, 22.05.09 - 16-бет:
  Он жетинчи макала

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ,
Кобе университетинин магистранты, "Кыргыз Туусунун" Япониядагы
өз кабарчысы
Күн Чыгыш өлкөсүнүн таасирлери
(Уландысы. Башталышы гезиттин №36 санында)
Адам ишенбес чындык…
Хиого Киоику университетинде окуган өзбекстандык досум Ахматхон Фузалов: "Айкидого катышыш керек. Ал укмуш спорт. Адамдар тегерегиңде тим эле учуп, кулап турушат", - деп айтты эле. Көп эле кишилер айкидону ушунтип "керемет" катары көрсө, бул дагы ошол эле Стивен Сигалдын көркөм тасмаларынын таасиринен болсо керек деп койчумун. Анткени, көркөм тасма деген көркөм тасма эмеспи. "Көркөм" деген сөз эле баарын айтып турбайбы. Кадыресе эле болмушка бир топ апыртуу жана көбүртүп-жабыртуу менен, көрк-боёк бербесе көрүүчүлөргө кызыгы канча анын. "Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло" дейт эмеспи кыргызда. Чыныгы турмушта атаандаштарды кинодогудай жеңил эле утуп коюу анча чындыкка коошпогондой сезилчү.
Бирок, айкидого катышкандан бери бир нече устаттардын чебердигине өз көзүм менен күбө болуп, Стивен Сигалдын каармандарынын эр уруштагы укмуштары адам ишенерлик эле нерсе экенине ынана баштадым. Болгону, ал деңгээлге жетүү үчүн дилгирлик менен ондогон жылдарды машыгууга арнашың керек. Стивен айкидону үйрөнүүнү жети жашынан тарта баштап, тынымсыз машыккан. 7-дан каракурдун ээси. Бир нече жыл менин чоң сенсеим Кимура менен Осака шаарында бирге шугулданган экен. Ал тургай Японияда айкидо боюнча машыктыруучу да болгону бар. 4-данга "гана" жетишкен экинчи сенсеим Нишимотонун 5-6 кишини оңой эле кулатып таштаганын көргөндөн кийин, андан 3 дан жогору турган Сигалдын чыныгы кармашта деле айкидону кинодогудай эле колдонорунан дээрлик шек санабай калдым.
Айкидонун негиздөөчүсү, О-Сенсеи деген ат менен да кеңири белгилүү Уэсиба Морихэ, Сегалдын каармандарына караганда да адам ишенбес нерселерди көрсөткөн. Ал Манчжурияда 150дөй каракчыга кабылып жалгыз жеңгендиги тарыхый чындык. Кийинчерээк О-Сенсеи полицейлерге айкидону үйрөтө баштаганда, арык, муштумдай болгон чебердин иш жүзүндө күчтүүлүгүнөн күмөн санаган отуз чакты полицейлер аны сынамакка башкача кийинип алышып түн ичинде таяк-шаймандары менен кол салышкан. Бир дагы жолу соккулары тийбей суй жыгылышып, жеңилүү ызасын тартышкан.

Бирок, Сигалдынкаармандары көбүнчө басташкандарын майтарып, бат эле моюнун же колун кайрып сындырып коймою бар. Анын тасмаларынын "көркөмдөлгөнү" ошол жеринде. Айкидо, чындыгында, абдан гумандуу искусство. Өзүңдү гана коргобостон, атаандашыңды да катуу зыянга учурабагандай кылып жеңүүгө тарбиялайт. Баарынан кызыгы да, татаалы да ошол. Башка кээ бир Чыгыш кармаш өнөрлөрүндөй көзгө манжа менен сокку уруу же тамакка муштоо сыяктуу ырайымсыз жактары жок. Анда эч качан чабуул жасабайсың. "Чабуул коюу - бул рухту жоготуу дегендик… Айкидочунун аң-сезим абалы бейпил жана кымынчалык зомбулуксуз болуш керек", - деген О-Сенсеи. Айкидону жалаң эле кармаш искусствосу катары кароого да болбойт. Ушунчалык терең философиясы бар. Буларды түшүнүү үчүн анын тарыхына көз чаптырып, түпкү маңызын чечмелөө эп.

О-Сенсеи-нин осуяты
О-Сенсеи жаш курагында
эле найза, кылыч, таяк менен чабышууну жана жиу-житсу-ну жогорку деңгээлде өздөштүргөн. Ошол эле мезгилде ал кармашууда башкалардын үстүнөн болгон жеңиштин мааниси тууралуу ой жүгүртө баштаган. Бокста, кикбоксингде же панкратиондо атаандашынын эсин оодара муштап же муунтуп коюп көкүрөгүн муштагылап, мактана чуркагандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Ал, ушундай утуштардын маңызын көрө алган эмес. Утуш "чексиз" (абсолюттуу), "туура" жана "түбөлүк" болуш керек деп эсептеген. (Мунун тегерегинде мен да көп ойлондум. Чынында эле бирөөнүн бир жерин майып кылууну же эл алдында шагын сындырууну "жеңиш" деп айтууга болобу? Өңгөнү өмүр бою сага карата кек сактап, тишин кайрап жүргөндөй кылып жыгууну "утуш" деп эсептөө туурабы? Кармаштын аягы дагы бир сөөк өчтү душман ашыруу менен аяктаса анын ийгилик экени кайсы? Ошол сөөк өчтүлүк укумдан-тукумга өтпөйт деп ким кепил боло алат? Бирөөнү жыга чапканыңды, анын үстүнөн түбөлүк жана чексиз жеңишке жетишүү катары баалоо мүмкүнбү?).
Жеңиштин чексиздиги тууралуу О-Сенсеи: "Бул Аалам ар башка көптөгөн бөлүктөрдөн турат. Ошентсе да Аалам жалпысынан бир үй-бүлө сыяктуу бириккен жана тынчтыктын акыркы абалын символдоштурат. Ушул өңүттөн караганда, айкидо сүйүүнүн гана кармаш искусствосу боло алат. Бул зомбулук өнөрү эмес… Айкидо Ааламдын принциптерине жана иштөөсүнө ылайык жаралган. Ошондуктан, бул абсолюттуу жеңиштин кармаш өнөрү", - деген. Ал эми утуштун түбөлүктүүлүгүн: "Каршылашты жеңүү же ага жеңилүү тууралуу маселе жок. Ушул жагдайдан алганда айкидодо каршылаш деген болбойт. Каршылашың болгон күндө да ал сенин бир бөлүгүң, сен контролдогон шериктешиң болуп калат… Атаандашты контролдоого аракет кылбай туруп контролдоо… түбөлүк уланчуу жеңиш", - деп түшүндүргөн.
Ошентип, О-Сенсеи салгылаш өнөрлөрүнүн руханий тарабы тууралуу көбүрөөк ой чаргытууга түрткөн ички сезимдери, анын өздөштүргөн салттуу кармаш искусстволорун аларга такыр окшобогон жаңы кармаш өнөрүнө айландыруусуна алып келген. Айкидо деп аталган ал жаңы өнөрдүн сыры, О-Сенсеи өзү сүрөттөгөндөй, "ааламдын кыймылы менен жуурулушуу жана өзүбүздү аалам менен бир ыраатка келтирүү" эле.
О-Сенсеи айкидону сүйүү жумушу, өзүбүздөгү карама-каршылыктарды жеңүүнүн жана дүйнөгө тынчтык алып келүүнүн, "Аалам жүрөгүн өзүбүздүн да жүрөгүбүз кылуунун" жолу деп белгилеген. Ошентип, бул искусство, автору көрсөтүлбөгөн бир макалада жазылгандай "өз акылмандыгын жана жөндөмүн бириктирип маселе чечүүгө кудуреттүү толук кандуу адамды тарбиялоону максат кылат".
(Уландысы бар)




  Мамат Сабыров

Жол
(Аягы. Башталышы гезиттин №36 санында)
Ашканадан биз куурдак, жалмаңдаган жигит менен куркуйган досу шишкебек жешти. Болпойгон жигит адегенде койдун куурдагын заказ кылып, анан тойбой калдым деп тоок алдырды. Кайра чыкканда шоопур жарты нан менен бир-эки кесим этти кагазга орой чыгып, машинада отурган жүдөө жигитке берди. Ал тамака жүр десек болбой койгон.
Шоопур машинасынын дөңгөлөгүн алмаштырганча биз тамеки тартып, сүйлөшүп турдук.
- Шашликтин уксусу жакпайт да, - деди жайдалаңдаган жигит тишин чукулап. Ичкериден досу экөө дагы бир стакандан согуп алышкан соң ал ого бетер шайыр тартып калды. - Аччык.
- Арактанам ачыкпы?
- Э-э, арактыкы асал да.
- Экөөбүз иче берип, арактын таамин дагы сезбей калган окшойбуз.
Аңгыча жана бизди ашканада тейлеген кыз чыгып, болпойгон жигиттин алдында туруп калды:
- Байке, дагы 50 сом бересиз..
- Бербейм, - деди болпойгон жигит, - куурдагыңар жакшы бышпаптыр.
- Бериңиз, - деди кыз өйдө карабай. - Сиз үчүн мен төлөй албайм да. Мен болгону бир официантмын...
Тиги болсо дале камырабай турат. Кыздын жалдыраганын көрүп, биякта мен чыдабай кеттим.
- Берип кой эй, дос... Бул деле эптеп тирилик кылып атат да.
Эгер дагы кежирленсе ошол 50 сомду мен эле төлөп салайын деп калгам.
- Ма, - болпойгон жигит чөнтөгүнөн акча алып, кызга текебер сунду. - Сени кантээр экен деп тамашалап койбодумбу.
Болпойгон жигит шоопурга багажникти ачтырып, ичиндеги сумкаларды бир бурчка жыя баштады.
- Мен жаттым, - деди анан бутун суна жайгашып алган соң- Бирөө сураса груз деп койгула.
- "Груз-200" дейлиби? - деди жайдаңдаган жигит.
Бул сөзгө тиги кымындай да териккен жок.
- "Груз -200" деп жазып, жаагымды таңып койгула.
Күлүмүш болгонубуз менен баарыбыз жолдо баратканда кайдагы жаман сөздү айтышат деп аларды ичибизден жаман көрүп алдык..
Кара-Көлдөн чыга бериш жердеги шлагбаумдун жанында эки милиционер Ош тарапка кетип аткан машиналардын баарын четинен токтотуп атыптыр. Алардын жанында милиционерлердин биринин бушлатын жамынып, чачы жазылган бир кыз ыйлап турат. Аны көрөөр замат тааныдым. Бул жанакы эки тажик жигиттин жанында турган кыз эле.
Шоопур машинасын шлагбаумдан өтүп токтотуп, милиционерлердин жанына барды да бир топко сүйлөшүп турду. Анан кайра келип, ордуна отурган соң сөгүнүп алды.
- Жана бир кара Волгада тажиктер келатпады беле? Жолдон милиса текшерип-нетип калса алып коюшу мүмкүн деп чоочулап, Россияда иштеп тапкан акчасын бүт таксистке берген экен. Ол наинсап болсо Чычканга чай ичкени токтогондо мен балонумду желдетип келе коеюн деп шып чызып ийиптир. Кыз машинада отурган экен. Зордуктап, жолго таштап салыптыр. ..
- Тажиктер кимге аризданат эле десе керек да, - деди Россиядан келаткан жигит.
- Тажикпи, кытайбы, сени адам деп ишенип аткандан кийин аманатка кыянат кылбаш керек да, - деди шоопур күйбөгөн жери күл болуп. - Ниме, милиция ону таппай коймок беле, запросто таап алат.Таксисттердин баары бири-бирин тааныйт.
Бул кабар баарыбыздын көңүлүбүздү чөгөрдү. Чычканда акчасы жок мусапыр болуп калып кеткен эки жигиттин, айрыкча жанагы кыздын аянычтуу келбети көз алдыбызга тартылып, бир топко чейин эч кимибиз үн катпай бардык. Нарын суусундагы көпүрөгө жеткенде гана тынчтыкты шоопур бузду.
