, 01.05.09 - 6-бет:
  Алматы саммити

Биргелешкен аракет
Аралды сактап калат
(Башы 1-бетте)
Арал деңизинин бассейнине эки ири суу бассейни - Амударыя жана Сырдарыя кирет. Бул дарыялар башкы трансчегаралык суу артериялары болуп саналат жана 6 өлкөнүн: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Афганистандын аймагынан агып өтөт. Ошондуктан Арал маселесин Борбордук Азия мамлекеттеринин чегинде гана эмес, бүт дүйнөнүн көйгөйү катары карасак болот.

"Жолугушууга башка
шарттарда келдик"
Саммитке Аралды сактап калуу эл аралык фондун уюштуруучу-мамлекеттердин башчыларынын баары тең катышты. Алгач тар чөйрөдө өткөн жыйындан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев анын кеңейтилген курамындагы жыйынында олуттуу маселелерди камтыган оюн ортого салды. Сөзүнүн башында Президент К.Бакиев бүгүнкү жолугушуу региондо суу-энергетикалык ресурстарды пайдаланууга байланышкан жалпы маселелерди талкуулоонун маанилүү жана жемиштүү иш-чарасы болуп каларына үмүт артарын билдирди. Сөз кезеги келгенде айта кетчү нерсе, Кыргызстандан саммитти чагылдырууга барган журналисттер биздин Президенттин сөзү өзгөчө кызыгуу туудурганын байкадык. Себеби, К.Бакиев Кыргызстанды тынчсыздандырган маселелер региондун бардык өлкөлөрүнүн жыргалчылыгына багытталган Аралды сактап калуу эл аралык фондунун ишмердигинин артыкчылыктуу милдеттери болуп каларына бардыгынын көңүлүн бурду. "Түзүлгөнүнөн бери 16 жыл болгон АСЭФ Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүн бириктирүү менен анын алкагында экологиялык гана эмес, ошондой эле суу-чарбалык, энергетикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү максатында мамлекеттер аралык диалогду кармай турган аянтча болуп калды. Биз баарыбыз тең региондо түзүлгөн кырдаалды жакшы билебиз жана бүгүнкү жолугушууга башка финансылык, экономикалык жана экологиялык шарттарда келдик, ал биздин региондун өлкөлөрүн суу-энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу чөйрөсүндө түзүлгөн олуттуу кырдаалдан чыгуу үчүн бардык катышуучулардан өз ара ыкка келгидей чечимдерди иштеп чыгууну талап кылууда", - деди мамлекет башчыбыз.

Дайралар башат
алган аймакты сактоо
бышып жетилди
К.Бакиев биздин республика дайралар башат алган аймактан орун алганын, алардан агылган сууну Кыргызстан, ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан да сугатка, электр кубатын иштеп чыгарууга, ичүүчү сууга жана өнөр жай керектөөлөрүнө дамамат пайдаланып жатышканын айтты. Жалпы жонунан дайралардын көп жылдык орточо табигый агымы 47,23 куб километрди түзөт. "Ушундан улам учурда республикабыз таза суунун запасынын олуттуу азаюу коркунучуна кабылууда. Мисалы, климаттын глобалдык жылуусунан улам акыркы мезгилде Тянь-Шань, Памир-Алайдагы жалпы аянты 8,2 миң чарчы километр келген 8200 мөңгүдөн 2 миңге жакын мөңгү эрип, жылына орточо 8 метр ылдамдык менен азайгандын үстүндө. Бул дайралардын сууга толуп турушуна, өсүмдүктөргө, биринчи кезекте Борбордук Азиянын климатынын өзгөрүшүнө таасирин тийгизет, - деп белгиледи Президент. - Мына ушуга байланыштуу дайралар башат алган аймакты сактоо, токойлордун дайра агымына тийгизген таасирин эске алуу менен алардын аянтын калыбына келтирүү жана кеңейтүү боюнча кечиктирилгис иш-чараларды көрүүнүн зарылдыгы бышып жетилди, бул жалпысынан бир топ финансылык каражаттарды тартууну талап кылат.
Бул максатта Аралды сактап калуу фондунун каражаттарын Амударыя жана Сырдарыя дайралары башат алган аймактарды калыбына келтирүү иштерине жумшоо зарыл. Эгерде дайралар башат алган аймакта суу ресурстары мындан ары да азая берсе, анда Амударыя менен Сырдарыянын төмөн жагында башкарууга жана бөлүшүүгө эч нерсе калбасы айдан-ачык. Мындан сырткары, радиоактивдүү булгануу коркунучу бар, ал советтик мезгилде Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынан жана коргошун, цинк, сымап, сурьма, уран ж.б. сейрек металлдарды өндүрүүдөн улам калган калдыктар. Ошондуктан радиациялык коркунучтуу экологиялык кырсыктын чыгуу кооптуулугу бар болуп, Борбордук Азиянын 5 миллионго жакын калкы отурукташкан аймагына анын кесепети тийиши мүмкүндүгүн баса белгиледи өлкө башчыбыз.

