Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Ала-Тоо аймагында

"Жаңы Бишкек" жомок эмес, эртеңки чындык
"Жаңы Бишкек" шаарчасы Байтик айылы тарапта курулат. Беш жылдыздуу мейманкана, акыркы үлгүдөгү үйлөр, аэропорт, гольф ойноочу керемет талаа, булардын баары жомок эмес, жакынкы жылдарда ишке ашчу долбоор. Курулушту "Ракин инвестмент Кыргызстан" биргелешкен ишканасы ишке ашырат. Анын ээси - Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) уулу, мураскер канзаада Сауд бен Сакр аль Касини, Швейцариянын жараны Хаттер Массат жана экс-депутат Карганбек Самаков. Мына сага, инвестиция элеби... БАЭде жомок сымал курулуштарды курган "Ракин Девелопмент" аттуу башкы компаниянын шумдуктары менен таанышуу үчүн кыргыз журналисттеринин жоон тобу БАЭге кетишти. Ал жердеги кызыкты "Кыргыз Туусунан" окуйсуздар.

Бет ачарлар парады
Калкыбызга таанымал, таланттуу калемгер Бурулкан Сарыгулованын "Сыр сандык" аттуу китебинин бет ачары кечээ Бишкекте өттү. Ал эми бүгүн саат 11.00дө Жазуучулар союзунда "Жаңы Ала-Тоо" журналынын бет ачаары өтөт. Окурмандардын сүймөнчүк "Ала-Тоо" журналы 1994-жылдан бери чыкпай келген. Журналды белгилүү ишкер, буга чейин Буудайбек Сабир уулу менен Мурза Гапаровдун жыйнактарын өз каражатына басып чыгарган "Турар" басмасынын ээси Тилек Мураталиев өз колуна алды. 23-май күнү Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Кожогелди Култегиндин "Жүрөк конуш" аттуу жаңы китебинин бет ачар аземи - автордук кечеси УТРКнын концерттик залында, саат 14:00 дө өткөнү жатат.

"Замандаштын" жаңы саны
Урматтуу окурмандар, элдик журнал "Замандаштын" кезектеги саны жарык көрдү. Белгилей кетсек, аталган журнал 6 жылдан бери маалымат айдыңында болуп, өлкө ичиндеги олуттуу окуялар менен кошо терең изилденген аналитикалык материалдарды элге жеткирип келет. Ошондой эле, бул журналда туулган жеринен алыста жүргөн эмгек мигранттарынын жашоо-турмушу, тарых, тил, маданият ж.б. тууралуу материалдар байма-бай басылууда.

Балдардын ашказан-ичеги оорулары өсүүдө
Кийинки 20 жылдын ичинде Кыргызстанда ашказан-ичеги ооруларынын тарашы 30 пайыздан ашык өскөн. Ашказан оорусу дем алуу-өпкө ооруларынан кийинки эле балдар арасында кыйла тараган оору болуп калды, тактап айтканда, миң балага эсептегенде жүздөн ашат. Мектептеги психикалык ашыкча көрүнүш, үй-бүлөдөгү жаңжал, балдар мекемелерине баруу, көңүл буурунун жетишсиздиги - мына ушунун бардыгы тамак-аш сиңирүү жолдорунун оорусуна алып келет.

Куттубек Асылбеков тилден кулабады
Кечээ Дыйкандар-фермерлер партиясынан президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн Куттубек Асылбеков мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынак тапшырды. БШКнын маалымдоосуна караганда, Асылбеков комиссия койгон талаптарды аткарып, сынактан ийгиликтүү өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүүнү кечээ баштаган. Калган 15 талапкер кезеги менен тил комиссиясынан өтмөкчү.

Бишкекте 6 миңдей бүтүрүүчү
Быйыл Бишкектин мектептерин 6 миңдей бүтүрүүчү аяктайт. Бул туурасында басма сөз конференциясында Бишкек мэриясынын билим берүү башкармасынын начальниги Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Бүтүрүү иш-чараларынын расмий бөлүгү орто билим берүүчү мекемелерде өтөт. Бирок соңку жылдарда расмий эмес бөлүктү кафелерде жана ресторандарда өткөрүү салтка айланган, мындай идея көбүн эсе ата-энелер комитетинен чыгат. Мындай учурда мектептин администрациясынан, билим берүү башкармасынан жана райондук борборлордон жоопкерчилик алынып ташталбайт.

