, 22.05.09 - 2-бет:
  Элдин үнү

Өзүбүзчө эгемен өлкө болгонубуздан бери сомубузду жана Герб, Гимнибизди кабыл алып түтүн булатып жашап келе жатабыз. Эски бийлик эл үчүн эмне иш кылды? Чынын айтсак, короо-короо малдар, көптөгөн сарайлар, завод, фабрикалар менчиктештирилип жок болду. Эл жумушсуз калды, майда дыйкан чарбаларга бөлүнүп, таруудай болуп чачырап кеттик. Союздан калган бардык нерсени чөмүчтөп чачып жок кылышты. Ал эми жаңы бийлик келгенден бери кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

Азыркы бийлик эл үчүн иштеп жатат
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, көп эле иштер болууда. Буга төмөндөгүдөй мисалдарды келтирүүгө болот. Камбар-Ата-2, Камбар-Ата-1 ГЭСтери курулууда. Көптөгөн жолдор пайдаланууга берилсе, мечиттер салынып, дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер, тракторлор берилип жатат. Пенсиялар көбөйтүлүп, күн өткөн сайын укук коргоо органдары, аскер кызматында иштегендерге үйлөр берилүүдө. Мектептердин ремонтуна, китептерге, төмөнкү класстардын окуучуларына бир маал тамак берүүгө бюджеттен акча каралышы жалганбы? Ушундай мурда болду беле? Жок. Кээ бир басылмалар көп жолу азыркы бийликке асылып жүргөнүн окуп жүрөбүз. Биз күн сайын Бишкекте, Ошто эмне болуп жатканын теледен көрүп, радиодон угуп, "Кыргыз Туусу" аркылуу окуп, дайыма бардык жаңылыктар менен кабардар болуп турабыз. Ошондуктан, азыркы бийлик колунан келишинче иштеп жатат. Жакында президенттик шайлоо болот. Ошондо да биз К.Бакиевдин жүргүзүп жаткан ишине ынанып, келечекте президент болушуна өз добушубузду беребиз.
Б.ДӨӨЛӨТОВ,
Өзгөн району




Динибизди шылдыңдагандар жооп беришсин!
Биз, Ысык-Ата районунун хатиби Мамаев Ислам башында турган Красная Речка айылынын мусулмандары, "Ачык саясат" гезитинин ушул жылдын апрель-майларында №4-6 сандарына жарыяланган Т.Шаршекеевдин "Исламдын чыныгы душманы, чала молдо дин бузарлар" деген макаласын окуп, аябай нааразы болдук.

"Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" дегендей, "бир карын майды бир кумалак чириткенсип" муундан муунга өтүп, каныбызга сиңип калган Жараткан Алла Тааламдын өзгөрбөс акыркы өкүмү - ислам динин жокко чыгарып, анын негиздөөчүсү сүйүктүү пайгамбарыбыздын жаркын аб-роюна балит сөздөрдү айтып, арбагына шек келтиргени биздин көңүлүбүздү эки эсе иренжитти. Алардан бул жерде мисалдарды келтирип, биз кошумча күнөөгө баткыбыз келбейт. Таап окусаңыздар автордун өз макаласында пайгамбарыбызды гана эмес, арабдарды да шылдыңдагандыгын көрөсүздөр.
Даниялык айрым журналисттер пайгамбарыбыздын каррикатурасын жарыялаганда дүйнө жүзүндөгү мусулмандар тополоң кылышып, ал аябагандай чоң эл аралык жаңжалга айланып кете жаздаган.
Ал бар болгону азил иретинде тартылган бир сүрөт эле, бар болгону. Эми биздин өлкөдө аттуу-баштуу, акылы токтолгон адам расмий түрдө, республикалык дең-
гээлдеги жалпыга маалымат каражаттары аркылуу, республиканын болжол менен алганда 80%ын түзгөн момун мусулмандардын ыймандарына "түкүрүп" жатса, биз мындай кордукка кантип чыдашыбыз керек?
Биз, кыргызстандык мусулмандар, республиканын Башкы прокуратурасынан динибиздин аброюна асылган макаланы жарыялаганы үчүн, редакциянын редактору
Б.Жээнбековду жана ал макаланы жазган Т.Шаршекеевди жоопко тартууңарды суранабыз. Укук коргоо органдарынан ушул окуяга укуктук баа берүүлөрүн талап кылабыз.

