, 24.04.09 - 19-бет: Кымыздын касиети
Кымызда жеңил сиңчү белоктор, майлар, углеводдор, спирт, сүт кислотасы, минерал туздары, витаминдер, ферменттер, көмүр кычкылтеги, аминокислоталар бар.
Алар тамак сиңдирүүнү жакшыртып, кандын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Кымыздын курамында 2-2,5% белок, 1-25 май, 3,5% кант, 100-200 мг. С,В,А витаминдери болот. Бээнин сүтүндөгү майлуулук да башка малдыкына караганда аз жана өтө пайдалуу. Йоддун саны өтө жогору - 95-100%, уй сүтүндө - 25-30%. Ээрүү чекити 20-22 градус, уйдуку - 34-36 градус. Ошондуктан бээнин сүтүндөгү май шарикчелери ичеги-карынга тез сиңип, канга айланып, пайдалуу холестрин болот.
Бээнин сүтүнүн башка сүттөрдөн айырмасы - сүттө кант же лактоза таттуулугу көп болуп, кымыз болуп ачыганда спиртке айланат. Жазгы жаш кымызда 2-3, ал эми күзгү же көп турган кымызда 4,5-5,5ге чейин жетип, кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы жардам берет. Бээнин сүтү бардык эле убакта пайдалуу, айрыкча жаз мезгилинде чөп күчүнө кире элек кезде, бээлер жаңы тууган убакта сүтү жаш, кымызы да жеңил келип, кан тамыр басымын жогорулатпай, айрыкча боор, өпкө, өт, ашказандын иштешине өтө чоң таасир тийгизет.
Кымыздын эң чоң касиети организмде иммунитет пайда кылып, ар түрдүү жугуштуу оорулардан сактайт. Кымызды такай ичкен адамдар узак жашары айтылып келет. Жылкы бруцеллез, кургак учук, кара өпкө, кара сан деген оорулар менен эч качан оорубайт. Ошондуктан анын сүтүн саап бүтөр замат сүзүп иче беришет. Ал эми июлдун экинчи жарымынан тартып, үркөр чыгып, чөп бышып, баш алып, мал семирип, сүт сөөктөн чыгып калган кезде кымыз көп кишиге, өзгөчө кан басымы жогору, жүрөгү начар адамдарга жага бербейт.
Кымыз канча түргө бөлүнөт?
Ё Ууз кымыз - эрте жаздагы кымыз, ууз кымыз ар кандай ооруга дабаа катары пайдаланылат.
Ё Сөөк кымыз же шырылдаң - кеч күздөгү же кышкы кымыз, сөөк кымыз коюу, күчтүү жана ток болот.
Ё Бал кымыз - байтал бээнин сүтүнөн жасалат.
Ё Саамал кымыз - ачый элек кымыз.
Ё Тунма кымыз - эң күчтүү келет. Балга чайкап, мейиз кошуп, 3-5 күн ачытса, ичкиликке тете болуп чыга келет.
Ё Чайкаган кымыз - жакшы ачыган кымызга бал кошуп чайкап, саамал кошуп көпкө бышат.
Ё Ачыган кымыз - жакшы бышылган жаш кымызга саамал, жанчылган мейиз, набат кошуп, аларды ак чүпүрөккө түйүп, чаначтын түбүнө салып, бир нече күн ачытат. Мындай кымыз кадырлуу меймандарга, тойлорго арналып жасалат.

Бал кымыз
Кымызың сенин бал беле жеңе,
Кылт этсем даамы таңдайда жеңе.
Кымызыңа бал коштуң беле,
Кымызыңды кыйла жан мактап,
Кандырды деди жайда чөп
чапсак...
Субайдылда Абдыкадырова,
акын, КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер



  Ден соолукка дабаа

Ууз кымыз кайсыл күндөрдө болот?
