, 28.04.09 - 3-бет:
  Коопсуздук - 2009

Биз согушууну каалабайбыз, өзүбүздү коргойбуз
(Башталышы 1-бетте)
Аскердик машыгууга Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Курманбек Бакиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров байкоо жүргүзүштү. Мындан тышкары күжүрмөн атууну камтыган тактикалык көнүгүү менен аяктаган бул машыгуунун экинчи этабына Германия, Англия, Кытай, Америка, Великобритания ж.б. 14 шериктеш өлкөлөрдөн келишкен аскердик атташелер көз салып турушту.
Аскердик даярдыктын жүрүшүндө эл аралык террордук уюмдардын жанкечтилеринин кейпин кийишкен душмандар, мамлекеттик чек араны бузуп, Кыргызстандын аймагына кирүү менен Бужум айылын басып алууну пландаштырышкан. Террорчулардын негизги максаты-республиканын түштүгүндө туруксуз коомдук-саясый кырдаалды түзүү, баш аламандыктарды жана жергиликтүү калктын арасында тынчсызданууларды жана элдерди коркунучка салып, дүрбөлөңдөрдү уюштуруу.
Аскерлердин түштүк тобунун командачысы калктуу конушту туткунга алуу жөнүндө ыкчам маалымат алаары менен жергиликтүү тургундарды коопсуз жерлерге - кабыл алуу-эвакуациялык пунктуна чыгарып кетишет.
Чек ара бүтүндүгүн бузуп киришкен бандиттик топтордон улам, 1500дөн ашык атуулдар өз айылдарын ташташып, качып чыгышат. Аларга биринчилерден болуп, өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардамга келип, барымтадан бошотулган атуулдар адегенде фильтрациядан өткөрүлөт. Милиция кызматкерлеринин жана коопсуздук комитетинин көзөмөлүнөн өтүшкөн качкындар бул жерден медицина кызматкерлеринин кароосунан өтүшүп, биринчи жардамдарды алышат.
Өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн учурларда качкындарды убактылуу кармап туруу үчүн атайын чатырлар тигилип, алардын муктаждыктарын канааттандыруу же токтоосуз жардамдарды көрсөтүү үчүн 20га жакын мекеме-ишканалар тартылып, алардын бардыгы өздөрүнүн милдеттерин өтөшөт. Ар кандай эпидемиялык жана жугуштуу оорулардын тарап кетпеши үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Ашканалардан, жатаканалардан тарта азык-оокаттары менен толук камсыз кылуу маселеси да чечилген.
Атуулдарды мындай кырдаалда тез жана өз учурунда коргоп калуу жана жардам көрсөтүү үчүн акыркы үлгүдөгү техникалар менен камсыздалган.
Террорчулар басып кирген Ак-Таш, Жал айылынын атуулдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аракети менен куткарылды. Андан соң, эл аралык террористтерди жок кылууда "Калашников" автоматы жана россиялык өндүрүштөн чыккан акыркы үлгүдөгү "Абакан" автоматтары, "Печенг" пулемёттору, "Каштан" пистолет-пулеметтору жана "Гюрза" өзү октолуучу пистолеттери менен куралданган атайын аскер кызматчылары буктурмада турушат. Көзгө атарлар тобу заманбап ОСВ-96 мылтыктары менен алыскы жерлердеги душмандарды, биринчи кезекте командирлерди, көзгө атарларды, граната аткычтарды, пулемет аткычтарды жок кылды. Жердеги күчтөрдүн аракеттерин абадан Россиянын Канттагы авиабазасынын СУ-25 кыйраткыч учактар звеносу душмандын негизги күчтөрүнө бомба менен сокку уруп колдоп турушту. Ага удаа эле тактикалык - аба десанттарын парашюттук ыкма менен түшүрүүнү камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Асман чабуулунан коргонуу күчүнүн МИ-8 МТВ аскердик транспорттук тик учактары жана МИ-24 ок атуу менен жардам берүүчү тик учактар террорчулардын кыймылын жана алардын топтолгон жери боюнча ракеталык-бомбалык соккуларды ишке ашыруу менен десанттар түшүүчү районду ок атуу менен тазалоону жүргүзүштү. Ал эми артиллериялык дивизиондун ок атуучу взводдору Д-30 гаубицалары, 120 мм. минометтер жана "Град-1" жапырт ок атуучу реактивдүү системалар менен кыйратышты. Ошол эле учурда БМП-2,БТР-80 соот топторундагы негизги күчтөр террорчуларды тазалоо үчүн чабуулга өтүштү.
