, 24.04.09 - 18-бет:
  эстутум

Эмгегин элге арнаган
Кулназар Ташиевич өмүр бою жалаң жетекчи кызматтарда үзүрлүү иштеп, эл ишеничине ээ болуп, Кыргыз мамлекетине зор эмгек сиңирген кадыр-барктуу белгилүү тарыхый инсан, Кыргыз мамлекетинин көрүнүктүү партиялык, мамлекеттик жана коомдук ишмери болгон. Ал жөнөкөй, бийликти, зоболону эч качан кызматтан башкага аралаштырып, айкалыштырбаган, терең ийкемдүү, назик мамилелүү, ар бир айтылган сөзгө көсөмдүк менен маани берип, дайыма өзүн бир калыпта кармаган, өзгөчө принципиалдуу, эрки бекем сапаттары менен айырмаланган.
Анын легендарлык эмгек жолунун, эл оозунда, тарых бетинде өчпөгөн таржымалынын ачык даана барактарынын бири Ош облусунун Ленин районунда иштеген жылдары. Анткени бул жылдары экономикалык, социалдык өнүгүшүндөгү зор жетишкендиктери менен республикадагы алдыңкы катардагы
райондордон болгону белгилүү. Райондун кичинесинен чоңуна чейин зор урмат, ишенич менен "Аксакал" деп атап калышы да бекеринен эместир. Республикадагы алдыңкы райондун татыктуу жетекчиси, өз мезгилинин партиялык лидери катары, Кулназар Ташиевич, бул жылдары КПССтин ХХII съездинин делегаттыгына шайланып, СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктарына ээ болгон. Мунун өзү элине эмгек кылуунун муундан-муунга калуучу көөнөргүс үлгүсүн тастыктап турат.
Тулпардай алдына ат салдырбаган
Татаал иш болбогон ал жандырбаган.
Ата Журт ишеничин адал актап,
алкаган ал жашаган татаал заман.

Чыгааны Кыргызымдын сыры терең,
Чындыкты, эл назарын пирим деген.
Калк үчүн камкордук деп иштеп, жашап,
кайышып, кыйналганы билинбеген.
Нуржан МУРЗАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын алдында
сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн
пенсионери

Нарктуу өмүрдүн нускасы
Кулназар Ташиев - калкыбызга кадыры сиңген, кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал инсандардын бири болгон. Көзү тирүү болсо быйыл 90 жашка чыкмак. Өмүр бою жетекчилик кызматта жүрүп, өзгөчө Ош тараптагы бир нече райондун партия комитетинин биринчи катчылыгында иштеп турганда чыныгы патриот, уюштургуч, мээнеткеч, мыкты жетекчи катары элдин кадыр-баркына, урматына татыган. Кулназар Ташиевичтин уюштургучтугу, кыраакылыгы, кайратмандыгы жөнүндөгү ар кандай окуялар, кызыктуу учурлар азыр да эл арасында айтылып, кээде улуу муундагылар насаат, үлгү катары жаштарга баян куруп жүрүшөт.
Ушундай салтанаттуу күндө Кулназар Ташиевичтин жеңилин жерден, оорун колдон алып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жашаган байбичеси Бахарниса эненин эскерүүлөрүнөн кыскача жарыялоону чечтик.
Кулназар Ташиевич Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1946-жылы келген. Биз ошол жылы ноябрь айында баш коштук. Ошондон 18 күндөн кийин аны Куршаб райондук партия комитетине 2-катчылыкка дайындашты. Айлыбыз Куршабга жакын үч чакырымдай эле бар. Ал кезде жетекчилерге ат берчү. Машина кайда, бир кара "Москвич" бар эле. Аны биринчи катчы минчү.
Эки жылдан кийин райондук аткаруу комитетине төрага болуп калды. Куршабдан эки бөлмөлүү үй беришти. Кулназар Ташиевич үйгө келип, "Апа, бизге жумуштан 2 бөлмө үй берди. Уруксат берсеңиз биз Куршабга барып жашайлы" - деп суранды.