Экологиялык коркунуч.
Арал деңизинин кризиси
эмнеден чыкты?
"Кыргызстанга экологиялык коркунучтун өсүп баратканын саноо менен мен Аралдын экологиялык маселелерин чечүүнүн региондогу бардык өлкөлөр үчүн маанисин кемитким келбейт. Арал деңизинин бассейниндеги кризис талааларды сугарууга сууну натыйжасыз жана барган сайын көп пайдалануудан болуп жатканын түшүнүүбүз зарыл",- деди Курманбек Бакиев.
Ошол эле кезде акыркы он жылда Кыргызстанда сууну пайдалануу деңгээли турукташып, суу тосмонун көлөмү 8-10 миллиард кубометр деңгээлинде. Ал эми акыркы жыйырма жылда республиканын жалпы суу тосмосу 40 пайызга, а жер алдындагы суу тосмо үч эсеге же 70 пайызга азайган. Мисалы, өлкөнүн суу тосмосунун жеткен чеги 1987-1990-жылдарга туура келип, 13 миллиард куб.метрди түзгөн.

"Биздин мамлекет
гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө басым жасашы керек"
Президент сөзүндө республикабыздагы гидроэнергетикалык курулуштарга да токтолду. " Негизинен Нарын каскадында болгон негизги гидроэнергетикалык кубаттуулук - Кыргызстанда улуттук энергетикалык актив катары советтик мезгилде эле түзүлгөн. Бул талашсыз факт, азыркы табигый энергия алып жүрүүчүлөрдүн таңсыктыгы учурунда өзгөчө кышкы суук мезгилде калкты энергия ресурстары менен туруктуу камсыз кылуу үчүн биздин мамлекет гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасашы керек. Маселен, Төмөнкүнарын каскадынын суу сактагычын жана биринчи кезекте Камбарата ГЭС - 1, 2ни куруу. Бул долбоорлор ишке ашырылган күндө республикабызда электр энергиясына керектөө толук канааттандырылып, ошондой эле Токтогул гидротүйүнүнүн ирригациялык абалда иштөөсүнө мүмкүндүк берет, буга региондор боюнча өнөктөштөрүбүз кызыкдар", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчыбыз андан аркы сөзүндө суу сактагычтарга караштуу ГЭСтер энергетикалык зарылдыкты эсепке алуу менен сууну агыза алгандыктан, республиканын гидроэнергетикасы суу пайдаланган тармак болуп эсептелбесин билдирди. Токтогул суу сактагычы менен ГЭС ишке киргизилгенге чейин, 1910-1975-жылдар ичинде орто жана көп жылдык агымды салыштырмалуу анализдөөгө ылайык, Нарын дайрасынын агымы 11,4 млрд. куб.метрди түзөт. Токтогул суу түйүнүнүн ачылмасында суу агымын жөнгө салуу башталгандан кийинки 1975-2008-жылдарда агып кирүү жана чыгым 12 млрд.дан ашык куб.метр болгон. Ал эми коңшу өлкөлөр менен өкмөттөр аралык келишим боюнча иштеген 1995-2008-жылдарда суунун агып кириши жана чыгым 13 млрд. куб.метрден ашып кеткен.
"Келтирилген маалыматтар Токтогул суу түйүнүнүн ачылмасында бардык мезгилде агызуу көлөмү кадимкиден төмөндөбөгөнүн, ал эми өзгөчө суу тартыш мезгилде Токтогул суу сактагычынын компенсациялоо жөндөмдүүлүгүнөн улам кадимкиден жогору болгонун далилдейт. Андыктан курулган суу сактагычтар Сырдарыя дайрасынын жана Аралдын суу ресурстарынын чыгышынын төмөндөшүнө таасир тийгизген эмес деп эсептейбиз. Муну менен бирге өткөн жылдагы суунун тартыштыгы жана катаал кыштын маселелерин чечүү Кыргызстандын калкынын мойнуна түшкөнүн баса белгилегим келет. Биздин эл сууну сактоо үчүн маал-маалы менен өчүрүүлөрдүн жана электр энергиясынын таңсыктыгынын каарын катуу тартты. Ошого карабастан 2008-жылдын жайында сууну агытуу көлөмү жылдагы чегинен түшкөн жок. Бул маселе кызыкдар тараптардын мамлекеттер аралык кызматташтыгынын жана суу үнөмдөөчү технологияларды колдонуунун предмети болууга тийиш. Өз кезегинде кыргыз тарап регионду суу менен камсыз кылуу боюнча өз милдеттенмелерин мындан ары да аткарууга ниеттенет", - деди Президент К.Бакиев.

