, 28.04.09 - 12-бет:
  жаңылануу багытына ойлор, пикирлер, сунуштар

Биздин өнүгүү тарыхыбызда айрыкча орунду ээлеп, коомдук аң-сезимдин акыл-ой чабытын арттыра турган зор программа - бул Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жалпы элге сунуштаган "Өлкөнүн жаңылануу багыты" болуп калды. Ошондуктан элибиз аны абдан жактыруу менен кабыл алып, коомчулукта чын дилден чыккан ой-бөлүшүүлөргө жык толгон кызуу талкуулар жүрүп жатат.
Акыл-ой чабытын арттыруу - эң башкы максат
Эркиндиктин, демократиялык
коомдун жол-жобосун өздөштүрүп, анын узак тарыхый мезгилди камтый турган пайдубалынын алгачкы кыштарын коюп жаткан биз үчүн - Кыргызстан элдерине мындай "Өлкөнүн жаңылануу багыты" абдан керек болуучу. Ал - биздин мындан аркы өнүгүү жолубузду аныктап, алдыга карай багыт берет. Ал - эл-журтту улуттук мүдөөлөрдү жүзөгө ашырууга үндөйт. Жаңылануу багыты мына ушунусу менен өтө маанилүү.
Биз адеп-ахлактык жана руханий жакырдыктан канчалык тезирээк арылсак, өнүгүшүбүз ошончулук тездейт. Бул үчүн эң зарыл негиздерди түзүшүбүз керек.
Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана салтын терең изилдеп чыгууга жетише алдыкпы? Бул жагынан толбогон "боштуктар" абдан эле көп. Мындай өтө маанилүү иштер боюнча тарыхчыларыбыз, өзгөчө жаш тарыхчылар демилгелүүлүктү көрсөтө алышты. Мурда советтик түзүлүштүн салты боюнча бурмаланып келген тарыхыбызды тактап-изилдөө жагынан көп иштерди жүзөгө ашырышты. Алардын эмгектерин элге жеткирүүдө, басып-жарыялоодо гезит редакциялары да жакшы көмөк көрсөтүштү. Бул жагынан кийинки кездери "Кыргыз Туусу" гезити өзгөчө айырмалана алды. Тарыхчылардын эл билбеген тарых барактарына сүңгүгөн көптөгөн изилдөөлөрү гезит бетинде үзбөй жарыяланып, окурмандар үчүн баалуу маалымат-даректерди жеткирүүдө, жалпы эле тарыхты тактоодо зор салым кошуп жаткандыгына эл ыраазы.
Эми ошол көптөгөн изилдөөлөрдү, баалуу эмгектерди электен өткөрүп, Кыргызстандын жана кыргыз элинин тарыхы боюнча бирдиктүү, жалпыга сунуштоого арзый турган, түпкүлүктүү эмгек катары бааланган тарыхыбызды түзүп чыгуу зарыл. Ушундай эле мамиле маданиятыбызды жана салттарыбызды тактоодо, буларды бүгүнкү шарттарга жараша жалпылоодо, аныктоодо да колдонулушу керек. Акыр-аягы мунун берер кайтарымы зор болот. Такталган бай тарыхыбыз, маданий өз алдынчалыкты сактоо жана өнүктүрүү боюнча жыйналган жол-жоболорубуз, аныктамаларыбыз элибиздин, өзгөчө жаштардын жана өсүп келаткан жаш муундун акыл-ой чабытынын калыптанышына зор таасирин тийгизет эле.
Ошентип азыр бизде бул багыттар боюнча түпкүлүктүү эмгектер жетишсиз жана аларды түзүп-даярдап, мамлекеттик деңгээлде бекитүү жагы ишке ашырылышы керек. Ошондой эле, тарыхыбызды таасын туюндурган даректер ачык көрүнүп, эл менен ажырымсыз байланышта болуусу зарыл. Бул жагынан башканы коюп, Бишкек шаарын эле алалы. Мындагы көчөлөрдүн аталыштары тартипке салынган эмес. Эч мааниси жок, эскиден калган аталыштар дагы эле толуп жатат. Бийик үлгүдөгү маданият мурастарын жыйнак, китеп түрүндө толук өлчөмдө басып чыгаруу, тарыхый жана маданият музейлеринин тармактарын кеңейтүү жагынан да аткара турган иштер аз эмес.
