, 12.05.09 - 7-бет:
  Маанилүү маек

Маданият
жана маалымат министри,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан РАЕВ:
"Маданият - улуттун жүзү"
- Султан Акимович, апрель айынын башында Президент маданият жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Буга чейин 1992-жылы кабыл алынган мыйзамдан бул мыйзамдын өзгөчөлүктөрү эмнеде, ушул тууралуу пикириңизди уксак?
- Ар бир мезгилдин өзүнүн талабы болот эмеспи. 92-жылдагы мыйзам моралдык жактан эскиргендиги шарттуу көрүнүш. Тактап айтканда ал бүгүнкү күндүн суроо-талаптарына жооп бергенге күчсүз болуп калды. Жаңы мыйзам болсо, азыркы мезгилдин шартына, замандын талаптарына жооп берген принциптүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.Ошондой эле улуттук маданиятыбыздын кайра жаралуусуна чоң өбөлгө түзөөрүн ишенимдүү айтууга болот. Муну маданияттын бүгүнкү күндөгү өзөктүү мыйзамы десек татыктуу. Анткени маданиятта реформа жасоого толук мүмкүнчүлүк ачылды. Ошондуктан мен руханий кайра жаралуу мыйзамы деп атагым келет.
- Мыйзамдын долбоору даярдалганда министр катары маданияттын өсүп-өнүгүшүнө өзөктүү кандай маселелерди койдуңуз?
- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги алгачкы түптөлгөн күндөрдөн баштап эле концептуалдуу үч маселеге көңүл бурган элем. Ошонун биринчи маселеси маданияттын мыйзамдуу базасын түзүү болчу. Анткени биз укуктук коомдо жашап жаткандан кийин анын ролу чоң эмеспи. Мада-
нияттын мыйзамдык базасы күчтүү болбосо, канчалык бийик үн менен мактанып, миллион жолу кооз сөздөрдү айтсак дагы эч качан маселе чечилбейт. Чындыгында ушул максатта аракеттенип, маданият жөнүндө мыйзамды кабыл алууга үч жылдай убакыт кетти. Бул бир гана биздин эмес, чыгармачыл бардык жамааттардын эмгегинин үзүрү десем жаңылышпайм. Бул мыйзамды алгач коомдук жана бейөкмөт уюмдар, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, дегеле маданиятка тиешеси бар бардык адамдар менен астейдил талкуулап, "жети өлчөп, бир кесип" , анан ишке ашырдык деп ойлойм. Жогорку Кеңеште эки жолу талкуулап, отурумуна чейин алып чыктык.
- Талаш-тартышты жараткан жагдайлары болдубу?
- Албетте болду. Мисалы, маданият жагында түзүлүүчү контракт маселеси өтө курч талаш-тартышты жаратты. Республикалык профсоюз комитети, депутаттар бул тууралуу ийги көз караштарын ортого салышты. Менимче, бизде азыркы өткөөл учурда маданиятта контракттык системаны киргизүү эртелик кылат деп ойлойм.
- Өнүккөн өлкөлөрдөй
маданият, искусство жааты контракттык системага өткөн эмеспи?
- Биз ага жетише элекпиз да. Азыркыга чейин бизде советтик системадан калган психологиялык керектөөчүлүк жашап жатпайбы. "Өкмөт багыш керек, мамлекет бериш керек" деген эскирген система али жаңыланууга бара элек. Жаңылануунун кези эми келди. Бул деген турмуштун, коомдун, замандын талабы. Президент Курманбек Бакиев Жаңылануу жөнүндө өтө маанилүү маселелерди айтты. Бизге күчтүү маданий саясат керек болчу. Ошонун дал өзү Маданият жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзам.
Бизде 2005-жылдан кийин маданиятка жакындан көңүл бурула баштагандыгы чындык. Атап айтсак, 2004-жылы маданияттын бюджети 70 млн. сомдун тегерегинде болсо, 2008-жылы 580 млн. сомго жетип, он эсеге өстү. Эң негизгиси биздин министрлик түзүлгөндөн берки 4 жылдын аралыгында маданияттын туруктуу системасын түзүп алганга жетиштик. Ансыз кайсы тармакта болбосун ийгилик келбеси белгилүү. Мисалы, элеттен баштап борборго чейин маданияттын туруктуу системасы ишке киришти. Маданиятты айрымдар ырдоо, майрамдоо менен гана түшүнүшү мүмкүн. Такыр андай эмес. Маданият деген күчтүү дух, чоң энергияны талап кылат. Ал деген көркөм өнөр, чыгармачылыктан сырткары дагы жалпы адамзаттык ишмердүүлүк менен тамырлаш. Маданият саясат менен билим, ыйман маселелерин өз кучагына алып турган касиетке ээ. Президенттин бул мыйзамга кол коюшу, маданияттын кайра жаралуусуна түзгөн чоң өбөлгөсү, жакындан колдоосу деп билебиз.
- Маданият деген жалпы адамзатка тиешелүү түшүнүк эмеспи, бул мыйзамды жазууда дүйнөлүк булактардан колдондуңуздарбы, дегеле эмнеге таяндыңыздар?
