![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
А.Орозбековдун 120 жылдыгына карата Аксакал атка татыктуу инсанЭл мүдөөсүн көздөгөн өмүр Доор, убакыт, мезгил деген түшүнүктөрдүн эбегейсиз кудурети эзелтен эле элибизге белгилүү. Бу жалганда ага баш ийип, анын эркине багынбаган эч нерсе жок: табийгат менен тарыхты,этностор менен мамлекеттерди, цивилизациялар менен маданияттарды сааты келгенде күм-жам кылып, кайрадан күлдөн гүлгө айландырып турган да мына ушул мезгил деген улуу күч эмеспи.Ошондон улам да "Мезгилдин канаты учкул, арымы кең" дешет элибизде.Муну улуу Совет доорундагы жетишилген ийгиликтерден, элибиздин эгемендүүлүккө ээ болгондон берки өзгөрүүлөрдөн, кала берсе 2005-жылкы март ынкылабынан берки алдыга жасаган арыштарыбыздын жагымдуу илебинен байкоого болот.Үстүбүздөгү жыл кыргыз журтчулугу үчүн өзгөчө жыл, дегеним бул жылы Кыргыз ССРинде БАКтын биринчи төрагасы, эл аксакалы А.Орозбековдун жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөнүн башатында турган А.Сыдыковдун 120 жылдык, Кыргыз Ревкомунун биринчи төрагасы И.Айдарбековдун 115 жылдык мааракелери белгиленгени жатат. Элибиздин баскан жолун, мамлекетибиздин өмүр арышын ушул мезгил менен салыштырып сарасеп салалычы.Канчалаган ийгиликтерге карк болуп,нечендеген жеңиштерди колго киргиздик.Калкыбыздын белин майыштырган кыйын, оор кезеңдерди баштан кечирип, тоодой тоскоолдуктарды томкордук.Бул тарыхый процессти баштан кечирүүдө элибиздин не бир азамат уул - кыздары азыркы биз жашап жаткан жаркын мезгилибиз,келечегибиз үчүн канын төгүп, жанын беришти.Бейоопа дооматка кабылып, жалгандан жалаа жабылып кайтпас болуп мертиништи. Алардын катарында эл аксакалы деген ат менен тарыхтын өчпөс барагынан орун алган Абдыкадыр Орозбеков да бар. БУЛ ЫСЫМ жаамы кыргыз журтчулугуна, айрыкча Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз, өзбек, тажик калкына кеңири белгилүү ысым. Бул кишинин өмүрү менен Кыргыз Республикасындагы совет бийлигинин курулуш тарыхы, Фергана өрөөнүндөгү жаңы замандын телчигиши терең байланышкан. Революцияга чейин Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы азыркы Кадамжай районундагы Орозбеков (мурдагы Охна) кыштагында "үйүндө үрүп чыгар ити жок" -дегендей кедей-дыйкандын үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Маңдайга жазылган татаал тагдыр ошондой экен, атасы эрте көз жумуп, иниси жана апасы менен 1898-жылдары көр оокаттын азабынан Маргалаң уездиндеги Биринчи-Шоро кыштакчасында барып туруп калышат. Татар байы Хакимбайдын чарбагына бүт үй-бүлөсү менен малай болуп иштеп калышат. Жаштайынан эле сезимдүү, зирек, чыйрак болуп өскөн. Абдыкадыр апасына жөлөк болуу менен турмуштун оорчулугун түшүнүп, кол кабыш кыла баштады. Кабыргасы ката элек Абдыкадыр тагдырдын буйругуна баш ийип, эр жигиттин ишин иштеп, мал жайып, пахта терип, эгин сугарып, байлардын үй турмушундагы оор ишти жасап жүрдү. Турмуш күн өткөн сайын оорлошкондон-оорлошо берди. 1905-1907-жылдардагы биринчи орус революциясынын чапкыны бул жерге да жетип, кедейлердин жашоо абалы дагы да начарлап кетти. 