Билим берүүнү жана тарбия иштерин оң жолго сала билгенде , экономикада, илимде чоң өзгөрүүлөр болот. Булар - биз эңсеген келечекти жаратуучу негиздер. Бизде мыкты билимге ээ болгон адистер, кесипкөйлөр аз эмес. Алар өзүбүздө да, чет өлкөлөрдө да жогору бааланып, жакшы ой-пикирлер айтылып жүрөт. Муну биз билим берүүнүн ийгилиги катары карасак болот. Чындыгында эле бүгүнкү мезгил жаштар үчүн өзгөчө оңтойлуулуктарды түздү. Таланттуу, билимдүү жаштарга чет мамлекеттен окууга, ал жактан иштеп мыкты тажрыйбаларды алууга мүмкүнчүлүктөр кеңири. Бирок билимдүү окуучулар менен жогорку деңгээлдеги кадрлардын даярдалышы жалпы мүнөзгө ээ болбой жатат. Бул маселе бүгүнкү күндөгү башкы милдеттерден болуп саналат. Азыр жогорку окуу жайларындагы окшош кесиптеги адистерди окутуу жагына, айрым кесиптер боюнча өтө эле ашыкча даярдалып жатканына чек койбосо болбойт. Мына ушундан билим берүүнүн сапаты аксап, мында коррупциянын өөрчүшүнө жол ачылып, бүтүрүүчүлөрдүн университет, институттардан кийин жумушсуз калуусуна шарт түзүлүүдө.
Өлкөдөгү абал, экономиканын өнүгүшү үчүн бийлик менен катар эле бардык саясый күчтөрдүн жоопкерчиликтүү болуусу - бүгүнкү зарылдык. Демократия үчүн ачык саясый атаандаштык мүнөздүү. Жеке кызыкчылыкты көздөгөн, бийликке жетүүнү гана ойлогон оппозицияны эл айырмалап, алардын курулай популизмге берилип, чылгый жамандоолор менен ээнбаш аракеттерге барышына чек коюлууга тийиш. Алардын, канткен күндө да, кийинки үч жыл ичинде экономиканы, өндүрүштү алдыга жылдырууда, республикалык бюджетти толуктоодо жетишилген ийгиликтер менен жетишкендиктерди көрө билгенге чечкиндүүлүктөрү жетиши керек эле.
Кыргызстандын бүгүнкү дүйнөлүк экономикалык жана финансы кризисинен да көп жоготууларсыз чыгып жатканынын өзү эле көп нерселерден, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин биргелешкен ишинин натыйжасы экенинен кабар берет. Мурдагы бийлик Камбар-Ата - 2, Камбар-Ата - 1 ГЭСтерин курганга батынган эмес. Себеби, экономика чабал эле, туташ коррупцияга орун берилип, бажы жана салык төлөмдөрүнүн кыйла бөлүгүн өзүнө "энчилеп" алуу өнөкөтүнө чалдыккан болчу. Бир беткей аракеттенген оппозиция муну туюп турса да, ооз ачып айткысы келбейт. Дагы бир мисал, жакында, 19-апрелде, демалыш күнү Жогорку Кеңештин жети депутаты Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушунда иштегендерге каражат жагынан колдоо көрсөтүү үчүн барып келдик. Ал жерде курулуш иштеринин жогорку деңгээлде жүрүп жаткандыгына күбө болдук. ГЭС курулушунун 70 пайызы бүткөрүлгөндүгүн мында иштегендер кубануу менен билдиришти. Иште эч тоскоолдук жок экен. Ал эмес анын жалпы элдик курулушка айланганынан да кабар алдык. Азыр "Салы-Ата" өндүрүш коомунан 107 киши Камбар-Ата - 2 ГЭСинде иштеп жатат. Алардын күчү менен 5 миллион сомдон ашык көлөмдөгү курулуш иштери бүткөрүлөт. Мына, "Салы-Ата" коому уюштурган топтун салымы! Мындай эң сонун саамалыктардын артып жатканын угуп, билдик. Ал эми Токтогул районунун кары-жашы дебей ГЭС курулушуна кезек-кезеги менен жардамдашышып, кыйла иштердин бүткөрүлүшүнө көмөктөш болушууда. Райондун өнөрпоздору курулушчуларга маал-маалы менен концерт да тартуулап турушат.
