, 01.05.09 - 8-бет:
  Алматы саммити адистин көз карашында

Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоду, кошуналарына маселе койду
"Алматыдагы саммиттин алдында өзбек досторубуз "Евросоюздун атайын өкүлү Пьер Морелдин билдирүүсүн пайдалануу менен Кыргызстанга, Тажикстанга маалыматтык, белгилүү өлчөмдө саясый кысым көрсөтүүгө да аракеттеништи", - деди коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев Бишкек пресс-клубунун (ВРЕ) кабарчысы Е.Иващенкого берген интервьюсунда.

- Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн Алматыдагы саммитинин жыйынтыктары Кыргызстан үчүн кандай болду деп ойлойсуз?
- Саммитке катышкан мамлекеттердин жетекчилеринин билдирүүсүндөгү тезистер күтүлгөн нерсе болчу. Билдирүүдө конкреттүүлүк жок. Арал деңизинин айланасындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча үчүнчү программаны аткаруу гана кандайдыр бир конкреттүү жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.
Ошентсе да саммитте бир катар омоктуу сунуштар жана пикирлер айтылды. Албетте, алардын көпчүлүгү деталдаштырууну жана тереңирээк иштеп чыгууну талап кылат.
Казакстандын жана Тажикстандын Президенттеринин сунуштары боюнча суу маселеси саммиттин күн тартибинен алынып ташталды, талкууланган жок, бирок ага карабастан ал тема Президенттердин чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө көтөрүлдү. Айрым саясат таануучулар жана эксперттер Кыргызстандын саммиттеги позициясын диссонанс катарында карашууда, бирок мен Кыргызстан саммитте өз позициясында чечкиндүү жана ишенимдүүү тура алды деп эсептеймин. Анда республикабыз Кыргызстандын эмнелерге муктаждыгын, Арал алааматы жана анын пайда болуу себептери, аларды чечүүнүн жолдору боюнча так өз позициясын билдирди.
- Саммиттин катышуучулары суу маселесин биргелешип чечүүгө даяр экендиктерин көрсөтө алыштыбы?
- Саммитте Өзбекстандын Президенти Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдүн арасында суу ресурстарын пайдалануу боюнча пикир келишпестиктер бар, ал көпкө чейин сакталышы мүмкүн деп айтты. Алар жөнүндө коомдук саясат институту көптөн бери эле айтып келе жатат. Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн ортосунда суу энергетикалык маселелери боюнча бардык тараптарды канааттандыргыдай конкреттүү принциптер иштелип чыкмайынча ал маселе өкүм сүрө берет. Андай принциптер иштелип чыкпай, ар ким колунан келишинче өз позициясын гана коргой бере турган болсо, суу ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашууга же "элдешүүгө" келүү кыйын. Суулардын агымынын азаюусу, дүйнөлүк финансылык кризис да кырдаалды оорлотууда. Ошондуктан сүйлөшүп, бир макулдашууга кел-мейинче, кырдаал оорлой берет.
Андай принциптердин бири - саммитте Президент Бакиев козгогон компенсациялоо принциби болуп саналат. Биздин институттун эксперттери тарабынан даярдалган өз ара жоопкерчилик принциби, өз ара тармактар аралык баланс жана кызыкчылыктар деген сыяктуу ж.б. принциптер да бар. Аларды да колдонсо болот.
- Кыргызстанга Камбар-Ата ГЭСтерин курууда башка өлкөлөр каршылык көрсөтүшпөйбү?
- Саммиттин алдында өзбек досторубуз Евросоюздун атайын өкүлү Пьер Морелдин билдирүүсүн пайдалануу менен Кыргызстанга, Тажикстанга маалыматтык, белгилүү өлчөмдө саясый кысым көрсөтүүгө, атүгүл Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан өз ара суу-энергетикалык эмес, саясый альянс түзүүгө да аракеттеништи. Иш жүзүндө алар союз түзө алышкан жок. Тескерисинче, Тажикстан менен Кыргызстандын гана ынтымактарын бекемдешти.
Түркмөнстандын Президенти саммитте Аралдын айланасындагы кырдаалды жакшыртууга багытталган биргелешкен Программа үчүн тийиштүү өлчөмүндөгү газ, нефть ж.б. энергоресурстарды берүүгө даяр экендигин билдирди. Же ал кыйыр түрдө Кыргызстандын Президентинин компенсациялоо принцибин колдоду. Ал эми ГЭСтердин курулушуна келе турган болсок, Кыргызстан жана Тажикстан пландаштырылган ГЭСтерди курушат, анткени ар мамлекет өзүнүн жарандарын жетиштүү жарык, жылуулук менен камсыз кылуусу керек.
Даярдаган
Бакай ЧИЛТЕГИН,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)