Ысык-Ата районунун Красная Речка айылынын жашоочулары:
Абдыкадырова Бактыгүл, Сарыкбаев Белек, Аббасов Нурлан, Махмадиев Хафазбек, Тариел уулу Дайырбек, Кочаров Рустам, Махмадиев Рахмотжан, Собиров Асат, Назаров Нурланбек, Насиров Эсенбай, Магаров Исхар, Беккулов Самат, Насиров Алавидин, Бакиров Акрам, Насиров Апызбек, Абдуллаев Аббас, Анарбаев Едгор, Жусупбеков Адилет ж.б., бардыгы 33 адам кол койгон.




Өз тилибизди өгөйлөбөйлү
Мен бул макаланы кээ бир көрүнүштөр жанга баткандыктан жазууга мажбур болдум. Чубалжытып отурбай эле ток этер жерин жазууга аракеттендим. Өзүнүн кыргыз тилин билбей, башка тилде сүйлөгөндөр жаныма батты. Коңшу казак, өзбек, тажик, кытай өз тилдерин биринчи орунга коюп, өз тилдеринде сүйлөшөт. Ошолорду көрүп ардансак боло.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн иш кагаздарынын бардыгын кыргыз тилине өткөрүш керек. Жакында 85 миң сөздү камтыган 10 миң нуска менен орфографиялык сөздүк чыгыптыр деп уктум. Өзүн сыйлаган ар бир кыргыздын китеп текчесинде ошол сөздүк турууга
тийиш.
Жамалбек БЕКМАНБЕТОВ,
эмгек ардагери,
Кара-Буура району,
Бакыян айылы




"Кыргызпочтасы" менен "Басма сөз" акционердик коомдоруна кулак кагыш
Айыл-кыштактарга көбүрөөк жеткиргилечи
1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин комсомолдун Аламүдүн райондук комитетинде иштеп калдым. Иш боюнча колхоздорго, совхоздорго барып, алдыңкы комсомолдор менен таанышып тураар элем. Жазгы кой төлдөтүү, кыркын маалында жаш чабандардын иштери жөнүндө райондук гезитке макала жаза баштадым.
Кийинчерээк республикалык гезиттерге макала жазсам деген ойго келдим. Ошол оюмду улап 1960-жылдан тартып "Советтик Кыргызстан" гезитине бирин-серин макалаларды жаза баштадым. Кийин мага гезиттин штаттан тышкаркы кабарчысы деген күбөлүк беришти. Андан бери көп эле макалаларды жазып жүрдүм.
Ошол жылдан ушул убакка чейин, 50 жылдан бери "Кыргыз Туусу" гезитинин бир да санын калтырбай окуп келатам. Эгерде бир күркөдөн таппай калсам, башкасына барып издеп таап келемин.
Эми "Кыргыз Туусуна" айта турган сунушум бар. Менин байкашымча гезит республиканын айыл-кыштактарына жетишерлик санда өз убагында жеткирилбей жатат. Барса да аз санда алынып барылып, бир жумалап кечигип барууда. Өтө кеч алынып барылгандыктан, эч ким окубай почтада жыйылып турганын көрөбүз. Ал турмак ушул эле Бишкек шаарындагы күркөлөргө өз убагында жетишерлик санда түшпөгөндүктөн, мен өңдүүлөр кээде издеп таппай калып жатабыз. Ушуну жөнгө салып койсо болбойбу?..
Эсенгул СЫДЫКОВ, ардагер, Бишкек шаары





