, 01.05.09 - 10-бет:
  адабият

Улуулардын нускоосу
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Насыят
Буга караганда бир учурда көкөлөтө макталып, сый-урматтын мамыгына бөлөнгөн бараандуу көрүнүштөр сынынан тайып, жели чыккан шар сымал, бөксөрүп кеткен учурлар көбүрөөк жолугат.
Бирок, кеп аңыты мында эмес. Бул өңдүү кокустуктар кантсе да турмуштун туткасы боло албайт. Чындыктан жаралган чындык, жер катмарынын силкинүүсүнөн пайда болгон туу чокулар, заман өзү жараткан азамат уулдар болот. Буга калганда башкача чен бирдиги керек.
ЁЁЁ
Дээринде кошо жашап, канында кошо кайнаган нерсенин баары, адамдардын акыл-эсине, жан-жүрөгүндө, дүйнө туюмунда тургандын баары акындын өнөрүндө өзүнүн эң бийик туюнтмасын табат. Акын дегениң таң-тамашада, кыйын кысталышта эл чогулуп, эл жыйылып турчу өзүнчө эле бир граждандык аянтка айлангандай болот, ошондуктан эгер акындын ырлары элдин жан дүйнөсү менен үмүт-тилегин ибараттап турса, эгер акындын ырларында Ата Мекен даңкталып, анын тарыхы баяндалса, эгер акындын ыры адамды бешиктеги кезинен тартып, өмүрүнүн эң соңку күнүнө чейин, ал баралына келип, иштесе ишке тойбой, сүйсө сүйүүгө канбай, күчкө келип, күр болуп турган чагында да, турмуштун ачуу-таттуу тузун татып, акылы ааламды калчап, адам рухунун түбөлүк өлбөстүгүн, тирликтин маанисин тамыр кармаган табыптай туюнуп, тажрыйбага карк болуп турган чагында да, кыскасы, өмүр жолунун бардык учурларында коштоп жүрүп олтурса, анда акыл-эстин көзөлү жана сыймыгы, ата-бабаларыбыздан келаткан тилибиздин кутманы жана байманасы аталган ыр жашасын, кайсы тилде болбосун аны ким биринчи ойлоп тапса да сөздүн пири - туңгуч ыр жашасын, эртеңки күндө дүйнөгө келе турган ыр жашасын...
ЁЁЁ
Ушул тапта өздөрүнө бөтөнчө көңүл бурулуп жаткан чыгармачыл жаштар өз алдынчалыкка көбүрөөк умтулуулары зарыл. Биз жаштарды жогорку муундардын ишин өздөштүрүүгө жана аны улантууга үйрөтөбүз. Бирок жаштар диалектиканын законуна жараша өздөрүндө жогорку муун өкүлдөрүнүн тажрыйбасын таанууну жана ошол эле учурда белгилүү өлчөмдө андан оолактоону да алып жүрүшөөрүн унутпашыбыз керек. Өнүгүүнүн ачкычы мына ушунда. Бул, албетте, өзү менен өзү кайнагандыкты, өз улутунун гана традицияларында чектелгендикти түшүндүрбөөсү тийиш.
ЁЁЁ
Жазуучу көптү билүүгө, "модер-нисттик" көрүнүштөр деп аталган маанилүү жана терең чечмелөөлөрдү талап кылган нерселерди да билүүгө тийиш. Бир сөз менен айтканда, мен биздеги шарттар жазуучунун алдында эң зор мейкиндиктерди ачкандыгын белгилегим келет: азыркы советтик жазуучунун алдында канчалаган үлгүлөр, мисалдар сабак болорлук тагдырлар, канчалаган традициялар бар. Азыркы жаш жазуучу ичине жергиликтүү маанидеги дасмия салынган баштыгын асынып, адабий сапарга чыгууга тийиш эмес, ал мезгил жүгүн да көтөрө чыгуусу тийиш. Ошол дасмиясын мезгил талабына жараша ыктуу, үнөмдүү пайдаланып, ага зор мазмун сыйдырып, аны зор байлыгы катары көтөрө билиши керек.
ЁЁЁ
Өткөндөгүсүн унуткан, алдында өзүнүн дүйнөдөгү ордун кайрадан карап чыгуу зарылдыгы турган, өз элинин жана башка элдердин тарыхый тажрыйбасынан ажыраган адам тарыхый өнүгүүдөн сырткары калып, бүгүнкү күн менен гана жашоо жөндөмүнө ээ болот.
ЁЁЁ
Мен спортко жоо эмесмин, бирок ал бутпарастыктын предмети боло баштаганда адамдын рухий дүйнөсүнө сөзсүз зыян келтирбей койбойт. Башка массалык тамашалар жөнүндө да мына ушуну айтуу ылайык. Алар адамдарды алаксытып, өзү жана өзүнүн доору жөнүндө терең жана олуттуу ойлонууга мүмкүндүк бербейт. Эгер бүгүнкү адам өз мезгилинин талаптарына сергек жана чыйрак мамиле жасабаса, ичкертеден терең ойлонулган рухи ишке жөндөмү болбосо, анда азыркы
коомго коркунуч алып келчү карасанатай күчтөр үстөмдүк кылып, адамдардын акыл-эсине, сезимине таасир этүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү табат.
ЁЁЁ
... Тил деген - бул элдин автопортрети. Ар бир тил өз жөнү менен, ордунда турганы менен улуу, ар бир тил жалпы адамзаттык нарк-зыйнаттардын кампасындагы кымбат баалуу жана кайталанбас казына.
Сүрөткер менен эл - эки өркөч төөдөй өзөктөш, эгиз нерсе. Талантты эл жаратат, анын чебер өкүлдөрү түзгөн бардык көрөсөн иштердин баалоочусу да, сактоочусу да ошол эл. Булардын байланышы тутумдаш: сүрөткер - элдин рухий жөлөгү болсо, эл - сүрөткердин рухий тиреги болот.
ЁЁЁ
Ар бир адамда табият берген
бөтөнчө касиет, дээринде кандайдыр бир тубаса бүткөн учкун болот. Ар бир адамга ар кыл өнөрдүн, ар түрдүү жөндөмдүүлүктүн тамыры да мына ушундан өнүгүү алат. Ал эми оюнчунун (актёрдун) өнөрү - эң эле байыркы өнөрлөрдүн бири. Мүмкүн, бул адегенде бир нерсени тууроо, бир көрүнүштү же бир элести бир элеске окшоштурууга болгон аракеттен келип чыккандыр. Элдик өнөрдө, салт-санаада да театралдык элементтер жок эмес.
Айрыкча табиятынан талант даарыган адамдар өз касиеттеринин, асыл, бийик сезимдерди чагылдырган таасиринин күчтүүлүгү аркасында башкаларды өз кудуреттерине багындыруучу күчкө эгедер болот. Аны угуп же ага көз салып тургандар эң ажайып, эң керемет күчтү кабыл алаары бышык.
Көнүмүш шарттарда көнүмүш гана кабыл алынып жүргөн көрүнүштөр таланттуу адамдын катышы аркасында сахнада керемет түс кийип, күтүлбөгөндөй таасирлерди, натыйжаларды пайда кылат. Чанда бир адамдарда болуучу ушундай күч, ушундай касиет аны өз чөйрөсүндөгү башка адамдардан өзгөчөлөнтүп, эл алдына алып чыгат. Эгер анын чыныгы мүдөөсү сахна болсо, ал ошол сахнада миң түркүн образдарды кубултуп, элдин, доордун, замандын көрүнүктүү өкүлү, ишмери, сүрөткери катары тарыхтан орун алат.
ЁЁЁ
Ар бир эл өзүнүн өнөрчүлөрүн
байыртан даңазалап келишкен. Анткени, бир адамга берилген бийик баа, урмат-сый - ошол адамдын жеке керт башына эмес, элдин өзүнө-өзү берген баасы, өзүн-өзү сыйлаганы, беделин көтөргөнү. Мисалы, Европа элдери, ошондой эле орус эли да өздөрүнүн сахна өнөрчүлөрүнүн мыкты жетишкендиктерин бүткүл элдин маданиятындагы жетишкендик, улуттук сыймык катары даңазалап келатышканы бекеринен эмес. Көрсө, бул улут үчүн, анын тарыхы үчүн керек нерсе экен.
ЁЁЁ
Түбөлүктүү нерсе аз, жаралуу
бар жерде жоголуу бар, эзелтен өнүгүүнүн жолу ушундай эмеспи. Бир эле мисал: техниканын турмушка тереңдеп кириши, жазма адабияттын дүркүрөп өсүшү кай элдин тарыхында болбосун элдик чыгармалардын оозеки өнүп-өөрчүшүн чектеп, бара-бара элдин өткөндөгү кенчи катары гана китептерде жашап калуусун шарттап келатпайбы. Илимий-техникалык революция доорунун келиши менен өз ордун көркөм аң-сезимдин заман талап кылган башка түрлөрүнө бошотуп берип, бизден улам алыстап, күчтүү өкүлдөрү барган сайын сейректеп бараткан чоң өнөрдүн бири - төкмө ырчылык.




