![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Биринчи байлык- Ден - соолук (Атайын бет, №34) Райкан Акматова жогорку категориядагы врач-терапевт, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси. Учурда Президенттин Иш башкармалыгынын дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин №1 ҮДТнын жетекчиси болуп иштейт. - Райкан Ороскуловна, акыркы жылдары гипертониялык ооруга чалдыккандар арбып эле баратат. Бул кеселдин азабынан далай адамдар жарык дүйнө менен коштошууда. Алгач гипертониялык оору эмне экенин чечмелеп айтып берсеңиз? - Тилекке каршы, Кыргызстанда калктын өлүмүнүн 40 пайызын жүрөк-кан тамыр оорулары түзөт. Ал эми жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен эң кеңири тараганы бул артериалдык гипертония оорусу. Гипертониялык оорунун эң негизги белгиси - кан басымдын жогорулап кетүүсү. Анын жаман жери кандайдыр-бир убакыттын ичинде паталогиялык процесске ( жүрөк, баш мээ, бөйрөк, көз органдарына таасирин тийгизет) алып келет. Адатта кан басымынын жогорулашын анын даражаларын текшерүү аркылуу билишет. 140 жана 90 мм. сымап мамычасынан жогорку көрсөткүч кан басымынын жогорулаганын түшүндүрөт. Көптөгөн изилдөөлөр артериалдык гипертония (кан басымынын жогорулашы) калктын 25-30 пайызында кездешерин көрсөткөн. Буга көпчүлүк убакта улгайган адамдар чалдыгышат. 60 жаш курактан жогору ар бир 2-3 адамдын кан басымы жогору болот. - Кан басымынын жогорулашына эмне себеп? - Кандагы холестериндин көбөйүшү, тамеки чегүү, психоэмоционалдык стресстин көп болушу, аз кыймылдуу жашоо образы, гормоналдык дары-дармектерди тынбай колдонуу кан басымынын жогорулашына алып келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча адамдын ден соолугунун 50 пайыздан ашууну анын жашоо образына, 20-25 пайызы айлана-чөйрөнүн таасирине, 15-20 пайызы генетикалык факторлорго, 8-10 пайызы саламаттык сактоонун абалына көз каранды экенин кабарлайт. - Бул кесел чалгыдай чаап эле адамдардын өмүрүн кыйып жатпайбы. Инфаркт, инсультка алып келген коркунучтар тууралуу сөз кылсаңыз. - Кан басымынын жогорулаганынын бир жаман жери адамга эч сезилбегендиктен эрте диагноз коюу өтө чоң мааниге ээ жана артериалдык гипертониянын эң негизги маселеси. Артериалдык гипертония менен ооруган оорулуулар дарыгерге кайрылбай көпкө чейин жүрө бериши мүмкүн. Оору канчалык эрте билинсе, ошончолук дарылаганга жакшы. Ал эми бул кеселге кабылган адамдын жүрөгүнүн салмагы чоңоюп, кан-тамырларынын капталдары жооноюп, атересклероз тез темп менен өнүгөт. Мындан тышкары көздүн тор кабыгынын кан тамырлары жабыркап, бөйрөк тканында склероздук процесс өнүгөт. Мына ушундай адамга эч сезилбеген процесстер күчөп отуруп, акыры өмүргө коркунуч тууудурган эки ооруну пайда кылат: инфаркт жана инсульт (мээге кан куюлуп кетүү). Эң өкүнүчтүүсү күн ачык туруп эле күркүрөп кеткендей күтүүсүздөн пайда болушу мүмкүн. Бекеринен артериалдык гипертонияны "адамды тымызын өлтүрүүчү" деп аташпайт да. - Гипертониядан какыз айыгуунун жолу барбы? - Кейиштүүсү гипертониядан сасык тумоо, грипптен айыккандай толугу менен айыгууга мүмкүн эмес. Бирок сергек жашоо эрежесине өтүп, жакшы жардам бере турган дары-дармектерди колдонуу аркылуу артериалдык гипертонияга көзөмөл жүргүзүп, анын оор абалга өтүп, күчөп кетишинен сактанса болот. Оорулуу