, 08.06.09 - 12-бет: К.И.Скрябин атындагы
Кыргыз агрардык университетинин биринчи проректору, ветеринария илиминин доктору, профессор, РВИАнын жана ЭВИАнын академиги Мукамбет НОГОЙБАЕВ:
"Жаңылануу багыты" жаңы айдыңдарга алып чыгат"

- Мукамбет Дайырович, мамлекет башчысы К.Бакиевдин калк назарына коюп сунуш кылган стратегиялык "Жаңылануу багыты" сиз эмгектенген жамаатка кандай резонансты жаратты жана Президент жасаган саясый кадамдарды талкуулоо, чечмелөө, колдоо иш-аракеттери мындан ары кандай нукка бурулмакчы?

- Президент К.Бакиев жарыя кылган өлкөнү Жаңылануу багыты биздин окуу жайдын жамааты үчүн маанилүү окуя болуп калды. КАУнун бардык институттарында, факультеттеринде "Жаңылануу багыты" боюнча кызуу талкуу болуп жыйындар өткөрүлдү. Өзүлөрүнүн олуттуу ой-пикирлерин айрым кесиптеш окумуштуу-аалымдарыбыз жалпыга маалымдоо каражаттарынан үн кошуп айтып чыкканга да үлгүрүштү. Алдыга коюлган негизги багыттардын ичинен Билим берүү тармагы өзгөртүүлөргө муктаж экендигин белгилөө менен бир катар аткарылуучу милдеттердин биздин алдыбызга коюлушу, бул тармакта иштегендердин жоопкерчилигин жаңы баскычка көтөрүп, жаңылануунун айдыңдарына алып чыгат.
К.И.Скрябин атындагы КАУда буга чейин эле активдүү реформалар жүргүзүлүп келинген. Эми "Жаңылануу багыты" ошол реформаларды улантуунун маягы катары кызмат кылары бизге белгилүү болуп калды. Бул жагдайдан алып караганда Президент айткандай бүгүнкү күндө окуу процессин сапаттык жактан жакшыртууга жана жаңылоого тийишпиз. Биздин окуу жай бул багытта атайын иш-чараларды иштеп чыктык. Билим берүү боюнча дүйнөлүк жаңы технологиялар, азыркы учурдун педагогикалык инновациялары, окуу процессинде коррупция менен күрөшүү Агрардык университеттин 2015-жылга чейинки стратегиялык планынын өзөгүн түзөт. Алдыда аткара турган иштер арбын.

- Агрардык университетте Болоня процессине көчүү боюнча кандай иш даярдыктар жүрүп жатат?

- Бүгүнкү негизги окуу процессиндеги маанилүү маселе. Болоня процессине көчүү боюнча КАУ биринчилерден болуп сынамык долбоорго киргенбиз. Долбоор боюнча университеттин эң жаш, жаңы структуралык бөлүгү болгон Инновациялык технологиялар институтунун айыл чарбасынын илими жана өндүрүш адистиги боюнча эксперимент жүргүзүлүп жатат. Мында Болоня процессинин принциптери кеңири колдонулууда. Окутуу процессинде кредиттик технологиялар, чет элдик окуу жайлары менен студенттерди алмашуу студенттердин жыйынтыктоочу билим көзөмөлүн окутуучунун катышуучусуз эле өткөрүү ыкмалары кеңири колдонууда. Азыркы күндө эки тараптуу келишим менен Инновациялык технологиялар институтунун базасында Германиянын университеттерине (Гумбольд, Вайенштефан ) эл аралык магистрдик курска КАУнун бүтүрүүчүлөрү барып билим алышууда. Белгилүү бир убакта алардын студенттери бизге келет. Келишимде көрсөтүлгөн пунктка ылайык студенттер гана эмес окутуучу-профессордук курамдагылар да тажрыйба алмашып окутушууда.
Чындыгында Болоня принциптерин киргизүү бүгүнкү күндүн инновациялык-технологиясы болгону менен бизди ойлондура турган жагы бар. Бардык эле биздин окуу жайлардын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүгү болбой жатканы кейиштүү. Мындай мүмкүнчүлүк шарт болбосо, андан ары өнүгүшү чектелип калары бышык. Ошондуктан Билим берүү жана илим министри эксперименттик долбоорлорду киргизип, туура багытта иш жүргүзүп жатат. Буюрса, материалдык-техникалык жабдуулар заманбап талабына жараша жабдылса, толук өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Азыркы учурда К.И.Скрябин атындагы КАУну өнүктүрүүгө багытталган кыска жана узак мөөнөттүк дистанттык билим берүүнүн негиздери, стратегиялык программада каралгандай аудио-видео китепканалардын фондун кеңейтүү колго алынган. Окутуучу-аалымдардын демилгеси, талыкпаган эмгегинин аркасында өзүнчө сабактар боюнча электрондук окуу куралдары түптөлө башталды.
"Жаңылануу багытында" белгиленген: "Окуу жайларды эмес, окуу процессине катышкандарды каржылоо жолу менен билим берүүдө атаандаштык мамилени калыптандыруу" деген тезиске эки тарап тең; студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын айныксыз милдеттери экендигин терең түшүнүүчүлүк таризде кабыл алышты.
Жогоруда айтып өткөнүмдөй, окуу жайдагы "Жаңылануу багыты" талкууланганда айтылган пикирлерде көтөрүлгөн маселелерди финансы булактарын таап, каражаттарды айкын, профессионалдык деңгээлде, максаттуу багыттарга чыгымдоодо турат.
Анда илимий-аалымдардын-окутуучулардын мугалимдердин эмгек маянасын жогорулатуу, Билим берүү жана илим министри, профессор А.И.Мусаев белгилегендей стипендия - алдыңкы студенттерди, аспиранттарды, докторанттарды колдоо каражатына айланышы керек. Стипендияларды бөлүштүрүү чечимин окуу жайдын окутуучуларынан жана студент-активисттерден турган стипендиялык комиссия чыгарса, ал студенттер арасында аны алуу үчүн чыныгы атаандаштыкты жаратып, окутуунун сапатын жакшыртууга түрткү берерин турмуш өз мезгилинде көрсөтөт.

