, 01.05.09 - 16-бет:
  Көз караш

Аалам кризисинен Кыргызстан алсырайбы же утуш менен чыгабы?
Эксперттердин пикирлерине ылайык, 5 триллион долларлык эмиссия оң натыйжа бербей турган болсо, анда бардык жерлерде АКШнын улуттук валютасынын курсунун кескин төмөндөшү башталат. Өнүккөн 20 өлкөнүн лидерлери 5 триллиондук долларды дүйнөнүн экономикасына эмиссиялоо менен чоң тобокелчилик иш жасашты. Анын позитивдүү чечим экендигине ишенгендер канча болсо, шектенгендер да ошончолук. Чечим кабыл алган өлкөлөрдүн жетекчилеринин арасында да ашкере оптимисттик маанайда болбогондору аз эмес. Ошондуктан, алар жай ортосунда дагы бир жолу чогулуп, антикризистик чаралардын аткарылышынын жүрүшүн талкуулаганы жатышат.
Дүйнөлүк экономиканы колдоо үчүн эмиссияланган 5 триллион доллардан Кыргызстанга да белгилүү бир сумма тийиши, же биздин бийликтегилер ал кредитти алууну каалашпаса, эч нерсе алынбоосу да мүмкүн. Бирок, биз үчүн Дүйнөлүк банктан же эл аралык валюталык фондудан кредит алгандан көрө аябагандай жеңилдетилген шартта убада кылынган Россиялык 300 млн. долларлык кредитти алып, иштетүү пайдалуу болгону турат.

Кризистен кандай утуштар менен чыга алабыз?
Өткөн жылды бардык макро экономикалык, финансылык параметрлер боюнча жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктасак дагы дүйнөлүк кризис бизди биротоло кыйгап өтүп кеткен жок. Курулуштун көлөмү кыскарды. Казакстандык банкирлер, ишкерлер өздөрүнүн капиталдарын чыгарып кетишүүдө. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык, быйыл өткөн жылдагыдан инвестициялардын аз болуусу күтүлүүдө. Бирок, ошондой болгон учурда деле Кыргызстандын финансылык, экономикалык абалы башка көпчүлүк өлкөлөрдүкүнө салыштырганда туруктуу болууда.
Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүш көлөмү 7,6%ды түздү, сом сезилерлик деле девальвацияга учураган жок, мурда чайпалып жүргөн деңгээлинин ортосунда келүүдө. Ун акырындап арзандап, өткөн жайдагы баасына түшөйүн деп калды. Канттын, сүт, эт азыктарынын, картошканын баасы негизинен былтыркы жылдын деңгээлинде эле болууда. Азыркыдай үзүкчүлүк мезгилде жашылчалардын, жер-жемиштердин бааларынын жогорулай түшүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал жылда болуп келген нерсе.
Биринчи кварталдын жыйынтыгы менен инфляция 3-4%ды гана түздү. Эң негизгиси, башка өлкөлөрдө социалдык программалардын көпчүлүгү консервацияланып, кыскартылып жатса, бизде бюджеттик кирешелердин ишенимдүү өскөндүгүнө байланыштуу 1-апрелден тартып пенсиялар аз да болсо көбөйтүлдү. Күзгө жакын дагы бир жолу көбөйтүү каралууда. Азырынча башка социалдык милдеттенмелерди аткарууда деле үзгүлтүктөр боло элек. Башка өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстандагы финансылык туруктуулуктун себеби эмнеде?
Мындай салыштырмалуу финансылык туруктуулугубуздун себеби - экономикабыздын структуралык өзгөчөлүгүндө болууда. Алсак, өнүккөн өлкөлөр өздөрүнүн ИДПнын 70-80
пайыздайын өнөр жай комплексинен алышса, алар кирген тармактар капиталдаштырууунун жогорулуугу менен айырмаланышса, биздин ички дүң продуктубуздун 70%дан ашыгын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциялары түзөт. Бул тармактарда ири көлөмдөрдөгү акчалар айландырылбайт, баалуу кагаздар дээрлик пайдаланылбайт. Анан бул тармактарда өндүрүлгөн продукциялар кайсыл учурда болбосун ишенимдүү рынокторго ээ экендиктери менен айырмаланышат. Алсак, кыйынчылыктар кыстаганда автоунааларды, тиричиликтик техникаларды, эмерек-семеректерди, шөкөттүк буюмдарды ж.б. сатып алууну бир нече жылга чейин токтотуп койсо болот. Бирок, ун жана ун азыктары, эт, сүт жашылчалар, жер-жемиштер күндөлүк талап кылынуучу нерселер.
