, 24.04.09 - 7-бет:
  Сессия күндөлүгү

Суу ресурсу -
Борбордук Азия өлкөлөрүн
бириктирүүчү фактор
Мыйзам долбоорунун үстүндө тыгыз иш жүрдү
Жогорку Кеңештин кечээги сессиясынын жыйынында КРнын Премьер министри Игорь Чудинов 2008 жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук доклад менен чыгып сүйлөдү.
Белгилүү болгондой, Өкмөт башчысы менен парламенттин бардык комитеттеринин жана фракцияларынын жолугушуусунда депутаттардын суроолоруна берилген жооптордун, таратылып тааныштырылган документтердин негизинде отчет жактырылган болчу. Кечээки жыйынга бардык министрлер, мамлекеттик комитеттердин жана агенттиктердин жетекчилери келип катышышты. Өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Өлкө үчүн өткөн жыл бир топ сыноолорду алып келди. Дүйнөнү каптаган кризистин таасирлерине карабай мамлекетибиздеги жетишкендиктер менен ийгиликтерди атап кетсек артыкбаш болбос. Өкмөт башчысы алардын бир тобуна токтолуп өттү.
Былтыркы жыл ичинде Өкмөт менен парламенттин ортосунда мыйзам долбоорлорунун үстүндө тыгыз иш жүрдү деп айтууга негиз бар. Өкмөт сунуштаган 186 мыйзам долбоорунун
дээрлик бардыгы парламент депутаттары тарабынан колдоо тапкан. Ал эми Жогорку Кеңеште жалпысынан 233 мыйзам жактырылып, тагыраак айтканда күн сайын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, социалдык тармакты колдоого багытталган калк турмушуна керектүү бирден мыйзам кабыл алынып турду. Атап айтсак, стратегиялык объектилер, жаңы салык кодекси, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жайыттарды пайдалануу ж.б. боюнча көптөгөн мыйзамдар ишке киришти. Ошол эле учурда 2008 жыл ичинде Жогорку Кеңештин 42 токтому, комитеттеринин 240 чечими, депутаттардын 825 суроо-талаптары сунушталып, алар Өкмөт түзүмдөрү тарабынан көзөмөлгө алынып иш жүргүзүлгөн. Өкмөттүк угуулардын бешөө өткөрүлгөн.

Өткөн жылдын бюджети 51,5 млрд. сомду түздү
Мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин 2008 жылдын 10 январында Кыргызстан калкына кайрылуусундагы өлкөнүн стратегиялык өнүгүшү тууралуу алдыга койгон талаптарына ылайык Өкмөт да өз алдына бир нече маселелерди аткарууну максат кылган.
Өлкөнүн макроэкономикалык өнүгүүсү туруктуу болду. Дүйнө мамлекеттери баштан кечирип жаткан экономикалык кризистин таасиринен улам инфляция 30 пайызды түзөөрү алдын ала болжолдонгон болсо да, ал өткөн жылы 20 пайыздан ашкан эмес. 12 айдын жыйынтыгы менен банк системасынын активи 24,4 пайызга өсүп, 52,5 млрд.сомду түзгөн. Мунун негизинде банктардын кардарларынын ишенимин сактап калууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ишканалар менен калктын банктардагы депозиттеринин көлөмү 15 пайызга өсүп, 30 млрд. сомго жеткен. Алтын валютасынын резерви түзүк деңгээлде. Анын көлөмү жылдын аягында 1,2 млдр. долларга өсүп жеткен. Былтыркы дүйнө экономикасындагы финансы кризисинин коркунучуна карабай, ички дүң жыйымдын 1,6 пайызга өсүшү менен жылды жыйынтыктап отурабыз. Дүң жыйымынын көлөмүнүн жогорулашы 185 млрд. сомго өскөн. Кыскартып айтканда, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 2008 жылдын январь декабрь айларынын аралыгындагы мезгилде 51,5 млрд. сомго чейин жетип, бул 2007 жылдагыга караганда 12 млрд. сомго жогорулаганын Өкмөт башчысы белгилей кетти.