адам дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болушу, дарылоо узакка жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү зарыл. Дарылоонун негизги максаты - кан басымынын деңгээлин керектүү дең-гээлге жеткирүү жана ошол деңгээлде кармап туруу менен бирге жашоо сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Бул үчүн биринчиден, жашоо образын өзгөртүү (дары-дармексиз дарылануу), экинчиден, дары-дармектердин терапиясын (белгилүү бир дары-дармектерди кабыл алуу) керек. - Дары-дармексиз дарылануу жөнүндө айтып берсеңиз? - Дары-дармексиз дарыланууга салмакты көзөмөлдөө, тамеки чегүүдөн баш тартуу, дене кыймылын көбөйтүү кирет. Айталы, гипертониялык оору менен жабыркаган адамдын салмагынын азайышы анын кан басымынын төмөндөшүнө алып келет. Көбүнчө жер-жемиш, жашылчалар, калий, магний, кальцийге бай тамак-аш, балык жана деңиз азыктары менен тамактанып, майлуу тамактарды чектеген, туздуу тамактардан качкан оң. Тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр оорусунун күчөп кетүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтөт. Ошондуктан тамеки чегүүдөн баш тартуу керек. Алкоголдук ичимдиктерди ичүү да кан басымын жогорулатат. Ошол себептен ичкиликти ичсе да аз ичкен жакшы. Мындан сырткары кыймылды көбөйтүп, жөө көп басып, сууда сүзүп, велосипед тээп дегендей дене кыймылынын активдүүлүгүн жогорулатууга кеңеш берилет. - Сөзүңүздүн акырында гипертониялык ооруларды дарылоодо дарыгерлердин милдети жөнүндө бир аз кеп козгой кетсеңиз. - Биздин милдетибиз ооруга жана оорунун күчөп кетишине карата алдын-ала профилактика өткөрүү. Ал эми профилактиканын эң биринчи кадамы - бул калкка медициналык билим берүү. Ушундай максатта биздин ооруканада гипертониктердин клубу ачылган. Ал клубга гипертония менен жабыркаган биздин оорулуулар жазылышып, аларга атайын гипертониялык оору жөнүндө өз алдынча сабактар өтүлүп турат. Темир жетишсиздигинен пайда болгон оорулар Темир - организмдин жашоосуна абдан керектүү болгон, алмаштырылгыс, маанилүү микроэлемент. Темир гемоглобиндин тутумуна кирет, ал болсо кычкылтекти организмге ташыйт. Темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулуктун белгилери: Ь чарчап-чаалыгуу; Ь тез чарчоонун жана алсыздыктын сезилиши; Ь эсте тутуусу начарлап, сабакты өздөштүрө албоо; Ь баш айлануу; Ь чач түшүү; Ь тырмактардын начар өсүшү жана сынуусу; Ь териге ириң толгон исиркектердин чыгышы. Кайсы тамак-аштарда темир бар? К ара өрүк, ноя, маш буурчак, боор, жумуртканын сарысы, уйдун тили, сулуунун уну, гречка, койдун, уйдун этинде, алма, карагат, капуста, күрүч, картошка, аш көк чөптөрдө көп болот. Адамдын организминде бул жетиштүү баланын ден соолугу чың, ар кыл ооруга туруктуулугу жогору болуп, мектепте жакшы окуп, чачтары түшүп, тырмактары сынбайт. Ошондуктан оорунун жогорудагыдай белгилери пайда болсо, дароо догдурга кайрылуу керек. Дары өсүмдүктөр Ак кайың (берёза повислая) Ак кайың (берёза повислая) май айында гүлдөп, июнь айында мөмө алат. Гүлдөрү салаалап, сырга таризде төмөн салбырап, топтолуп турат. Кайың жайында кыртыштан суткасына 40 чакадай ным соруп алат. Дарыга эрте көктөмдө ширесин, шорлонуп бүткөн жалбырагын жана кабыгын пайдаланат. Анын ширесин алуу үчүн жайында кабыгын тилип, ага туташтыра идиш коюп койсо тунук, таза суусу