- Жаңы мыйзамды жазууда КМШ өлкөлөрүндөгү моделдик мыйзамдарды, дүйнөдөгү көптөгөн мыйзамдык тажрыйбаларга таяндык. Маданиятты жалпы адамзаттык түшүнүк дегенден кийин улуттук алкакка салууга болбойт. Ошого ылайык 1-беренесинде илимий глоссарий (укуктук түшүндүрмө) берилди. Буга чейин бизде чаташкан түшүндүрмө болгон. Такталып, калыпка салынып, стандартка түшкөн түшүнүктөр жаралды. Чынын айтканда мурун чыгармачылык союз жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып, дискуссиянын предмети болуп келбедиби. Аны башка бир
коомдук уюмдар, союздар менен чаташтырышкан. Мисалы, чыгармачылык союзду коён өстүрүүчүлөрдүн же аары баккан бал челекчилердин уюму менен бирдей катарда карашкан. Ал эми азыр биз чыгармачыл уюмдун статусун аныктадык, маани-маңызын юридикалык жактан тактап, белгиледик. Биздин улуттук маданиятыбыздын руханий өзөгүн жаратуучу алтын башат ушул чыгармачыл союздар. Ошол башатыбыздын көзү бүтөлбөс үчүн эң биринчиден болуп жаратмандардын чыгармачыл кошунун колдоо керек. Ал кошун жаңы, таза чыгармалардын жаралышына чыныгы генератор болгон кызматты аткаруусу зарыл. Баягыдай, бюрократтык, той- аш өткөрүү менен чектелбеш керек. Илгеркидей сыйлык-наамдарды бөлүштүрүү эмес, чыныгы чыгармачлыкты халтурадан калпып чыгып, профессионалдуу баа бере алган кошун-ордо болуусу керек. Андыктан чыгармачыл союздарга өзгөчө мамлекеттик камкордук көрүү талапка ылайык. Жаңы кабыл алган мыйзамдын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилиши керек. Алардын ичинде Кыргызстандагы чыгармачыл союздар жөнүндө милдеттүү түрдө атайын мыйзам кабыл алуу керек. Чыгармачыл союздар өзүнчө бир коомдук уюм катары калып, ал мамлекеттик протекцияга, мамлекеттик камкордукка алынбай калган. Бөлүнгөн бюджеттен чыгармачыл союздарга гранттык система катары бөлүп берип, жаңы чыгармалардын жазылышына көмөк берүү зарыл.
Акыркы кездерде, өзгөчө 2005-жылга чейин маданиятты экинчи катарга коюп келишкендиги да чындык. Мисалга алсак, 1991-92-жылдары маданият тармагына 20 млн. сом бөлүнчү. Азыр ага салыштырмалуу карасак, бир эле Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын ремонттолушуна эле 48 млн. сом бөлүп жатабыз. Мамлекетибиздин руханий архитектурасына мурун чоң доо кетиргенибизди унутпашыбыз керек. Акыркы он жылды алып караганда бир кылымдык жоготууну сезүүгө болот. Себеби, маданиятка маани бербөө мамлекеттин улуттук маанисине түшүнбөй, өзөгүнө доо кетирген менен барабар. Маданият эң оболу-улуттун идентификациясы. Ошондуктан маданияттын өзөгүн түптөп, аны калыптандыруучу маани-маңызы терең мыйзам кабыл алынды. Маданият жалаң гана мамлекеттин иши эмес, ар бир атуулдун, ар бир ишкердин, кыргыз элинин, жалпы улуттун иши. Ошон үчүн маданиятты колдоо мамлекеттин гана мойнуна жүктөлбөстөн, аны меценаттар, бизнесмендер, бейөкмөт уюмдарга чейин колдооого алууга тийиш. Меценаттык деген чоң нерсе да. Маселен, 19-кылымдын орус адабиятын, искусствосунун алтын фондусун 3-4-меценат эле колдоп койгон. Мына, дүйнөгө аты белгилүү Третьяков галереясынын даңазасы өз учурунда меценаттарынын сүрөөсү болбосо мынчалык атак-даңкка жетет беле?!
- Демек, меценаттык тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керекпи?
- Сөзсүз өзгөртүү киргизүү керек. Мында эң башкы нерсе чыгармачыл адамдардын социалдык абалы. Аны коргоо үчүн кепилдик ушул мыйзамда көрсөтүлгөн. Кесипкөй чыгармачыл кызматкерлерди со-циалдык коргоо 7 -главанын 43-беренесинде, даана жазылган: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан иши зыяндуу өндүрүшкө, тобокелге салууга, кесиптик оорулар менен ооруп калууга жана башка жагымсыз жагдайлардын коркунучу менен байланыштуу болгон, кесиптик чыгармачыл кызматкерлерди коргоонун жана камсыздандыруунун өзгөчө шарттары белгиленет.
Кесиптик чыгармачыл жамаат өзүнүн курамынын толук болгондугуна байланыштуу ишин жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогон учурлар ишти убактылуу аргасыздан токтотууга теңештирилип, тиешелүү компенсациялар берилет".