Биздин мына ушул агрардык продукцияларды өндүрүүгө адистешип калганыбыз азыркы кризистик мезгилде белгилүү деңгээлде артыкчылыктарга ээ кылып жаткандыгын ачык айтуубуз керек. Күйүүчү жана майлоочу майлардын, жабдуулардын жана шаймандардын, минералдык жер семирткичтердин кыйла арзандоосу айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Башка өлкөлөр өнөр жай продукцияларын өткөрө албай кризиске туш болуп жаткан мезгилде биз мына ушундай спецификалык артыкчылыктарыбыздан пайдаланып, республикабыздагы негизги тармакты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарып алуубуз керек. Ага өбөлгө болуп, тармакты өнүктүрүүгө түрткү бере тургандар кайсылар?
Алардын дээрлик бардыгы Өкмөттүн антикризистик программасында, өлкөнү 2009-2011-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясында чагылдырылган. Ай сайын болбосо да, квартал сайын Президенттин катышуусунда, Өкмөттүн жыйындарында талкууланып, деталдаштырылып, жаңы милдеттер коюлууда. Ошондой болсо да, биз бул жерде принципиалдуу деп эсептелген бир катар жагдайларга окурмандардын көңүлдөрүн бура кеткибиз келет.
Биринчиден, биз айыл чарбасына жарактуу жерлерди, өзгөчө сугат аянттарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу сырттан көпчүлүк азык-түлүктөрдү импорттоону кескин азайтуубуз зарыл. Маселен, Кыргызстанда ун жана ун азыктары, өсүмдүк майлары, кант, эт жана сүт азыктары, жашылчалар менен өзүн толук камсыз кылууга, атүгүл эт жана сүт азыктарын экспорттоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Тилекке каршы, биз бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүбүздүн жарымын араң пайдалануудабыз.
Жыл сайын өсүмдүк майларынын, канттын 80-90%, буудайдын, ундун жарымы, мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын бир бөлүгү сырттан импорттолууда. Ошол эле мезгилде орто эсеп менен 100 миң гектардын тегерегиндеги сугат аянттары пайдаланылбай калууда. Быйыл бул багытта Өкмөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан чечкиндүү кадамдар жасалууда. Бирок, быйыл чын эле сугат аянттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча сапаттык бурулуш жасалдыбы, же булар дагы баягы эле көп сөздөрдүн бириби аны, албетте, күздөгү
жыйынтык көрсөтөт.
Экинчиден, Өкмөттүн жакында болуп өткөн жыйынында эң туура көрсөтүлгөндөй, башка бардык өлкөлөрдө колдонулуп жаткандай протекциялык же ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо саясаты күчөтүлүүсү керек.
Бизде болсо мамматрезервге буудай гана эмес, башка стратегиялык азыктар да жалаң Казакстандан сатылып алынат. ТЭЦтерге көмүрлөрдүн баары ошол жактардан ташылып келинет. Албетте, андай көрүнүштөрдүн артында айрымдардын жекече кызыкчылыктары бар. Бирок, азыр андай көрүнүштөргө ачык эле административдик чектөөлөр киргизиле турган мезгил келди. Аскерлерге жана милиционерлерге ж.б. шапкечендерге да формалардын баары өзүбүздө гана тигилүүсү, атайын бөлүктөр, мекемелер үчүн азык-түлүктөр өзүбүздүн өндүрүүчүлөрүбүздөн гана сатылып алынуулары зарыл. Мына ошондо гана ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө артыкчылык бериле баштады деп айтса болот.
Биз жогорудагыдай чараларды ишке ашырып, коррупцияны азайтып, көмүскө экономикадагыларды мүмкүн болушунча легалдаштыруу аркылуу гана дүйнөнү кара тумоодой каптап, дагы канчага дейре созуларын эч ким ачык айта албай турган кризистен белгилүү деңгээлде утуш менен чыга алабыз.





"Андаш" менен "Жерүйдү" иштетсе Талас өнүгөт же аларды өнүктүрүү боюнча комплекстүү программа жөнүндө
Талас районундагы "Андаш" жана "Жерүй" алтын кендерин өздөштүрүү үчүн курулуп жаткан комбинаттар Талас дарыясынын башатында жайгашкан. Ал эми дарыя өрөөндү бүт аралап өтүп, Киров суу сактагычына куят. Аталган дарыя менен суу сактагыч регионду гана эмес, кошуна Казакстандын Жамбыл облусунун бир катар райондорун суу менен жабдуунун негизги булагы болуп саналат.
Ошону менен катар эле Талас дарыясынын жана Киров суу сактагычынын жака-белинде жайгашкан айылдарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө алар балыктардын форель сыяктуу баалуу түрлөрүн өстүрүүдө резервуарлар болуп калышы керек. Мына ошондуктан алтын кен комбинаттарын куруу региондун жашоочуларында алардын экологияга зыяндуу таасирлери боюнча негиздүү кооптонууларды жаратууда.