акырындык менен куюлат. Ал аш казанды тазалайт. Кайыңдын кабыгын кайнатып кызамык чыккан баланы киринтсе, кызамыгы тез кайтып, адатта андан кала турган кычымыш котурду болтурбайт. Кайыңды аралап, андан түшкөн таарындыны тамекидей ороп тарттырса аракечтерди кустуруп, кайра табитин аракка чаптырбайт. Анын нурларын жыйнап, кургатып талкалап, 50 граммын 0,5 л. сууга кошуп 10-15 мүнөт кайнатып, 1 күн тургузуп бөйрөк, боор, жүрөк ооруларына каршы күнүгө 100 гр. дан эртели-кеч 1 ай ичирет. Жалпы денеге жыйналган сары сууну, колу-буттун шишигин кетирет. Кургаткан жалбырагы менен бүчүрүн алгач гүлдөгөндө жыйнап алып кайнатып ичсе, заар менен өттү айдайт. Ошондой эле жүрөктүн булчуң этинин кызматын жакшыртат. Ал үчүн жалбырак менен бүчүрүнүн тыпынынан 1 чай кашыгын 0,5 л. кайнаган сууга чай сыяктуу демдеп, күнүгө 1 аш кашыктан 20 күн ичет. Куяң, кызыл жүгүрүккө кайыңдын жалбырагын кайнатып күн сайын жатаарда буулануу керек. 10 күн жасап, 5-6 күн дем алып, эмдөөнү кайра жасап 30 күн ванна алуу керек. Кайыңдан алынган кара майды кычыткы котурга, жарага жапса табылгыс дары. Анын ширеси адам организмине керектүү пайдалуу заттарга бай. Күнүгө 4-5 ст. суусун ордуна ичип жүрсө денедеги зат алмашуу жакшырып, ашказандын дартын азайтат. Дарылыгы: ички, тышкы жана ошондой эле ачытма түрү рак ооруларга дары. Муну колдонууда өтө уулуу келет. Даярдалышы: сүт же бал менен аз өлчөмдөн, жогору өлчөмгө көтөрүлөт. Эгер кыйналып, алы куруса дары ичип жатканда кайнак сүт же мала марганцовканы кайнак сууга салып, ичирип кустуруш керек. Эскертүү: дарылоо табыптын гана көзөмөлүндө болуусу керек. Өз алдынча дарыланууга такыр болбойт. Ысырык (барбарис обыкновенный) Бул тикенектүү көп жылдык өсүмдүк. Бою 2-3 метрге жетип, тоо этектериндеги шар аккан сайлуу өрөөндө өсөт. Тамыры, мөмөсү колдонулат. Дарылыгы: кан тазалайт жана өттүн ташын тазалайт. Ашказандын кычкылтегинин азайып кетишин, жатындын түтүктөрүнө суук тийүүсүн жакшыртат. Эски сарык оорусуна жагат. Даярдалышы: мөмөсүн бышканда терип көлөкө жерге кургатып алып, 200 гр. кайнак сууга 1 аш кашык салып 1 мүнөт кайнатып бардык ооруларга ичсе болот. Тамырынан 25 гр. 3 л. сууга 5-10 мүнөт кайнатып, 5-7 күн 3 маал ичсе боор, жүрөк кан басымын, ашказан кычкылтегин көбөйтөт. Эскертүү: эгерде өт, ашказанда кычкылтек көп болсо ичүүгө болбойт. Дарылануу врач же табыптын көзөмөлү менен болушу керек. Кундуз чөп (радиола белая) Кундуз чөп ( радиола белая) көп жылдык жапайы өсүмдүк. Июнь, июль айларында чөбү, гүлү терилет. Тоолуу райондордун жайлоолорунда жайык кыр-кырларында өсөт. Бою 10-15 см. келип гүлү шамалга кундуз жүнүндөй ыргалып турат. Даны уу. Көп тартып алса терини күйгүзүп жиберет. Дарылыгы: муун, тери оорусу, сырткы жараларга колдонулат. Ичүүгө болбойт, уу. Даярдалышы: муун оорусуна уйгак, эрмен, чалкан, казтаңдай кошмосун самын кошуп аралаштырат. Бузулуп кетпөөсү үчүн спирт аз өлчөмүндө кошулуп ачытылып, анан муундарга же болбосо жараларга тартылат. Жарат, муун айыкканча ушул ыкма колдонулат. Кундуз колдонуу табыптын гана көзөмөлүндө болуусу керек. Анткени, ал терини күйгүзөт. Ошону менен бирге аллергия же кан басымын көтөрүшү мүмкүн. Муну эстен чыгарбай, дарыгердин айтканы менен дарыланган оң. Дүйшөнбек ЧОМО уулу
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||