Үркөр топ жылдызынын өсүмдүктөр дүйнөсүнө, жан-жаныбарлар дүйнөсүнө жана адам баласына тийгизген таасирлери кыргыз элинин тарыхында өзгөчө деңгээлде байкалып келген. Ар жыл сайын "Кулжа бир тогол" аттуу ай асманда жаңырганда үркөр топ жылдызы батып кетет. Үркөр топ жылдызы баткандан кийин 40 күн өткөндө үркөр чыгыштан кайра чыга баштайт. Үркөр топ жылдызы батканда бийик тоолуу аймактардагы дары-дармекке керектелүүчү чөптөр дүркүрөп өсө баштайт. Кулунун ээрчиткен бээлер түнкүсүн оттошот эмеспи. Ал эми күндүзү болсо, адыр-адырлардагы керилген желелерде кымыз үчүн керелден кечке сүт саалат.
Эми ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз кайсыл мезгилде болот деген олуттуу суроо жаралбай койбойт. Так ошол ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз үркөр баткандан кийин, же болбосо "Кулжа бир тогол" аттуу ай жаңыргандан кийинки 40 күн ичиндеги жасалган кымыз ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз болуп эсептелет. Так ошол 40 күн ичиндеги кымызды кыргыз элинин тарыхында ууз кымыз деп атап келишкен. Мен муну өзүм врач-дарыгер кесибинде жүргөндүгүмдөн өзгөчө басым менен айткым келип жатат.
Өткөн замандарда даңктуу тамырчылар, элдик табыптар ден соолугу начар адамдарды көпчүлүк учурда ушул 40 күн ичиндеги ууз кымыз менен эле дарылап коюшкан. Менин чоң атам Койчумандын жакын тууганы Чойбек калпа болгон. Ал киши жалгыз эле молдолук кесип менен чектелип калган эмес. Тамыр кармап, табыпчылык кесипти да эң жакшы билчү. Кээ бир ден соолугу начар адамдарды, балдарды ушул 40 күндүк ууз кымыз менен эле дарылап койчу. Ал эми үркөр чыгыштан чыга баштагандан кийинки кымызды жөнөкөй кымыз деп аташат.
Ар жыл сайын май айынын көпчүлүк күндөрүндө асманда болуучу айдын өзү "Кулжа бир тогол" аттуу ай болот эмеспи. Ушул себептен май айынын аталышы да кыргызча аталып калган. Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен 3-июнга чейинки күндөрдө асманда "Кулжа бир тогол" аттуу ай болот. Демек, 25-апрель менен 3-июнь күндөрүндөгү 40 күн ичиндеги кымыз ууз кымыз болот.
Торон ЖУМАЕВ,
Каракөл шаары




Чоң окумуштуулар кымызды даңазалап жүрүшөт
Бээнин сүтү, жылкынын эти дары
Кымыз, айран айрыкча өпкө, жүрөк, ичеги-карын ооруларына, ичегилердин ичине сөөлгө окшогон нерселер чыкканда жардам болот деп жүрөт. Жылкынын этин дары катары жеп жүрбөйбүзбү. Уйдун майы 42-50 градуста эрисе, жылкынын майы 17-28 градуста эрийт. Ошондуктан организмге бат сиңип, жылкынын этин жесең кийин күптүү болбойсуң. Уйдун сүтүнө караганда бээнин сүтүндө майлар, белоктор аз, кант көбүрөөк болот. Сүт белогу казеин, альбумин жана глобулинден тураары белгилүү. Эгерде уйдун сүтүндө казеин негизги бөлүгүн (4/5) түзсө, жылкынын сүтүндө 50 пайызга чейин болот дагы өтө эле майда бүртүкчөлөрдөн болсо, глобулин жана альбумин эриген абалда болгондуктан тез сиңимдүү болорун айтышат. Мына ушундан улам бээнин сүтүн эне сүтүнө жакын дешет. Бээнин сүтү көптөгөн пайдалуу нерселерге бай болгондон сырткары С, А, Е витаминдери, В витамининин бардык тобу, F, Р витаминдери, фолий кислоталары жана минералдык заттар: кальций, магний, натрий, фосфор, калий, кобальт ж.б. адамга жакшы сиңе турган заттардын баары бээнин сүтүндө болот экен. Бээнин сүтүн бактерияга каршы да пайдаланышат, анткени кээ бир микробдорду өлтүрөт. Бээнин сүтүнөн жасалган кымызда кайра кант абдан азайып, сүт кислотасы жана башка пайдалуу заттар көбөйүп калары байкалган. Кымызда зыяндуу микроорганизмдерди өлтүрө турган касиетке ээ антибиотик заттары пайда болгондуктан, пенициллин жана башка антибиотиктер
сыяктуу шыпаалыкка ээлигин да окумуштуулар жазышат. Ошол себептен кымыз өпкө, ашказан, ичеги-карын ооруларына абдан дабаа.