Акыйкатчыны издегендер, адашпагыла!
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты орун которуштуруп жаңы даректеги имаратка көчүп келди. Эми анын дареги - Тыныстанов көчөсү 120. Улуу муундагылар бул имаратты совет мезгилиндеги "Билим" коому жайгашкан катары жакшы билишет. Акыркы мезгилде анда ишкерлер союзу, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия орун алып келген. Имарат борборубуздун чок ортосунда, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын арт жагында жайгашкан. Бул акыйкат издеп Акыйкатчыга кайрылган жарандарыбыз үчүн да жакшы болчудай. Бирок, кантсе да жарандарыбыздын укуктарынын сакталуусу боюнча өлкөдөгү абал Акыйкатчынын кайсы жерде жайгашкандыгына эмес, анын ишинин натыйжалуулугуна жараша болот эмеспи.

Балдарды коргоо күнү
Ала-Тоо аянтында өтөт
Борбордо Балдарды коргоо күнү реконструкцияланган аянтта белгиленет. Жыл сайын бул майрам Т.Сатылганов атындагы филармонияда белгиленип келген, быйылкы жылы болсо балдардын көбүрөөк санын камтуу максатында майрамдык иш-чараларды борбордун башкы аянтында өткөрүү пландаштырылууда. Майрамга ар кыл реабилитациялоо жана социалдык байырлануу борборлорунан 3 миңге жакын балдар чакырылат. Ошондой эле катышуучуларга белектер, бал муздак, таттуу даамдар каралган.

Бишкекте дагы 5 муниципалдык үй курулат
Бишкекте ушул жылдын аягына чейин дагы 5 муниципалдык үй курулат. Муниципалдык үйлөрдү куруу "Турак жай алуу" программасынын алкагында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бүткөрүлөт. Курулуп жаткан социалдык турак жайлар үлүштүк катыш принциби менен тургузулууда. Мында турак жайдын баасынын 30 пайызы келишим түзүлгөндө берилсе, дагы 30 пайызы үй пайдаланууга берилгенде, ал эми калган 40 пайызы 5 жыл аралыганда пайызы жок төлөнөт. Учурда мындай үйлөр "Жал" кичирайонунда курулууда.





  Аалам алкагында

Кыргызстан БУУнун
Кеңешине мүчө болду
2009-жылдын 12-майында Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясынын алкагында, 2009-жылдын июнь айынан башталуучу кезектеги үч жылдык мөөнөткө 2009-2012-жылдарга адам укугу боюнча БУУнун жаңы 18 мүчөсүнүн шайлоолору болду. Шайлоолордун жүрүшүндө адам укуктары боюнча Кеңешке талапкер болгон Кыргызстан, жеңишке ишенимдүү жетишүү менен анын курамына кирди. Кыргыз Республикасынын талапкерлигине БУУнун 192 өлкөсүнүн ичинен 174 добуш берди. Кыргызстандан сырткары Америка Кошмо Штаттары (167 добуш), Россия (146 добуш), Норвегия (179 добуш), Бельгия (177), Венгрия (131), Мексика (175), Уругвай (173), Куба (163), Сенегал (165), Маврикий (162), Нигерия (148), Камерун (142), Джибути (141), Кытай (167), Сауд Арабия (154), Иордания (178), Бангладеш (171) өлкөлөрү шайланышты.

Ооганстанда апийимди өндүрүү 40 эсе өстү
Ооганстанда акыркы сегиз жылдын ичинде апийимди өндүрүү 40 эсе өскөн. Бул туурасында 19-майда, Москвада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү багытындагы компетенттүү органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунда белгиленди. Ооганстандан баңгинин агымы токтобой, натыйжада аймакта криминогендик абалдын курчуп жатат. Буга байланыштуу жолугушууга катышкандар трансулуттук баңги кылмышынын өсүшүн күч алгандыгын белгилешип, ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешине Ооганстандан чыгып жаткан баңги коркунучуна каршы аракеттерди активизациялоо боюнча сунушту иштеп чыгышты.

АКШ менен Россия ымалашууда
АКШ жана Россия өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Анын максаты - өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча Кансыз согуш доорунун аягында түзүлгөн, быйыл мөөнөтү аяктоочу келишимди алмаштыруу. Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими 1991-жылы кабыл алынган. Президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев эски келишимди алмаштыруучу жаңы документ боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону апрель айындагы жолугушуусунда макулдашкан. Россия жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болор-болбосу АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу планына байланыштуу экенин ишара кылган. Анткени, Вашингтондун бул планы Москванын кескин каршылыгын жараткан.

Путин жумушсуздарга
көңүл бурууда
Россиянын премьер-министри Владимир Путин 20-майда ишин жоготкон россиялыктарды каржы жагынан колдоонун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө токтомго кол койду. Анткени алар өз ишин ачкылары келишет, деп билдирилет өкмөттүн сайтында. Мурда түзүлгөн 30 миң рублди төлөө 59 миң рублге чейин өсөт, башкача айтканда эки эсеге жакын көбөйөт. Эми ал жумушсуздук боюнча бир жыл мурда төлөнүүчү максималдык пособиенин суммасына барабар болот.