2008 жыл ар түрдүү жаратылыш кырсыктарынын кайталанышы менен коштолду. Ал бир кыйла күтүлбөгөн чыгымдарды талап кылганы баарыбызга белгилүү эмеспи. Премьер министрдин кабарлаганына караганда "былтыркы жылы өлкө аймагында 312 күтүлбөгөн кырсыктар катталган. Тилекке каршы, андан 281 адам каза тапты. Алдын ала эсептөөлөргө караганда андан 1 млрд. 194 млн. сом материалдык чыгаша чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин каржылык потенциалын көтөрүү үчүн жакырчылыкты жоюу борборлоштурулган фондусунун эсебинен 248 млн. сомдук 75 атайын автоунаалар бөлүнгөн. Андан тышкары кошумча тартылган каражаттардын эсебинен оор жүк ташуучу 25 автоунаа сатып алынган. "2007 жылдын 26 декабарында, 2008 жылдын 1 январында Ош облусунун аймагында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн кесепетинен талкаланган мектептер менен ооруканалар үчүн жалпы эсеби 358 млн. сомдук курулуш иштери жүргүзүлүүдө", - деди Премьер министр. Декабрь айынын аягына чейин 9 мектеп пайдаланууга берилген.
Ааламды каптаган финансы экономикалык кризис жакынкы жылдарда бүтпөөчүдөй көрүнөт. Кээ бир эл аралык эксперттердин алдын ала божомолуна караганда ал 2020 жылдарга чейин созулушу ыктымал. Кичи мамлекеттер эмес, ири державаларды, айрыкча Европа өлкөлөрүнүн тынчын алып жаткан бул алааматтан колдон келишинче жеңил чыгуу максатында Кыргыз Өкмөтүнүн өлкөнүн кризиске каршы программасы иш жүргүзүүдө.
Сууну үнөмдөп пайдаланууда жоопкерчилик бирдей
Өкмөт башчысы Игорь Чудинов кошуна республикалар Кыргызстанды "Арал маселеси" боюнча айыптаганына таң калганын парламенттеги жыйында билдирип, өз көз карашын айта кетти.
Алмата шаарында өтө турган мамлекет башчыларынын саммитинде, Арал маселесине келгенде Казакстан менен Өзбекстан республикалары өз гидроэнергетика тармагын өнүктүрүүгө бет алган Кыргызстанды жана Тажикстанды айыптап чыгышат деген кабарлар тароодо. Нарын дарыясынын суусун өткөн жылдардын эч биринде да азайтып, жылдык орточо көлөмүн тартып койгон жерибиз жок. Бирок коңшулардын биздеги ГЭСтердин курулуштарына каршы чыгып жаткандары кызык. Эгерде биз такай агып жаткан 19 млрд. куб суунун болгону 5 млрд.ын гана өз муктаждыгыбызга жумшап, калганын ылдыйкы агым боюнча коё берип келатсак да бизди чыгым тарттырды деп күнөөлөөгө болобу?" - деди Игорь Витальевич. Ал кандай гана эл аралык конвенциялар болбосун, бардык өлкөлөр суунун агымынын башында же аягында жайгашканына карабай аны үнөмдөп колдонууда бирдей жоопкерчилик тартуулары керектигине токтоло кетти. Сууну колдонуудагы өз позициясын Кыргызстан Стамбулдагы өткөн дүйнөлүк Суу форумунда так билдирген болчу. Игорь Чудинов Турциядагы суу форумунда да, кечээки парламенттеги эл өкүлдөрү менен биргелешкен жыйында да суу ресурстары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы ажырым жаратуучу эмес, тескерисинче бириктирүүчү фактор катары каралышы кажет экендигин баса белгилеп өттү.
