![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
поэзия Шыпыргы - өмүр Кожогелди КУЛТЕГИН Москвада көчө шыпырган кыргыз палваны жөнүндө поэма 1. Жылга толгон жылкыга окшош - сезими, жылкычыдай укуруктуу - чечими! Жыгып турган, күлүп турган, жылаңбаш - жыйырманын бешиндеги кези бу! Тура калса өзүн сезип мунардай, туйлайт, бирок, бир орунда тура албай. Дүрбөлөңгө түшө берет өзүнчө дүрмөттөлүп алган жандуу куралдай. Эки бутту керип бир аз - тайтайып, эки колдо мелт-калт кесе чайпалып. Тике туруп бир тартканда кымызды тиги ашуулар төмөн калат шалпайып. Жол үстүндө кайсыл жакка барбасын жорго үстүндө жете калчу ал бачым. Элегенде - дене менен чийчү эле эсеп-ченсиз жүрөк кардиограммасын! Эмне жетет улак тарткан убакка! Эгиз таазим - эркектикке, куракка! Кошуун-элди кошо сүйрөп алгансыйт кошуп-кармап сүйрөлгөн бул улакка! Аскар тоого эгесиндей ашыгат, арча менен карагайды катырат - жыргап-карап турат четте тиш чукуп жыгылганда өрөөн толо качырап! Чээнден чыккан сымал чалгы сустайган, чертип койсо жай мезгилдей кут чайган. Колтук кере шилтегенде гектар да койдой болуп, бут серпчү эмес, мууздалган. Сеңселиңки чачын көрчү - шаани бар, серпкен сайын сергитүүдө жаныбар! Оңго дагы, солго дагы, алды-артка оодарылган, ойдологон жалын ал! Ырдаса бир(!) - нурлап-түрлөп ышкы аны, ыргак менен титиречү ыштаны. Кыйкырганын билбей калчу сүрөп бир кымырынган, кың-ң этпеген кыз дагы! Жылга толгон жылкыга окшош - сезими, жылкычыдай укуруктуу - чечими! Жыгып турган, күлүп турган, жылаңбаш - жыйырманын бешиндеги кези бу! Күлкүсүнүн ичинде анын капасы, күжүлдөгөн ишинде анын катасы. Буга чейин бир катынды кетирген, буга чейин бир баланын атасы. Баарынан да... о, баарынан мурдараак - Палван!.. Палван! Зор намыска тур жарап! Манаң бүгүн тоодо жүрсө, эртеңден мамлекет туусун калат булгалап!.. 2. ... Ферганадай барбы жердин күнөсү, үч жүз миңге жакын адам - күбөсү, өзбек, кыргыз, тажик, казак - баарынын өрткө айланып кетүүчү эле Күрөшү! Палвандардан палван калбай жыкпаган, тарс(!) жерге чаап, гөрүн көздөй ныктаган - атын айтпас Аюу-Палван дегенге алаңдаган тоолук жигит чыкты анан. Кабагы ачык, кирпик-кашы төгүлүү, каалай турган эч түрү жок өлүүнү. Күлгөн оозун жыйбай бата сураса күчөдү элде, күчөдү элде сөгүнүү. "- Жеп коёт, - деп кыйкырышты, - жеп коёт!.. Чээнге кирип жоголгонуң эп болот..." Капысынан жаңырды эле оомийин - катты ордунда кыргыздардын эстери ооп. Манаң-Палван болчу ошол балажан мааниси күч жыйырма бирге караган, катып турган калпакчандар гана эмес, каршы жактын баары кошо аяган. А дей элек кезинде эле илгиртпей, Аюу-Палван алып кетти билдиртпей - палван-ташча төбөгө алып-көтөрүп, балч(!) урганда - түштү, бирок, илбирстей! Илбирс! Илбирс! Илбирс экен - чапканда! Ичине элдин уюп деми катканда! Тоголонуп качты илеси тыйындай - тоңкой, Аюу... тоңкой, Аюу... шап карма! Буямасы келбей анын шашканда... бургап-бургап... чылк(!) эткизе басканда - аалам солк деп... ак калпактар... калпактар аа-уу-ууу(!!!) болуп атып чыкты асманга! Калган өңдүү каршысы анын түпкүрдө, каптап азыр келген окшоп бүт дүйнө - кайра-кайра Манаң-Палван ыргыды калпактардын... калың журттун үстүндө! Кайда барса кабат-кабат мактамай! Калбыр болуп кете жаздап ак сарай! Чын палвандык касиетин сактап жүр - жыгылгандын башын эч бир аттабай... Анан эле ысып-күйүп, дем жетпей, анан эле ичтен мылжып тердетмей. "А койчу... - дейт, - алгылачы желбүүрдү..." - ага баары кызмат кылса желдеттей. Анан эле башын улам кашылап, анан эле тоону көздөй ашыгат. Илбирс жойлоп кеткен өңдүү жылганы ийри жолдо УАЗ тоого жашынат. "Аның деген илбирсти эмип өсүптүр..." - аңыз сөздөр ар кандайча кетип жүр. "Жоголдуң, - деп, - бир топ күнгө, эй бала..." - чолок биргат сөөмөй кезеп... зекип тур... Аянбы, эмне, көргөнү ырас баштараак: алп уйкуну салып тоодо жаткан-ах. Көзүн ачса - Илбирс турат килейген... көкүрөктөн басып калаар баштанат... Бакырбады... Манаң-Палван ыржайды... Ыржайганда - Илбирс-Киши турбайбы... Тийбей кетип калды Илбирс бир жыттап... тил жыйрылып, бүт баданы улгайды. 3. Байыркынын жомогундай - жан-жак бу! Байыркынын батасындай таң да атты! Аянып тур Манаң-Палван жапжалгыз... таянып тур Москваны - Арбатты... Ага арналган ак баталар жалгаппы, ал сулаткан жактар нечен каргаппы - тагдыр аны улуу шаарга апкелип, тагдыр, бирок, шыпыргыны карматты... Коошпогондой сөгүнүү өзү бактыга коошпой жатат шыпыргы да Москва. Жылга толгон жылкыга окшош сезими жыйрылып тур, мыйрыйып тур астыда. Курсагына каткан өңдүү атагын куркуроодо... чуркуроодо бат аның... Купкуу тартты жыйырма беш жашы да күндө калган өңүнө окшоп матанын. Алды жакка анча деле ой кетпейт, ар кадамда айылды эстейт, тоону эстейт. Ит болду, аттиң, ичип беш күн палванча, ичкичтериң алдында анын шоона эшпейт. Билип капыс - коё берген аялы бир топ мурун жанына алып баланы кеткендигин... кеткенде да Бишкекке... кейип недир... кемчил жүрөк канады: - Же бир атам... же бир апам болбосо... же уулумду жакыныраак койбосо... Эми деги эмне кылам, эмине? Эки жүздү куйчу?! - Деди. - Орду ошо... Оо, ананбы… совхоз тарап - бөлүнгөн отуз чакты кою көзгө көрүнгөн. Эки буттан кармап алып үндүктөй эки шише баасын айтты көңүлдөн... Аны укканда Дөкү абасы... Дөкү аба... арактарды ташып жатты өзү ана. Үйү толо "сыйлагандар" Палванды... көчө толо "түпө-түздөр" көзү ага... Эки ийнине экөө конуп-жыргап бу... молдокеге сүйүү ырын ырдатты... Чойтоңдогон дооруң сенин өткөн деп чомдон бетер ыргытты аксак биргатты. Канча достун жулуп алды такагын, "ка-арс!.." жыгылды канча бири кашаанын. Элим мени сыйлабайт деп башка элдей, энеге алып сөгүп кирди катарын. Шаардан келген кемпир анан жаакка уруп - шаңк этти баш, жарк этти көз ачылып. Бөбөктөрү келатышат аркы үйдөн, бөтөн чекте калды койлор "сатылып". Чапкандагы энесинин алакан жакшынакай гүлгө окшошот, карасаң. Ачышпаган менен - атын таптырат, ар-намыска келтирүүчү санат ал. Каатчылыгы каптап күндөн-күн өтсө калбай барат олтургандар күнөстө. Түштү жолго сатып келип Жоргосун түшүп келе коючудай Күрөшкө... Жолу ачылбай - таппай таасын ачкычты, жоодогудай тартышты абдан ташпишти. Бөтөндөргө бой көтөргөн Москва бөлөөр эмес шыпыргыдан башка ишти. Шыр-рп-шыр-рп этип... шынаарга алып кадам да... шыпырууну баштады ушул азанда - акырындан, акырындан күч алып, ана өзүнчө поюз кетти сапарга! Шыпырган сайын шыпыр-р, шыпыр-р, шыпыр-р дейт, чылк басып тур чындыкты ыпыр-сыпыр дейт... Кандай жыргал - жатсаң көдөө-шиберде кана-а жыттап түркүн гүлдүн жытын дейт! Шыпырганда келет өксүк ой чулу, зып-зып этип учат кыял ойсулу. Көндү Манаң. Шыпырганда элестейт көлдүн сансыз кайталанган толкуну! Шыпыргысы жатса дагы тытынып, шылпыйбады - сынын бузбай зыпыйып. Жайы-кышы бузбай такыр ыргагын, жатканга окшойт деми менен шыпырып. Шыпыргыга кошуп өзүн бүлөдү, шыпыргыга кошуп өзүн сүрөдү. Шыпыргансыйт шыпыргынын ордуна шып деп дароо чыга калып жүрөгү! Шылкыйтпаган көңүлдөгү жарыгы - шыпыргыны карматпаган айылы! Манаң-Палван туулган жерден дем тартып, Москвага