Энем байкуш сүйүнүп: "Өкмөт силерди түндүктүү кылып, өз алдынча түтүн булатсын деген турбайбы, баргыла" - деп батасын берди. Төрт чынысы болсо экөөнү, эки төшөгү болсо бирин бизге деп үйүндөгү буюмдарын тең бөлүп, анан бир ала кийизди ашыкча кошуп берди. Болгон оокатыбыз эки түйүнчөк болду.
"Түндүгүңөрдөн түтүн кетпесин, үйүңдүн жарыгы бол, келиндердин айымы бол" деп батасын берип узатты. Аткаруу комитетинин жүк ташуучу машинеси бар эле, ошону менен көчүп кеттик. Энемдин мага берген ошол ак батасы өмүр бою жадымда калды. Азыр кайсы тойго барсам да, келиндерге ушул батамды берип келатам, энемдин осуяты катары. Жаман болгон жокпуз. Кулназар Ташиевич ошондон тартып өмүр бою жетекчи кызматта жүрдү. Мен болсо кайсы районго барсак да, ошол элге келин болуп келгендей кызмат кылганга аракет кылдым. Биринчинин аялы мындай-тигиндей экен деген сөз болбосун деп кошуна-колоң, келген-кеткендерге сылык-сыпаа мамиле жасачумун. Билгенге, жетекчинин аялы болуш да оңой эмес.
Кудайга шүгүр, 56 жыл турмуш курдук, 10 баланы тарбиялап өстүрүп, уядан учурдук. Азыр эми небере келиндин колунан чай ичип, чебере жыттап отурган чак.
Ё Ё Ё
Кээде Кулназар Ташиевич жалгызмын деп өкүнүп калчу. "Жалгыздын жары Кудай" дейт балдар чоңойсо бири агаңыз, бири карындашыңыз болуп калат. Андай дебеңиз деп калар элем. "Туура айтасың" - деп ынанып унчукпай калчу.
Араванда райкомдо биринчи болуп турганда иштери алга жүрүшүп, жыл сайын пландары аткарылып турду. Бир күнү Жалал-Абадга чакырышып облустук аткаруу комитетине төрагалыкка сунуш кылышты. Аткаруу комитетинин чогулушунда бир добуштан колдошуп, шайлагандан кийин "Аксакал менен таанышалы" деген сунуш түшүп калыптыр. Шайлаганга чейин эл менен залда отурган Кулназар Ташиевич трибунага чыга калса эле эл дуу кол чаап жибериптир. Өзү да бою чакан киши да, анүстүнө арыкчырай болчу. Ошондо 37де эле.
Андагы трибуналар да тактайдан жасалып, бир бөлмө квартирадай эле бар эмес беле. Башы араң эле көрүнүп калса керек, эл дуулдата кол чапса өзү да сүрдөп-сүрдүгүп уялып кеткен окшойт.
Үйгө келип, энеме айтып жатпайбы: "Сиз мени бешикке көп таңып, байлап эле чоңойтпой койгон экенсиз, боюм өспөй, кичине болуп калыпмын, Жалал-Абадда ушинтип уят болдум. Аксакал десе, олбурлуу чоң киши чыгат деп күтүшкөн окшойт" - деп апасына таарынымыш болуп калды күлүп. Анда энем: "Айланайын балам, мен сени теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин деп тилегем. Өзүң деле кичинеңден эле эстүү эмес белең, ошон үчүн да боюң өспөй калган да. "Төө боюунан, асел коюудан" деген, Раззаковуңар деле кичине киши экен, Сталиниңер деле кичине болгон экен, Ленин дагы кичине киши болгон дешет го, ошолордун бактысын берсин деп тилегем", - деп баласын сооротуп жатпайбы. Кулназар Ташиевич апасынын сөзүнө күлүп-күлүп үндөбөй калган.
Ё Ё Ё
Апам ыраматылык айтып калар эле "Кайненеңди жакшы кара, турмуштан көп кыйынчылык тартып, азап чегип калды", - деп. Бир айылдыкпыз, кимдин турмушу кандай экенин билишет да. Биз да колдон келишинче урмат-сыйыбызды көргөзүп бапестедик энемди.