- Мукамбет Дайырович, КАУ мурда Айыл чарба министрлигине караган. Азыр техниканын заманы эмес, технологиянын ооматы келип турганда сиздерге кайсы министрликтин карамагында болуу ыңгайлуураак?

Союз мезгилинде айыл чарба окуу жайларынын бардыгы Айыл чарба министрлигинин алдындагы башкармалыкка караштуу эле. Ал эми эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Билим берүү жана илим министрлигине карап келебиз.
Агрардык университет дайыма жаңы окуу технологияларын окуу процессине колдонуу менен үзгүлтүксүз пайдаланышы зарыл. Ушул өңүттөн алганда Билим жана илим министрлиги окуу процессин заманбап усулдук-көрсөтмөлөр менен камсыз кылып келет. Экинчи жагы Айыл чарба министрлиги тарабынан биз даярдап берген адистерди алар түздөн-түз пайдаланып жаткандан кийин, сөзсүз түрдө КАУга ар тараптуу жардам бериши керек.
Айыл чарба министрлиги менен эки жактуу түзүлгөн келишимде мындай маселелерди камтыган пункттарда бардыгы көрсөтүлгөн.

- Мукамбет Дайырович, окуу-өндүрүштүк чарба башка ЖОЖго салыштырмалуу сиздердин спецификалык өзгөчүлүгү менен айырмаланып, адистин сапаттуу даярдалышына чоң роль ойноп келген. Бул боюнча сиздин оюңуз?

- Окуу-өндүрүштүк чарбалардын уюшулушу өткөн кылымдын 50-жылдарына туура келет. Бул убагында агрардык адистердин сапаттуу даярдалышына мамлекет тарабынан көрүлгөн камкордук болчу. Белгилеп кетчү нерсе, агрардык адистерди даярдоо сөзсүз теориялык билим практика менен айкалыштырылышы талапка ылайык. Ошондуктан агрардык университеттерде окуу-өндүрүштүк чарбасы, анын курамында болушу окуу процессин сапаттуу деңгээлде өткөрүүгө шарт түзөт. Союз мезгилинде "план аткаруу" оорусуна чалдыккан жергиликтүү жетекчилер аталган чарбанын эсебинен план толтурууну адатка айланткандыктан, мындай чарбалар өзүнүн түздөн-түз милдетин аткара албай калган.
Ошол кезде биздин "Учхоз" жөнөкөй катардагы чарбалардан эмес, миллионер чарба эле. Кыргызстан мал чарбачылыгында малдын бардык түрү боюнча канча асыл тукуму болсо, үрөндөрдүн канча жаңы сорту болсо, алардын негизги өзөгү аталган чарбада өндүрүлүп, республиканын аймактарына таратылып турган. Студенттер ошол жерде жашап, окуганга бардык окуу корпустары, инфратүзүмдөр, техника, мал, жер, баары бар эле. Бирок, Жогорку Кеңештин чыгарган: "Үрөн, мал чарба асылдандыруучу чарбалар жана окуу-өндүрүштүк чарбалардын менчикке берилбейт деген чечимине карабастан, кийин менчиктештирилип кетти. Ошентип, 164 гектар гана жер калды.

