, 28.04.09 - 16-бет:
  кыз жүрөгү - ыр түнөгү

Арыбаңыз, калемдеш!
Каректе калган жаз
Аттиң сага жетчү жолдун мынчалык,
Татаалдыгын кайдан билдим катыгүн.
Канча өмүрүм түнкү шамга жалынып,
Канча күнүм айсыз түндү жамынып...

Жалгыз саптын кеткенине адашып,
Тызылдатып, көңүлүмдү канатып.
Күндө акыркы ырым менен коштошом,
Күндө жаңы ырым менен жарашып...

Бул жылуу саптардын автору
Жыпар Акунова. Ыр менен уктап, ыр менен жашаган акын кыз кыргыз поэзиясындагы 80-жылдардын муунунун өкүлү. Калемдеш, кесиптеш катары мага да жан дүйнөсү жакын. Чынында биздин муун чыгармачылыктын босогосун аттап, эми иштеп берерде заман оошуп, өткөөл мезгил өпкөгө соккондой ар ким өз өрмөгүн согуп калды. Адабият кыйын абалды башынан кечирип, турмуштун агымында акын, жазуучулар алды-алдынан тал кармап, кээси көктүк менен моюн бербей калемин колунан түшүрбөгөн бойдон кыйындыктан суурулуп чыгып кетти. Кээси башка жол менен тиричилик кылууга өттү. Ошол кыйындыкка кабагым-кашым дебей жаркылдап коюп, моюн бербей, акын катары өзүн сактап калгандардын бири Жыпар Акунова болду. Ал Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жана журналисттер союзунун мүчөсү. Кыргызстан-Өзбекстан жаш акындарынын фестивалынын лауреаты."Шок жылдыз", "Дил чырак" аттуу ырлар жыйнактары аркылуу поэзия күйөрмандарына мурдатан аты тааныш. Бир нече ырларына обондор жазылып, эл оозунда ырдалып жүрөт.
Журналистикада дагы өз чыйыры менен келе жатат. Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы улуттук университет) бүтүргөндөн кийин "Ленинчил Жаш" гезитинде кабарчы, "Мектеп" басмасында кенже редактор, Ош облустук "Ленин жолу" гезитинде кабарчы болуп иштеген. 1997-жылдан бери биздин "Кыргыз Туусу" гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы болуп эмгектенип келе жатат. Ошону менен катар эле 2002-2005-жылдары Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун басма сөз катчысы, 2006-жылдан бери Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болуп иштөөдө. 2000-жылы улуттук журналистикага кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын "Ардак Грамотасы" менен сыйланган.
Жакында анын "Каректе калган жаз" аттуу көлөмдүү китеби жарык көрдү. Андагы ырларынын поэтикалык чынчылдыгы, ачыктыгы, сырданалуулугу менен окурмандын сезимин козгоп, ойлорго арбаган саптары, көкүрөк-көөдөндөн орун алат. Өзгөчө лирикалары жан-дүйнөнү жыргаткан аруу саптарга бай.
Китепте белгилей кетүүчү дагы бир жакшы нерсе - Жыпардын прозалары. Аңгемелерин окуган адам турмуштагы оош-кыйыш тагдырлардын жүрөккө сүртүлгөн ирмемдерин сезип, биз жашаган ушул турмуштун айрым бир бүктөмдөрүнүн сүрөттөрү барактай ачылып олтурат. Элестүү, жугумдуу, жатык тилде, автордун калеми чебер аңгемечи экендигин далилдеген бул чыгармаларын чынында биринчи жолу окуп олтурабыз. Буга чейин аны акын катары билчүбүз. Бу да болсо анын ийгилиги.
"Кыргыз Туусу" гезитинин маалымат борборунун залында Жыпар Акунованын жакында жарык көргөн "Каректе калган жаз" аттуу жаңы китебинин бет ачары өттү. Бет ачар салтанатын "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору Кыяс Молдокасымов ачып, Жыпар Акунованын чыгармачылыгы тууралуу сөз сүйлөдү. Жыпар Акунова канаттуу ырларды жараткан акын гана эмес, журналисттик кесипте дагы калемин төшөп, "Кыргыз Туусу" гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы катары бир нече жылдардан бери эмгектенип келгендиги жогоруда учкай айтылып өттү. Акындык менен журналисттикти эриш-аркак тизгиндеш ала жүрүүнүн түйшүгүн көтөргөн кесиптешибизди кыргыз окурман журтчулугу мурдатан эле билгени чындык. Анткени анын калеминен жаралган көркөм табылгалар болобу, гезит бетиндеги жазган түркүн темадагы кабар, макалалары, публицистикалары болобу, жогорку сөзүбүздү далилдеп турат. "Кыргыз Туусунда" мындай таланттуу, көрөңгөлүү акын, журналисттин эмгектениши гезит үчүн дагы сыймыктуу экендигин белгилөө менен Кыяс Молдокасымов куттуктоо сөздү Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султановго берди. Бир кездеги 70-жылдардан кийинки мезгилдерде Омор Султановдун поэзия ийриминен бүгүнкү күндөгү таанымал бир нече акын-жазуучулар өсүп чыкканы белгилүү. Ошолордун бири Жыпар Акунова. Ошол күндөрдү кылчайып эстеген Омор Султанов Жыпардын чыгармачылык ийгиликтерин өзүнүн татыктуу шакирти катары сыймыктуу белгиледи. "Поэзияны сыйлабай койсоң, ал сенден кайра өч алат. Поэзияны сыйлап, талыкпай иште", - деди Омор Султанов.
Кыргыз поэзиясынын белгилүү акын кыздары, ардактуу эжелер Мариям Буларкиева, Гүлсайра Момунова жаңы китепке жылуу пикир айтып, Жыпар Акунованын акындык сүрөткердик чебердигинин дагы чоң ийгиликтерге жете беришине тилектерин билдиришти. Бир муундагы калемдештер Кыялбек Урманбетов, Кожогелди Култегин, Кален Сыдыкова, Байас Турал, Гүлжамила Шакирова, Жаркын Темирбаева, Бурул Сарыгулова, Бүбүкан Досалиева, Кушубак Өмүралиев ж.б. акындын чыгармачылык көрөңгөсү, адамдык бийик сапаты, дегеле чыгармачылык тагдыр, жаңы китептин таасири тууралуу сүйлөшүп, авторго ийгилик каалашты.
Чыгармачылыкта чек болбойт. Ал эч качан токтоп да калбаган касиетке ээ эмеспи. Аны багыш гана керек. "Акындар отставкага чыкпайт" деген азил сөздүн мааниси тереңде экендиги да чын. Жыпар калемдешибизге узак өмүр каалоо менен, чыгармачылыкты күлүктөй таптап жакшы багып, таза ырлардын тамчыларын курап, ийгиликтерди жарата бер демекчибиз.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"