Уялбагандан өзүң уялат экенсиң
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге
Урматтуу Курманбек Салиевич! Жакында "Аалам" гезитинин №31 санында (30.04.09) Ноокат районундагы "Куруучу" акционердик коомунун төрагасы Асылбек Ашимовдун Сизге жазган Кайрылуусун окуп, андан кийин улуттук телеканалга берген интервьюсун көрүп, иштин чоо-жайын тастыктап коюу үчүн улуттун тунгуч гезити "Кыргыз Туусу" аркылуу Сизге кайрылууну чечтик. 5 жылга эркинен ажыратылып, мамлекеттик казынага чегерилүүчү 455 миң сомдон ашык каражатты ушул мезгилге чейин төкпөй жүргөн бул адам уялбай-нетпей кантип Мамлекеттин башчысына кайрылуу жасады болду экен деп таң калып, анын бул кылганын "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" деп түшүндүк.
Эми сөз А.Ашимовдун "тарыхы" жөнүндө болсун. 1993-жылы 29-апрелде Ош агропромстрой автобазасынын 50 айдоочусу негизги каражаттарыбыз менен МПКнын карамагына өткөнбүз. Ушул жылы 26-октябрда Ош облустук мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы МПКны акционердик коом кылып түзүү боюнча №184 буйругу чыккан. А.Ашимов мамлекеттик мүлк фондусунун берген көрсөтмөсүн одоно түрдө бузуп, алды 20-39 жыл иштеп, ишкананы түптөөгө негиз салган 206 жумушчуга жана инженердик-техникалык кызматкерлерге бөлүнчү акциялардын 75%ын өзү жана баласы Кадыр Ашимов (2003-жылы жумушка алынса да) экөө, калганын контордо иштеген 7 кызматкер ээлеп алышкан. Бирок, алар бул жасагандарын эч кимге билдирбей жашыруун сакташкан. Акцияларды талашат деген ойдо ал ар кандай шылтоо менен мурдагы инженердик-техникалык кызматкерлерди жана жумушчуларды иштен бошото баштаган. Ошентип, мурда иштеп акцияга ээ болууга укугу бар адамдардын көбү иштен кеткенге мажбур болушкан. Иштен бошотулгандар көптөгөн инстанцияларга кайрылышкан. Бирок, А.Акаевдин убагында андан тиешелүү жыйынтык чыкпай, жабылуу аяк жабылуу бойдон кала берген.
2005-жылдагы март революциясынан кийин элдик бийлик орноп, биз бир топ жерге, акырында Сизге кайрылганбыз. Ошондон кийин гана тоңгон муз ордунан козголуп, Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарында анын кылмышы далилденген. Бул иш 2006-жылы июнь айында Ноокат райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Райондук сот 41,5% акцияны бизге ыйгарып, акция жарандык тартипте каралсын деген чечим чыгарган. Биз бул чечимге нааразы болуп, кайра каратканбыз. Кийинки сот 2008-жылы 26-февралда Араванда өтүп, акциянын 55%ын бизге берген. 2008-жылы 23-июлда Ноокат райондук соту чыгарган өкүмдө А.Ашимов күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Мурда соттолбогондугу эске алынып, жазадан бошотулган. Бул иш 2006-жылдан бери Ноокат райондук сотунда 4, Араван райондук сотунда 1, Ош облустук сотунда 5 жолу кайра каралып олтуруп, Жогорку сотто 2 жолу каралды. Акырында быйыл январь айында Ноокат райондук соту бизге акциянын 100%ын жана эмгек жамаатына кайтарымсыз берилген соцобъектилерди өндүрүп берген.
"Куруучу" акционердик коомунун төрагасы А.Ашимов "Аалам" гезитиндеги Сизге жазган кайрылуусунда, андан кийин улуттук телеканалга берген интервьюсунда бети кызарбай туруп, "Куруучу" акционердик коомун чыгаан ишкерлерге окшоп өзүнүн күчү менен тургузган сыяктуу Сиздин 2008-жылдагы менчик укуктарын коргоону жана кол тийбестикти күчөтүү жөнүндөгү Жарлыгыңыздарды мисалга келтириптир. Ал эми өзүнүн айыбы, соттолгону тууралуу ооз ачпаптыр.
Эскилердин "Сасыткан кыз сасытпаган кыздын бетин тырмайт" деген сөзү чын окшойт. Ак-караны териштирбей туруп, бир жактуу макаланы жарыялагандыгы үчүн "Аалам" гезити менен улуттук телеканал бизден расмий түрдө кечирим суроого тийиш. Эгер антишпесе мыйзам чегинде сотко кайрыла тургандыгыбызды эскертебиз.
Кайрылууга
45 адам кол койгон.