Ленин районунда турганда ооруп калды энем. Орозо айы болчу. Кудай пендем десең орозодо алып кет деп Кудайга жалына берет жарыктык. Биз болсо айыктырабыз деп аракет кылабыз. Ошентип орозо өтүп кетти. "Мага окшогон жаманга орозо да буйрубайт" деп Кудайга таарынып калса. Эне, Кудайдын орозосу көп, эми эле келет, ага эмне капа болосуз дейм жооткотуп. Анан пахта терим башталып калды. Энем ооруп төшөктө.
Анда социалисттик мелдеш деген катуу эмес беле. Ленин району менен Кара-Суу району жарышчу. Кара-Сууда Кадыркул Абдразаков биринчи болчу. Ал да күчтүү жетекчи эле. Пахта башталганы Кулназар Ташиевич да үй бетин көрбөй калат. Күнүгө түнкү саат 1-2лерге чейин пахта план канча пайыз болду экен деп күтөбүз. Үй-бүлөбүз менен өзүбүз мелдешип жаткандай күйөрмандык кылчубуз. Энем "планыңар кандай болду?" деп сурай берет. "Мен өлсөм, балам эки-үч күн иштен алагды болуп калат. Кара-Суу өтүп кетсе, уят болуп калбасын, пахта бүткөнчө коё тур" деп кайра кудайга жалына баштады энем болсо. Күнүгө сурайт: "План толоюн дедиби" деп, план толсо эле кетчүдөй болуп.
Ошентип Кудайга жалынып жүрүп, кийинки жылы Орозо айынын он экиси болгондо кетти энем. Жакшы эле бапестеп карадык, өксүсүн толтуралы деп. Көрсө, кудай-таалам, өзү сүйгөн пенделерин Орозодо алып кетет турбайбы. Кулназар Ташиевич да Орозо айынын он сегизи дегенде о дүйнөгө кетти.
Ё Ё Ё
Ош районунда 5 жылдай иштегенден кийин Ленин районунда 9 жыл турдук. Чоң район, жумушу да көп, өзгөчө пахта боюнча талап күчтүү болчу. Кулназар Ташиевич иштеп турганда 8 киши Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Ал өзү эки жолу Ленин ордени менен сыйланды.
Кулназар Ташиевичтин Ленин районун башкарган жылдарды түштүктөгүлөр "жылдыздар жааган мезгил" деп бекеринен айтышпаса керек. Сыйлык демекчи, Кыргызстандын тарыхында Ленин орденин 7 жолу алган Кулатов, 2 жолу алган Ташиев гана Баатыр болбой калса керек. Адатта биринчисинен кийин Баатырлык наам ыйгарылчу эмес беле.
Кийин бир жолу кайсы бир тойдо отуруп, дем алышка чыгып калганда Акматбек Сүйүмбаев аксакалдын
айтканы бар. "Кулназар Ташиевич, Сиздин баатырдыкты Т.Усубалиев экөөбүз жеп коюп, убалыңызга калдык" деп. Көрсө ал киши Кулназар Ташиевичке "Социалисттик Эмгектин Баатыры" деген наам берилсин деген сунушту Турдакун Усубалиевичтен далай жолу чийилип калганын билчү тура. Ошентип Баатыр болбой калыптыр.
Ё Ё Ё
Кулназар Ташиевичтин илгери Араванда жүргөндө курорттон жазган үндүү каты дале сакталып жүрөт. Пластинкага өзү сүйлөп балдарын, кошуналарын, жумуштагыларын бүт сурап келип, анан аягына ошол кездеги жаңы чыккан ырдан жаздырып коюптур. Аны үйдөн уккандан кийин, райкомго алпарып да угушканы эсимде. Андай өзгөчө белектерди кийин да көп жөнөттү. Ошонун баарын кээде бала-бакыра, небере-чеберелер чогулганда угуп, эскерип жүрөбүз. Ойлоп отурсам адам өмүрү өтө эле кыска турбайбы, жадагалса бир буюмчалык эмес экен.
Кийинчерээк ушундай бир бүтүмгө келдим өзүмчө.