  Тынчсыздануу

Кенебестик кесепети
Жазганыңды жарыялагандар бузуп-бурмалап чыгаргандан уялбаса, айлаң кетип, автор катары өзүң уялат экенсиң.
Атактуу тилчи окумуштуу Жээнбай Мукамбаевдин 80 жылдыгына арнап "Айкөл адам, атактуу аалым" аттуу макала жазып, "Кыргыз адабияты" гезитине жана "Эл агартуу" журналына бердим эле.

Гезитке чыккан макала жөнүндө ар кимден жакшы пикирлерди уктум. "Эл агартуу" журналын (11-12 2008) колума ала элек элем. Кыргыз улуттук университетинде кыйла жыл чогуу иштеген бир ини окумуштуу: "Ысык-Көл университетине баргандан бери сабатсыз болуп калгансызбы? Жээнбайдын арбагын сыйласаңыз ушул макаланы "Эл агартууга" чыгарбай эле койсоңуз болмок, катасынан адам окуй албай жийиркенет. Анан калса, "Ү.Асаналиев - филология илимдеринин доктору, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КРнын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү", - деп дүңгүрөтүп бериптир да, ар бир бети жайнап, жабыраган ката, мындай катаны бешинчи класстын окуучусу да кетирбейт. Журналды алдыңыз беле?"-деди. Ишенип, ишенбей: "Жок", - дедим.
Редакцияга чалып, кабарымды жиберсем, төрт нуска журнал берип жиберишкен экен. Окуй электе эле рахматымды айтып, ыраазылык билдирдим. Анан окуп алып, калем алып каталарды оңдой берип, төбө чачым тик турду. Башкы редакторго чалып: "Чыккан макаламды окудуңуз беле? Ушундай да иш болобу?"-деп нааразычылыгымды билдирдим. Балким окубаган чыгар. Мынча ката кеткен деп ойлобосо керек. Мен көбүртүп-жабыртып жаткандай көрдү өңдөнөт, анча сүйүңкүрөбөдү. Эртеси кабатыр болуп кайра чалсам, көп жактыра бербей: "Эмне кыл дейсиз? Макала чыккан жок деп эсептеп коёрсуз!"-деди.
"Э, кокуй, муну мен эле окусам бир жөн. Эми аны ар ким эле оңдоп окуй албайт да, авторго акаарат айтпайбы"-деп тим болдум. Ошондо байыркы философтун: "Платон менин досум, чындык андан баалуурак",-деген сөзү эсиме түштү. Мен мындай жазбаганыма окурманды ишендирүү максатында калем алып, кайрылууга аргасыз болдум. Башкы редакторду жаманатты кылайын деген да оюм жок, жакшы мамиледебиз. А түгүл макаланы алып жатканда: "Жээнбай агайдан мен да сабак алгам. Бейиши болгур, сонун адам эле. А кишинин арбагы үчүн макаланы акысыз чыгарам,"- деп сүйүнүп алып калган. Менимче, кызматкерлерине ишенип коюп, ишти иритип алган өңдөнөт. Баары бир Башкы редактор болгон соң, барып-келип жоопкерчилик өзүнө түшөт. Бул каталар автор менен арбакты сыйлоо эмес эле кыйноо болду, шылдыңдоо болду. Каталардын көптүгүнөн кайсы бирин бергенге баш адашат, "жазып" дегенди "жасып"; "парзы" дегенди "парсы", "Жекемди" дегенди "жакем"; "жомокчу" "жамакчы"; "аёосуз" "айосуз"; "жазганы жазган" "жазаганы жазаган"; "алтын элеп сөз чайкагандайды" "алып элеп сөз жайкагандай"; "кара өзгөйлүк" "күн өзгөчөлүккө"; "асылышкан" дегенди "асыл тышкан"; "көрө албастыкты" "көзгө албастыктын"; "Памирде" "темирде"; "материал" дегенди "матерял", "афоризмдерди" афотизимдер"; "вареньени" "Варене"; "фразеологияны" "фразиология" менен алмаштырып берген; "кыргыз диалектологиясы бузула элек дың" дегенди "кыргыз диалектикасы бузула элек дың"-деп, эки илимди чалмакей чалып олтурат. Бул каталардын бери эле жагы, сүйлөмдөр сүлдөрүнөн кеткен. Окуп чыгууга мүмкүн да эмес. Орфографиялык, пунктуациялык каталар толтура. Муну дени соо адам жазганбы деген да ой толук кетиши мүмкүн.