 1-Май - эмгек майрамы

Куттуу аалам
Ысык-Көл форумунун каты-шуучуларынын бири Федерико
Майордун: "Биз бардыгыбыз бир кайыкта сүзүп баратабыз..." деген сөзү эсиме түштү. Ысык-Көл шеринесинин да, дүйнөнүн прогрессивдүү коомчулугунун авангард отрядынын тынчтык демилгелери да жер эненин андагы кут турмушту, адамзат цивилизациясын сактап калууга, түбөлүк бейкутчулукка жетишүүгө арналып келет.
Дегинкиси, планетабыздагы тынчтык демилгелери, өз ара боордошуп жакындашуу ымалалары адамзатынын бакыбат, куттуу турмушу үчүн тилектештигин билдирип, бүткүл дүйнөнүн эмгекчилеринин көздөгөн максатын жакындатып, жер жүзүнө жакшылык жарыгын чачып турат. Ушул жарык туу чокудан түбөлүккө жанып калса экен деп тилейт дүйнө эли.
...Быйыл планетабызда Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү 123-жолу белгиленет. Ушул 1-майда Америка Кошмо Штаттарындагы Чикаго шаарынын жумушчуларынын даңктуу чыгууларына туура 123 жыл толот. Чикаголук жумушчулардын 1886-жылдын 1-майындагы эрдикке толгон, бирок күч менен басылып ташталган чыгуулары 1-майды Эмгекчилердин эл аралык улуу манифестациясынын күнү деп жарыялоого негиз болуп калган. Эмгекчилердин эл аралык күнүн белгилөө жөнүндөгү чечим 1889-жылдын июль айында жумушчулардын эл аралык конгрессинде кабыл алынган. Фридрих Энгельс ал резолюцияны "бул биздин конгресс кабыл алгандардын ичинен эң мыктысы", - деп айткан.
Эл аралык жумушчу кыймылынын өнүгүш тарыхы менен коштолгон 1-май даңктуу санжыраларга бай. Ал жер жүзүндөгү боштондук кыймылынын тагдырына, тынчтыктын, прогресстин жеңип чыгышына, дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө революциялык оптимизм менен жагымдуу таасирин тийгизип келе жатат. Мындан 123 жыл мурда Чикагодон чыккан учкун ушу кезде жер жүзүнө жаңычыл нур чачкан куттуу жарыкка айланды.
Бүгүнкү 1-май планетанын бардык континенттеринен, бардык тараптарынан жана булуң-бурчтарынан аалам асманындагы жылдыздардай жымыңдап, жарык чачып турат. Алар: Тынчтыктын, Достуктун, Тилектештиктин, Боордоштуктун жылдыздары.
Меңдибек АСЫЛБЕКОВ
РЕДАКЦИЯДАН: Совет доорундагыдай Май майрамынын шаңы ар бир айылда салтанат менен коштолбосо да, мурунку муунга жылуу сезим жараткан 1-май эч эстен чыкпайт, өткөндүн жакшы жактары көкүрөктү кытыгылайт. Андыктан, ар бир үйгө майрамдык маанай каалоо менен "Кыргыз Туусунун" эмгек жамааты окурмандарын 1-май эмгек майрамы менен куттуктайт. Майрамыңыздар менен!





  Сессия күндөлүгү

Келишим ратификацияланды, эми киреше көбөйөт
Кечээки күнкү парламент сессиясында өлкө экономикасынын өр алышына таасирдүү салым кошуучу тарыхый чечим кабыл алынды.
Кумтөр кенинин айланасындагы талаш тартышка чекит коюлуп, Кыргызстандын өзүнө тиешелүү накталай киреше алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бишкек шаарында 2009 жылдын 24 апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана канадалык "Камеко" корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште ратификацияланды.
Бул жөнүндө КРнын Премьер министри Игорь Чудинов парламенттин депутаттарына ачык жана толук маалымат берди. Өкмөт башчысы өз сөзүн Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевдин кечээки туулган күнүн куттуктоо менен баштады. 1992 жылы аталган кенди иштетүү долбоору боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстан кирешеден 70 пайызга, ал эми "Камеко" корпорациясы 30 пайыз үлүшкө ээ болуулары каралган болчу. Бирок түшкөн киреше ачык-айкын болгон эмес. Коомчулукта бул ар кандай терс пикирлерди жаратып келгени белгилүү. "1997 2008 жылдар аралыгында 263 тонна алтын аралашмасы камтылган 64,8 млн. тонна кен кайра иштетилген. Ушул жылдар ичинде 208 тонна алтын өндүрүлүптүр. Ошого карабай мамлекеттик бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр боюнча болгону 384 млн. доллар которулган. Түзүлгөн жагдайдын негизинде КРнын Президенти Курманбек Бакиев макулдашууну Кыргызстандын реалдуу пайдасы үчүн кайра карап чыгууга Өкмөткө атайын тапшырма берген болчу. Канадалык тарап менен болгон сүйлөшүүлөргө үч комиссия катышып, алардын ар бири менен Жогорку Кеңештин депуттатары биргешелип иштешти. Мындай тыкыр каралып акыйкаттуу териштирилген, көп убакытты талап кылган ачык-айкын кызматташтык болбосо республиканын пайдасына чечилүүчү ийгиликтин жаралышы күмөн эле," - деди Өкмөт башчысы.
2006 жылдан бери Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн аныктоодо долбоорду кайра карап чыгуу үчүн орто эсеп менен жыл
сайын бирден комиссия түзүлүп, акыркысы гана жыйынтыктуу натыйжаларды берүүгө бет алды. Жаңы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасы "Центерра Голд Инк." компаниясынын акция үлүшүнүн ээси болуу менен бирге кошумча 43,5 млн. акция алып, анын ичинен 25,3 млн. акцияны "Камеко" компаниясы бизге берүүдө.