Зыяндуу заттардын жер кыртышына, андан ары суу артерияларына түшүүсүнөн кепилдик алуу үчүн кендерди иштетүү боюнча бардык документтерди комплекстүү анализдөө жана баалоо зарыл. Эгерде, зарылчылык болуп калса, альтернативдүү документтерди иштеп чыгуу жана аларды тийиштүү инстанцияларда баалатуу боюнча чаралар да көрүлүүгө тийиш.
Жергиликтүү калктын кабатырлануусун туудурган маселелердин дагы бир тобу - курулуп жаткан объектилердин чөлкөмдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасири. Биринчиден, объектилерди куруу жана аларды өнөр жайлык эксплуатациялоо үчүн көптөгөн айыл чарба жерлери жана жайыттар бөлүнүүдө. Бул райондун, жалпысынан региондун экономикасына таасирин тийгизбей койбойт.
Экинчиден, чет элдик компаниялардын менчигинде турган мындай объектилерди пайдалануу тажрыйбасы курчап турган чөйрөгө жырткычтык мамилелерге да жол берилишин күбөлөп турат. Ал эми комбинаттар курулууга тийиш болгон аймак жергиликтүү флора менен фаунанын жашоосунун уникалдуу жайы болуп саналат. Мындай зыян мыйзамга
ылайык жергиликтүү бюджетке которуучу каражаттар аркылуу гана эмес, ошондой эле комбинаттардын микроклиматтарды кайра түзүү боюнча туруктуу ишкердүүлүгү аркылуу да орду толтурулууга тийиш. Бул болсо өз кезегинде аны ырааттуу турмушка ашырууга эсептелген атайын иштелип чыккан узак мөөнөттүү программаны талап кылат.
Жергиликтүү калк арасында талаш-тартыштарды жараткан маселелердин үчүнчү тобу - комбинаттарды өнөр жайлык эксплуатацияга байланыштуу келип чыгуучу моралдык климат. Кеп жумушчу кадрларды сырттан алып келүү тажрыйбасы, биринчиден, "чоң акчаларга" кызыккан адамдардын келүүсүнө, демек, кадрлардын тез алмашуусуна, экинчиден, жергиликтүү калктын үрп-адаттарын баалай албаган, адамдык, жарандык сезимдерге ээ эмес адамдардын келишине өбөлгө түзөт. Бул жөнүндө өлкөдөгү мындай ишканалардагы социологиялык иликтөөлөр көрсөтүп турат.
Болочок комбинаттарга кадрларды даярдоо проблемасы да келип чыгат. Алар жайгашкан чөлкөмдө жалаң гана кыргыздар жашашкандыктан жана аларда өнөр жай боюнча тажрыйбасы жоктугунан улам алардын жумушчу кадрларды даярдоо булагы болушу кыйын. Ал эми сырттан гана жумушчулар алынып келсе, бул чөлкөмдөгү моралдык-психологиялык климатка терс
таасирин тийгизбей койбойт. Мына ошондуктан облустагы бул курч социалдык маселени комбинаттын жетекчилери токтоосуз чечүүгө киришүүгө тийиш. Ал болсо өз кезегинде узак мөөнөттүү максаттуу программаны талап кылат.
Проблемалардын төртүнчү тобу - өндүрүштүк, социалдык ин-фраструктураларды жайгаштыруу. Дарыялардын башаттарын кошумча коммуникациялар менен жүктөбөө керек. Ошол эле учурда комбинаттар шаар тибиндеги посёлоктор болуп калышы керек. Мына ошондуктан комбинаттардын бүтүндөй өнөр жай жана социалдык инфраструктураларын жайгаштыруу жалпысынан Талас районун өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү прогнозунун тиешелүү бөлүгү болуп калууга тийиш.
Бул концепциядагы негизгилерден болуп саналган бешинчи маселе - болочок комбинаттардын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу. Комбинаттар регионго жана жалпысынан республикага жакшы киреше берүүчү ири ишканалар. Мына ошондуктан алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жалпы камкордукка алынууга тийиш. Алардын натыйжалуулугу болсо кандай жабдуулар менен жабдылгандыгына, жумушчуларынын жана адистеринин даярдык деңгээлдерине, кандай жаңы технологиялар колдонула тургандыгына байланыштуу. Мына ошондуктан облустагы алтын өнөр жайын өнүктүрүүнүн толук, ачык, илимий-техникалык, экономикалык негизделген жана ачык түшүнүктүү программасы зарыл.
Сакен
НУРМАМБЕТОВ,
биология илимдеринин кандидаты,
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек
сиңирген кызматкер