дем чыгарат, калыбы. Аткыча таң сааттарды ала салдырып, Арбатта өтөт... өтөт кээде ар кылык - кишенеп жүр Манаң-Палван баладай шыпыргыны минип, жорго салдырып... Бар булчуңга шыпыргысы жарашпай, балта кылат... кетмен кылат таң атпай. Чалгы кылып, жайлоолордун чөптөрүн жан жыргата жыттап... шилтеп барат жай. Эс алса да, иштесе да тыныкпай, эчен ырлар эргип жардам кылышты-ай. Жеримден сен кеттиңби деп алыстап - жетелүүдөн көп кайрылды Рыспай. Күлкү-шаңын кошо апкелип айымдын, күч-кубатын кошо апкелип айылдын - шыпырды, ооба, Калыйбектин "Элмира", шыпырды, ооба, "Мунары" Асанкалыйдын. Арбаткаче ырлар келчү мөңгү улап, Арбаткаче ырлар келчү чөлдү улап. Шыпырды, ооба, Түгөлбайдын "Шумкары", шыпырды, ооба, Исрадиндин "Мөл булак". Көз каранды болбой эми өс-өнүп! Көңкү кыргыз жетти дешкен көшөрүп. Эгемендик туусун көтөрүүчүлөр эзилди, эмне, шыпыргыны көтөрүп? Аны-муну туугандары бүт иргейт, ар дайыма жолуң сенин шыдыр дейт. Акча керек... акча керек... жокчулук... айланайын, шыпы-ыр, шыпыр, шыпыр дейт! Башкадан да Дөкү абасы дарылдап салып кирди Москвага кайырмак. Баарын эле калдым азыр мен багып, баягындай сал акча деп жалынды-ах. Шилейт Палван - берсин Кудай берсе деп, ширин жашоо келаткансып энтелеп. Шилейт Палван кечээ салган акчасын шилиге уруп - жеткирчүдөй эртерээк. Акчасы ошол - жүрөгүнүн жарааты, акчасы ошол - канча жандын канаты. Кыргызстанга айткан анын саламы, Кыргызстанга айткан анын наалаты. Акчасы ошол - тепселиши эркинин, акчасы ошол - бүтөөсү улут кемтигин. Уулума деп жөнөткөндөн ал тургай уурдайт дайым ичкич эри беркинин... Билдирбестен Дөкү абага - айылга, бир аз... бир аз акча жолдоп Кайымга, өзү жетпей жүргөн Кыргызстандын окуп жатат жогорку окуу жайында. Бүтүп алсаң, атаңгөрү-ай, жаманбы! Бу шыпыргы деле макул... амалдуу - качан болсун эске салат, окшотот калем шилтеп... китеп барактаганды. Шыпыргыда күндөр калып... ай калып... шыпыргыда жылдар-жылга жалганып... Жаштыгынын жашыл оту жаркылдак жандан ыраак кетип жатты айдалып. Шыпыргы-аалам желелейби дүйнөңө шыпыргыдан арылбасаң мүлдө эле - шыпыргыдан чыккан чаңдай - таң да ага, шыпыргыдан чыккан чаңдай - күн деле... 4. Адат тапты ашыгыраак сөгүнгөн, ал шыпыргы күттү беле өмүрдөн? Айылы да Манаң-Палван бар кезде айрыкча бир палван болуп көрүнгөн! Ыктуу-ыксыз күлсө дагы жаш неме, ылгыйлар бүт ыйбаа кылып каччу не? Ыдыраган мамилени бүтөгөн ынтымактын өзү болуп басчу эле! "Турмуш деген турушунда - сырттан чоң! Тумчуктурат мейли күчтүү, ыкчам бол. Кайыктыбы кайра өйдө кылалбай кайрып мени шыпыргыга жыккан соң?.." - Ушуну ойлоп Манаң-Палван каткырды дуу деп куштар учуп чыккан бак сындуу. Сахабада түшкөнүнө күрөшкө санжап менен көңүлдөн көз чаптырды. Бөбөктөрү кийим-кечек, китеп деп, бөлбөй-жарбай апкелмекке бүт эптеп - тоодон түштү... Үгүттөштү Күрөшкө көр-тирлигиң көз жумганда бүтөт деп. Каптап недир жагымдуу нур бүт өңүн, кайдан-жайдан жоголбоспу түпөйүл... Билгендердей тойго барса ичерин билип турду билек түрүп... түшөрүн... Дөөгүрсүп-оо турган кези Дөө-Палван, көзгө илбестен эч нерсени - көөп алган... Жарып башын, кайрып мойнун - жыгылса, жарымжан да болушуптур көбү андан. Сакта, Кудай... Кайра ойлоно баштады... камдай элек беш сумкеден башканы... кайрылсачы энесинин моюну... жарылсачы жетимдердин баштары... Жайнайт көздөр чыгарышат кимди деп. Жана айтканда Эгемендик күндү бек - оң тизелеп олтурганын... оо, анан оомийинин... оомийинин бир билет...
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||