Даярдаган:
А.НАСИРДИНОВ,
"Кыргыз Туусу"





Мекендин асыл инсаны
Кызыл өрттүн майданын кечип келген,
Кыргын эмне экенин сезип келген
Элибиздин эр жүрөк жоокерисиз
Эрегиште жеңишке жетип келген
Сооронбай Жусуев,
Кыргыз эл акыны

Үч бир тууган Ташиевдердин бир мезгилде Улуу Ата Мекендик согушка аттанышы Кулназар Ташиевдин өмүр жолундагы урунттуу, эсте каларлык учурдун бири экен. Тагдырдын таалайлуу жазмышы менен Кулназар аба тирүү кайтса, экинчи бир тууганы үч жолу согушка барып, акыркысында мунжу болуп келген.Ал эми үчүнчү бир тууганы баатырларча курман болуптур. Ушундан Ташиевдерди Ата Журтун жаноту менен сүйгөн, патриот эр-азаматтар экен десе болот. Батыштагы кан күйгөн согуш Кулназар Ташиев сыяктуу кыйындарды ого бетер курчутуп, чыйралтып кыргыз журтуна бел болор мырзага жеткирген. Адам баласы жокчулукту да, барчылыкты да пейил-мүнөзүнөн табарына көзү жеткен, ажал акмалаган согуштан тирүү кайтып, көптү көргөн. Жашоонун оор сыноосун баштан кечирген бул адам өмүрүндө бир нерсеге жутунбай, жада калса чогуу баратканда катардан бузулбай, алдыга башкаларды чыгарып, сыпайы жүрүүнүн үлгүсү болгон. Канчалаган азап-тозок, көйгөйлөр болбосун өз боюна сиңирип келген. Бийликтин менмин деген бутасына жетсе да адамгерчиликти бийик туткан. Ошондон Кулназар Ташиев деген ысым эл арасында урматтуу айтылып, өчпөй жашап келет. Ошондон болсо керек Ташиевдин ысымын борбор калаанын бир көчөсүнө берсе деген ойлорун туюндуруп келишет. Балким Ташиевдин ким экендигин билбегендер билсе деген гана үмүт-тилек болсо керек.
Жакшы адамга жашты өлчөбөй берсе, ушул Ташиевге бермек. Ал киши белгилүү коомдук ишмер, төбөсү көрүнгөн инсандардын катарына кирет. Кулназар Ташиев көп жашады, ага тете саз жашады деп калышат маркумду жакшы билгендер. Ташиевдин элесине арналган жазуучу Ильгиз Талиптин "Мекендин асыл инсаны" деген эскерүү китеби чыккан. Андагы эстутумдарды барактап отуруп, Ташиевдин коомго жасаган ак иштери, адамгерчилиги, достукка бекемдиги тууралуу айта берсең бир китепке эмес бир катар китептерге сыйбачудай. Мындай кишилерди экинчи өмүрү бар адам деп коюшат. Анан да өмүрлүк жубайы Бахарниса эже Кулназар Ташиевди эстетип турат. Бир сонун үй-бүлөнүн мисалын берип, чоң турмушту бул эки жубай бири-бири менен толуктап турчу экен. Өзгөчө ымыркайынан баш кошуп, карыганча бири-бирин кадырлап өткөн, суктана турган жубайлар болчу дегенди көп угасың. Албетте, антип айтканга тете негиздер бар. Бахарниса эже аялдын сулуусу, Кулназар аба жигиттин мырзасы, эки жакшынын бириккендеги тагдыры, бактылуу өмүр сүрүүсү ар бир эле адамдын бешенесине жазыла бербейт эмеспи.
Көрсө акылдуу адам тирүү кезинде эле өзүнө эстелик орнотуп кетет тура. Өмүр өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин дегендей. Көрсө акылдуу адам кадыр-урматтын артынан жүгүрбөй, тескерисинче кадыр-урмат адамдын артынан ээрчип жүрөт тура. Мындай айтканда маркум Ташиев аткарган кызматы аркылуу гана эмес, нукура адамгерчиликтүү сапаттары менен да элдин эсинде калыптыр.
Жаркын Темирбаева
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер