, 22.05.09 - 14-бет:
  Симпозиум

Билим берүүнүн сапаты оңолсо коррупция жоголот
Мамлекетибиздин келечеги жаркын, байманалуу болуш үчүн өлкөнүн экономикасы менен катар башка тармактар да, айрыкча билим берүү тармагы заман талабына шайкеш өсүп-өнүгүүсү керек. Учурда мамлекет башчысынын ушул багыттагы бир катар көрсөтмө, талаптары жүзөгө ашырылууда.
Билим берүүнү каржылоо", "Билим берүүнүн педагогикалык терминологиясы", "Жогорку билим берүүнүн мазмунун жана түзүмүн жаңылоо" ж.б. аталыштагы маселелерди талкуулаган симпозиум КРнын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитети, Билим берүү жана илим министрлиги, "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фонду тарабынан өткөрүлдү.
Симпозиумдун жобосуна ылайык, келип түшкөн 140 баяндаманын ичинен 43ү негиздүү деп тандалып алынып, симпозиумга ошол 43 автор жана бардык аймактардагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген атуулдар катышты.
Билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүгө максатталган бул иш-чарага ошондой эле КРнын мамкатчысы Досбол Нур уулу, ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты Б.Бешимов, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Т.Жумагулов, КРнын Улуттук академиясынын президенти Шарипа Жоробекова, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А.Мамытов, окумуштуу С.Байгазиев ж.б. чакырылган.
Симпозиумга катышуучулар билим берүү тармагын жакшыртуу маселелери жөнүндө "ийри отуруп, түз кеңешип" тарашты.
Ж.САРЫГУЛОВА




Капчыкты кактаган бүтүрүүчү же бир күндүк кече көйгөйү
Жыл сайын 25-майда мектепте кагылган акыркы коңгуроо, коштошуу көз жашы менен кошо ата-энелердин капчыгын эки эсе эңшерет. Башкача айтканда бүтүрүү салтанатына арналган бир күндүк кеченин чыгымы айрым ата-энелер үчүн оор экендигин турмуш далилдеп жатат.

Эх, бүтүрүүчү...
Адатта акыркы коңгуроого бир ай калганда шаар дүкөндөрүн, базарларын көз жоосун алган кечки азем көйнөктөр, түркүн кооздуктар каптайт. Анын ичинде "золушканын туфлиси" да бар. А тургай сулуулук салондору "Бүтүрүүчүлөр үчүн акция" деп чач жасалгаларынын ар түрдүүлөрүн сунуш кылып баштайт. Мунун баары, албетте, мектепти бүтүрүп жаткан кыздар үчүн чоң жарнама. Ошону менен бирге бүтүрүүчү бийкеч да коштошуу кечесинде кандай кийинээрин ойлонуп, алдын ала макетин түзүп алат. Айта кетчү нерсе эркек балдарга караганда, кыздарга көбүрөөк каражат сарпталат. Анткени, кыздын чачынан тартып, тырмак, ооз, каш ж. б. сыяктуу жасалгалоолорунун чыгымын санап олтурса оголе көп. Андан сырткары кечки банкет үчүн кошумча акча жыйноо "салты" бар.

Баалар баарын кыйнайт
Алгач шаардагы айрым кийим дүкөндөрдө сатыкта турган кечки азем көйнөктөрдүн бааларына көз салып көрдүк. Көйнөктөр кездемесине, сапатына карап ар түрдүү бааларда экен. Мисалы, жөнөкөй жарашыктуусу 3000-3500 сом болсо, кымбат табигый леон (же пахта) кездемесинен тигилген көйнөктөрдүн эң арзаны 8,5 миң сом. (сапатына карап баалар жогорулай берет) Бир күндүк ижара менен берилчү көйнөктөр 2800 сомдон жогору. Ал эми кечки майрамдык туфли жана босоножкалар 3-5 миң сомду чапчыйт. Бижутериялык кооздуктар 200-500 сомдун тегереги.

Сулуулук салондоруна баш бакканда
Чач жасалгасынын орточо баалары 500 сомдон жогору жана чачтын узундугуна карап кошумча төлөнөт. Ошондой эле макияждар кечки, күндүзгү болуп бөлүнүп, 450 сомдон 4,5 миңге чейин.

"Коктейл вариант"
"Бул жылы бүтүрүүчү кыздар үчүн жеңил, арткы тарабы ачык, кесилиши узун кечки көйнөктөр- "коктейл вариант" модада. Бутка шиш такалуу туфли кийүү керек", - деп кеңешин берет шаардагы белгилүү дүкөндүн мода кеңешчиси Виктория.
Ушинтип бүгүнкү күндө мектеп бүтүрүүчүсүнүн коштошуу кечесине карата ар тараптан ар түрдүү маалыматтар иштеп жатат. Мындай ашыкча модага үндөгөн пиар бүтүрүүчүлөр арасында тымызын
атаандаштыкты, басмырлоону, карама-каршылыкты жараткан фактылар бар.
"Бүтүрүүчүлөр банкетке мектеп формасын кийсин"
"Кызым былтыр мектепти бүттү. Жыл бою мектепке жумшалган чыгымынан бир күндүк бүтүрүү кечесине кеткен каражат он эсе ашып түштү. Классташтарынан кем калбасын деп кымбат көйнөк сатып берип, чачынан баштап баарын жасаттым. Кафесине акча чогулттук. Акчалуу ата-энелерге айла жок экен. Кыздардын кийген көйнөктөрүн көрсөң шумдук. Классташтар бири-бирине атаандашып мактанышат экен. Бүтүрүү кечесине мектеп формасында катыша турган кылыш керек", - дейт былтыркы бүтүрүүчүнүн энеси Карабаева Анипа.