Биз социалдык багытка негизделген коомду түзүшүбүз керек. Учурда капитализмдин, рынок мамилесинин доорунда жашап жатабыз. Бул доордун эч кимди тааныбаган катаал шарты, рамкалары бар. Башкача айтканда экономика, бизнес, акча ж.б. Бирок ошол эле учурда рыноктун айланган дөңгөлөгүнүн алдында калып калбашыбыз керек. Албетте, рынокко багыт алган, коомдук укуктук мамлекетти түзөбүз, ал туура. Ошондо дагы алар менен катар эле социалдык багытка негизделген дагы мамлекет болушубуз керек. Кыскасы, чыгармачыл адамдар социалдык коргоого алынышы сөзсүз зарыл.
- Чыгармачыл адамдардын көбү фанаттар эмеспи, баш-оту менен чыгармачылыкка кирип, башка кесиби жок, алар социалдык кандай коргоого алынат?
- Эч жерде иштебей, жалаң чыгармачылык менен жүргөн адамдар бар. Ал турсун эмгек китепчеси да жок. Андайлар көбүнчө өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин чыгармачылыкка сайып таштап, өзгөчөлөнгөн мыкты чыгармаларды жаратып, китеп жазышат. Алар биздин чыгармачыл уюмдардын мүчөлөрү. Аларды социалдык коргоого сөзсүз алуу керек. Гранттык системада жардам берүү зарыл.
- Социалдык чыгармачылык заказдар тууралуу мыйзам беренеси киргизилгени көпчүлүк чыгармачыл адамдарды кубантууда, бул ишке ашат деп ойлойсузбу?
- Албетте, сөзсүз ишке ашат. "Маданият жаатындагы ишти экономикалык жактан жөнгө салуу" 6-главада өзүнчө бөлүм болуп кирди.
- Султан Акимович, маегиңиз үчүн рахмат, сөзүңүздүн аягында эмне каалоо айтмакчысыз?
- Бул мыйзам көптөн күткөн жакшылыкты алып келгендей болду биз үчүн, себеби жаңы мыйзамда маданиятты каржылоо жыл сайын республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3 пайыз өлчөмүнөн кем эмес каралуучу чоң берене кирди. Бул деген мамлекетибиз маданиятты толук кепилдикке алгандыгы. Мен бул үчүн Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, эң башкысы Президентибиз Курманбек Бакиевге чоң ыраазылык билдиргим келет. Маданиятыбыз өсүп-өнсө элибиз өсөт.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"






Тазабек Саманчин - 100 жашта
Сөзүнө турган адам эле
Күз айларында филология илимдеринин кандидаты, белгилүү котормочу, драматург Тазабек Саманчиндин 100 жылдык мааракеси белгиленет. Ушул иш-чаранын алдын алып, жакында Токтогул атындагы музейде маркумга арналган
кече өттү.
Анда Т.Саманчиндин кыргыз элине, адабиятка калтырган кызматы, басып өткөн жолу жөнүндө окуучусу, КРнын илимге эмгек сиңирген кызматкери, ардагер педагог Жумаш Койчуманов, балдызы Кутба Назаркулова, кызы Гүлсана Тазабекова жана Бишкек шаарынын мемориалдык музейинин директору Арман Мамаханова кеченин катышуучуларына кеңири айтып беришти.
"1956-жылы Тазабектин өзүнө жолуктум, ошондон тарта мен аспирант, ал менин жетекчим болду. Көп жыл чогуу иштедик. Абдан мээнеткеч, ишин сүйгөн адам эле. Ал тууралуу айта берсе сөз көп. Эми анын ысмы жогорку окуу жайларынын бирине коюлса жакшы болот эле деген ойдобуз", - деген пикирин билдирди маркумдун бир кездеги аспиранты Жумаш Койчуманов.
Кечеде айтылган маалыматтарга таянсак, Тазабек Саманчин 1950-жылы казалдарды иликтеп жүрүп камалган. Беш жыл түрмөдө олтуруп, 1955-жылы кайтып келгенден кийин Гүлсана аттуу кыздуу болгон. Атасы тууралуу айтып берүүсүн сураганыбызда: "Мен көкүрөк күчүгү болгондуктан, атам мени "кара кыз" деп эркелетээр эле. Муну бир башкача мээрим менен айтчу. Ушунусу айрыкча эсимде калыптыр. Анан да атам - сөзүнө турган, тырышчаак, бир жери ооруп турса да сыртка чыгарбаган адам эле. 1979-жылы бул дүйнөдөн өткөн. Убакыт деген учкул экен, мына эми, жүз жылдыгына даярданып жатабыз," - дейт Гүлсана Саманчина Тазабековна.
Арийне, кыргыз элинин келечек муундарын патриоттуулукка жана өзү жашаган коомго, элге ак дилден кызмат кылууга тарбиялоодо, алардын руханий-эстетикалык көрөңгөлөрүн көктөтүүдө мына ушундай улуу инсандардын басып өткөн жолу, артына калтырып кеткен эмгектери эбегейсиз сабак болоору талашсыз.
Жазгүл САРЫГУЛОВА,
"Кыргыз Туусунун"
практиканты