"Ал эми Камбар Ата 1 ГЭСинин жаңы плотинасынын курулушу боюнча айта кетсек, бул долбоор 1990 жылы Ташкент институту тарабынан иштелип чыккан болчу. Аталган ГЭСтин долбоору кыш мезгилинде сууну коё берүүнүн тартибин теске салууга жардам берет. Кыргызстан өзү куруп жаткан ГЭСтердин долбоорлорун экологиялык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан жок. Кызматташууга дайыма даяр экендигин билдирип келе жатат. Биз 18 жылдан бери мындай долбоорлорго катышууга коңшуларбызды чакырып келдик. Ооба, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакшы тилектер болгон. Бирок Россия бул багытта алгачкы кадамын таштап отурат. Биз эмне мындай жакшы жагдайдан баш тартышыбыз керек беле?" - деди Премьер министр.

Жалпы элдик курулуш
Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары өткөн жумада Камбар Ата 2 ГЭСинин курулушун көрүүгө барып келишти.
Депутаттардын кабарлаганына караганда ал жакта курулуштун 70 пайызы аяктаган. Депутат Роза Абдыраимова быйылкы жылдын декабрь айына чейин аны биротоло бүткөрүүгө, өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылуудагы жаңы жетишкендиктин тарыхый барагын ачууга аракеттер көрүлүп жаткандыгына токтолду. Ал жердеги адистердин бир гана мамлекеттен сураганы 1 млрд. сомдук каражат. Бул маанилүү объект жалпы элдик курулушка айланганына эл өкүлдөрү күбө болуп кайтышты. Жалал Абад шаарынан атайын топ ГЭС куруучуларга жардамдашууга эки жумага өз ыктыярлары менен барышканы кубандырат. Алар 5 млн. сомдук жумушту бүткөрүүнү максат катары коюшкан. Токтогулдун эли ишембилик өткөрүшүп, элдик өнөрпоздору концерт берүү менен колдоп жатышканы маалым болду.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"




  КРнын судьялар кеңешинде

Кезектеги жыйын,
Кезектеги жазалар
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Л.Гутниченко билдиргендей, Судьялар кеңешинин кезектеги жыйындары болуп өткөн.
Аларда Кыргыз Республикасынын жер-
гиликтүү сотторунун судьялары кызматтарына талапкерлерди окутуунун мамлекеттик стандарттары жөнүндө жана судья кызматын ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажына эсептеле турган кызматтардын, иш убактысынын тизмесинин долбоору жөнүндө маселелер каралды. Ошондой эле кеңеш судьялардын жаңы мантиясынын үлгүсүн талкуулады жана аны соттордун кароосуна сунуш кылды.
Мындан тышкары жарандардын арыздарын жана мамлекеттик органдардын сунуштарын кароонун натыйжалары боюнча Судьялар кеңешинин чечими менен жети судьяга карата тартиптик жаза чаралары колдонулду.
Баткен облустук сотунун жеке аныктамасын кароонун натыйжасында Баткен райондук сотунун судьясы Исмаил Каримжановго эскертүү берилди. И.Каримжанов сот чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө жарандык процесстик мыйзамдарды бузгандыгы үчүн ушул чара колдонулду.
Ушундай эле эскертүү Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьялары Жыргалбек Бабаевге жана Буркан Нишановго да колдонулду. Аларга карата жеке аныктамаларды Кыргыз Республикасынын Жогорку соту берген. Алар Кыргыз Республикасында Шайлоо жөнүндө кодекстин жоболорун бузгандыгы үчүн жаза алышты.
Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Максатбек Алимбеков эскертүүнү КРнын Жогорку сотунун жеке аныктамасын кароонун натыйжасында алган. М.Алимбеков турак-жайдан мажбурлап чыгаруу жөнүндө жарандык ишти кароодо создуктурууларга алып келген жарандык процесстик мыйзамдардын жоболорун бузгандыгы үчүн жазаланды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Кубанычбек Сулайманов сөгүш алды. Ал кылмыш-процесстик мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы жана оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышып жаткан соттолуучулар Б.Асанбеков менен Н.Мамутовду негизсиз камактан бошоткондугу үчүн ушундай жазага тартылды. К.Сулаймановдун төрагалыгы астында кабыл алынган соттун токтому жабырлануучулардын укуктарын одоно бузгандык катарында Бишкек шаардык соту тарабынан алынып салынган, ал чечимди Жогорку сот да тастыктаган.
Ушундай эле сөгүштү Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Мойдун Кулчунов анын дарегине КРнын Жогорку соту, ошондой эле Жалал-Абад облустук соту тарабынан чыгарылган эки жеке аныктаманы кароонун натыйжасында алган. М.Кулчунов талашты чечүүдө создуктурууларга алып келген жарандык иш боюнча процесстик мыйзамдардын нормаларын бузуудан көрүнгөн, ошондой эле кылмыш-процесстик мыйзамдардын нормаларын одоно бузгандык, жабыр тарткан тараптын укуктарын бузгандык үчүн ушул жазаны алды.
Ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чарасы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Нурадил Нурматовго колдонулду. Ал А.Исраиловго карата кылмыш ишин кароодо кылмыш-жаза жана кылмыш-процесстик мыйзамдарга текебер мамиледен көрүнгөн тартип бузууну жасаган. Бул иш боюнча Н.Нурматов соттолуучуну бир катар оор кылмыштар боюнча негизсиз актаган чечим кабыл алган. Ага карата өкүм мыйзамсыз күчүнө киргенге чейин баш камоо чарасын мыйзамсыз өзгөрткөн, иш боюнча соттолуучунун мүлкүн камакка коюу жөнүндө мурда кабыл алынган соттук токтомдорду мыйзамсыз жокко чыгарган. Натыйжада бул иш боюнча Бишкек шаардык жана КРнын Жогорку сотунун сот актылары боюнча жабыр тарткандарга келтирилген ири суммадагы зыяндардын ордун толтуруу үчүн алынып коюлган мүлк камактан чыгарылган.
Судьялардын кеңеши өзүнүн дарегине жарандардан келип түшкөн 80ден
ашуун арыздарды да карады. Алар боюнча талашып жаткан сот актыларын аракеттеги мыйзамдарга ылайык даттануу тартиби жөнүндө түшүндүрүүлөр берилди.
Т.ИСХАКОВ




20 жаранга акысыз операция жасалды
Сауд Араб падышачылыгынан келишкен медициналык кызматкерлер: кардиохирургдар, врач-анестезиологдор жана орто медициналык персонал "Аль Вакф Аль Ислами" уюмунун кайрымдуулук акциясы катары өлкөбүздүн 20 жаранынын жүрөгүнө акысыз операция жасашты.
Операциялар кардиология жана терапия Улуттук борборуна караштуу жүрөк хирургия илим-изилдөө институтунда бул мекеменин врач-кардиохирургдары менен биргеликте жүзөгө ашырылды.
Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мелис Сатыбеков Сауд Араб өлкөсүнүн медиктери менен жолугушканда кардиохирургия тармагындагы өнөктөштүктүн биргелешкен тажрыйбасы өлкөбүздө медициналык кызматкерлердин чеберчиликтерин жогорулатууга, жаңы илимий-практикалык жетишкендиктер менен байытууга шарт түзө тургандыгын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө кардиохирургиялык операциялар жакыр үй-бүлөлөргө жасалгандыгы дайын болду. Бардык операциялар "Аль Вакф Аль Ислами" уюмунун финансылык колдоосунун эсебинен акысыз жасалган. Кайрымдуулук акциясынын бюджети 4,3 млн. сомду түзгөн.
Р.ЖЕТИГЕНОВ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору Эшимканов Мелис Асаналиевичке
ЖАКЫН ТУУГАНЫнын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.