Бүткүл дүйнөлүк банк
эмне дейт?
Президент Бүткүл дүйнөлүк банктын "Борбордук Азиядагы суу жана энергетикалык өз ара байланышы жөнүндө" баяндамасында Кыргызстандын жасап жаткан аракеттерин колдогонун айта кетти. Анын адистери региондук кызматташтык кыйла туруктуу болуп, жогорку жагында жана төмөнкү жагында орун алган өлкөлөр алып жаткан таза пайдалар оптималдуу болсун үчүн буга чейинки өз ара мамилелерди кайра кароо зарылдыгын белгилешкен. Бул кадыр-барктуу финансы институту суу агымынын жогору жагында орун алган өлкөгө суу топтоп берген кызматы үчүн акчалай түрүндө компенсация төлөө керек деген принципти ачык таанууну сунуш кылат. Ал өлкө болсо өз экономикасына чыгым келтирүү менен төмөндөгү коңшуларына суу бериши зарыл, ошондой эле суу топтоп бергени үчүн акчалай акынын суммасы келишимде каралууга тийиш. Бүткүл дүйнөлүк банк Камбарата - 1 жана 2 ГЭСтеринин курулушу кышында сууну ашыкча агытпастан туруп, көп өлчөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгууга жол ачат деген биздин өлкөнүн позициясын да тастыктаган. Анын эксперттеринин пикиринде аталган долбоорлор Кыргызстанда жайкысын да электр кубатын кыйла көбөйтүүгө шарт түзөт.

Экологияны жакшыртуу
сарамжалдуулукка байланыштуу
"Арал деңизинин экологиялык абалын жакшыртуу маселеси суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин чечүү менен тыгыз байланыштуу экенине бекем ишенебиз. Буга байланыштуу суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануунун бардык маселелерин талкуулап, өз ара ылайыктуу механизмдерин табуу боюнча Борбордук Азия регионундагы бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде кеңеш өткөрүүнү сунуштайбыз", - деди Курманбек Бакиев.
Мамлекет башчыларына кайрылып К.Бакиев регионалдык милдеттерди чечүү максатында Аралды сактап калуу эл аралык фондунун ишин ага мүчө өлкөлөрдүн пайдасына тең бирдей уюштурууга көмөктөшүү жана анын эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул үчүн АСЭФти акырындап реформалоо жана анын түзүмдүк органдарын азыркы талапка шайкеш келтирүү, керек болсо фонддун натыйжа бербеген органдарын кыскартуу зарыл. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, АСЭФтин бардык органдарынын отчёт берүү системасын өркүндөтүүгө да маани берүү керек. Мындай болгондо региондогу бардык мамлекеттердин таламдарын айкалыштыруу менен иш алып баруусу боюнча алардын жоопкерчилиги өсмөк.Фондго мүчө мамлекеттердин деңгээлине жараша мүчөлүк акыларды аныктоо зарылдыгын да айтты. Анткени, сунушталып жаткан мүчөлүк акылардын жогорулугу таразалап кароону талап кылат.
Президент К.Бакиев сөзүнүн аягында Борбордук Азия мамлекеттеринин биргелешкен күч-аракеттери аркылуу, анын ичинде АСЭФтин алкагында кызматташтыкты өркүндөтүү менен гана суу-энергетикалык тең салмакты сактоого жетишүү мүмкүн экенин белгилеп, суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишерине үмүттөнөрүн билдирди.
Саммитте БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү - Борбордук Азия үчүн алдын-алуу дипломатиясы боюнча региондук борбордун башчысы Мирослав Енча Башкы катчынын Кайрылуусун окуду. Анда " Деңизге суу берип жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын тоо мөңгүлөрү тездик менен эрип жатат. 2050-жылга карата Амударыя жана Сырдарыя дайраларында суунун агымы тиешелүү түрдө 40 жана 30 пайызга азайышы мүмкүн", - деп айтылат. М.Енча мырза жогоруда аталган региондук борбор Арал деңизинин бассейниндеги суу ресурстарынын жана энергетиканын өз ара байланыштуу маселелерин узак мөөнөттүү чечүүнү табууда жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда Аралды сактап калуу эл аралык фондун уюштуруучу-мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
Султан ДОСАЛИЕВ (фото),
Бишкек-Алматы-Бишкек