынын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары капиталдык оңдоолордон өткөрүлүүдө.

"Үмүт үйү" бир бүлө
Мамлекет башчысынын "балдарды коргоо жана колдоо жөнүндө 30.08.07-ж. кабыл алган жарлыгынан кийин былтыр Каракол шаарында уюшулган "Үмүт үйүндө" азыр 24 бала тарбияланууда. Анын ичинде 21 бала жетишпеген үй-бүлөдөн, үчөө тоголок жетимдер, он жетиси мектепте окушат.
Балдар үчүн каржылоого Даниянын эл аралык
"Балдарды сактагыла" коому 2 млн. сом, ал эми жергиликтүү бюджет жалпысынан 954 миң сом бөлгөн.
Алысты жакындаткан өнөр
- Жазган чыгармалары дүйнөнүн отуз тилине которулган жапондук жазуучу, акын, философ-педагог Дайсаку Икеда былтыр 80 жашка толгон кезинде Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болгону да бекеринен эмес, - дейт "Лидер" коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдиева Банур.
Жакында чакан топ менен бирге ал Япония жер-
гесинде болгон. Токио шаарындагы Сока университетиндеги окутуучулар, студенттер менен болгон жолугушууларда сүйлөгөн Сока университетинин президенти, доктор Хидео Ямомотонун баяндоолорунда дүйнөнүн бейиш жерин ээлеген кыргыз элинин меймандостугу, айкөлдүгү, Чыңгыз Айтматовдой генийди дүйнөгө бергендиги менен жогору баалаган.
" Жээнбай ТҮРК
"



"
  Баткен

Кургак учук - коом көйгөйү
Баткен облустук кургак учукка каршы кү-рөшүү борборунун ди-ректору М.Исламбековдун маалыматына ылайык, Баткенде өт-көн жылы кургак учук оорусу менен 117 киши катталган болсо, алардын 51и Россиядан келишкендер.
Кургак учук менен жаңыдан ооруган оорулардын басымдуу бөлүгү жакыр, көп балалуу, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдөн жана турмуш шартын оңдоо үчүн башка жактарга барып иштеп келгендерден болуп эсептелет. Облус боюнча 290 керебет менен кургак учукка каршы 4 медициналык мекемелер, үй-бүлөлүк жана жалпы дарыгерлик борборлорунда фтизиатрдык кабинеттер иштеп жатышат.

100 үй-бүлөгө ресивер берилди
Баткен шаарында 100 үй-бүлөгө (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майып, жалгыз бой карыяларга) акысыз ресиверлер таратылды.
Баткен облусуна дагы 20 миң үй- бүлөгө акысыз ресивер таратылат. Ал эми калган облустун жашоочулары ресиверлерди өздөрү сатып алышат. Баасы 80 доллардан 110 доллар турган бул аппаратка ээ болушкан баткендиктер КТР, 5-канал, ОРТ, БаткенТВ баш болгон 10 каналды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Баткен жолуна дүйнөлүк банктан 35 млн. доллар
Аталган жолдун башталганына 3 жыл болду. Пүлгөн - Бүргөндү - Баткен аралыгы
2 жылдан бери Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан курулуп жатат.
Өткөн жылы Сохту айланып өтүүчү жолго салынып шагыл төшөлсө, быйыл ал жолдорду асфальттоо иштери башталган. Ал эми Төрт-Күл суу сактагычынан Самаркандекке чейинки 24 чакырым быйыл кытайлык "Чайн Роуд" компаниясы тарабынан бүткөрүлүп, пайдаланууга берилсе, ушуга удаа эле Дүйнөлүк банктын 35 млн. долларлык каражаты менен 2009-жылдын акырында 2010-жылдын башында калган участоктордо жол куруу иштери башталганы турат. Азыр болсо долбоорлоо иштери Самаркандек - Исфана аралыгында жүрүп жатат.

Майданда канал куруу башталды
Майдан айыл округунда Майдан, Кереге - Таш, Чак-Мак, Пум айылынын тургундары агын суунун азайып кеткендигинен улам 5 чакырымдык каналды ашар жолу менен кура башташты.
Тоо боорлорунан өтүүчү бул канал курулуп бүтсө, 70 га. жакын жерлер өздөштүрүлүп, аталган төрт айылдын калкынын көп жылдардан берки чоң көйгөйү чечилет.

  Баткен облусуна 10 жыл

Баткен облусунун он жылдыгына карата бардык жерлерде кызуу даярдыктар жүрүп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында белгиленүүчү бул салтанатка карата өткөн жумада Баткен шаарында айыл-кыштактардан жана район-шаарлардан тандалып алынган эң мыкты чеберлер катышкан көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө үч район, үч шаардын баарынан зергерлер, чебер уздар катышып, алдыңкыларга сыйлыктар ыйгарылды. Мындан тышкары мектеп окуучуларынын он жылдыкка карата фестивалы болуп, Ата Мекенди, туулган жерди даңктаган патриоттук ырлар боюнча район, шаарлар ортосунда конкурс болуп өттү.
Облустун он жылдыгына арналган бул салтанатка губернатордун орун басары И.Ниматова катышып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык менен кошо Ардак грамоталарды тапшырды.
" Гүлчехра Тажибаева
"



"
  Жалал-Абад

Улуттук кийимдер жумуш күндөрү да кийилет
Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнө улуттук кийимдерди кийүү демилгеси менен губернатордун орун басары Дамира Алимжанова чыгууда.
Бул демилгени Д.Алимжанова Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин Жаңылануу багытында белгиленген улуттук идеологиянын жаңы булагын түзүү максатында кыргыз элинин ата-бабадан келе жаткан кыргызды кыргыз кылып тааныткан көөнөрбөс каада-салттарын, үрп-адаттарын, нарк-насилин кастарлап кийип келген ак калпагы менен кемер курун, чепкени менен тебетейин, ак элечеги менен топусун кайрадан жаңыртуу, калкка жайылтуу, кийинки муунга калтыруу милдети турат деп түшүндүрдү.
Д.Алимжанова ошону менен бирге облустун мекеме- ишканаларында, мектептерде, маданий жайларында улуттук кийимди жайылтууга басым жасалуусу зарылдыгын белгилөөдө. Ал улуттук кийим жалаң гана майрамдарда, мааракелерде, оюн-зоок кечелерде эмес, кадимки жумуш күндөрүндө да кийилүүсүнө шарт жаралуусу тийиш деп эсептейт.
Жаңгак токойлорун кыюу уланууда
Жалал-Абад облусунун табигый кооздугун, биотүрдүүлүгүнүн уникалдуулугун көрсөткөн дүйнөдөгү эң чоң жаңгак токойлорун кыюу дале болсо уланууда.
2006-жылы мыйзамсыз 540 жаңгак уюлдары даярдалып, мамлекетке 15 700 000 сом зыян келтирилсе, 2007-жылы 53 даана жаңгак уюлу мыйзамсыз даярдалып, 3 275 500 сом зыян келтирилген. Ал эми 2008-жылы мыйзамсыз жаңгак уюлун даярдоо 27 даанага кыскарган жана мамлекетке келтирилген зыян 1 406 200 сомду түзгөн. Натыйжада жаңгак уюлдарын мыйзамсыз уурдоо 2006-жылга салыштырмалуу 95%га кыскарган. Ал эми 2009-жылдын биринчи кварталында эле 11 жаңгак уюлунун мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды. Анын ичинен 6 жаңгак уюлу 2006-2007-жылдары кыйылган. Натыйжада мамлекетке 241,0 миң сом зыян келтирилген.
" Орозалы КАРАСАРТОВ
"