Жөө аскерлердин, күжүрмөн машиналардын жылуусу жана алардын далдаасы менен атайын дайындалыштагы аскерлер ок атуу позицияларын ээлешет. Натыйжада душмандар менен минималдуу алыстыкта жакындоо менен аскерлер ок атуучу куралдар жана гранатометтор менен ок атып, террорчулар жок кылынат.
"Коопсуздук-2009" деген аталыштагы аскердик машыгуунун жүрүшүнө өлкөнүн Башкы кол башчысы Президент К.Бакиев өзү көз салып, жогору баа берди.
Машыгууну жыйынтыктаган сөзүндө мамлекет башчысы Баткен жергесинде эл аралык террористтерге каршы мүнөздөгү машыгуулардын жүргүзүлүшү улуттук, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурган чакырыктарга жана тобокелдиктерге каршы натыйжалуу механизмдерди түзүү маселесинин актуалдуулугуна байланыштуу экендигин айтты. "Биз эл аралык террористтердин бутасына айланган Баткен трагедиясы ар бирибиздин жадыбыздан чыга элек. Бул куралдуу конфликттен мамлекет да, армия да олуттуу жыйынтык чыгарды. Биз үчүн күч структураларынын экстремизмге жана терроризмге биргелешип каршы туруу максатында өз ара байланышын бекемдөөчү практикалык иш чаралар чоң мааниге ээ", - деди К.Бакиев.
Мамлекет башчысы бул коркунуч менен жекече күрөш жүргүзүү эч кандай натыйжа бербей тургандыгын, бул үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен иш-аракети зарыл экендигин айтты. "Азыркы дүйнөдө өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун улуттук коргонуу потенциалын арттыруу, Куралдуу Күчтөрдүн заманбап мүмкүнчүлүктөрү болушу менен гана камсыздоого болот. Армияны реформалоо, биринчи кезекте, анын профессионалдуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бизге мобилдүү, чакан жана техникалык жактан мыкты жабдылган аскерлер керек", - деди К.Бакиев.
Андан соң Президент өлкөнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө максатында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларга токтолду. "Март айында Бужум айылында жаңы аскерий бөлүктү түзүү боюнча иштер башталды. Ал мамлекеттик чегараны кайтарууга көмөкчү бөлүктөрдүн бири болуп калат. Аскерий техниканы модернизациялоо иштери да колго алынууда. Куралдуу Күчтөрдүн укуктук жана доктриналык базасы да жаңыланууда", - деди К.Бакиев.
Сөзүнүн аягында Президент аскерлерге өз кызматтык милдеттерине ак ниет мамиле жасагандыгына ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады. "Биз өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, коопсуздугуна шек келтирген коркунучтарга биргелешип, татыктуу жооп бере алабыз деп мен ишенем. Мамлекет тарабынан өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого жооптуу структураларга мындан ары да болушунча жардам көрсөтүлө бермекчи", - деди К.Бакиев.
Мындан соң мамлекет башчысы Коргоо министрлигинин аскерлеринин жаңы формасын жана экипировкасын, ошондой эле жаңы аскерий техниканы көрдү. Президент иш-чаранын катышуучуларын машыгуулардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, мыктыларына ыраазычылык жарыялоо менен эстеликке белек катары кол саат тартуулады. Андан кийин аскерлердин салтанаттуу маршы болду.
Аталган машыгууларды уюштурууга кошкон өзгөчө салымы үчүн Баткен облусунун губернатору Маратбек Жумабековго да кол саат белекке берилди. Ал эми Коргоо министрлигинин подполковниги Юрий Дроботко патриотизм жана новаторлугу үчүн Бишкектен эки бөлмөлүү квартира алууга сертификат бериле турган болду.
* * *
Баткенде өткөн аскердик машыгуулардан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин объектилеринде, анын ичинде Бужум айылында жайгашкан фильтрациялык пункт жана качкындарды кабыл алуучу пунктта болду.

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
"Кыргыз Туусу",
Сүрөттөрү С.Досалиевдики

Президент Ош-Баткен-Исфана
жолунун курулушу менен таанышты
Машыгуулар бүткөн соң мамлекет башчысы Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты, ошондой эле жолчу-куруучулар менен баарлашып, жолдун курулушун тез арада бүтүрүү үчүн чечүү керек болгон проблемалардын тегерегинде пикир алышты.

Өз маалыматыбыз