ЁЁЁ
Орошон ойлорду, жакшы иш-
демилгелерди жараткан Президентибиз К. Бакиевдин "Өлкөнүн жаңылануу багыты" кайрылуусу калкыбыздын коомдук акыл-ой дүйнөсүн ойготуп, жаңы дөөлөт-чабыттардын жаралышына түрткү берди. Эми аны толук турмушка ашыруу милдети турат. Бул болсо, бүткүл бийлик бутактарынын, бардык саясый күчтөрдүн, ар бир өлкө атуулунун милдет-парзы. Терең мазмундуу концепциянын берер ийгилик-жемиши дал мына ушуга байланыштуу.
Роза АБДЫРАИМОВА,
Жогорку Кеңештин депутаты, педагогика илимдеринин
доктору, Россиянын Гуманитардык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, Украинанын Эл аралык кадрлар академиясынын
мүчө-корреспонденти





  Элетте эмне кеп?

Быйыл буудай арбын эгилди
Жаз жарыш, күз күрөш демекчи, бардык аймактарда бүгүнкү күндө жер айдоо, эгин себүү уюшкандыкта жүргүзүлүп жатат. Өзгөн районундагы Ийри-Суу айылдык округунда былтыркыга караганда быйыл буудай арбын эгилди. Муну кылтыйып өсүп калган буудайлар далилдеп турат. Быйылкы буудайлар канча эсеге көп эгилди, алар өзүнүн кеткен чыгымын актагыдайбы, билели деген максатта айрым дыйкандарга кайрылып, сөзгө тарттык эле.
Аман ДҮЙШЕЕВ: - Былтыр мен буудай эккен эмесмин. Быйыл 1,5 гектарга буудай септим. Себеби, ун сатып жегенден көрө буудайды тарттырып алсаң жакшы экен. Андан сырткары заводго тапшырып койсоң, каалаган учурда алып келип жей берет экенсиң. Уну бизге пайда болсо, кебеги малга пайда экен. Буудайдын эч качан зыяны жок, себеби ал биздин наныбыз. Ун кымбаттап, бир кап унду 1500 сомдон 1800 сомго чейин сатып жедик го. Кудайга шүгүр, азыр бир аз болсо да ун арзандап калды. Ошондой болсо да, мен эми мындан ары буудайды көп эгүүнү чечтим. Анткени, менде болсо элде болот, элде болсо менде болот деп ойлойм. Быйыл буудай көп эгилди, кымбатчылык болбосо керек, - деген пикирин билдирди.
Ага кошулуп Төрө Кубатов да: - Менин оюмча да кымбатчылык болбосо керек, - деп кошумчалады.
Ылайым дыйкандарыбыз айткандай эле болуп, быйыл ак төөнүн карды жарылган жыл болсо экен.
Бакыт ДӨӨЛӨТОВ,
Өзгөн району





Абалың кандай, айылдык?
Социалдык коргоо
кызматкерлери
Ак-Талаада
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жыл башынан тарта социалдык жөлөк пулдарды дайындоо жана мамлекеттик жеңилдиктерди даректүү берүү максатында жер-жерлердеги социалдык коргоо башкармалыктары менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Ушул максатта министрликтин бир катар кызматкерлери шаардык, облустук, райондук,социалдык коргоо башкармалыктарынын башчылары менен чогуу аймактардагы эл менен жолугушуп, алардын сунуштарын угуп, түшүндүрүү иштерин башташты.

Мындай иш
сапар бул жолу Нарын облусунун Ак-Талаа районунда болду. Министрликтин статс-катчысы Муратбек Мамбеталиев баш болгон социалдык кызматкерлер Ак-Талаа районунун
айылдарында болуп келишти. Жумушчу сапардын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери тоолуу шартта жашаган калктын жардамга муктаж жарандарына айрым категория боюнча каралган мамлекеттик жеңилдиктерди, жөлөк пулду берүү жана алуу,ошол эле учурда мөөнөтүнөн ашык жөлөк пул алуучуларды чектөө тууралуу маалыматтарды жеткирип, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти.