Атаандашуу арбын
Ырас, уул-кызына баасы асманды чапчыган кийим сатып берүүгө айрым ата-эненин дарамети чектелүү. Ошого карабай "кызым элден кем болбосун" деп карыздап акча таап, бүтүрүү кечесине катыштырган ата-энелер бар. Ушундан улам "социалдык теңсиздик пайда болушу мүмкүнбү?" деген суроо туулат.
КМУУнун социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучусу Кушбакова Батма:
"Ырас бүтүрүүчүлөр бири-бирине атаандашып кийинишет. Бирок, уул-кызына кымбат кийимдерди сатып берүү ар бир ата-эненин өзүнүн каалоосу болуп жатпайбы. Кыйналса да кийинтет. Кызы ыйлап турса баш тарта албайт. Муну мектеп жетекчилиги жана мугалимдер токтотушу керек. Мисалы, арзан көйнөк кийген учурда деле кымбат ресторанга барышат да".

"Кызым бул күндү 11 жыл күттү"
Кызын ээрчитип көйнөк тандап жүргөн Уулкан эженин пикиринде бала үчүн ата-эне эч нерсе аябашы керек. "Бүтүрүү кечеси өмүр бою эсте калат. Албетте, кызымдын көңүлү оорубасын, курбуларынын жанында жаркылдап турсун деп каалаган көйнөгүн алып берип жатам", - дейт.

Бүтүрүүчүнүн бир күндүк чыгымы канча?
Дүйшөков Мырзабек,
"Ак-Өргө" жаңы конушундагы №77 мектептин директору:
"Бүтүрүү кечесин өткөргөнгө таптакыр каршымын. Айылдык мектепте деле иштеп келгем. Мындай көрүнүштөр жок болчу. Биздин мектептен быйыл 72 бүтүрүүчү чыгат. Ата-энелер эчак эле ресторанга банкетке заказ берип коюшуптур. 45 бала барат экен. Калгандары чыгымды көтөрө албаптыр. Мектеп директору катары мен укпаптырмын. Эгер аларга катуу тыюу салсаң, баары бир күбөлүктү алгандан кийин топ-топко бөлүнүп алып, бир жерде белгилешет экен. Андай учурда кокус чыр-чатактар чыгып кетсе, ар кандай жаман иштер болуп кетиши мүмкүн. Андыктан, катуу тыюу сала албайбыз. Баарынан да колунда жок ата-энелерге кыйынчылык туулат. Кызынын көйнөгү эле канча турат? Бул жылы орто эсеп менен бүтүрүүчүнүн чыгымы 10 миңге чукулдап калат го".

Эсте калган дүрбөлөң
Мындан 2-3 жыл мурун жаңы конуштардын бириндеги мектеп бүтүрүүчүсү өзүн асып алган фактысын далай басылмалар жазып чыгышкан. Үй-бүлөдөгү чыр кечки көйнөктүн баасынан уланып олтуруп, жыйынтыгында намысына чыдабаган кыз жанын кыйган.
Баса, ИИМдин маалыматында, бул жылкы бүтүрүү кечесинин коопсуздугу үчүн 6 миң милиция кызматкери сутка бою иштешет.
Жаман айтпай жакшы жок" дейт. Бүтүрүүчүлөр мектеп менен кандай кийимде коштошкону маанилүү эмес, келечекте кандай адис болуп чыгаарын эске алсак, бул багытта жаштардын сапары узак жол. Алдыда акыркы коңгуроо, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз!

Казакстан
Астана шаардык администрациясы бүтүрүү кечесин кафе, ресторанда өткөрүүгө катуу тыюу салды. Бул ата-энелердин каражатын үнөмдөө, ошондой эле ашыкча чыгымдарды сарптоодон куткарат. Жыйынтыгында быйылкы жылдын 2600 бүтүрүүчүсү мектептен аттестатын колго алары менен үйлөрүнө тарайт. Ошентип10 жыл бою күткөн бүтүрүү кечесин майрамдай албайт. Бул чечимге нааразы болгон тараптардын пикирлери учурда коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Тажикстан
Бүтүрүү кечеси эле эмес, "Алиппе" майрамын өткөрүүнү мындан эки жыл мурун токтоткон. Үнөмдөө жагынан алдыда келе жаткан Тажик өлкөсүндө бүтүрүүчүлөр үчүн кагылчу кызыл тасмалуу коңгуроого, ошондой эле бүтүрүү кечесине арналган массалык сейилдөөгө жаза колдонулаарын эскертишкен.
Кыргызстан
Былтыр Бишкек шаардык мэриясы тарабынан атайын чечим кабыл алынган. Бирок, бүтүрүүү кечелерин кафе, ресторандарда өткөрүү токтой элек.
Сахиба Кадырова





Түрк ойчулдарынын
Насааттары эскерилди
Жакында Каракол шаарындагы Касымаалы Жантөшев атындагы драмалык театрында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети жана эларалык "Диалог Евразия" платформасы биргелешип уюштурган "Түрк тилдүү ойчулдардын акыл жана насааттары" деген аталышта илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйындын ачылышында уюштуруучулар тарабынан М.Кашгари, Калыгул акын, К.Тыныстанов, академик Сатар Ильясов жана Фетхуллах Гүлендин чыгармачылыгынын негизинде көргөзмө даярдалып, ушул конференциянын уюштуруучуларынын бири болгон "Диалог Евразия" платформасынын жаралуу идеясы жана негизги принциптери тууралуу документалдуу видеотасма көргөзүлдү.

Аталган илимий-практикалык конференцияда Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов, Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлигине караштуу Улуттук маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боромбаев, "Диалог Евразия" платформасынын Кыргызстандагы жетекчиси Мустафа Башкурт жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор Алымбай Токтосопиев ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.
Байыркы түрк элдеринин табылгыс сөздүгү "Түрк сөздөр жыйнагы" аттуу эмгектин автору М.Кашгари тууралуу М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ректору, профессор Асан Ормушев илимий докладын окуду. Түрк урууларынын ичинен суурулуп чыккан чыгаан тилчи, акылман ойчул, дасыккан тарыхчы Махмуддун жалгыз кол жазмасы өтө баалуу эмгек катары дүйнөлүк түрк изилдөөчүлөрүнүн назарын буруп, ар кыл иликтөө иштерин жүргүзүүгө себепкер болуп келгендигин белгиледи. Залкар аалымдын калтырып кеткен улуу мурасын аздектеп окуп үйрөнүү, терең иликтөө, ата-бабабыздын байыркы тилин, тарыхын, маданиятын барктоого жасалган аракети катары белгилеп, улам кийинки муундардын жүрөгүндө бекем сакталышы керектиги туурасындагы ою менен бөлүштү.
Ысык-Көл мамлекеттик университетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты Адылбек Каниметов кыргыз билиминин негиз салуучусу, кыргыз тилинин грамматикасынын түптөөчүсү, акын жана драматург, мезгилинин көрүнүктүү мамлекеттик коомдук ишмери К.Тыныстановдун ой-пикиринен жаралган кызыктуу маалыматтарды берүү менен анын жаштарга насаат айткан ырларын окуп берди.
Улуттук Илимдер Академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы, профессор Аскар Беделбаев кыргыз коомчулугуна жаңыдан таанылып жаткан гуманист, ойчул Фетхуллах Гүлен тууралуу ойлорун бөлүшүп, анын маданияттар ортосундагы ынтымакка жана жаш муундардын билим алуусуна кошкон салымын белгилеп кетти. Татыктуу муунду тарбиялоо каражатты талап кылаарын түшүнүп, китептеринен түшкөн каражатты окуучуларга стипендия кылып бергендиги мунун далили экендигин айтты. А.Бедел-баев Ф.Гүлендин биздин
доордун үч "оорусу" тууралуу баяндады. Алардын биринчиси - түркөйлүк, билбегендик, мындан чыгуунун жолу - билим. Экинчи оору - жакырчылык, андан чыгуунун жолу - социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды ачуу. Үчүнчү оору - дискриминация, бул бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - сабырдуулук жана диалог экендигин кыргыз ойчулдарынын мисалында салыштырмалуу терең баяндама курду.
Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, тарыхчы Таалайгүл Эшиева XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элине бөтөнчө кеңири белгилүү болгон нускоочу, ойчул акын, кыраакы жана көрөгөч, даанышман Калыгул Бай уулунун акыл-на-
сааттарына токтолду. Заманчынын ырларындагы санат, насыят, терме, адамдын жүрүш-турушун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптарын чагылдырып өттү.
Илимий конференциянын жыйынтыгында конференциянын катышуучулары төмөндөгүдөй сунуштары менен ой бөлүштү. Анын бири М.Кашгари-Барсканинин эстелигин байыркы Барскоон шаарында тургузуу болсо, экинчиси түрк ойчулдарынын акыл-насааттарын жаштар арасында бекемдөө максатында орто мектептерде иш-чараларды жайылтуу тууралуу сунуш киргизилди.
Ысык-Көл жергесинде алты жүзгө жакын адамдын башын бириктирген бул конференцияга, мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, студенттер жана жалпы эле чыгармачыл адамдар топтолуп, идеялаш түрк тилдүү ойчулдардын урунттуу кептерине дагы бир жолу күбө болушту.
Гүлназ Зарлыкова
"Диалог Евразия"
эларалык коомдук фонду