1907-жылы алардын үй-бүлөсү өзбек байы Молдо Кайымга малайлыкка түшүп, бир жылга жакын иштешет. Ал эми 1909-жылы Абдыкадырдын өгөй атасы көз жумгандан кийин үй-бүлөнүн камкордугу анын мойнуна толук түшүп, Фергана шаарындагы Гапырбайдын наабайканасына жумушчу болуп кирет. 1912-жылы Абдыкадырдын үй-бүлөсү Кокон шаарына көчүп барып, Ысмайыл деген байдын наабайканасына ишке орношот. Бул жерде да турмуш жакшыра бербегенден кийин Анжиян шаарына көчүшөт. Анда Түркиянын жараны Мамедбайдын наабайканасында наабайчы болуп иштеп жүрдү. Ошол мезгилде эле ал кедей-кембагалдардын жакын таламдашы катары, алардын арасында мыкты кадыр-баркка ээ болгон. Кожоюн тарабынан "Чебер наабайчы" деген наам алгандан кийин анын калайык-калк менен болгон байланышы чыңдалып, ошол эле мезгилде таасири күчөгөн. Алгачкы жеңиш Абдыкадырдын алгачкы революциячыл чыгуусу кыргыз элинин тарыхындагы 1916-жылкы үркүн мезгилине туура келет. Ошол жылдын июнь айында падыша өкмөтүнүн 19 жаштан 43 жашка чейинки эр бүлөнү ооруктагы иштер үчүн аскерге милдеттүү түрдө чакырган жарлыгы чыгат. Бул болсо калкты дүрбөлөңгө салып, турмуштун мындан ары оорлошунан дарек берет. Себеби, ишке жарамдуу эркектердин аскерге чакырылышы жалпы айыл чарба жумуштарынын токтоп калуу коркунучун туудурмак. Бул абалды байкаган Абдыкадыр падыша өкмөтүнө каршы чыгууларды уюштурууга активдүү катышып, элге согуштун саясый мааниси, адилетсиздиги анын запкысы кимге тийери жөнүндө түшүндүрүү иштерин алып барат. Ошентип жүрүп, ооруктагы иштерге эр жигиттерди узатуулардын биринде уюштурулган козголоңго катышат. Бул козголоңдо эки дүкөн талкаланып, шаардык банктын имараты зыянга учурайт. Бул козголоң уезддик жандармерия тарабынан аёосуз басылган. Окуяга Абдыкадырдын катышкандыгы билинип калгандыктан, ал ошол эле жылы Ферганага кайра келип Алексеев, Янудов деген байлардын наабайканаларында иштейт. (Уландысы бар) Тарыхтын парасында парчаланган өмүр Канткен менен да бул күчтүү эки тукум тең бир атанын балдарынан тарагандыктан жана бийликтин эки тизгин бир чылбыры адегенде Бекболотко тийип, андан кийин өз укум-тукумуна өткөрүп бергендиктен кландын негиздөөчүсү катары Бекболот Алсеитовдун кадыр-баркы эл ичинде абдан жогору болгон. Кийин болуш болгон туугандарынын баардыгы аны менен кеңешип иш кылышкан. Бала болуш Байгазынын бийлиги 1916-жылкы Үркүндүн мезгилинде Исабектин уулу Байгазы болуш болуп калган. Чычкан айылынын тургуну Саадашов Токтогулдун берген маалыматына караганда, Байгазыны болуш кылып шайлоо бүтүмү чыгарылганда анын жашы жетпей калгандыктан бир жашты кошуп жаздырып коюшкан. Ошондуктан эл оозунда ал Бала Болуш Байгазы аталып кеткен экен. Жаштыгына карабай Байгазы болуштук ишин абдан мыкты аткарып, элдин арасында кадыр-баркы көтөрүлө баштаган. Элди өзүнө тартуу максатында кайрымдуулук иш-чараларын жүргүзүп, жетим-жесирлер менен жарды-жалчыларга мезгил-мезгили менен саанга жана союшка мал таратып турган. Орустардын колуна өтүп кеткен жерлерди кайтарып алып, элдин арасында дыйканчылыкты жайылтууга умтулган. Мисалы, 1912- жылы Даркан айылынын чыгыш тарабындагы 2.500 гектар аянттагы алма багын орустан сатып алып, өз менчигине айландырып пайдалана баштаган. Ал бак азыркы мезгилге чейин Байгазынын багы деп аталып жүрөт. Эл оозунан топтолгон маалыматтарга караганда, көпчүлүктөн айырмаланып, бала болуш Байгазы 1916-жылдагы көтөрүлүшкө каршы болгон жана элге орустарга каршы касташуудан майнап чыкпасын түшүндүрүүгө аракет кылган. Ал тургай бунт чыгып кетип, эл орустардын айыл-кыштактарына чабуул коюп киргенде бейкүнөө орустарды коргоп калгандыгы да айтылат. Мисалы, Даркан айылынын тургуну Умаров Исанын жана ошол эле айылдын аксакалдарынан маркум Канимет Турдалиевдин берген маалыматтарына караганда 1916-жылы Үркүн учурунда орустарды жок кылабыз деп кыргыздар көтөрүлүп чыкканда Байгазы Исабеков орустарга катылбагыла, алардан жардам чоң болот десе болбой коюшат. Ошондо Байгазы 15 орустун үй-бүлөсүн, айрыкча аялдар менен балдарды, баардыгы болуп 30га жакын кишини Покровка тараптан түнү менен көлдүн жээги аркылуу Чычкан-Башына алып келип, сактап калган экен. Ошентип, Байгазынын каршы болгондугуна карабастан 1916-жылы жайында падышалык бийликке каршы көтөрүлүш чыгып кеткенде Байгазы аргасыздан элге кошулууга мажбур болгон. Качан Россиядан көтөрүлүштү басуу үчүн кошумча аскер келип, козголоңчу кыргыздарды жазалай баштаганда Байгазы жакын туугандары Бекболот (Кекебай), Үкү, Орузбай жана башкалар менен чогуу Кытайга качат. Дал ошол Үркүн маалында Бекболот (Кекебай) Алсеитов 71 жашында Какшаал тарапта каза болот. Бала болуштун туткундалышы Элдин арасынан жыйнаган материалдарга караганда падышалык бийликтин жазалоочу отряддары Байгазыны Ысык-Көлдүн Сырт жайлоосунан кармап келишип, Караколдун чоң түрмөсүнө камап салган имиш. Бирок, кийинчерээк кулакка тартылып, айдалган мезгилде Байгазынын өз оозунан жазылган архивдик материалдан көрүнүп тургандай Байгазы Исабеков чындыгында Россиянын талабы боюнча Кытай бийлиги тарабынан кармалып, падышачылык бийликтин өкүлдөрүнүн колуна өткөрүлүп берилген жана Совет бийлиги орногонго чейин Караколдогу түрмөдө отурган экен. Байгазынын үркүн учурунда элди бакканы да азыркы күнгө чейин аңыз кеп болуп айтылып жүргөнүнө күбө болдук. Турпанда да Үкү менен Байгазы туугандарын чогуу ала жүрүшүп, жан сактатып кайра бапа желдеңди Тосордун башындагы Алтын-Күңгөй деген жерге апкелип, ачкачылыктан аябай азып-тозгон элге 3 чоң казанга эгин-тегинден жарма жасатып, күчтүү тамакты көтөрө албайсыңар деп, тамакты өлчөп берип телчиткен экен. Анан курман айт болгондо Даркан менен Тосордун ортосундагы бапа, желдеңдерге 800 кой таратып, ушуну ата энеңерге куран окутуп, курмандыкка чалгыла, өзүңөр шорпо-шилең ичкиле деген экен. Демек, Байгазы кайрымдуулук иш-аракеттерин улантып, дайыма элдин камын көрүп тургандыгы байкалат. Ушундай элге сиңирген эмгеги учун Байгазы Совет бийлиги орногондон кийин 2 жыл Барскоон волисполкомунун төрагасы болуп иштеген. Бирок, канткен менен Байгазы Исабеков да эски падышалык бийликтин кишиси катары Совет бийлигинин терең ишеничине кире алган эмес. Айрыкча коммунистик партиянын тап күрөшү доктринасына ылайык, мурдагы бай манаптардын бардыгы ээлеген кызматы-нан эле четтетилбестен, кулак катары жашаган жерлеринен да башка тарапка айдалышы керек болгон. Байгазынын Оруссияга көчүрүлүшү Совет бийлиги тарабынан бай-манаптарды көчү-рүү ишине 1928-жылдын октябрь айынан тартып эле даярдык көрүлгөн. 