Ысык Көл облусу өз олжосуна ээ болот
Өкмөт башчысы жаңы келишимдин артыкчылыктары тууралуу эл өкүлдөрүнө далилдүү мисалдарды келтирди.
Айталы, Ысык Көл облусунун социалдык өнүктүрүү фондусуна 2009 жылдын январына карата алтын менен күмүштү сатуудан түшкөн дүң кирешеси ай сайын 1 пайызын түзүүсү керек болчу. Ушул учурга чейин аталган фондго таза кирешеден түшө турган 2 пайыз үлүш түшпөй келген. Жаңы түзүлгөн келишимде облус фондусуна 4,5 млн.дон 6 млн. долларга чейин жыл сайын киреше алып келүүсүнө кепилдик бар. Тактап айтканда аталган келишимге ылайык Ысык Көл облусуна которулуучу 1
пайыз үлүш, облустун жылдык бюджетинин 30 40 пайызын түзмөкчү.
Макроэкономикалык долбоорлор дайыма таасирдүүлүгү менен айырмаланып, ал өлкөнүн ИДПсынын 8, өнөр жай өндүрүшүнүн 42 пайызын жана экспорттун 48 пайызын түзүп келген", - деди Игорь Чудинов. Бүгүнкү күндө Кумтөрдө 2000ден ашык мекендештерибиз эмгектенип жатышат.
2007 жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан сунуштар түшүп, дүң
жыйымдардан 13 пайыз республикага каралган болчу. Адегенде 2008 жылы 10 пайыз, 2009 жылы 11 пайыз, 2011 жылдан баштап 12
пайыз жана Ысык Көл фондусуна 1 пайыз каралган. Азыркы келишим боюнча ошол эле дүң жыйымынан түшүүчү киреше 18 пайызга көтөрүлдү. Анын 13 пайызы мамлекеттик бюджетке, 1 пайызы Ысык Көл фонудусуна түшүрүлүп, 4 пайызы ал жердеги кен изилдөө иштерине кайра жумшалып, эгерде алтын көбүрөөк өндүрүл-сө Кыргызстандын жалпы акцияларынын баасы дагы көтөрүлөт. Андан тышкары акциз салыгы, киреше салыгы, бажы салыгы сыяктуу бир нече салык түрлөрүн кошкондо 21 пайыздын тегерегинде дагы көбөйөт. 2007 жылдагы даярдалган келишимдин негизинде 50 млн. доллардын тегерегиндеги каражат түшүүсү керек болсо, ратификациядан кийин азыркы жаңы келишимдин негизинде 72 млн. долларга жакын киреше Кыргызстандын бюджетине түшөт. Алдын ала эсептөөлөргө караганда 2026 жылга чейин Кыргызстанга 3 млрд. 450 млн. долларга жакын киреше түшөөрү белгиленип жатат.
Вице спикердин сунушу
Парламент сессиясында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков кошумча доклад менен чыгып сүйлөп, аталган долбоор ишке киришкенден баштап, анын 17 жылдан берки тарыхына токтоло кетти.
Кумтөр" кенин иштетүүдөн чегерилүүгө тийиш болгон республиканын кирешеси менен элибиздин намысын, укугун талашып бир нече жолу соттошуп жүргөн депутат бул жолку жаңы келишимге канааттанганын билдирди. Дүйнөнү каптап келаткан азыркы экономикалык кризистин шартында өлкө бюджетине түшүүчү жаңы кирешенин пайда болушуна мамлекет башчыбыз Курманбек Бакиевдин ролу зор экенин белгиледи. Бул күнү депутаттар Өкмөт башчысы Игорь Чудиновго жаңы келишимдин шарттары менен кепилдиги тууралуу суроолорду жаадырышты. Сунуш көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"