Жекеме жазылган төрт куплет ырдын бир куплети да катасыз басылган эмес: "сугарып" дегенди "сугарын"; "энтелеп" дегенди "эмителеп"; "эринбей" дегенди "эрикпей"; "дедирбей" дегенди "дедирбейт" сыяктуу болуп, уйкаштары да урунду-бериндиге учураган. Казак адабиятынын классиги акылман Абай: "Бөтөн сөздөн бузулса сөз арасы, анда акындын билимсиз бечерасы",-деп таамай айткан эмеспи. Бөтөн сөздөр бөйөн-чаяндай каптаган бул макаланын авторуна окурмандын ою оң болбосун билип эле турам. Мени ушундай аргасыз абалга алып келген "Эл агартуу" журналына нааразыланып, бул сандагы башка макалалар кантти экен деген кыязда Ч. Айтматовдун 80 жылдыгына карата анын "Эне тил тагдыры" (Ч. Айтматовдун республикалык илимий-практикалык конференцияда сүйлөгөн сөзү) аттуу макаласынын да кунарын кетирип, беделин түшүрүп бергенин көргөнүмдө, өз көзүмө өзүм ишенбей турдум. Бул улуу адамга ушундай мамиле кылууга кимдин дити даайт? Түшкө киргис жорук. Сөз бир эле тыбыштын туура эмес жазылышынан бузулат. "ң" тамгасынын ордуна "н" жазылса, сөз башка мааниге ээ болот же маанисиз болуп калат. Мисалдар: "жаны чыгармам, тенсинбей, терендеп, ан сезимдүү, энсеген, тандануу, улутун кубанса (улутуң кубанса), жанылбасам, жаны", "ө" тамгасынын ордуна "о" бергенде орус адамы жазгандай таасир калтырат: "оз ордун, коп күйгөн, коксогон эң жөнөкөй, көп улуттуу, корсоттү" деген кокуйлар сан түмөн. Мен, көрсө, жөн эле күйүп-бышып жаткан экенмин. Чыкеме ушундай мамиле болгон соң, деп саал кетенчиктей түштүм.
Өтө таң каларлык нерсе "ң" ордуна "н", "ө" ордуна "о" терилгенин карап компьютерден кеткен ката го дейин десең, ө,ү,ң тамгалары башка сөздөрдө жолугуп жатпайбы. Демек, бул каталар - карагандан эле кеткен нерселер.
Мына бул сөздөрдү Чыкебиз көзү тирүү болуп көргөндө, кандай абалда болот эле, билбейм: "Октябр, жугуртсо, бүт (бут дегени) тоспоо керек, материял, ыктиярлдуулар, социализим, материялдык, кокондой бойдон, күдүткөндөн, колонясы, жарялого, женилирээ, социалдык чөйрөдө, жагарулайт, интернационализим, бүкүл өлкөнүн, маскарлоого, жатткан, алаганын бермеги да, социалисстик, прогламаларда, баарынын маании, тегергинде" деген айрым каталарды гана терип көрсөттүм. Бул сөздөр жамаачыдай болуп оркоюп көрүнүп турат. Алардын баарын камтуу бул чакан макалага сыйбайт. Макаланы мындай абийирин кетирип баскандан көрө баспай койгондо кыйла түзүк болмок. Чыгып кеткен соң арга жок. Баары бир бул каталар "Эл агартуу" журналына аброй алып берген жери жок.
1928-жылдан бери чыгып келаткан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин "Ардак белгиси" ордендүү илимий-педагогикалык жана методикалык кадыр-барктуу журналында мындай сабатсыздык болушу мүмкүн эмес эле. Элди агарта турган журналдын, илим, билимдин журналынын ушундай ката чыгышы уят, акылга сыйгыс иш.
Редакция бул чыгарылган санга басма аркылуу жооп берүүгө тийиш. Оңдоп кайра басабы же бул санды жокко чыгарабы?! "Айтылган сөз-атылган ок",- дейт. Ал кайра жанбайт. Жарыяланып кеткен нерсени жабуу да арзан эмес. Көп жылдык тажырыйбасы бар башкы редактордун кенебестик кетиргенине кейип, бир чети аны аяп да турам.
Бул каталыкты көрсөтүү журналдын кызматкерлерин ойлонтуп, мындан ары аларга оң таасирин тийгизер деген ак ниет менен жаздым. Мугалимдин сыймыгы болгон "Эл агартуу" журналынын бедели мындай окуялардан оолак болушу керек.
Үсөнбек Асаналиев,
филология илимдеринин доктору.
Кара-Кол шаары