- Көрдүңөрбү? - деди какшыган сайды көргөзүп. - Суу сактагыч мурда шул жерден башталчу эмес беле? Азыр суу тээ ылдыйга жылып кеткен.
- Газиттан окудум, сууну сатып ийишиптир, - деди куркуйган жигит.
- Айылдагы булактар дагы соолуп калып атат. Ниме, ону дагы сатып ийишти дейсиңби?
Куркуйган жигит унчуккан жок.
- Кеңири эле талаа болуп калат экен аа, суу болбосо, - деди Россиядан келаткан жигит.
Бир эшек дардайып жолдун ортосунда жатыптыр. Кыязы катуу келаткан машиналардын бири уруп кеткен окшойт.
- Ит, мышыктардын көзү светке чагылышканда күйөт -деди шоопур. - Бирок эшектики күйбөйт экен. Мен ушуну билчү эмесмин. Гөлөйүп тура берет. Азыр күз да. Иш бүтүп, эшектердин баары жолго чыгып алган.
Жалабадан өткөндөн тарта Россиядан келаткан жигиттин соткасы тынбай чырылдай баштады.
- Мына, жетип калдык... Дагы эки саатта барып калам... Достор чалып атышат, - деди анан жайдары. -Келатканыбызды угуп, баары чогулуп, күтүп отурушат экен. Дос, эми бир жерге токтот, олорго арак-сарак, кант-курс алып албасам болбойт.
Шоопур токтоткон жерден түшүп, баарыбыз үйгө базарлык алдык. Атүгүл болпойгон жигит да бир пакет бирдекелерди көтөрүп келди.
- Айттым го, көңүлүңүз чыдабайт, - деди куркуйган жигит аны көрүп. - Апаңыз бар ака.
Улам бирөө жолдон түшүп отуруп, Ноокатка кире бериштеги Үчбай айылына жеткенде машинада үчөөбүз эле калдык. Жүдөө жигит ушул айылдык экен. Чырактарды жапырт өчүргөн го, айыл ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы.
Жүдөө жигит көк дарбазаны барып каккылай баштады. Ал урган сайын ичкериден ити арсылдап үрүп атат.
- Өзүнүн ити тааныбай калганбы? - дедим мен .
- Үч жыл көрбөсө ит эмес, адам дагы тааныбай калат, - деди шоопур.
Анан ичи бышып кетти окшойт, ал да жыгач тосмого чыгып, кыйкыра баштады.
- Эй, үйдө бирөө барбы?
Көптөн кийин карыган кемпирдин үнү угулду.
- Ким?
- Ачың, балаңыз келди.
- Балам үйдө жок. Ол Россияда да.
- Ошол балаңыз келди деп атпаймынбы.
- Апа, бул мен, Өмүшмүн, - деди жүдөө жигит.
Ошондон кийин гана дарбаза ачылып, эне-бала кучакташып калышты. Анан кемпирдин ыйы угулду. Биз адегенде кемпир баласын көргөндө сүйүнгөнүнөн ыйлап атса керек деп ойлогонбуз. Бирок кемпирдин үнү бирөөгө кошок кошуп аткандай бир башкача мундуу чыкты. Аңгыча уулу да өңгүрөп коё берди.
- Атам ой, атам ой...
Шоопур дарбаза жакты бир саам тиктеп турду да, келип машинасын от алдыра баштады. Жол кире сураган жок. Кыязы атасынан үмүт кылып келип, азага туш болгон бечара жигиттен акча сураганга оозу барбады окшойт.
Экөөбүз тең унчукпай кетип баратабыз.
Буга чейин тааныбыган ушу бейтааныш жердешиме бир-эки окуядан улам ичим жылып келатты эле. Эми айылдык бул карапайым жигит жалаң акча бийлеп калган ушул заманда мамонттордой жоголуп бараткан Адамгерчилик деген улуу касиеттин так өзүндөй көрүнүп кетти...
2008-жыл, декабрь