- Албетте, окуу процесси үчүн эң керектүү объектинин канталамайга түшүп, орду түбү менен жоголушу эң кейиштүү чындык. Бул өксүктү кантип толтуруу керектигин азыркы агрардык окуу жайдын жетекчилиги ойлонуп, кандай чараларды көрүп жатат?

- Үстүбүздөгү жылдын март айында Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев министрликке караштуу бардык департамент-жетекчилеринин курамын ээрчитип келип, атайын жолугушуу өткөрдү.
Отурумда эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн эң пайдалуу келишимге кол коюлду. Ошондой эле келишимде каралган пункттарды ишке ашыруу үчүн атайын иш-чаралар иштелип чыгарылып, ким кайсы иштерди качан аткарарына чейин такталган. Анда көрсөтүлгөн милдеттердин бири - окуу-өндүрүштүк чарбаны кайра калыбына келтирүү. Ага мал чарба комплекстери, үрөн, мелиоративдик оңдоолор, студенттер үчүн окуу корпустарын, инфратүзүмдөрдү, лаборатория, техникаларды жана башкалар менен толуктоо каралган.
Мына ушуну ишке ашырсак, атына жараша заты төп келген, практикалык жактан такшалган, толук кандуу адистер даярдалып чыкканга шарт түзүлмөк.

- Сиздердин агрардык университетте окуу процессин каржылоо кандай абалда?

- Бардыгына белгилүү азыр коммуналдык төлөмдөр абдан кымбаттап кетти. Студенттердин ата-энелеринин келишим төлөмдөрүнүн көбүрөөгү ошол коммуналдык чыгымга кетип жатат. Окуу жайдан билим алып жаткан 8 миң студент окуган окуу корпустарын, жашаган жатаканаларын кармап туруу да чоң проблема. Олчойгон каражатты талап кылганына карабастан, 8 млн. сом каражат жумшап, башкы корпустун, гидромелиоратив, ветеринардык агроинженердик институттардын чатырлары жаңыртылып, жатаканалардын чатыры, жылуулук системалары оңдолду, мындан сырткары окуу жайды материалдык-техникалык жабдуулар менен жаңыртуу, толуктоо күн тартибинде турат.

- Быйылкы окуу жылына кабыл алуу кандай жагдайда жүргүзүлмөкчү? Тест менен кабыл алуудан бирдиктүү мамлекеттик экзамен алуунун артыкчылыгы эмнеде?

- Буга чейин жүргүзүлүп келген жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) быйыл дагы улантылат. Бул ыкма өз милдетин толук аткарууда, айрыкча, коррупцияга каршы бөгөт тосулуп, бүтүрүүчүлөр өзүлөрү каалаган окуу жайларга тапшырууда.
Ал эми бирдиктүү мамлекеттик экзамен болсо ЖРТ караганда бир кадам алга жылуу дегенди билгизет. Бул ыкма Россиянын бардык окуу жайларында колдонула баштады. Анын артыкчылыгы бүтүрүүчүнүн логикалык гана жөндөмү текшерилбестен, билим деңгээли дагы тестирлөө жолу менен аныкталат. Ошондой эле бүтүрүү экзамендеринин жыйынтыгы, окуучуларды түздөн-түз жогорку окуу жайына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет, б.а. кайра экинчи сапар сынак жүргүзүлбөйт. Бул экономикалык жактан бүтүрүүчүнүн ата-энесине да, мамлекетке да пайдалуу. Бирок, тилекке каршы бул ыкманын ушундай өзгөчөлүктөрүн ЖМК да түшүндүрүү иштери терең болбогондуктан, эл ичинде "бул илгерки тартипке кайра өтүп жатышат" деген калпыс түшүнбөстүктөр келип чыгууда.

- Эми Мукамбет Дайырович, көп жылдар бою жаштар менен иштешип келесиз? Азыркы жаштар жөнүндө пикириңиз кандай?

- Жаштар тууралуу эң жакшы ойдомун. "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" деген сыңары. Жаштар улуу муундардын мыкты сапаттарын өзүнө сиңирип, ата-журтун сүйгөнгө, эмгекке, билимге, адамгерчиликке умтулса, тилин, тарыхын билсе, кыргызды улут катары сактап, кийинки муундарга эстафетасын тапшырганга, улантканга жараган инсандардан болушун тилеймин.

- Сиздин хоббиңиз эмне?

- Жаш кезимден бери илхам келе калса ыр жаза коем.

- Жакын арада жазылган ырыңыздан окуп көрсөңүз?

- Бул ыр Ысык-Көл жөнүндө:

Ысык-Көл, мен сени көргөн сайын көргүм
келет,
Ысык-Көл, мен сени бек кучактап сүйгүм
келет.
Ысык-Көл ушунчалык ыйык белең,
Сен үчүн жан-дүйнөмдү төккүм келет.

Маектешкен
Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү автордуку