, 08.06.09 - 18-бет: Согуштун ардактуу ардагери Бакир ЧОДОБАЕВ:
"Айсыз түндө нуруң болуп жүрсөм деп,
Ажар чачкан мүнөзүңдү үйрөндүм..."
Ата-Мекендик согушка катышып, эки жолу оор жаракат алган, согушта жана эмгекте жасаган эрдиктери үчүн көкүрөгүнө үч орден, он жети медаль тагынган, КМШ боюнча согуштун жана эмгектин ардактуу ардагери, КРнын эмгек сиңирген геологу Бакир Чодобаевдин туулган күнү да кадыресе эле күн эмес - 9-Май! 1924-жылдын так ушул күнү ал Тоң районунун Четинди айлында жарык дүйнөгө келген.

Бакир аганын атасы Умар Чодобаев Алматыда билим алып, партиялык кызматтарда иштеген, кийин белгилүү себептер менен ташы улам ылдыйды көздөй "кулап" - айылдын башкармасы, милиция кызматкери, андан кийин мугалимдикти аркалаган билимдүү адам болгон. Ал эми атанын тагдыр ташынын же кызматынын улам ылдыйлап отурушуна, Бакир атанын айтымында анын ата-бабасынын бай-манап болгондугу себеп болгон да, У.Чодобаев 1937-жылы "эл душманы" деген жарлык менен камалып, бир жылдан кийин эле сотсуз, сураксыз атылып кеткен. Бирок, "Ак ийилет, бирок сынбайт" демекчи, 1956-жылы кайра акталып, күбөлүк берилген.
Бул жалаанын залакасы ага чейин "Бөрк ал десе - баш алган" заманда Умар атанын уулу - Бакир Чодобаевге да тийиптир. Болбосо, "Ата-Мекеним үчүн кашык каным калгыча кармашам!" - деп ант берип, ажал аралап, от кечип, эки ирээт ок жеп, майып болуп келген, бир канча ирээт эрдик көрсөтүп, жогоруда айтылгандай бир канча орден, медалдарды алган патриот азаматты: "Атаң эл душманы болгон" деп кодулап партиядан чыгарып, мектеп деректирлигинен алуу - эми уксаң күлкү келтирип, акылга сыйбаган жосун.
"Ошондо бир атка минердин кызмат учурундагы жагымсыз ишин сындап койсом, ал мага өчөшүп: "Согушта жүргөндө атасынын "эл душманы" экенин жашырып, партияга өтүп алган!" - деп үстүмдөн иш козготуп, партиядан да, кызматтан да шыпырып түшкөн", - дейт эми Бакир ага. Андан кийин түз эле Москвага барып, кен чалгындоо институтуна кирип, аны 1954-жылы аяктап, тоо инженер-геологу деген кесипке ээ болуп келген.
"Кыргызбурвод" комплекстүү гидрогеологиялык экспедициянын начальниги болуп турганда жер катмарларында жаткан суу ресурстарын айыл чарбасында ж.б. тармактарда колдонуу ишин колго алган. Түндүк менен түштүктө эгин жана пахта сугаруу үчүн скважиналар бургуланып, секундуна 70-80 литрден суулар оргуштап чыгып, сугат жерлер камсыздалган.
Ал эми геологиялык экспедициянын начальниги болуп иштеп турганда Макмал, Жер үй, Талды-Булак, Кумтөр алтын кендерин изилдеп, таап чыгышкан. Өзүнүн туулуп өскөн жеринде да бургулоо менен минералдык ысык суу чыгарып, ал жерге эс алуу үйү уюштурулуп, ага Бакир Чодобаевдин ысмы берилген.
Учурда да тим жатпай, согуштун ардагерлерин колдоо иштери менен алек. Бул эмгегин баалап, Россия ага "Ардактуу согуш ардагери" наамын ыйгарган. Ал эми өзүбүзүдүн мамлекет "Даңк" медалы менен сыйлаган.
Айтмакчы, өзүнүн курдашы "Кыргыз Туусу" менен биринчи жолу 1956-жылы жүздөшкөнүн айтат. "Ошол убакта: "Манас" феодалдык маанайдагы чыгармабы же элдик чыгармабы?" - деген талаш-тартыш жүрүп, мен: "Манас" - элдик чыгарма!"- деген макала жазып, ушул гезитке бергемин. Ошондон кийин экөөбүздүн мамилебиз ымалашып кеткен", - дейт Бакир Чодобаев.
Ардагер менен аңгемелешип отуруруп, анын жоокерлердин эң алдыңкы сабында Ата-Мекендин желегин желбиретип көтөрүп алып, "ура-алап" чуркап баратканы, анан ок жаңылып, желегин кучактай кулаганы көз алдыма элестеди. Анткени, ага командири ошончо - көп улуттуу аскерлердин арасынан тандап алып, ишенип Кызыл желекти алып жүрүүчү кылып дайындаган экен. Жаракатты да ошол желек менен баратып алгам.
"Кыргыздардан мен, анан бир топ казак балдар бар эле. Мага желекти салатанат менен тапшырышканда ошол боордошторум: "Бул өзү керемет гой, бул өзү сыймык гой!" - деп мени менен кошо аябай кубанышкан эле", - дейт эми.
Ошол эле дейсизби, мына ушундай татаал, түйшүктүү да, бир карасаң сыймыктуу, бактылуу да баскан жолу бар ардактуу ардагерибиз жүрөгүндө саймаланган асыл ойлорду минтип ырга айлантып, көкүрөгүнө көрөңгөлөгөн рух байлыгын көлкүлдөтүп көтөрүп, ыр жазып келет...