Дүйшөмбүдө эшек багууга
тыюу салынды
Дүйшөмбүнүн мэри Махмадсаид Убайдуллаев шаарда үй жаныбарларынан - уйларды, койлорду, ошондой эле эшектерди, коёндорду жана бакма канаттууларды өстүрүүгө тыюу салды. Тыюу салуу "Тажикстандын борборунун статусу жөнүндөгү" мыйзамга негизделген, ал мыйзам өлкөнүн парламенти тарабынан кабыл алынган. Ал эми коңшулаш Өзбекстандын борборунда, чиновниктер мал өстүрүүгө тоскоолдук кылышпайт: уйлар, жылкылар, койлор жана эшектер газондордо, ал түгүл чөп өскөн стадиондордо жайылып жүрөт.

Иран жаңы ракетасын сынады
Жер-жер классындагы жаңы сыналган ракета "Сежил -2" деп аталат. Ал 2000 чакырымга чейинки аралыкка уча алат. Ракета сынактан ийгиликтүү өткөнүн президент Махмуд Ахмадинежад шаршембиде Семнан провинциясында жүргөндө жарыялады. Сыноо мына ушул провинциянын аймагында өткөрүлгөн. Жаңы ракетанын 2000 чакырымга чейин учуусу, ракета Израилдин аймагына жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий базаларына жете алат дегенди билдирет.

Нью-Йорктогу теракт ашкереленди
Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) агенттери Нью-Йорктун Бронкс округунда синагогдор имаратынын жанында терактыны даярдоого шектүү төрт адамды кармашты. Тергөө материалдары боюнча шектүүлөр Бронкстун Ривердейл районунда синагогго кире бериште автомобилди жардырмак болушкан. Нью-Йорктун округдук прокурору террорчулардын планына Нью-Йорктун Улуттук аскер-аба гвардиясынын базасындагы самолетторду жок кылуу да киргендигин кошумчалады.

H1N1 вирусуна чалдыккан адамдардын саны кескин өстү
Акыркы маалыматтар боюнча H1N1 вирусуна чалдыккан адамдардын саны кескин өстү. Чочко тумоосунан АКШда сегиз киши каза тапты. Мексикада вирус 74 кишинин өмүрүн алып, жалпысынан 3 600 адам бул ооруга чалдыкты. Жапонияда чочко тумоосу менен 200 киши ооруганы кабарланды. Жалпысынан дүйнөдө бул вируска 10 миң киши чалдыкты.

Грузин оппозиционери камалды
Атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча Тбилисиде оппозициячыл "Республикалык партиянын" мүчөсү Зазе Брегвадзе камалганын "Интерфакс" билдирди. Брегвадзе өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Адвокат Леван Самушианын сөзү боюнча, укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкери катары Брегвадзе куралды сактап жүрүүгө уруксаты болгон. Зазе Брегвадзе катталбаган тапанча өзүнө тинтүү учурунда ыргытылгандыгын , ал эми камоонун чыныгы себеби, оппозициянын лидерлеринин бири Ираклий Батиашвили менен достугу экендигин билдирди.




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
22-май, 2009-ж.:
1-бет
Коңгуроо доошу коштоп, сапар байсалдуу болсун!
2-бет
Элдин үнү
3-бет
"Өлкөдө өнөр жайы бутуна тура баштады"
4-бет
Пенсиянын өлчөмү 1-июлдан тарта 50 пайызга өсөт
5-бет
Ала-Тоо аймагында
6-бет
Дамир Лисовский:
"Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам чегинде, пландуу иштеп жатат"

7-бет
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иштер боюнча агенттигинин директору Айдарбек Керимкулов:
"Кадр саясаты - статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу"

8-бет
Талас
9-бет
ШКУ интеграцияны арттырып, коопсуздукту чыңдайт
10-бет
Улуулардын нускоосу
11-бет
Аксакал атка татыктуу инсан
12-бет
Сулайман Тоого суктанып, Кара Шорону кайра көрүүгө келишет
13-бет
"Ысык - Көл" биосфералык аймагынын конкурсуна
14-бет
Билим берүүнүн сапаты оңолсо коррупция жоголот
15-бет
Элибиздин эң мыкты сапаты - билимдүү болууга умтулуу
16-бет
Он жетинчи макала
17-бет
поэзия
18-бет
Жарнама бөлүмүнүн телефОНУ: 62-20-29
19-бет
Биринчи байлык- Ден - соолук
21-бет
Жарнама бөлүмүнүн телефону: 62-20-29
22-бет
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитети

23-бет
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитети


ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования