№34, 12.05.09. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...




email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Баатырдын Баатыр жары менен жолугушуу
Жеңиш күнүнүн алдында мамлекет башчысы Сокулук районунун Шалта айылына келип, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы, Социалисттик Эмгектин Баатыры 92 жаштагы Керимбүбү Шопокова менен жолугушту.
Мамлекет башчысы жана Керимбүбү Шопокова Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигине гүл коюп, Баатырдын музейинде болушту.
К.Шопокова менен баарлашуу учурунда Президент аны Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, узак өмүр жана чың ден-соолук каалады. "Бир үй-бүлөдө күйөөсү менен жубайы Баатыр болушу - абдан сейрек кездешүүчү окуя. Кыргызстандыктар Сиздин жубайыңыз Д.Шопоков сындуу эр-азаматтары менен дайыма сыймыктанышат. Сиз болсо оорукта жүрүп Жеңишке баа жеткис салым кошкон адамдардансыз. Сизге бардык мекендештериңиздин атынан чоң ырахмат айткым келет", - деди К.Бакиев.
К.Шопокова Президентке жолугушууга убакыт тапкандыгы, ошондой эле ардагерлер менен оорукта иштегендерге мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордук үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Жолугушуунун аягында Президент К.Шопоковага белек тапшырды.

Жеңиш майрамына
арналган материалдарды
3-беттен окуңуздар