Тынчтык күндү
карегиңдей сактагын!
Окоптордо белден курду чечпедик,
Ажал отун канча жолу кечпедик?!
Чабуулдарда курман болгон эрлерди,
Урпактарды унутпайлы эскерип!
Майрамдардын эң улуусу - жеңиш күн,
Майдангерден бизге калган - эстелик!

Эске салып кан дайрадай акканын,
Канча жоокер жер алдында жатканын,
Жаркыраган, жалындаган өмүргө,
Согуш деген соолуп балта чапканын,
Бейпил күндө тирүүлөргө кайрылам:
"Тынчтык кымбат, карегиңдей сактагын!.."

Ай, Күн, Жылдыз
Карай берип айдын жарык тийгенин,
Аппак жүзүн, жарык нурун сүйгөмүн.
Айсыз түндө нуруң болуп жүрсөм деп,
Ажар чачкан мүнөзүңдү үйрөндүм.

Жылдыздардын жылт-жылт этип күйгөнүн,
Карай берип арасында жүргөмүн.
Жарык тийген жылдыз болуп калсам деп,
Жарк-журк эткен мүнөздөрүн үйрөндүм.

Күндү күтөм, өзүмчө толкунданып,
Жарк этип чыга келсе маңдай жаркып,
Таалайым дайра сымал агып турат,
Жашаган өмүрүмө моокум канып!..

Эмгек - Эрдик!
Айыгышкан кандуу согуш талаасында,
Эмгек - Эрдик биримдигин сактадык.
Баатыр элдин эбегейсиз эмгегин,
Чабуулдарда эмгек менен актадык.
Тынчтык доорум - өмүрүмдүн жарыгы,
Эмгек - Эрдик жүрөгүмдүн жалыны!

Ала-Тоонун ой-кырларын изилдеп,
Чаалыкканда "геолог отун" жакканбыз.
Эмгек- Эрдик жеңиштерге чакырып,
Тоону жарып алтын кенин тапканбыз.
Эмгек туусун көкөлөтүп асманга,
Майрамдарда ырдап, бийлеп басканбыз.

Изим жатат Ала-Тоонун боорунда,
Тереңинде - алтын кендин тобунда,
Жаш денемден аккан кандын тактары,
Жаркыраган улуу Жеңиш жолунда.
О, Мекеним жайым сага карызмын,
Тирүүлүктө аткарыш менин мойнумда.

Бакир ЧОДОБАЕВ

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"