1929-жылы 27-январдагы ВКП(б) Кыробком Аткаруу Бюросунун жабык жыйынында көчүрүүнү жүргүзүү жана конфискацияланган мүлктү бөлүштүрүү иш-чарасынын жыйынтыктары жөнүндө отчет түзүү үчүн Кыробкомдун жооптуу секретары Т.Токбаев(комиссиянын төрагасы) Кыргыз АССР Элдик Комиссарлар Советинин орун басары Г.Дунаев, жооптуу кызматкер Севергиндин курамындагы республикалык жана кантондук комиссиялар түзүлгөн[КР СД БМА, ф.10, оп.1, д.200, л.35-36; д.205, л.10.]. 1929-жылы 4-февралда Кыргыз АССР БАК жана Эл Комиссарлар Совети Нарын, Каракол, Талас кантондорунда жана Ош округундагы жарым-феодалдык, патриархалдык-уруулук мамилелерди сактап калган өздөрүнүн мүлктүк жана коомдук таасири аркылуу айылды советтештирүүгө жолтоо кылган өтө бай кишилерди көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Көчүрүлө тургандардын катарына 1928-жылдын 1-мартына карата үй-бүлө башчысынын багуусунда турган балдары да киргизилген. Малдар, үйлөр, айыл чарба шаймандары, баалуу куйма алтын күмүш, баалуу килем, идиштер, ат-жабдыктар тоорук кылынган. Конфискацияланган мал-мүлктүн 60-70 % кедей чарбалардын арасында бөлүштүрүлүп, калганы колхоздорго өткөрүлүп берилген. Байгазы Исабеков 4-февраль 1929-жылдагы Кыргыз АССР БАК жана ЭКСтин токтомунун негизинде айыл-кыштакта советтик курулуштун өсүп-өнүгүүсүнө тос-коол кылган бай-манаптардын тобуна киргизилип, Оренбургга айдалган. Анын 1600 жылкысы, 3000 кою, 40-50дөй төөсү тоорук кылынган. Жылкылары Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү жылкы заводуна, майда малдары кулактардан алынган жандыктардын эсебинен уюштурулган Оргочор совхозуна өткөрүлүп берилген. Конфискацияланган боз үйлөр жана тамдар коомдук мекемелер (мектеп, оорукана, кызыл үй, өкмөт мекемеси) катары колдонулган. Мисалы, Жети-Өгүз районунан айдалган манаптар Үкү Алсеитовдун үйү райондук аткаруу комитетинин имараты, Байгазы Исабековдун үйү Чычкан айлында мектеп имараты катары пайдаланылганы такталды. 1929-жылы Кыргызстандан көчүрүлгөн бай-манаптар Орусиянын Оренбург округуна айдалган. Албетте, бөтөн жерге жайгаштырылып, маданиятынан айрылган кыргыздар психологиялык жактан жабыр тартып, аны менен кошо экономикалык көйгөйлүү маселелерге кабылышкандыгын архивдик документтер далилдейт. Кыргыз АССР БАКтын 1929-жылы 4-февралдагы чечиминин 7-пунктунда белгиленгендей, айдалгандарга РСФСРдин аймагында көчүрүү фондунун эсебинен жер берилүүгө тийиш эле. Оренбургда алар өтө оор, айласыз абалда калышкан. Себеби кыймылсыз мүлктөрү, малдары толугу менен конфискацияланып, аларга Оренбургдан жер берилген эмес.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||