Жумушчу сапардын акыркы күнү эл менен жолугушууга Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Н.Ташпаева катышты. Мындан тышкары райондун калкынын социалдык маселелерин угуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, Суу чарба департаментинин өкүлдөрү барышкан. Жолугушууда Н.Ташпаева министрлик тарабынан аткарылып жаткан иштерди, социалдык камсыздоо жана төлөмдөр кандайча берилип жатканын маалымдап, бул жаатта "министрликтин кызматкерлери айылдарды кыдырып, эл менен жолугушууларда түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүктөрүн" баса белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө Ак-Талаа районунун тургундары министрге көкүрөгүндө жүргөн суроолорду беришип, ынанымдуу жооп алышты. "Тоолуу жана климаттык шарты катаал райондо буга чейин да болгом, элдин жашоо шарты менен таанышмын", - деди министр. Ошондой эле элге социалдык жеңилдиктерди берүүдө даректүүлүккө жетишүү зарылдыгын, жөлөк пулдарды чектөөдө республиканын жети сынамык райондорунда иштер башталгандыгын кошумчалады. Мында райондун калкын жакырчылыктан чыгаруу боюнча атайын программага киргизүү боюнча зарыл чараларды көрө тургандыгы белгилүү болду.
Жолугушуудан кийин Н.Ташпаева райондук социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, алардын иштөө шарты менен таанышты.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Багым бар, бирок, укугум жок...
25-30 жыл мурда жалпы союздагыдай болуп эле Кыргызстанда да жамааттык бакчачылык менен огородчулук кеңири жайылтылган. Натыйжада 1990-жылдагы акыркы инвентарлаштыруу боюнча жалпы аянты 4,5 миң гектар болгон 452 бакчачылык шериктештиги уюштурулгандыгы белгилүү.

Андан кийин союздун ыдырашы менен бул бакчачылык шериктештиктери да ыдырагандыгы белгилүү. Айрымдар шаардан барып-келүү үчүн жол алыстыгынан, а айрымдар жөн эле иштетүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан, а айрымдардын республиканын чектеринен тышкары көчүп кетүүсүнөн улам, ал бакча ээлеринин бирөөлөрү башкаларга сатышып, а бирөөлөрү жөн эле таштап салышкандыктан, башка бирөөлөр өз алдынча ээлеп алышып, а айрым шылуундар жөн эле басып алышып... бир сөз менен айтканда азыр толук "бардак" болуп турат.
Мезгилдин өтүшү менен кыймылсыз мүлккө, анын ичинен жер участокторуна баалар көтөрүлө баштагандан улам, азыркы учурдагы кеңири
жайылтылган көрүнүш - рейдерчиликтен да бул тармак "куру" калган жок. Ушундай учурда элет калкына укуктук жардам берүү боюнча "ЛАРК коомдук бирикмеси бир катар иштерди жасап келет. Өткөн жылдын күзүнөн баштап "Жерге укуктарды каттоо процедураларын жана жерлерди каттоо маселелерин укуктук жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү" долбоорун жүзөгө ашырып келет. Анын алкактарында бир катар иш чаралар аткарылууда.
Мисалы, Эл аралык жер күнүнө карата "Биздин бакчачыларга Кыргызстанды гүлдөгөн бакка айландырууга эмне жолтоо болууда?" аттуу темада басма сөз-сессиясы өткөрүлдү. Анда бакчачылык шериктештиктеринин юридикалык статусунун аныкталбагандыгы, дачалык участок менен бакчачылык участогу түшүнүктөрүндөгү чаташуулар, жерге укуктарды каттоого байланышкан проблемалар талкууланды.
Бул маселелер боюнча Республикалык бакчачылар коомунун төрайымы О.Иващиненко, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги Ч.Айдарбекова, КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы М.Есеналиев жана "ЛАРК" коомдук бирикмесинин окутуу жана мониторинг боюнча адиси В. Болтобаева түшүндүрмө беришти.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"