Кымыз табитти ачып, тамак сиңирүүнү жакшыртып, уйку безинин иштешине жакшы жардам берери эчактан белгилүү болгон. Андыктан кымыз ден соолугу таза адамдар үчүн гана баа жеткизе азык болуп саналбастан, көп оорулардан кийин ден соолукту чыңдоо катары да колдонулат. Мисалы, кургак учук менен ооруп, дарыланып чыккан адамдарга кымыз ичүү сунуш кылынат.
Ашказан оорусунан кымыз ичип айыккам
Жаш кезимде институтту бүтүп, иштеп жүргөндө ашказаным ооруп, тамакты жакшы сиңире албай жүрдүм. 5-6 жыл атайын курортторго барып дарылансам да жакшы болгон жокмун. Анан Кочкор районунун "Коммунизм" совхозуна директор болуп калдым. Бул совхоз тоонун түбүндө, малы күтүрөп батпайт. Директордун үйүнө кымыз келип турат экен да. Ал жерде бал челекчилер да бар эле. Жаңы, нака кымыздан бир чыныга бир чоң кашык бал кошуп эки маал ачкарын ичип жүрдүм. Бир айдан кийин ашказан оорусунан сакайып кетсем болобу! Ушундай фактыны өз башыман өткөргөм.
Базар, акча деп жатышып, кымыздын касиетин кетиришет го...
Кийинки кезде кымызды Кыргыз драм театрынын жанынан сатып алып ичип жүрөм. Кээде кымызга деле окшошпойт. "Айчүрөктүн" алдында боз үй тигип, кымыз сатканда да бардым, жакшы эмес. Кеминде гана бир жерде жакшы кымыз сатканын билем. Кептин баары сатып ичкенде. Рынок, базар, акча деп жатышып, кымыздын жакшы касиетин кетиришеби, асыл азыгыбыздын баркын түшүрүшөбү деп корком. Анткени, кымызга ар кайсыны кошо беришсе эл ичпей калат го. Кымыз ичип ичи ооруса же табы айныса кимдин ичкиси келсин. Анын үстүнө тамак-аш куюуга таптакыр болбой турган кытай пластмасса идиштерине куюп сатып жатышат. Тазалык сакталбайт. Колдорун жуубайт. Ушуларды көрүп туруп кымыз сатып алгың келбей калат.
Эми кымыз маалы келатат. Апрелдин аягынан тарта ууз кымыз болот. Мен да ушул айда кымыз ичип, оорудан айыктым эле. Кымызды өзү үчүн жасагандар кымызга суу ж.б. кошушпайт. Ага алып сатарлардын гана колу барат. Мен эне сүтүнө жакын, адамга пайдалуулугу жагынан эң биринчи орунда турган кымыздын чыныгы касиетин сактоого, улуттук баа жеткис азыгыбыздын баркын түшүрбөөгө кымыз сатуучуларды чакырат элем.
Эсенгул АЛИЕВ,
Кыргыз
Республикасынын айыл чарбасына эмгек
сиңирген кызматкер